KYRGYZSPORT
Талпынган таэквондочулар
Кыргызстандын таэквондочулары Казакстанда өткөн эл аралык турнирден 8 алтын медаль тагынып келишти. "Кубок Джон" аталган турнирге жалпысынан 400 спортчу катышты. Кыргызстандан барган 30 спортчу 8 алтын, 4 күмүш жана 7 колого татышты.
Чемпион болгондор: Алим Хам, Тимур Сагынбаев, Бектур Дикамбаев, Анвар Кайыпов, Турсун-Тай Хафизохунов (спаррингден) жана Альберт Пак (пумсэден). Элзар Мурзабеков керуги менен пумсэ боюнча мыкты экенин далилдеп эки алтын медаль тагынды. Финалдык беттешти төмөнкү спортчуларыбыз уттуруп жиберишти: Самат Жусупбеков, Эмир Жунусов, Владислав Пак, Тамерлан Юсупов спаррингден күмүш тагынышты.
Ал эми коло медалга төмөнкү мекендештерибиз татышты: Сергей Брайловский, Тимур Хам, Чыңгыз Эмир, Павел Залевский, Имран Нуриев, Владислав Цой жана Максим Ким (спарринг).

АУПКР арышы
Эмне эле студенттер көчөдө аз көрүнөт деп таңгалбаңыз. Учурда Кыргызстанда эки лигага бөлүнгөн окуу жайлардын ортосунда спорттун түрлөрү боюнча салтка айланган универсиада кызуу жүрүп жатат. Бул спорт майрамы олимпиада сыяктуу өтө чоң мааниге ээ жарыш. Универсиада учурунда студенттер сүйүү, окуу, саясат, жумуш деген түшүнүктөрдү унутуп калышат.
Экинчи лигада учурда жыйынтыкталган спорттун түрлөрүнөн АУПКР студенттери жакшы ийгилик жаратышууда. Спорттун бардык түрүнөн башкаларга салыштырмалуу эң жогорку көрсөткүчтү көрсөткөн окуу жайы эмки жылы КРСУ, КУУ, КГАФКиС, КГУСТА сыяктуу биринчи лигадагы окуу жайлар менен күч сынашууга жолдомо алышат. Ал эми биринчи лигада акыркы орунду алгандар экинчи лигага түшүшөт. АУПКРнын ушул күнү 1712 упайы бар. Бир спорттун түрүнөн биринчи орунга ылайык болгон окуу жайына 30 упай, экинчи орунга 28, үчүнчүгө 26 упай берилет. Лидердин артынан Баткен мамлекеттик университети кууп алган.

Коногу бийлейт…
Жыл сайын Бишкекте баскетбол боюнча "Нооруз" аттуу эл аралык чоң турнир өтөт. Быйыл ага Өзбекстан курама командасы, Азербайжан курама командасы, Россиянын командасы, баурдастарыбыздын күчтүүлөрү, АКШнын "АIА" клубу жана башка командалар катышты. Турнир айлампа түрүндө өтүп, жыйынтыктоочу турга бир тур калганда Азербайжан мамлекетинин курамасы чемпион деп табылды. Кыргызстан өз үйүндө акыркы экени биздин баскетболдун деңгээлинен кабар берет.

Боло берет турмушта
Спортто кызык окуялар боло берет. 2010-жылы Түштүк Африкада өткөн футбол боюнча дүйнө биринчилигинде Жаңы Зеландия командасы бир да беттешти уттурбай турнирден ыргып кеткенин билсеңиздер керек. Ал деген жалаң тең чыгуу менен топтук оюндарды жыйынтыктаганынан кабар берет. Бизде да ушул сыяктуу окуя катталды. "Ала-Тоо" эл аралык кубогунда кадимки биздин "Дордойубуз" 3 оюнду тең ута албай тең чыгып, 3 упайы менен өз тобунан экинчи оруна чыгып жарым финалга жолдомо алды. Утпай жарым финалга чыкты деген кызыктай угулат бекен? Акыркы турдун жыйынтыктары төмөнкүчө болду:

"Дордой" - "Наше Пиво" - 1:1,
"Алай" - "Лашын" (Казакстан) - 0:1,
ФЦ-95 - "Живое Пиво" - 0:0,
"Алга" - "Абдыш-Ата" - 1:3.
Кыздары кыйын кыргыздын
19 жашка чейинки кыз-келиндер арасындагы футбол боюнча дүйнө биринчилигине тандап алуу турнири быйыл старт алат. Жакында кармалган чүчүкулакта биздин сулуулар кимдер менен ойноору аныкталды. Ошентип, 19-28-октябрда Индияда биздин топ тепкич айымдар "А" тобунда Индия, Өзбекстан жана Бангладештин кара каштары менен күч сынашмакчы. Ал эми башка топтор төмөнкүчө түзүлдү:
"В" тобу: Иордания, Иран, Тажикстан, Палестина.
"С" тобу: Кытай Тайпэйи, Мьянма, Филиппиндер, Гонконг.

Биз билбеген маалымат
Каныбек Сагынбаев деген сыймыгыбыз бильярд боюнча дүйнөдө кыйындардын бири экенин жакшы билебиз. Бирок ал бильярддын кайсы түрү боюнча чемпион экенине көп маани бере бербейбиз. Бильярддын үч түрү бар: эркин пирамида, динамикалуу пирамида жана комбинирленген пирамида. Биздин Каке эркин пирамида жана динамикалуу пирамида боюнча дүйнө чемпиону болгон. Эгер кечээтен баштап Бишкекте старт алган комбинирленген пирамидадан дүйнө биринчилигинде Сагынбаев чемпион болсо, ал дүйнөнүн абсолюттук чемпиону деген наамга ээ болот. Андыктан жакшылап колдоп туралы, урматтуу мекендештер!

Чарчабас топ чапкычтар
Учурда кыргыз волейболу жашарып, Жогорку лиганын оюнчуларынын басымдуу бөлүгүн студенттер түзүп калганын билсеңиздер керек. Ошол студенттердин универсиадасы кызуу жүрүп жатканын жогоруда айттык. КР чемпионатынан кем калышпаган волейбол боюнча университеттердин таймашы да кызуу жүрүп атыр. Ушул жуманын ичинде кайсы ЖОЖ кыйын экени аныкталат. Ал бүтөөрү менен кийинки жумада Бишкекте Кыргызстандын биринчилигинин 2-туру старт алат. Жаны тынбаган студенттердин көбү ал жакта да жарышка түшүшөт. Учурда универсиадада 6 команда финалдык бөлүккө чыгып күч сынашып атыр. Алар: КГУСТА, БГУ, ОшТУ, КГАФКиС, КРСУ, КГТУ. Өздөрүнүн тобунда КГТУ менен КГУСТА бир да оюнду уттурбай чыгышкан. Ушул эки команданын бири универсиада чемпиону аталышы мүмкүн.