Кошсулуу

Көз суктанткан перилер...



Үй-бүлөдө бири таланттуу болсо, бири акылдуу, бири тентек, бири жоош, бири семиз болсо, бири арык бир туугандар көп болот. Бирок эки бир тууган тең өздөрүнүн окуу жайында эң сулуу айым деген титулга ээ болуп жүргөн окуя жокко эсе. Биз жакында эле ушундай көрүнүшкө туш болушкан бир тууган сулууларды кезиктирдик. Тагыраак айтканда, былтыр Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин сулуусу болгон Айперинин өзүнөн бир жаш кичүү сиңдиси Гүлпери бир жума мурун Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы уюштурган "Мисс КММА - 2012" конкурсун жеңип алды. Жашообузга көрк кошуп турган сулуулар мамлекетинин тургундарын маекке чакырдык.

Толук аты жөнү: Мурзакулова Гүлпери Токтобековна
Туулган күнү: 6-ноябрь, 1993-жыл
Кичи мекени: Токтогул району, Буракан айылы
Бою, салмагы: 170 см, 53кг
Билими: КММАнын 1-курсунда окуйт
Хоббиси: Китеп окуу, сүрөткө түшүү
Баалаган инсаны: Роза Отунбаева
Баалаган саясатчысы: Осмонбек Артыкбаев
Алдыга койгон максаты: мыкты врач болуу жана чыгармачылыкта ийгиликтерди жаратуу


Тарбия
Бизди атабыз еврейлердин методу менен тарбиялагандыктан башкача өсүп калдык. Баары эрке, баарынын добушу, ар биринин каалоосу эске алынат. Көрсө, еврейлер балдарын сен деген кыйынсың да, сага мындай кылган жарашпай калат го, бул кадамың уят иш деп урушпай, мактоо менен тарбиялашат экен. Атабыздын тарбиясы катуу болгондуктан, башка кыздардай түнкү клубга чыга качып же туулган күндөргө бат-бат эле бара бербейбиз. Мисалы, түнкү клубга барганда тамекинин жытына ууланышып, кулактын кужурун алган ызы-чууда бийлешет. А биз болсо үйдө эле күзгүнүн алдында туруп алып моокум кандыра бийлеп алабыз. Эч кимден тартынбайсың дагы. Бош убактыбызды ар кандай ийримдерге катышуу менен, китептерди окуу менен өткөрөбүз. Сабакка жакшы көңүл бургандыгыбыздан экөөбүз тең мектепти артыкчылык менен аяктадык. Атабыз аябай патриот инсан. Ал күчтүү врач болгондуктан өзүнүн тармагына тиешелүү бөлүмдү жетектейт. Кол алдында иштегендердин баары кыргызча сүйлөйт. Талабы ошондой. Башка улуттун өкүлдөрү да кыргызча үйрөнүшкөн. Ошону эске алып, биз орусча билим алганыбызга карабай кыргызча китептерди көбүрөөк окуп, кыргыз тилин эркин билгенге аракет кылабыз. Кыргызча сүйлөбөй туруп патриот болгондордун мекенин сүйгөнүндө шегим бар. Патриот адам биринчи эне тилинде булбулдай сайраш керек.

Алгачкы кадам
Биз мурда көп деле эл алдына чыгып, коомдук иштерге аралашканды жактыра берчү эмеспиз. Бирок мектепте эл катары активдүү окуучу болчубуз. Бир жолу Айперинин курбу кызы алып баруучулукка кастинг болуп жатыптыр, мени менен барып келгилечи, жалгыз баргандан тартынып жатам деп калды. Биз үйдөгү кийимдерибиз менен эле бардык. Тиги кыздын кезеги келип, камера астында даярданган сөздөрүн унутуп, өзүн жоготуп койду. Анан кастингди өткөрүп жаткан продюсер кыздар, киргиле деп калды. Байке, биз жөн эле курбу кызыбызды коштоп келгенбиз десек, кире бербейсиңерби, эмнеңер кетип жатты эле деди. Чын эле "уюбузду уттуруп жатыптырбызбы" деп кирип, Айпери экөөбүз ээн-эркин, күлүп-жайнап түз эфирди алып барып жаткан кыздарды туурап салдык. Көрсө, эчтекеден коркпогон адам гана ийгилик жаратат тура. Эртеси күнү эле бизди студияга чакырып 3 күндөн кийин НБТдагы "Музикола" берүүсүн алып бара баштадык. Андан кийин жарнамалык роликтерге, клиптерге тартылган модель болуп чыга келдик.

Сүйүүдө
Бизди атам катуу кармайт дебедимби, жигиттер менен сүйлөшүүгө тыюу салчу. Көптөн бери менин артымдан бир жигит чуркап, кинодогудай сюрприздерди жасап мени багынтты десем болот. Мектепте окуп жүргөндө 14-февраль күнү бүт мектепти гүлдөр, шариктер, сүрөттөр менен кооздоп чыгыптыр. Биздин класска кирсем ар бир партада менин сүрөтүм жана мага айтылган жылуу сөздөр. Ошол күнү мектепке кирип баратсам жылдагыдан башкача жасалгаланыптыр. "Оо, быйыл мектепте сүйүү күнү жакшы уюштурулган го" деп коем. Көрсө ошонун баарын мени жактырып жүргөн жигит жасаптыр. 11-классты бүтүп жатканда биз бүтүрүүчүлөр шаарда сейилдеш үчүн микроавтобустарды жалдап койсок, алардын ордуна жалаң лимузиндер келип калды. Баарыбыз таңгалып ичине отурсак, ар бир лимузинде жалаң менин сүрөттөрүм жабыштырылыптыр. Бир аздан кийин жанагы жигит бул лимузиндер сага жана сенин классташтарыңа менден белек деп деп телефон чалды. Ага чейин класска күн сайын гүлдөр, "Рафаэлло" деген шоколаддар келип турчу. Классташтарым "Рафаэлло" жей берип тажашкан. Бир жолу Вефа Центр соода түйүнүнүн үстүндөгү үстү ачык ресторандын баарын ээлеп, аянтчаны розанын желекчелерине толтуруп, романтикалуу кечеге чакырды. Ошол жерден менин сүйлөшкөн кызым болчу деп сунуш кылды. Мен макул болбой койдум. Ошондон кийин эми жок болуп кетсе керек деп ойлосом, эчтеке болбогондой кайра мени андан да ашырып сыйлай баштады. 18ге толгон күнү эртең менен үйдөгүлөр "Гүлпери, эшикке чыксаң, сенин сүрөтүң чоң болуп илинип турат" дешти. Алдап ойготоюн деп жатышат деп жата бердим. Кийинчерээк чыксам кошуна үйлөрдүн дубалдарына чейин чоң сүрөттөр, шарлар, гүлдөр илинип, мени куттуктап, "сендей кызды тарбиялаган ата-энеңе рахмат" деп жазып коюптур. Анан атам бул ким деп такып сурай баштады. Алмаз деген бала деп айтууга аргасыз болдум. Бүгүн 5 жылдыз мейманкананын ресторанына сый тамакка чакырып жатат деп дагы уруксат сурап коем. Макул, бар, саат 7де үйдө болуп калгын деди. Кечинде үйгө жеткирип келгенин көргөн атам мага телефон чалып, Алмаз да кошо кирсин деди. Эми эмне дейт деп сарсанаа болгонумду айтпа. Мен ашканага кирип кеткен боюнча чыкпай койдум. Атам менен жигитим кечке чай ичкенче сүйлөшүп отурушту да, Алмаз кетти. Кийин киного барчу болсок Алмаз түз эле атама телефон чалып менин ордума уруксат сурап калды. Ошондо атам туура эле түшүнүптүр деп калдым. Мурда Алмаздын ар бир кадамын биз менен бир мектепте окуган туугандарыбыз, кичинекей сиңдим атама жеткире берчү экен. Лимузиндеги сүрөттөрдү көргөндө да атам эстеп калган экен. Демек, жигитимдин мени багындырганы, анын мамилеси атама да жакты окшойт.




"Сулуусуң дегендерди карабайм"


Шоктук
Бизди өтө эле момойгон кыздар экен деп ойлосоңуздар жаңылышасыздар. Биз деле эл катары шоктук кылабыз. Кичинебизде бизди ата-энебиз үйгө камап кетсе мен Гүлпериге ширеңке күйгүзгөндү үйрөтөм деп үйдү өрттөп ийгенбиз. Ал аз келгенсип, аман калалы деп экинчи кабаттан жерге секиргени жатканда кошуналар эшикти талкалап кирип келишкен.

Кесип
Гүлпери көп жана мазмундуу сүйлөгөндүктөн аны журналист болсо болмок дей беришет. Бирок өзү дипломат же медик болгусу келчү. Биздеги улам бийлик алмашып жаткан процесстен улам атам врач эле болгон туруктуу деп медициналык академияга эле оку кызым деп кеңеш берди. Анын үстүнө атам, апам, чоң атабыз ак халат кийген мыкты адистер. Ошолордун жолун бирөөбүз жолдойлу дегенбиз. Мага мурунтан эле офисте кагаздар менен иштеген ишкер айымдар жакчу. Ошолордой болгум келип экономфакты тандадым. Эсептерди жакшы чыгаргандыктан банкта иштесем деп кыялданам.

Турмушта
Биз жер үйдө жашайбыз. Аял адам жасай турган бардык жумуштарды жасайбыз. Огородго чыгып деле иштей беребиз. Себеби биз 4 бир туугандын улууларыбыз. Эң кичүүсү уул. Ал азыр кичине, жумшаганга жарай элек. Гүлперинин сабагы көп болгондуктан жумуштун көбүн мен мойнума алып алам. Мурда атам расписание түзүп берчү. Азыр мен түшүнүү менен мамиле кылам, атаандашпай калдык. Тамактын бардык түрүн мыкты жасайм. Турмуш курууга деле даяр болуп калдың деп тамашалай беришет. Бирок өзүмдү жашмын деп ойлойм. Атам 25 жашта турмушка чыгасыңар деп коет, бирок биз 22 жаш турмуш куруу үчүн идеалдуу курак деп ойлойбуз.

Жүрөк ээси
Ушул убакка чейин жигит жактыра элекмин. Жандагысы келип, белектерин берип, жылуу сөз айткандар көп. Бирок эмнегедир сүйүүнүн убактысы келе электей эле сезиле берет. Биз экөөбүз тең качан гана ошол адамга толук ишенгенде гана кыз-жигит болууну туура деп эсептейбиз. Анан көпчүлүккө окшоп сүйлөшүп көрөйүн, жакпай калса таштап коем да дегендерге кирбейбиз. Бул тигинин мурунку сүйлөшкөн кызы же мурунку жигитим деген сөздөрдү жактырбайбыз. Жүрөк деген бирөө эле да, анын ээси да бир эле адам болуш керек деп ойлойбуз. Атабыз менен сырдашабыз. Жигиттерди да биринчи атам экзаменден өткөрөт, анан биз менен кеңешет. Бирөө белек берсе, ал жигит жагабы дейт, анча эмес десем, анда сүйлөшпөй эле кой дейт. Бирок бирөөнүн көңүлүн эч убакта оорутпа деп айтат. Ошол себептен коркпой эле үйгө жигиттер берген белектерди алып келе беребиз. "Сулуусуң", "көздөрүң жагат" деген сыяктуу сөздөрдү айтса карабайм, сүйлөшпөй коем. Чындап жактырган адам адамдын мүнөзүн, анын ички дүйнөсүн, тарбиясын, кыялын билип туруп анан жактырса, бардык нерсени түшүнө билсе гана сүйүү бекем болот деп ойлойм.

Кудрет ТАЙЧАБАРОВ