Ажо ашыкча айтып алдыбы?


Кечээ Орусиядагы "Коммерсантъ" гезити Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Орусиядан Кантдагы аскер база үчүн ижара акысын доолаганы негизсиз экенин жазып чыкты. Аталган басылмага Орусия ТИМи менен Коргоо министрлиги эки тараптуу келишимде Канттагы база акысыз жайгаштырылары ташка тамга баскандай жазылганын айтып беришкен. Ошондой эле басылмага россиялык дипломаттар, аскер кызматкерлери Москва Караколдогу, Майлуу-Суудагы аскердик объектилерге акы төлөөгө макулдашканын маалымдашкан. Ага ылайык ижара акысынын ордуна Орусия Коргоо министрлиги Кыргызстанга аскер адистерин даярдап, кыргыз армиясын аскердик жабдыктар менен камсыз кылууну моюнга алган. "Ооба, 2008-жылдан бери Кремль бул милдеттемелерин аткарбай келген. Бирок буга өлкөдөгү туруксуз абал себепкер болгон" деп жазат "Коммерсантъ".


"Ата журт" чачырайбы?


"Ата журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев менен "Бүтүн Кыргызстандын" төрагасы Адахан Мадумаровдун биригиши коомчулукту түрдүү ойго салды. Мындай чечимге асыресе, "ата журтчулардын" басымдуу бөлүгү өтө нааразы деген кеп айтыла калып жүрөт. Жада калса Курманбек Осмонов сындуу "Ата журттун" таасирдүү өкүлдөрү жакынкы мезгилде Ташиевге ачык каршы чыгып, аны фракция жетекчилигинен кетирүү талабын коеру каңкууланууда. Партиясын колдон чыгарса Камчыкенин көрөр күнү кантээр экен?

Жоошбаевичтен амал качып кутулбайт


Туура эки күндөн кийин өтүүчү Ош шаардык кеңешинин шайлоосуна мэр Мелис Мырзакматов катуу даярдык көрдү. "Түшпөс хан" "Ата журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев баштаган лөктөрдү өзүнө имерип тылын бекемдеп алгансыды. Мындан сырткары, өзбек диаспорасынын лидерлери менен тымызын сүйлөшүп, алардын колуна куран карматып, касам ичиргени тууралуу аңызды жергиликтүү калк кызуу талкуулап атат дешет. Таңгаласың. Ушул эле Мелис мырза июнь окуясынан кийин ашынган улутчул катары жамы журтка таанылып, кыргыздын намысын талашкандай болбоду беле? Алдыдагы тактысын сакташ үчүн эмне гана кылбайт адам баласы…

"Балык" депутат өкмөттө да "балык"


Парламентте "балык" депутаттардын катарында жүрүп, кокусунан "Ар-намыстын" атынан вице-премьерликке отурган Гүлнара Асымбекованын ишине күңк-мыңк кептер угула баштады. Мыйзам боюнча ар кандай социалдык маселелерди чечүү, маданий иш-чараларды уюштуруу вазыйпасы Гүлнара айымга жүктөлгөн. Асымбекова болсо өз милдетин так аткара албай жүдөп жүргөнү Көк үйдө аңызга айланды. Маселен, ал өткөндө Ошто июнь коогалаңында жабыркагандарга арналып салынган үйдү бөлүштүрө албай, кийинчерээк маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов экинчи борборго барып батирлерди ийгиликтүү тапшырып кайтты. Эми Гүлнара Үмөтовна кайсы бир белгилүү инсандын юбилейин уюштура албай койгондуктан, анын ишин өкмөттүн аппарат башчысы Төрөгул Беков жасаганы туру. Анда арабаны сүйрөй албаган "аткаминершанын" кимге кереги бар?

Жансакчы менен кожоюн


Кечээ эркин басылмалардын бири өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев мурдагы башкы жансакчысы Болот Сүйүнбаевди өзүнөн алыстата баштаганын жазып чыкты. Бирок бул маалымат кезектеги имиш өңдөнөт. Себеби Алмазбек Шаршенович Болот мырза менен мамилесин бузмак түгүл, тескерисинче аны өзүнө башкы кеңешчи кылып дайындаган.

Бозулан-өкмөт тиреши азырынча 1:0


"Казино магнаты" Бозулан Мамазаиров өкмөт менен тирешин токтотпочудай. Анын тарапкерлери күн сайын Көк үй алдына пикетке чыгып, казинолордун ишмердүүлүгүнө тыюу салган мыйзамды жокко чыгарууну же жумуш таап берүүнү өкмөттөн талап кылып аткан кези. Ара чолодо башбакан Өмүрбек Бабановдун жансакчысы делген жигиттер митингчилерди сабап кеткени кабарланган болчу. Бул окуядан кийин Мамазаировдун командасындагылар береги бука моюн жигиттерди сотко бергенин эшиттик. Эгер алардын күнөөсү далилденсе, Бабановдун аброюна көлөкө түшөт го, ыя? Баса, Бозулан тар чөйрөдө кармашты улантарын, артка кайтпастыгын, керек болсо курама өкмөттү ээрден оодарып түшүүгө чейин барарын айтканы боюнча кеп кетти.

Кунакунов "кү-күк" деди


Эсил кайран "Ак жол" партиясынын эң жаш депутаты Максат Кунакунов эки жылдан бери унчукпай дымып жаткан. Чээнден чыккан аюу сымал бала Кунакунов кечээ үн катып, болгондо да президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдоп жиберди. Кайрылуу катында Максат мырза өзүн бакиевчи, аферист атаганы үчүн Атамбаевге таарынбай турганын, өлкөдө кырдаал оорлоп, түндүк-түштүк ажырымы кеңейип баратканын, президент бул маселени тез арада чечиши керектигин, Россия менен алакабыз бузулганын ачык айтыптыр. Балага акыл кирген белем.

Орусия 15 миллионду бербеске аргасы жок


Ошентсе да премьер Владимир Путиндин көрсөтмөсү мененби, айтор, Орусия коргоо министри Анатолий Сердюков 15 млн. долларды расмий Бишкек жакында аларын билдирди. Анын айтымында, Канттагы 999-авиабазанын карызы болбогон күнү да бул объектиге кыргыз бийлигинин дооматы бар. "Келишим боюнча база Кыргызстан аскердик аба күчтөрүнө учкучтарды даярдап берип, төрт окуу самолетторун оңдоп бериши керек эле. Мындан сырткары, база коргоо функцияларын да аткарууга милдеттүү болчу. Бирок түштүктөгү окуяда база эч нерсе кыла алган жок" дейт Сердюков. Кыскасы, бир чети президенттин Орусияны жөөлөп койгону да жакшы болду окшойт.

"Жаңы Агым" - пресс