"Үчүнчү кулак" төркүнү

Кайрадан "из куумай" башталдыбы?


Мурдагы "ак жолчу" парламенттин тушунда "Электр, почта байланыш-тары жөнүндө" жана "Изин суутпай издөө иши жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүү киргизилген. Ага ылайык Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы (УКМК) баштаган күч органдары бардык байланыш каражаттарын тыкыр көзөмөлгө алуу укугуна ээ болгон. Ошондо оппозиция тыңчыкмалары муну колдобостугун маалымат каражаттары аркылуу билдиришкен эле.

Бакиев заманындагы оппозиционерлер азыр бийликте. Алар эми өткөнүн унутуп эски жолойго түшүп бараткансыйт. Маселен, президент Алмазбек Атамбаев коңшу өлкөлөрдүн атайын кызматтары Кыргызстандын коомдук-саясый турмушуна кийлигишкенге аракет жасаганын, мамлекетибиздин ички абалы кооптуу экенин жар салды. Бул билдирүүнү утурлай дүйшөмбү күнү парламенттин коргонуу жана коопсуздук комитети телефон тыңшоочу аппаратты орнотуу жана көзөмөлдөө тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Эми ал ЖоКенин жалпы жыйынында талкууланмакчы.
УКМК төрагасы Шамил Атахановдун айтымында, "үч тамга" мурдагыдай бийлик оппоненттеринин артынан аңдуу өнөкөтүн токтоткон. Ал эми сөз кылып аткан жаңы мыйзам долбоору кабыл алынса мыйзам чегинде иш жүргүзөт экен. Ошондой эле "сотогой" тыңшоо укугуна коомдук коопсуздукту сактоочу жана кылмыш чөйрөсү менен күрөшкөн мекемелер, тагырагы, мамлекеттик жаза аткаруу кызматы менен баңгизатка каршы күрөш жүргүзүүчү мамлекеттик агенттик ээ болмокчу. Мунун бардыгы өлкөбүздүн ички-тышкы коопсуздугун камсыз кылууга багытталганын Шамил мырза кошумчалайт.
"Үч тамга" төрагасынын айтканына ишенейин десең, кайра эле жарыктык киши телефон тыңшоочу жаңы жабдыктарды орнотуш үчүн чет жактан адистерди чакырууга туура келерин билдирип атпайбы. " Мындай аппаратты орнотуш үчүн чет өлкөлүк адистерди чакырыш керек, бул бөлөк мамлекеттердин атайын кызматтарынын биздеги маалыматтарды алышына жол ачышы ыктымал " дейт ал. Эгер кыбыр эткенибиздин баары алыскы, жакынкы кошуналарга маалым болуп турса УКМК жаңы мыйзам долбоору жана жаңы жабдыктар аркылуу Кыргызстандын коопсуздугун кантип сактамакчы?

Түркиядан белекпи, же?
"Ата мекенчи" депутат Ширин Айтматованын маалымдашынча, өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Түркияга жасаган расмий сапарында УКМКнын 7-башкармалыгына 5,5 млн. долларлык "сотогой" тыңшоочу жабдык берүүсүн өтүнүптүр. " Бул жабдык бекер келет дешет. Бирок эл аралык саясатта эч нерсе бекер болбойт, баары бир төлөгөнгө туура келет. А чет өлкөлүк атайын кызматтар биздеги маалыматтарга оңой кирүүгө мүмкүнчүлүк алат " дейт Ширин айым. Ошондуктан жаңы жабдык сатып алуу үчүн тендер өткөрүү зарылдыгын Айтматова баса белгилейт.
Кыскасы, жаңы мыйзам долбоору дагы көпкө талкууланчудай. Кандай болгон күндө да бул маселеге парламент чекит коймокчу. Ал эми ЖоКе президенттин саясатын колдойбу же четке кагабы? Бул мезгил суроосу.

Ток этерин айтканда
УКМК төрагасы Шамил Атаханов кайсы бир адамдардын колунда телефондук баарлашууну угуучу аппарат бар экенин расмий жарыялады.
Экс-ханзаада Максим Бакиев кезинде 20 млн. долларлык "сотогой" тыңшоочу жабдык апкелип орноткону кабарланган. Бүгүнкү күндө ошол аппараттын кайда жайгашканы белгисиз.
Андагы "ак жолчу" депутат айым, мындагы өкмөттүн парламенттеги өкүлү Динара Молдошева кезинде байланышты көзөмөлдөөчү аппараттын "куну" 2,5 млн. доллар турарын айткан болчу. Ага кеткен чыгымды жабуу уюлдук компаниялардын мойнуна жүктөлгөнү маалым. А учурдагы жаңы мыйзам долбоору кабыл алынса, анда жаңы аппаратты сатып алууга жана аны орнотууга кеткен каражат кимдин эсебинен жабылары белгисиз.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ






Оштогу шайлоо ойдогудай болдубу?

Мырзакматовдун партиясы жеңди


4-марттагы Ош шаардык кеңешинин шайлоосунда азыркы мэр Мелисбек Мырзакматовдун "Улуттар биримдиги" партиясы эбегейсиз жеңишке жетишти. Ошол эле убакта саясый өнөктүктүн жүрүшүнө абай салышкан бир катар бейөкмөт уюмдар добуш берүү жараяны олуттуу мүчүлүштөр менен коштолгондугун жар салышты.

"Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова баса белгилегендей, №5288 шайлоо чөлкөмүндө шайлоочуларды автоунаа менен ташымай жана тийиштүү документсиз добуш бердиртмей фактысы катталган. Ошол себептүү аталган шайлоо чөлкөмүндө кечки саат 18.00гө жетпей эле бюллетендер түгөнүп, көчөдө дагы 200 чакты киши добуш бере албай калган. А өзү №5288 шайлоо чөлкөмүндө 2600 шайлоочу тизмеге киргизилген. Демек, ошончо бюллетень болушу керек эле. Ушунун өзү үкөктөргө бюллетендерди үргүлжүм таштоо болгондугун ырастайт.
- №5283 шайлоо чөлкөмүндө саартан баштап кечкиге дейре күлтүйгөн жоон топ жигиттер күзөттө турушкан. Алар аймактагы абалды тез-тез курчутуп, шайлоонун жүрүшүнө залакасын катуу тийгизишти. Мындан тышкары, шайлоо күнү өзбек маалелериндеги үйлөрдүн басымдуусу жабык турду. Анткени буга чейин номери жок автоунаалар калаада көбүрөөк жүрүп, элдин кыйла үшүн алган экен, - дейт укук коргоочу Азиза Абдырасулова.
Ал эми "Таза шайлоо" бирикмесинин аткаруучу директору Айнура Усупбекованын айтымында, №5292, 5299, 5287, 5288 шайлоо чөлкөмдөрүнүн жыйынтыктары дале күмөн туудурат.
- №66 шайлоо чөлкөмүндө кыска жана узак мөөнөттүү байкоо жүргүздүк. №9 шайлоо чөлкөмүндө бюллетендер үргүлжүм ташталды. 10 шайлоо чөлкөмүндө тааныш эле өңдөр утуру добуш берип жүрүштү. Ал эми беш шайлоо чөлкөмүндө комиссия мүчөлөрү өздөрү байкоочуларды кадимкидей коркутуп-үркүткөн окуяларды тушуктурдук. Ушул эле дейсизби, он чакты шайлоо чөлкөмүндө кээ бир партия тарапкерлери кадимкидей үгүт иштерин жүргүзүп жатышты. Жети шайлоо чөлкөмүндө кайра-кайра топ-топ добуш таштоо болду. Ушулардын баары өз маалында Ош шаардык шайлоо комиссиясына жана Борбордук шайлоо комиссиясына маалымдалып, чара көрүү жагы сунуш этилип турду. Тилекке каршы, ал жактардан эч кандай реакция болгон жок, - дейт Айнура Усупбекова.
Шайлоо маалында олуттуу мыйзам бузууларга жол коюлгандыгын "Адам укугу жана демократия" борборунун башчысы Идирис Кубатбеков да ырастады.
- Мунун баары кечке маал, эл сээлдегенде башталды. Байкоочулар протокол түзүшкөнү менен, айрым партия өкүлдөрү мындай терс көрүнүштөргө таптакыр көз жумуп коюшту, - дейт ал.
- Биз 2010-жылкы Ош коогалаңында үй-жайыбыздан ажырап калдык. Ошондо бийлик баарыбызды Оштогу "Жаштык" балдар лагерине көчүрүшкөн. Ошондон бери 50 чакты үй-бүлө ушул жерди байырлап келатабыз. Биз өңдөнгөндөр Оштун булуң-бурчунда толтура. Тилекке каршы, алардын бири дагы 4-мартта жактырган партиябызга же талапкерибизге добушубузду бере албай калдык, - дейт Ош шаарынын тургуну Жумакан Кулназарова.
- Оштогу миңдеген студенттер дагы бул саясый өнөктүккө аралашуу укугунан ажырап калышты. Ачыгын айтканда, укуктары кемсинтилди. Ошондуктан алар чукул арада "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга токтоосуз өзгөртүү кийирип, "Күндүзгү бөлүмдө окуган студенттер жана аспиранттар жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоого акысыз" деген талапты мыйзамдан алып салуу абзел. Антишпесе бул көйгөй эртедир-кечтир дагы бир чырды жаратышы толук ыктымал, - деди ОшМУнун тарбиялык иштер департаментинин директору Замирбек Бөжөнов.
Ал эми "Кайрылман" коомдук фондунун төрагасы Салахитдин Юлдашев Тажикстандын Мургаб, Жергетал райондорунан түпкү мекенине журт которушкан жүздөгөн кандаштар өздөрү каалаган кишиге добуш берүү укугунан кыйла жылдан бери ажырап калгандыгын бышыктады.
- Ош шаарында эле эки жүзгө чамалуу тажикстандык кыргыз үй-бүлө ар жерге көчүп-конуп жүрүшөт. Шайлоолорго катыштырмак түгүл бизге кыргыз жарандыгын ыйгаруу маселеси эмдигиче чечиле элек, - деп тызылдады С.Юлдашев.
Канткен күндө да шайлоо жыйынтыкталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Баатырова өнөктүктүн жүрүшүндө байкалган кемчиликтерди жоюп, арыздангандардын үнүн угууга даяр экендиктерин ачыктады: - Бизге ушул күнгө дейре бир дагы даттануу түшө элек. Шайлоонун жыйынтыгы мыйзамга ылайык он күндүн ичинде сөзсүз жарыяланат. Ага дейре дагы убакыт бар. Ар бир арыз-муңду эшитип, окуп чыгып, тийиштүү чара көргөнгө БШК дайым даяр, - дейт Гүлнара айым.
Борбордук шайлоо комиссиясынын акыркы маалыматына караганда, Ош шаарындагы 73 шайлоо чөлкөмүнө 96049 шайлоочу (шайлоочулардын дээрлик 77,96 пайызы) келип добуш беришти. Мунун 47,35 пайызы (45475 киши) "Улуттар биримдиги" партиясына, 23,98 пайызы (23036 киши) Кыргызстан социал-демократиялык партиясына, 17,07 пайызы (16394 киши) "Республика" партиясына, 5,05 пайызы (4854 киши) "Адилеттүү Кыргызстан" партиясына, 2,3 пайызы (2206 киши) "Ата мекен" партиясына, 1,67 пайызы (1603 киши) "Замандаш" партиясына, 0,98 пайызы (939 киши) Кыргызстан элдик-демократиялык партиясына добуш беришти.
Баарына каршы 0,70 пайыз (674 киши) добуш ташташты.
Алишер ТОКСОНБАЕВ,
өз кабарчы,
Ош шаары,
сүрөттөр автордуку