Төкө элүүгө чыктыбы, капырай?
Төлөгөн КАРЫКЕЕВ (КИМБАЙКЕ), юморист:

"Бирөөнүн күйөөсүнөн пайдаланган аялдар шабашка жасагандыгы үчүн ыштарап төлөйт..."


Төкө (Төлөгөн Карыкеев) элүүгө чыгыптыр десе таңгалып, кайра суктандым. Капырай, ушунча да жакшы сакталган эркек болобу? Жашыбыз биртоп айырма болсо да көп жыл жаныбыз курбу болду. "Асабада", "Агымда" иштеген эркек-кыз дебей бардыгыбыз Төкөнү жакшы көрөбүз. Азыр журналисттер көп, юмор, сатира, анекдот жазган да, жараткан да жалгыз өзүңсүң. Сен кайсы гана гезиттин редакциясында иштебе ал жерди көрктөндүрүп жибересиң. Айрыкча өзүн курчаган кыз-келиндерге Төкө күлкү чачып шарактатып кеткенден кийин биртопко жашарып, тазарып калгандай болосуң.
Бар бол, Төкө, элүү деген сага кеп эмес. Анык да, канык да юморду эми жазасың буюрса. Менден бир "штрафной" бильярд.
Аскер САКЫБАЕВА


"Үй-бүлөдө


редактор өзүммүн"



- Төлөгөн байке, элүү жылдык мааракеңизге карата бир жакшы маек кылалы дегенбиз…
- Мен интервью бергенди билбейм да.
- Коюңузчу…
- Чын, такыр сергек туруп интервью берип көрбөптүрмүн. Буга чейин алагүү кезде гана маек берип калчу экем, мындай соо кезде болбоптур.
- Чынында сизге көптөр таңгалат, өзүңүз айткандай, алагүү болуп жүргөн учурларыңыз деле көп болот, бирок элүүгө келип калсаңыз да сырткы көрүнүшүңүз отуздагы жигиттей, анын сыры эмнеде?
- Анчалык деле жашыруун сыр жок, анын бир эле сыры юмор. Андан өткөн секрет жок. Юмор, күлкү менен жүрсөң ушинтип бир калыпта калат окшойсуң.
- Эмнегедир таза кезиңизде баскан-турганыңыз менен жазган куйкум сөздөрүңүз, тарткан сүрөттөрүңүз бири-бирине окшошпойт. Дегеним, өтө эле олуттуу көрүнөсүз.
- Мен сүрөтчү болуп төрөлгөм. Карикатурист-сүрөтчүлөргө абдан көз артчумун. Менин тарта турган жолум - жылкылар болчу. Негизи мен олуттуу кишимин. Кээде мени жакындан билгендер да тарткан карикатураларым менен жазган сатирамды окуп бу сүрөттөрдү аялың тартып бергенби деп тамашалап калышат.
- Элүүгө чыгып атып артыңызга бир кылчайып эмнелерге кубанып, эмнелерге өкүнүп турасыз?
- Элүү жаш деген күтүлбөгөн жерден келип басып калат экен. Элүүгө чейин өзүмдү чындап эле жаш сезип келгем. Бул курактын башкача бир бийиктиги бар экен. Алдымды, артымды караганга туура келип атат. Эмне кылдым, эмне кылган жокмун, ка-ап баягыда мындай кылсам болмок экен депчи...
- Сиз карикатура менен эле эмес күтүлбөгөн куйкум сөздөр менен да жалпы журтту таңгалдырган кишисиз. Аларды каяктан, кантип таап аласыз? Же алагүү болуп жүргөндө көп жолугабы?
- Чынын айтканда менин чыгармачылыгыма алагүү болуп жүргөн учур жардам бербейт. Антип да жазып көргөм. Бирок сонун болгонсуп атып эле соо болгондон кийин карасам эч нерсеге татыбаган неме болуп калат. Антип далай иренжигем. Ошондон улам мага алагүү болуп иштеген болбойт экен деп коем. Юморду аң-сезим таза кезде жазыш керек экен. Албетте, көбүнчө турмуштун өзү күлкү. Мен юморду жашоонун өзүнөн алам. Эгер чыгармам жакшы чыгып калса аны бүткөрүп алып анан алагүү болуп кетип атпайымбы.
- Бирок Төлөгөн байке, жакшы чыгарма жазып аны жууп кеткендердин көбү андан ары бөтөлкөгө түшүп, ооруп калат. А сиз бүгүн алагүү болсоңуз деле эртеси мотурайып мектептин окуучусундай таптаза боюнча жумушка келип каласыз, анын секрети кандай?
- Жана айткандай эле менде юмор деген дары-дармек бар да. Анын тамыры терең окшойт. Жөнөкөй каражат жетпеген нерселерге ушу юмордун тамыры жетет. Бул нерсе адамды бир калыпта жүргөнгө шарт түзүп берет. Өзүңө жеңил болуш үчүн турмуштагы ар кандай шартка юмор менен караганга аракет кылып каласың. Болбосо алагүүнүн арты менен андан ары акыйкат издеп кетсең аягы жакшы болбойт. Акыйкат деген ал өзүңдүн эле жаныңда жүрөт деп ойлойм мен. Ошондон жардам сурап туруш керек.
- Сизди мен "Асабада" иштеп жүргөнүңүздөн бери билем. Чынында кайсы жерде иштесеңиз да сизге жамааттагы кары-жаш дебей сүймөнчүк менен мамиле кыларын байкайм. Үй-бөлүңүздө да ушундайсызбы?
- Үй-бүлөдө мындаймын деп айта албайм. Үйдө юмор аз, кара турмуш көп. Анан калса эркек киши болгондон кийин үй-бүлөдө редактор өзүммүн да. Редакторлорго ашыкча юмор жага бербейт. Андыктан үй-бүлөдө элдин эркектери сыяктуу элемин. Юморду колдоно турган кезде колдонобуз. Үйдөгүлөр күлүп калышса аа, форма ордунда экен деп калам.
- Сизге "Кимбайке" деген псевдонимди ким берген?
- Мени айылдагы Аблакат деген агай "эй, Кимбайке, кандайсың?" деп учурашып калчу. Ал кезде мен 34 жашта элем. Бир күнү атама барып сурадым, мени эмнеле Кимбайке деп атат деп. Атам айтты, сен кичинеңде ушул кишини сурап калчусуң "ким эле? Ким байке эле?" деп атам күлгөн эле. Көрсө, айтса деле атын унута берчү экенмин. Ошентип ал киши мени Кимбайке атыктырып ийген.
- "Кимбайке" атыңыз дүңгүрөп турган учурда ар кайсы жерде өздөрүн "Кимбайкемин" деп тааныштырып элдин сыйын көрүп жүргөндөр да болду. Алардын бирөө жарымын кармап уяткардыңызбы?
- Ооба, Кимбайкемин деп кээ бир кишилерден майда-чүйдө акча алып жүргөндөр бар экенин уккам. Эми алардын коомго олуттуу зыяны тийбегенден кийин эмнеге жаман көрмөк элем.
- Милицияга түшүп көрдүңүз беле, алардан кантип чыкчу элеңиз?
- Далай жолу эле түштүк милицияга. Кызып калган учурда майда-чүйдө тартип бузган учурум көп эле болгон. Кармалганда алпарышып эмнең бар, эмнең жок деп чөнтөктөн документтериңди, буюмдарыңды алып чыгышат эмеспи. Анан сүрөтчү экенимди билишет. Көпчүлүгү "сүрөтчү болуп иштейт турбайсызбы, мени бир тартып койбойсузбу" дейт. Ары-бери тарта салсам таңга чейин кармабай чыгарып ийген учурлары болгон.
- Бактылуусузбу?
- Кайсы бир акылман "Эртең менен жумушка, кечкисин үйгө шашкан адам бактылуу" деген тура. Мен деле эртең менен жумушка шашам. Кечинде деле үйгө шашам, бирок дайым эле убагында барып калуу боло бербейт. Ар кандай болот иши кылып. Эрте барып калсам ал жакшы.
- Мааракеңизди кантип белгилейсиз?
- 1-апрель күлкү күнүнө карата 30-мартта "Дасмияда" көргөзмө-кече өткөрөм. Кечени өткөрүүгө "Де-Факто" гезитинин башредактору Чолпон Орозобекова жолдошу Жеңиш Эдигеев экөө жардам берип атат.
Зайырбек АЖЫМАТОВ





Кылмыш кодексине киргизгиси келген жаңы беренелери


1-статья
Күйөөсүн күндө жеген катындар адамды аш катары колдонгондугу үчүн сот жообуна тартылып, күйөөсүнөн ажыратылат.
2-статья
Картөшкө териштин ордуна кашын терген катындар кудай берген кашты күч колдонуп ийгендиги үчүн күйөөсүнөн күзгү менен башка жейт.
4-статья
Бирөөнүн аялынан пайдаланып жүргөн эркектер өз аялын эрте жешилүүдөн сактаганы үчүн сыйланат.

5-статья
Бирөөнүн күйөөсүнөн пайдаланган аялдар шабашка жасагандыгы үчүн ыштарап төлөйт.

6-статья
Катын албай качып жүргөн эркектер мамлекет берген тукумдук урукту адреси жок ысырап кылгандыгы үчүн жоопко тартылат.

7-статья
Өмүр бою бир катын менен жашаган эркектерге ургаачыны узакка колдонгону үчүн катуу эскертүү берилет.

Конституцияга сунуш кылган толуктоолору


.
1 Ар бир кыргыз төрөлгөнгө, жашаганга жана өлгөнгө укугу бар.

2. Мекен дегенде түшкө чейин иштеш керек. Өзүм дегенде кечке чейин, түнгө чейин, таңга чейин, эртеси күнү жана башка күндөрү иштеш керек.

3. Ар бир атуул кошунасына катуу өч болушу керек. Мындай атаандашуу коомду алга жылдырат.

4. Ар бир атуул ургаачы кошунасына кайдыгер карабаш керек. Кайдыгерлик генофондго тескери таасирин тийгизиши мүмкүн.

5. Алга жулунган атаандашына артта калганы өз убагында бут тосууга үлгүрүшү керек. Бул көнүгүү көздүн, мээнин ыкчам кыймылдашына, реакциянын кескин жогорулашына алып келет.

6. Ар бир атуул меймандос болуш керек. Үйү жалпыныкы болуш керек. Аялы бирөөлөргө кыз көрүнүш керек. Балдары базарда отуруш керек. Ата-энеси карылар үйүндө болуш керек.