mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Ош, Баткенде акыбал оор



Жума ичиндеги Баткен, Ош облусундагы кар көчкүлөр элди биртоп эле жүдөтүп койду. Бейшемби күнкү эсеп боюнча Баткенде 303 ири мүйүздүү бодо мал, 1200 кой-эчки, 214 жылкы жем-чөптүн жетишсиздигинен өлгөн. Күн санап ачка турган мал чекесинен азайып атат. Жакында премьер-министр Өмүрбек Бабанов катышкан облустук жыйында губернатор эл көзүнчө өкмөт башчыдан тоют жагынан жардам кылууну суранды. Премьер ошол жыйын учурунда эле Өзгөчө кырдаалдар министрине Чүй облусунан муктаждарга чөп жеткирүүнү тапшырган. Чөптүн бир түгү учурда 350 сомго чыккан.
Ош облусунун Чоң-Алай районунда да акыбал жеңил эмес. Учурда аталган райондун Дароот-Коргон айылында жүздөй адам өкмөттөн гуманитардык жардам талап кылып Кытай-Тажикстан каттамындагы жолду тосуп турушат. Митингчилер Ошто жүргөн спикер Асылбек Жээнбековдун келишин талап кылышууда. Ал жердеги элдин айтымында, айылдыктар кыштын узактыгынан отун-суусуз, тоютсуз калышкан. Быйылкы кардын калыңдыгы 1 метрден ашса, азыр Чоң-Алай өрөөнүндө бир түк чөп 500-600 сомго чыккан. Кечээ ӨКМ 22-марттан 26-мартка чейинки кардын жаашынан дагы көчкү коркунучтары бар экенин эскертти. Ушундайда кыргыздын тың чыкмалары элге жардам берип, журт батасын алсаңар гана. Шайлоочуларына жолугууга кеткен депутаттардан негедир дым чыкпайт да кокуй.













??.??