Андай эмес мындай
Учурда "Ата мекен" партиясынын ичинде ата мекендик "согуш". Себеби, эки жума мурда "Ата мекендин" саясый кеңеши Өмүрбек Абдрахманов менен Равшанбек Жээнбековду партия курамынан чыгарды. Буга байланыштуу "ата мекенчи" Эркинбек Алымбеков гезитибиздин өткөн санында кеңири интервью берген. Ага каяша иретинде Өмүрбек Абдрахманов өз аргументин алдыга жайды.


Өмүрбек АБДРАХМАНОВ, ЖК депутаты:

"Буларда моралдын кыпыны да жок"



- Жакында "Ата мекендин" мүчөсү, БШКнын төрага орунбасары Г.Журабаева: "Ө.Абдрахмановду партиядан чыгарганыбыз туура болду, анткени ал биздин идеологиябыз Марксты критикалап мени менен урушкан" деп айтты. Ал киши эң туура айтат. Мен Марксты кабыл албай, Гүлнара менен талашканыбыз да чын. Марксизм менен жашаган дүйнөдө эки гана өлкө калды. Алар - Куба менен Түндүк Корея. Мына ушунусу менен "ата мекенчилер" кайсы багытта баратканы көрүнүп турат. Анда ал партияга эмнеге бардыңыз эле деген суроо туулушу мүмкүн. Мен Бакиевдик системага катуу каршы чыккам. Ошол убакта Өмүрбек Текебаев ал бийликке каршы туруктуу күрөшүп аткан. Ошондуктан Текебаев менен бирге болсом, Бакиевдин системасын батыраак жыгабыз деген жалгыз гана ой менен анын партиясына кошулгам. Партиянын идеологиясы тууралуу, башка маселелер тууралуу ал убакта сөз болчу эмес. Бирок ошондо эле "ата мекенчилердин" кабинеттеринде Че Геваранын сүрөтү илинип турушу мага жакчу эмес. Бирок бул партияга мен келсем, Равшан келсе бир аз либералдык ой жүгүртүүлөр болобу деген үмүттө элек. Бирок андай болбоду. Алар оңолгус марксисттер экендигин көрсөтүп атышат.
Текебаев жана анын жакын адамдары мени моралдык жактан сындап, ойго келбеген күнөөлөрдү коюп жатышат. Бир да фактылары жок. Бирок Манас жөнүндө айта кетпесем болбос. Мен Америкада жүргөндө бош убактым көп болуп Герцен деген атактуу сүрөтчүнүн Манас тууралуу тарткан гравюраларын чогултуп, аны санарип системасына түшүрүп, андан соң Герцендин окуучусу Горовой деген сүрөтчү менен Америкадан келгенден кийин альбом кылып чыгарган элек. Бул окуя мага Манас тууралуу жалаа жабыла электе эле болгон. Ошол альбомду Текебаев Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовго алып барып өз колу менен берген. Анткени Ошко Манастын айкелин курам деп Мырзакматов сүрөт издеген экен, менде бар деп угуп менден сураган. Кийин мага телефон чалып, сүрөттөр абдан жардам берди, биздин Манастын айкели эң мыкты болду деп рахматын айтты. Ошондо бул Текебаевдерде уят деген нерсе жок, жакында сизди Курманжан датка жөнүндө да жаман сөз айтты деп ушак чыгарат деген. Айткандай эле көп өтпөй Мелистин сөзү чын чыкты. Азыр Чыңгыз Айтматовго дагы каршы сүйлөгөн деп ушактарын улантууда. Кыргыз элинин ыйык адамдарын кордоп, ушак тараткан Текебаевде мораль барбы? Ал эми анын орунбасарлары андан өткөн моралдык жактан бузулган адамдар болуп атпайбы. Эркинбек Алымбеков силердин гезитке маек куруптур. Өткөндө фракциянын жыйынында мамлекеттик каттоо кызматынын экс-төрагасы Жаныбек Бакчиев Алымбековдун "менин классташымды кызматка койбосоң сени жоготом" деп телефон аркылуу билдирүү жазганын фракциянын жыйынында айтты. Кечээ жакында эле Башпрокуратура да билдирүү жасады. Анткени Эркинбек Алымбеков "менин досумду кызматка койбосоң, сени талкалайм" деп башпрокурорго асылыптыр. Мынакей, Текебаевдин орунбасары Алымбековдун анык жүзү. Минтип ар кимге, мага асылгандан көрө, өз милдетин алган региондор менен жолугушуп, жергиликтүү кеңешке болгон шайлоолордо бир добуш алса жакшы болмок. Маселен, ал көзөмөл кылган Каракол шаарында "Ата мекен" партиясы бир дагы добуш ала албай калды.
Текебаевдин дагы бир орунбасары Асия Сасыкбаева Конституцияга каршы вице-спикер болуп отурат. Конституциянын 75-беренесинде: "Төраганын орунбасары оппозициядан шайланат" деп ачык жазылып турат. Анысы аз келгенсип бюджеттин акчасынан 313 миң сом коротуп Америкага эки жолу барып келди. Кайсы чоң маселелерди чечип жүрөт десек, көрсө ал жакта жакшы көргөн баласы жана неберелери жашайт экен.
"Ата мекендин" дагы бир депутаты өгүнү бир жыйында: "Өкмөттүн темирине көчүгүңөр жабышып калдыбы? Өткөрүп бергиле машинени" деп депутаттарга айкырды эле. Карап көрсөк Бактыбек Калмаматов өзү "Тойота Камри" 0121 KG номерлүү автомашинесин минип, былтыркы жылы бюджеттен 459 миң сом коротуп, азыр да "Камрини" алкынтып айдатып жүргөн кези. Мына ушундан эле булардын моралдык жүзүн көрсөк болот. Кыскасы, булардын 1937-жылкы КПССтин учурундагыдай кыргыздын түз сүйлөгөн жигиттерин аттырып жибергендеринен эч айырмасы жок. Бирок ооз көптүрүп жогорку мораль жөнүндө сүйлөшөт.
Күн сайын Текебаевдин "желдеттери" Абдрахманов "Ата мекенге" эски диванынан башка эч нерсе берген эмес деп кайталап айтып атышат. Дегеле бирөөгө берген нерсемди милдет кылып айтчу эмес элем, аны да ачык айтууга мажбур кылып атышат. 2005-жылы мен партияга киргенде "Ата мекендин" офиси парламенттин маңдайындагы үйдүн эки бөлмөсүндө экен. Текебаевдин отурганга столу жок экен. Дубалдарына Че Геваранын сүрөттөрүн илип алып иштеп жатышкан экен. Мен мебель фабриканын ээси болгондуктан Текебаевди баш кылып баарына офистик мебель коюп бергем. Андан соң бул квартирадан Текебаевди чыгарып койгондон кийин алар Сасыкбаеванын Зеленстройдун артындагы үйүнө көчүп барышкан. Ал жерге да толугу менен офистик мебелдерди коюп бергем. Кийин мен Америкада жүргөндө "Ата мекен" Аликбек Жекшенкуловдун үйүнө көчүп барган экен. Ал жерге да менин жубайым бир машине офистик мебель коюп берген. Мындан сырткары, Текебаев машинеси жок жөө жүргөндө "Мерседес Е класс" үлгүсүндөгү унаа сатып берип, аны бир жыл минип жүргөн. Кийин Текебаев депутаттарга машине берилсин деген мыйзам кабыл алып, машинемди кайрып берген. Кечээки эле "түштөнүүгө" акчасы жок жүргөн "ата мекенчилер" азыр баары саясат аркылуу бай болушуп асманга түкүрүп аткан кези.
Учурунда Бакиев мени жана менин жубайымды "Ата мекен" үчүн, Текебаев үчүн камаган. Бүт бизнесимди талкалап жок кылышкан. Мени чакырып алышып, сизге министрлик кызматты берели, Текебаевден алыс кетиңиз деп да көрүшкөн. Мен макул болгон эмесмин. Мага 15 жыл, аялыма сегиз жыл беребиз деп кылмыш ишин ачышкан. Бакиевдер да кимге тийишиш керек экендигин билишкен. Кыйын оппозиционерлер болушса анда аларды неге камабайт?
Партиядан чыгарып салуу, тазалануу - нормалдуу көрүнүш. Биз либералдуу- батыштык саясатчылар өзүбүз тарапка тазалануудабыз. Булар дагы марксизмди көздөй тазаланып жатышат. Мындан эч кандай трагедия жасабашыбыз керек. Ошентсе да мен Равшан Жээнбековду Текебаевге жөнөткөм. "Үй-бүлө деле ар кандай ажырашат. Бирөөлөрү тытышып ажырашса, бирөөлөрү жакшынакай ажырашат. Ошондуктан биз дагы жакшынакай эле, сый менен ажырашалы" деп айт дедим эле. Бирок Текебаев "жок, биз силердин абийириңерди кетирип туруп партиядан чыгарабыз. Мойнуңардан сүйрөп чыгабыз" деп айтыптыр.
- Партиядан чыксаңар дагы депутаттык мандатты өткөрүп берген жоксуңар…
- Бизди Текебаев депутат кылган эмес. Керек болсо кечээги шаардык кеңештин шайлоолорунда Текебаевдин түштүктө да, түндүктө да кадыры жок экендиги билинди. Токмоктон да, Караколдон да добуш алган жок. Мүмкүн "Ата мекен" парламентке Равшан экөөбүздүн кадырыбыз менен келгендир. Ал эми Конституция боюнча эч ким депутаттын мандатын алганга укугу жок. Кыргыз эли бизди шайлаган, кыргыз эли үчүн кызмат кыла беребиз.
- Сизди бюджет комитетинин төрага орунбасарлыгына дайындалбай калганынан улам лидери Текебаевге акидей асылып атат дешет?
- Мен комитет төрагасынын орунбасары боломбу же спикер боломбу, жөн эле депутатмынбы өз жумушумду жасай билген кишимин. Жакында өзүм башында туруп уюштуруп Грузияга он депутатты, сегиз журналистти алып барып келдик. Грузиянын президенти бизди президенттин деңгээлинде кабыл алды. Андыктан майда-чүйдө нерселердин мен үчүн мааниси жок. Бирок ал тууралуу сөз болгон. Мен Текебаевге "Келдибеков бюджет комитетинин төрагасы болгону атат. Мен ага баланс болуп, анын орунбасары болуп былтыркыдай эле кала берейин" деп айтканым чын. Бирок Текебаев аны да ыраа көрбөй койду.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ




Асылбек ЖЭЭНБЕКОВ, Жогорку Кеңеш төрагасы:

"Каржы полициясы коррупциялашкан органга айланган"


Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков эки күн бою Ош облусунун Араван, Кара-Суу, Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунун шайлоочулары менен жолукту. Төрага Бишкекке кайтаар алдында Ош аэропортунда кепке тарттык.

- Асылбек мырза, эмне үчүн мурда эмес дал азыр коррупцияга каршы ачык түрдө күрөш жарыяладыңыздар. Бул элди кезектеги алаксытуу эмеспи?
- Коррупцияга каршы ачык жана аеосуз күрөш жарыяланмайынча экономикалык жактан өйдөлөө дегеле кыйын экендигине эми чындап көз жетти. Ансыз эч бир реформа жүзөгө ашпай тургандыгын түшүндүк. Ошон үчүн биринчи ирээтте каржы полициясын биротоло жойдук. Бетке айткандын заары жок, каржы полициясы өзү коррупциялашкан органга айланган экен. Муну турмуш айгинеледи.
- Мындайда кандайдыр бир жүйөгө таянуу абзел да. Кайсы өлкөнүн тажрыйбасын пайдаланып жатасыздар?
- Өтө кыска аралыкта Сингапур, Малайзия жана Түштүк Корея абдан тез өнүктү. Эстесеңиз, аз жыл мурда аты аталган мамлекеттер көч аркасында жүрүшпөдү беле. Дагы бир жаркын мисал, Грузиянын президенти болуп шайланары менен Михаил Саакашвили коррупцияга каршы күрөш жарыялады. Аны эли дагы бекем кубаттап, колдоду. Көз тийбесин, өтө кыска аралыкта бир кезде артта калган өлкө дароо өнүгүп, өстү. Азыр биз Грузияга суктанып отурабыз.
- Кыргызстан үчүн ушул тапта баарынан мурда эмне жетишпей жатат деп эсептейсиз?
- Эң башкысы, саясый эрк көбүбүздө таңкыстыкка айланган. Ошентсе да айрымдарыбызда, айрыкча бийлик башында отургандарда бүгүн саясый эрк жетиштүү. Мен терең ишенем, ошону эми бекем ишке салышыбыз кажет. Мындан тышкары ар кандай митинг-пикеттерди, дегеле нааразычылык акцияларын чукул арада тыйышыбыз кажет. Бийликте жалаң профессионалдар иштеши абзел. Ансыз оңолушубуз кыйын. Баса, мындан дароо эле оң жыйынтык күтүштүн өзү туура эмес. Ийгилик бир эле күндө жаралбайт эмеспи.
- Асылбек мырза, мына, кечиксе да жергебизге жаз башбакты. Бирок дыйкандар буга деле кабатыр эмес. Алар өкмөт тараптан туруктуу колдоо жоктугуна нааразы?
- Биз өлкөбүздө өнүктүрүү банкын негиздедик. Ал өтө зарыккандарга мурдагыдай үстөк пайызы 20-30дан эмес, 5-9 пайыздан кыска мөөнөттө, болгондо да жеңилдетилген тартипте каражат таратат. Минткенибиздин жөнү бар. Кыргызстан калкынын 60-70 пайызы элет жеринде жашашат эмеспи, ушуну эсибизден чыгарбашыбыз кажет. Аларды туруктуу жана толук кандуу колдомоюнча биз эзели өнүкпөйбүз.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, сүрөт автордуку