Көрүп атабыз
Канат САДЫКОВ, Билим берүү министри:

"Тигини же муну мен жасадым деп айта албайм"


Өлкөнүн өнүгүшү үчүн өзгөчө салым кошчу тармактардын бири билим берүү тармагы экени талашсыз. Мына ушул тармактагы кемчиликтер дембе-дем айтылып жатып Билим берүү министрлигинин кулагы деле бышып бүттү окшойт. Эки сөзүбүздүн бири реформа болуп жаткан учурда аталган министрликке башбагып министр Канат Садыковго ыңгайлуу да, ыңгайсыз да суроолорубузду узаттык.


- Кыргызстандагы эң коррупциялашкан тармак бул билим берүү тармагы экени эч кимге жашыруун эмес. Эмне үчүн коррупцияга каршы күрөшүп жатабыз дегениңер менен жарытылуу жыйынтык чыкпай келет? Коррупцияны кыскартууга эмне тоскоол болуп жатат?
- Коррупция коом ичинде тамырлашып кеткен. Жарытылып жыйынтык чыкпады дегенге мен кошула албайм. Биз коррупцияны ооздуктоо үчүн болгон аракетибизди жумшап келүүдөбүз. 20 жылдан бери окуу жайларына тиешелүү көңүл бурулбагандыгы, мугалимдердин айлыгынын төмөндүгү, билимдүүбүз деп төш какканыбыз эле болбосо, ар бир адам өзүн-өзү билимин өркүндөтпөй калышы артта калган мамлекеттердин деңгээлине чейин жеткирди. Окуу жайларында тиешелүү техникалык жабдуулардын жоктугу, союз учурунан калган энчи менен иштеп келүүбүз чоң жолтоо болду. Акыркы жылдарда бир катар долбоорлор менен иш алып барып, билим берүүгө инвестициянын тартылышы аркылуу алгылыктуу иштер жасалууда.
- Сиз министр болуп иштегенден бери министрликте конкреттүү эмне иштер жасалды? Кайсы өзгөрүүлөрдү мен жасадым деп так кесе айта аласыз?
- Тигини же муну мен жасадым деп айтуунун өзүн туура эмес деп эсептейм. Себеби мен команда менен иштеп көнүп калгам. 2008-жылы министрликке келгенде көп иштерди жасап, көп ойлорду ишке ашыруу керек экендигин көрүп, стратегиянын үстүндө иш алып бардык. Анын баарын ишке ашыруу үчүн саясый эрк керек эле. Элдик революциядан кийин, өлкөдө калыптануу процесси учурунда ошол кездеги президент Р.Отунбаева, премьер-министр А.Атамбаев биздин алдыбызга Билим берүү системасын реформалоо, педагогдордун эмгек маянасын жогорулатуу боюнча тапшырма койгон. Ошондон тарта эмгек маянаны жогорулатуунун үстүндө бир катар иштерди жүргүздүк. Эл аралык уюмдар, жарандык коомдор менен бирге бул долбоор боюнча 30% эмес, 2-3 эсе жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Тарифтик торчодон чыгып, ар бир мугалимдин иштеген ишине жараша төлөө ыкмасы иштелип чыкты. Ошол кездеги премьер-министр А.Атамбаевдин колдоосу менен 10 миллиардга жакын каражат бөлүнүп берилди. Бул реформанын башталышындагы чоң жетишкендик деп тааныйм.
- Учурда 30 миңге жакын мектеп жашындагы бала мектеп бетин көрбөйт экен. Эмне үчүн алар дагы деле мектепке тартылбай жатат?
- Мамлекеттик уюмдардын көрсөтүү-сүндөгү 30 миң деген демек, 30 миң бала кароосуз калды дегендик. Бул бир гана билим берүү тармагынын көйгөйү эмес, бул жалпы коомдун көйгөйү. Ата-энелердин да ролун мыйзамдаштыруу керек дегендик. Ошол эле учурда ар бир окуучуга каржылоо долбоору пилоттук деңгээлде ишке ашууда. Мунун артыкчылыгы: ар бир мектеп окуучунун санынын көбөйүшүнө далалат кылат. Окуу стандарты дүйнөлүк программанын үлгүсүндө кыскарып, кыргыз, орус жана англис тилдерин окутуунун деңгээли көтөрүлүп жатат.
- Саны көп сапаты жок ЖОЖдор билим берүүнүн деңгээлин түшүрүп жаткан жокпу?
- 2005-жылдан тарта көп окуу жайлар кыскартылып баштаган. Тилекке каршы, алардын көбү сот аркылуу кайрадан ачылып иштеп келет. Жогорку окуу жайларында билимдин мазмунун өзгөртүүгө жана учур талабына ылайык адистерди даярдоого басым жасалып, эки баскычтуу билим берүү системасына өтүүдөбүз. Стандарттардын өзгөрүшү, ар бир тепкичте даярдыктын критерийлеринин болушу жана ЖОЖдордун институционалдык аккредитациясынын критерийлеринин деңгээлинде иш алып баруу окуу жайлардын өз статусун алуусуна мүмкүндүк түзөт. Критерийлерге жооп бербегендери улам кийинки тепкичте колледж, лицей болуп кала берет. Бул процесс өзүнөн-өзү ЖОЖдордун кыскаруусуна алып келет.
- Чет өлкөдөн билим алуу үчүн атайын программалар менен аткаминерлердин бала-бакыралары гана кетээри айтылып келет. Эмне үчүн карапайым студенттерге колдоо жок?
- Кыргызстанга Орусиядан шериктеш өлкөлөрдүн деңгээлинде атайын квота бөлүнүп, алар жөнүндө маалымат булактарында, биздин ведомстволук гезитибизде берилип, сынак жүргүзүлөт. Социалдык жеңилдиктер мурдатан эле каралган. Алар жетим балдар, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, майыптар. Башка өлкөлөр өздөрү интернет булактары аркылуу сынак жарыялашат. Ага каалаган кыргызстандык жаран катышууга укугу бар. Аны биз тыя албайбыз. Аткаминерлердин балдары гана окуп жатат деп айтуу бир беткейлик.
Суроо салган Уланбек ЭГИЗБАЕВ




Мугалим муңу толтура
Айлык азайды, коррупция берди сазайды

Билим берүү жаатында көйгөйлөр көп. Мугалимдер маянабыз азайды десе, ата-энелер мектепке чогултулган каражаттан тажадык дешет. Азайган айлыгына нааразы болгон мугалимдердин көйгөйү менен мектептеги финансылык мыйзам бузуулар тууралуу кеп кылууну чечтик.
Өкмөт берген байталды, мэрия келип кайта алды
Ө
???? ?????? ??? ?????? ????? ????????? ???????? ??????? ??????????????? ?????? ?????????, ???????????? ????? ?? ?????????????? ??????? ????????? ?????? ???. ?????? ???? ???????????? ????????????? ??????? ??????? ?????? ????, ????? ????? ?????? ?????????? ??????. ?????? ??????????????? ????????????? ??????? ?? ????? ???????? ??????. ????? 2012-?????? ?????? ?????? ????? ?? ??? ??? ???? ?????? ????????????? ??????? ??????, ?????? ??????? ??????? ??????? ??????? ??? ?????????????? ????? ???????????.
ткөн жылдын май айынан тарта социалдык тармакта иштеген кызматкерлердин айлыгы көтөрүлүп, агартуучулар менен ак халатчандардын кызматы баркталып калган эле. Өзгөчө айыл жергесиндеги мугалимдердин маянасы жыйырма миңден ашып, жашоо шарты биртоп оңолгондой болгон. Бишкек мектептериндеги мугалимдердин маянасы он миңге чукулдап калган. Бирок 2012-жылдын январь айынан тарта он миң сом алып жүргөн мугалимдердин маянасы азайып, Бишкек шаардык мэриясы төлөгөн кошумча акы кыскартылганын айтып арызданышты.
Редакцияга кайрылган Сабира аттуу мугалим Бишкек шаарындагы мектептердин биринде эмгектенет. Бирок мектептин номурун ачык айтуудан айбыгып, төмөнкүлөрдү айтып берди:
- Былтыр май айына чейин алган маянам үч жарым миң сом болчу. Айлыктын аздыгынан мугалимдердин, дегеле иш ордуңдун кадыр-баркы да жок эле. Маяна көбөйгөндөн тарта кадырыбыз артып, иш ордубузду да жоготпогонго аракеттенип, жогору жактан талап да катуу боло баштаган. Күндөн күнгө кымбатчылык күч алгандан тарта алган 10 миң сомубуз деле айдан айга жетпейт. Бирок 2012-жылдын январь айынан тарта 10 миң сом алып жүргөн айлыгыбыз дароо эле эки-үч миң сомго кыскарып калды. Мунун себебин сурасак, Бишкек шаардык мэриясы төлөгөн кошумча акы кыскартылганын айтышты.
Учурда маянасы кыскарган мугалимдердин саны арбын. Андыктан алардын маянасынын азайгандыгы тууралуу Бишкек шаардык мэриясына кабарлаштык.
- Жергиликтүү бюджет азырынча бекитиле элек. Бюджет бекитилгенден кийин бул тууралуу суроо-талаптардын баардыгы шаардык кеңешке сунушталат. Бул маселени сессия бүткөндөн кийин гана айталабыз, - дейт Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл УСУБАКУНОВА.
Коррупция дагы эле кокодо
Бишкек шаарындагы мектеп босогосун аттаган ар бир бала окууга киргендиги үчүн акы төлөөрү баарыбызга белгилүү. Ар бир мектептин өзүнүн ставкасы бар. Ошол төлөнгөн пулдардын бардыгы мыйзам ченемдүүбү? Бул акча кайда кетип атканы менен буга чейин бир да мамлекеттик орган текшерүүгө албагандан улам башаламандык күч алган. Бирок бардык нерсенин чеги бар дегендей, мектептеги финансылык мыйзам бузулган бир нече факт ачыкка чыгып, аудит, УКМК, Билим берүү министрлиги тарабынан текшерилди. Бишкек шаарындагы келечектүү, англис тилин тереңдетип окуткан №13 гимназия ар бир баладан 20 миң сомдон алгандыгы жана окуучулардан чогулган миллиондогон сумманын эсеби чыкпай калганы ачыкка чыкты. Учурда №13 мектептин директорунун үстүнөн КР КЖКнын 304-беренесинин 2-бөлүмүнүн негизинде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн кылмыш иши козголду. Башкы прокуратуранын иликтөөсү боюнча бул мектепке "Ой-Булак" деген коомдук фонд ачылып, ага мектептеги ар бир окуучу ай сайын 800 сомдон төлөгөн. Андан тышкары, мектептин оңдоосуна, окуу китептерине, мугалимдер майрамына, кирүү фондуна болуп отуруп айына төлөнүүчү сумма 3500-4000 сомго чейин жеткендигин ата-энелер айтып беришкен. Бул мектеп директорунун заказы менен "Чынар" ЖЧКсы курулуш-оңдоо иштерин 11 млн. 391миң 311 сомго бүттү деген документ аудиттин негизинде көзөмөлгө алынган. Бирок бул жумуштун бардык чыгымы 852 миң 677 сомду түзөт. Ал эми калган каражат кайда кеткендиги иликтөөгө алынды.
Бирок мындай көрүнүш №13 мектепте эле эмес экен. 2011-12-окуу жылында Билим берүү министрлиги тарабынан мектептеги финансылык мыйзам бузуулардын тогузу ачыкка чыгып, жетекчилеринин үстүнөн кылмыш иши козголгон. Бишкек шаарындагы №39, №24, №5, №6 жана Кыргызстандын алыскы аймактарында жайгашкан билим берүү борборлору да мындай мыйзам бузуулардан алыс эмес болгон. УКМК да биртоп билим берүү борборлорун текшерип, ал жердеги мыйзам бузууларды таап чыгышкан.
Баланы мектепке киргизүү үчүн 5 миң сом алчу №5 улуттук компьютердик гимназия бир жылдан кийин 10 миңге көтөргөндүгүн ата-энелер арызданып чыгышкан. Чындыгында Бишкек шаарындагы ар бир мектепте бул сыяктуу фактылар четтен чыгары турган иш.
Негизи мектептердеги акча берүү маселесине кабатыр болгон ата-эне нааразычылыгын ачык айтса, "бешке" окуган бала дароо начар баа алып, билим деңгээли төмөндөп, начар окугандыгы үчүн окуудан айдалган фактылар да бар. Ошондуктан нааразы ата-эне бир нече жолу жогору жакка арызданып соттошкону менен, ал жерде иш сотко деле жетпей орто жолдон жок болот. Себеби ошол мектепте сот органдарынын, жогорку чиновниктердин балдары окугандыктан алардын иши жогору жакка жеткен эмес.
Келечек муунду тарбиялап, аларга билим берүүнү акча менен өлчөгөн мектептердеги мыйзам бузууларды тиешелүү органдар убагында текшерип турбаса коррупциянын күрөө тамырынан таалим алган окуучулардан эмнени күтсөк болот?..
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА