mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Финансы полицайы жоюлду



Мына сага, реформа. Кечээ премьер-министр Өмүрбек Бабанов Финансы полициясын жоюп, экономикалык кылмыштарды иликтөө боюнча жаңы орган түзүү чечимин кабыл алды.
Өкмөт башчынын айтымында, жаңы структурага кызматкерлерди тандоо бир ай бою жүргүзүлүп, каалоочулардын баары катыша алышат. "Кызматкерлерди тандоодо анын чынчылдыгы, профессионалдуулугу, таза абийири негизги критерий болот. Тандоо процесси болушунча ачык болуп, тестирлөө телеканалда түз көрсөтүлөт. Ведомство тарабынан мурда козголгон кылмыш иштери болсо сөзсүз улантылат" деп билдирди премьер.
Өкмөт мүчөлөрү премьердин жаңы кызматты түзүү чечимин бир добуштан колдошту. Өмүрбек Бабановдун билдиришинче, комиссия тестирлөө менен азыркы системаны өзгөртүүгө мүмкүн эместигин аныктагандан улам ушундай чечим кабыл алынган. Не дейбиз, демилге жакшы. Болгону, бу жолу БӨТтүн бул кадамы бир кездеги БНК аукциону "телешоусундай" болуп калбаса болгону.











??.??