Райкан АЛКАНОВ:

"Байлыкты табуу кыйын, аны сактап калыш андан да кыйын"


Учурда жардыбыз дегенибиз менен байларыбыз деле кудайга шүгүр. Алардын арасында илгертен мамлекеттик кызматтарда иштеп, кийин бизнеске өтүп кеткен тажрыйбалуу адамдар да бар. Ошондой адамдардын бири, учурда ЕврАЗЭС башкы катчысынын кеңешчиси, Кыргызстан ишкерлер союзунун, Улуттук бокс федерациясынын жана "Көк Бөрү" федерациясынын ардактуу президенти, "Алканов жана компания" ЖЧКсынын президенти Райкан Алкановду кепке тарттык.


- Райкан Алканович, элге таанымал ишкер катары сизди азыр эмне түйшөлтөт?
- Илгери райкомдун биринчи секретары, колхоздун башкармасынын таасири күчтүү эле. Азыр айыл өкмөт башчысын эч ким укпайт. Ал эч кандай маселе чече албайт. Ушундай акыбалда кантип анан өлкө, эл оңолот? Кыргызстан калкынын 75 пайызы айылда. Барып-келип айылдыктардын начар турмушун көрүп атабыз. Ошондуктан айылдын иши оңолсо эле бүт Кыргызстан оңолуп кеткени турат. Айылдыктар эптеп жер-жемиш, эгин өстүрүп сатайын десе анысы бажы өтмөктөрүнөн өтпөй атат. Өткөрсө да жарым акчасын шыпырып алышат. Мал өстүрсө да этин өкмөт албайт. Базарга алып барса ар кай жактан келгендер арзан баалап атышат. Ушундай оор жагдайлардан улам айылдыктар жарыткан киреше таба алышпай, жашоосу өзгөрүлбөй бир калыпта турат. Эми муну ким оңошу керек? Депутаттардын баары эле топ-топ болуп партия түзүп алышты. А партиялардын программаларын салыштырсаң баарыныкы коендой окшош. Элди жыргатабыз деген убадалары да бипбирдей. Бийликке келген соң кайра эле бири-бирин жеп, бийлик талашмай. Ошентпей президент, премьер-министр, депутаттар биригип бир багытта иштешсе өлкө оңолот эле, туурабы? Мени ушул көп түйшөлтөт.
- Айыл деп калдыңыз, сиз учурда айыл чарбасын көтөрүүнүн кандай жолдорун көрүп турасыз?
- Эсиң болсо эчки бак, эчки тууйт эки улак дешкен илгери. Биздин шартта малды көбөйтсө болот да. Союз маалында Кыргызстанда койдун башы 12 миллионго жеткен, азыр анын үчтөн бири да жок. Ошо мал көбөйтүүнү эле колго алсак кана. Айылда мал болсо эт, сүт, нан, акча да болот. Кыргызстандын кайсы жерине эмненин уругун тыштаба, ал өсөт. Ушундай касиеттүү жерде туруп биз кедейбиз деген болбойт. Ошон үчүн элди уюштуруп, иштетиш керек. Ал үчүн өкмөт калкка комбайн, трактор, үрөн, жер семирткич жагынан жардам берүүгө милдеттүү. Күзгүсүн бийлик дыйкандарды өз алдынча тыштап койбой алардын түшүмүн өкмөт өзү сатып алып же болбосо армия, абактагыларга берип, артканын коңшу өлкөлөргө сатууга көмөк кылса. Илгери таластыктар картошкасын казактардын Жамбыл, Чымкент, Кызыл-Ордо, Түркстан шаарларына чейин алпарып сатып келишчү. Азыр деле казактар картошкага муктаж. Ошондуктан бул маселени казак-кыргыз өкмөтү сүйлөшүп, бажы өтмөктөрүнөн дыйкандарды эркин өткөрүүнү сүйлөшсө дурус болмок. Керек болсо бул жактан да, тигил жактан да милиция кызматкерлери дыйкан-фермерлерди коргосун. Мына ушундай жардамдарды мамлекет көрсөтпөй, элди бажычылар эле соруп коюп атпайбы. Бажычылар аз келгенсип ортодо ортомчулар жеңил акчага туйтунуп атышат. Ушунун баарын неге айыл өкмөтү, аким, губернаторлор көзөмөлдөбөй бекер отурушат? Иштеш керек да. Айылды, мамлекетти ушинтип эле өнүктүрсө болот.
- Сизди кайрымдууулук иштерин көп кылат деп угуп жүрөбүз.
- Жылына спорт, искусство тармагына, аксакалдарга миллион сомго жакын жардам кылам. Өзүм 9-майда туулгам. Ар жылы жеңиш күнү Таласка барып Улуу Ата мекендик согуш ардагерлерин, Афган апаатына катышкандарды колдоп, көңүлдөрүн көтөрүп кетем. 7-апрелде курман болгондордон Ата-Бейитке сөөгү коюлгандардын он жетисинин, Таласта сегизинин, Көк-Жарда бирөөсүнүн үй-бүлөсүнө 10 миң сомдон бердим. Июнь окуясында бир самолетко 200 миң сомдук азык-түлүк жүктөп жөнөттүм. Баткенде, Ошто жер титирөө болгондо ар облустан жетимиштен аксакалга миң сомдон берип, жалпы 200 миң сом жумшадым. Жалал-Абад, Кочкордогу жер титирөөдө да өз жардамымды аяган жокмун. Баткенге сакалчандар киргенде да ыраматылык Эстебес Турсуналиев менен барып, 200 миң сомго жоокерлерге аскердик жабдыктарды алып бергем. Мунун баары чынында мактаныч эмес. Бирок өкмөткө салыштырмалуу мен бир киши болуп атпаймынбы. Чындап келсе бул өкмөттүн иши да. Албетте байлар, бизнесмендер мындайда карап турбайт. Бирок мындай оор акыбалда негизги жардам өкмөт тараптан болушу керек.
- Биздин билишибизче, сиздин Дордойдогу базарыңызда жалаң ата-мекендик өндүрүштөгү кийимдер сатылат. Жеңил өнөр жайы менен өнүгө алабызбы?
- Дордойдогу жети-сегиз базардын бирөө меники. Ал базарды уюштурган мен дагы эл катары иштеп, Кытай, Индияга чейин товар алып барып, аяктан алып келгем. Көп аракет кылган үчүн ушинтип оокаттуу болуп отурам да. Өзүм ар кыл мамлекеттик кызматтарда иштегендиктен, муну өздөштүрүп кетүү мага жеңилирээк болду окшойт. Азыр биз Кытай, Түркиядан келип аткан материалдардан сапаттуу кийим тигип чет өлкөлөргө тынымсыз чыгарып турсак эле өнүгөбүз. СССР доорунда сапаттуу кийим чыгаруу жагынан биздин Жеңил өнөр жай министрлиги башка өлкөлөрдү алдыга чыгарчу эмес. Азыр ошол кездеги мыкты тигүүчүлөр айласыз ар башка жерде жүрүшөт. Аларды колго алып материалдын мыктыларынан жакшы кийимдерди тигип экспорттосок болот. Кытайдын сапатсыз, арзан кийимин алгыча өзүбүз мыкты кылып тигип кийсек жарашпайбы. Азыр Кыргызстан көп өлкөлөр менен экономикалык карым-катнаш кылат. Ошону туура пайдалансак жеңил өнөр жай жагынан таанылууга мүмкүнчүлүк бар. Эң негизгиси, соодада ишеним болушу керек. А ишеним болуш үчүн көз боемочулук болбой, товар сапаттуу болуш керек.
- Бажы союзуна кириш керек деп атабыз, буга көз карашыңыз кандай?
- Азыр акча саап көнүп алган бажы кызматкерлерин тартипке салуу өтө кыйын. Анын үстүнө ушу тапта президенттердин чыгарган чечимдери соодагер, бизнесмен чөйрөсүндө ишке ашпай атат. Ошон үчүн бажыны жокко чыгаруу керек. Президент бирдиктүү экономикалык мейкиндик болушу керек деп атпайбы. Бул өлкөлөр арасында чек ара болбошу керек деген эле сөз. Мына Европада көп өлкөлөр ортосунда товарлар тоскоолдуксуз өтө берет. Мисалы, таксфри деп коет. Италиядан товар алып Германия аркылуу өтсөң, сага товар баасынын 19 пайызын кайрып берет. Себеби кетип бараткан киши салык алып кетиш керек. Азыр Грециянын акыбалы начар деп Европа өлкөлөрү ага жардам берип атышат. А биз СССР деген дүйнөнү дүңгүрөткөн мамлекет элек. 70 жыл бирге туруп, эми бири-бирибизге кире албай калдык. Мындан ким утулду? Бүткүл СССР өлкөлөрү, калк зыян тартты. Ошон үчүн СССРди бузбай туруп кеңешип кемчиликтерди жоюп жашай бергенде, азыр агездегиден да мыкты өнүкмөкпүз. Эми болоору болду. Орустар потерявшие голову, по волосам не плачут деп айтышат. СССРди жок кылдык деп ыйлоонун кереги жок. Азыр болгону ошол СССР тарыхын эске алып бири-бирибизге бут тоспошубуз керек.
- Ушул максатта бизде ЕврАзЭС түзүлбөдү беле?
- ЕврАзЭСте мурун алты өлкө бар болчу. Кийин Өзбекстан кур сөздөн башка эч нерсе чечилбейт экен деп чыгып кетти. Азыр Алмазбек Атамбаев да ошону айтып Бирдиктүү экономикалык аймак бололук, бири-бирибизге керектүү товарларды тоспойлу деп атат. Буга кирсек чек араларды тосуунун да кажети жок болот. Азыр ар бир мамлекет чек арасын коргоого миллиондогон каражат жумшап атат. Чек ара тосулганы менен өтөм дегендер жолун таап, эл аралап эле өтүп кетип атышат. Мамлекетке болсо бир тыйын киреше түшкөн жок.
- Өлкө башчысынын азыркы саясатына кандай баа бересиз?
- Президент Москвада болуп, Россиянын бардык аймактарынан келген мекендештер менен жолугуп, саясый элитаны жаңыртам деп ачык айтты. Коррупционерлерди, ууруларды, кылмышкерлерди, алдамчыларды жок кылам деди. Муну колдоп коюу зарыл. Эл койду, шайладыбы, президент менен премьер-министрге убакыт берүү милдетибиз. Жогорку Кеңеш да сындаганды эле билбей элге иштесин, коррупцияны токтотсун. Президент аракет кылып атат. Элди бириктирем деп Бишкекке, Москвага Манастын эстелигин тургуздурду. Манастын айткандарын 1-класстан баштап окуйлук деп атат. Бул да туура. Россияга барганда да акча сурап келген жокмун деди. 2014-жылы Америка базасы чыгарыларын, жарандык авиабазада аскердик база болбошу керектигин айтты. Путин менен Медведевге жолукканда да бизди кичинекей өлкө деп кемсинтпей теңата көрүшүңөр керек деген оюн билдирди. Бизди кандай сыйласаңар силерди да ошондой сыйлайбыз дегенди айтты. Ушундай кадамдарын көрүп отуруп Алмазбек Атамбаевди колдойлу деп эле айтам.
- Сөздү ишкерлерге бурсак. Кыргыз меценаттары негедир соодага эле ыкташат. Алар завод-фабрика курушса болбойт беле?
- Завод, фабрика куруу - бул өтө оор, татаал. Аны мамлекет гана кура алат. Анткени ишкана куруу үчүн керектүү тетик-жабдыктарды, ал жерде иштетиле турган материалдарды ар кай жактан алыш керек. Мисалы, союз кезинде Ленин заводуна жетимиштей башка завод-фабрикалар даяр, тетик-жабдык, материал берип турушкан. Ошолорду бириктирип завод даяр продукция чыгарып турган. Антпесе ал иштемек эмес. А Физприбордун иштеши андан бетер татаал эле. Мындан башка канчалаган заводдор бар эле. Буларды керектүү материалдар менен союз министрлиги камсыздап турчу. Мен жыйырма жылдан ашык Кыргыз ССРинин мамлекеттик каржылоосуна караштуу Москва бөлүмүнүн начальниги болуп иштеген үчүн заводду иштетүү кыйын экенин билем.
- Сиз "Кылым меценаты" аталдыңыз эле. Чыныгы меценат кандай болушу керек? Ал үчүн эң кыйын нерсе эмне?
- Колуңдагы болгон оокатыңды өзүң жалгыз жебей эл менен бөлүшүш керек. Байлыкты байпакка катып жатканда чычкандар жеп кетиши мүмкүн. Андан көрө байлыкты өзүңө, жакындарга, элге бериш керек. А чындап келсе байлык табуу кандай кыйын болсо, аны сактап калуу андан да кыйын. Байларды көрө албагандар мындан да көп.
- Акаев убагында сизди кримчөйрө өкүлдөрү кыйнашкан деп уктук эле...
- Ооба, кримавторитеттер менден акча сурашкан. Бир жолу чет элдиктер менен жолугабыз деп мени алдап бир үйгө алып барышып колу-бутумду байлап, башка-көзгө тепкилеп, кабыргаларымды сындырышып 50 миң доллар талап кылышкан. Он саат кармашты. Өзүм спорттун чебери болгон үчүн кыйноого чыдадым. Кийин алардын коркутканына карабай Жогорку сотко, ИИМге, Башкы прокуратурага, премьер-министр Танаевге эгер тезинен буларга чара көрүп, жок кылбасаңар кийин кеч болуп калат деп кат жазгам. Алардын баары кармалды.
- Учурда эмне менен алектенип атасыз?
- Азыр малдын канын жакшыртып, эттүү, сүттүү уйларды, таза кандуу жылкыларды Европадан алып келип, ал жакка Кыргызстан балын өткөрсөмбү деген оюм бар. Ал жактагы элчилер менен байланышып атабыз. Мындан сырткары, түрктөр бизден төө буурчакты арзан алышып Европага сатып атышат. Аларды ортомчу кылбай түз саталы деп Германия, Бельгия менен сүйлөшүп атам. Учурда Бельгия ала турган болуп атат. Алардан кайра эттүү, сүттүү уй, жылкы алып келсем деген максатым бар. Мунун баары ишке ашыш үчүн ветеринардык кызматты, жер жемишти туура дарылоону колго алышыбыз кажет. Европа өлкөлөрүндө бир-эки айылдын продукциясын иштете турган чакан эт, сүт комбинаттары, миниэлектрстанциялар бар экен. Ошолорду бизге алып келейин деген да тилектер бар. Болгону азыр өкмөттүн колдоосу керек болуп атат.

Мелис СОВЕТ уулу