presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Көңүл чордонунда
Ак терек, көк терек, инвестордон бизге
не керек?

Кыргызстандын саясый
топтору ири инвестор
менен келишимди өзгөртүү үчүн ички
дүң продукцияны (ВВП) төмөндөтүүгө барышты.


Акыры баары өз ордуна туруп айкын болду. Кыргызстандын эң ири алтын өндүрүүчү "Кумтөр Оперейтинг Компани" ишканасынын жамааты иш таштоосун токтотту. Башта коюлган талаптан - айлыктын 4,5 пайызга жогорулашына макул болушту. Кандайдыр сыйкырдуу күч таасир эттиби, айтор жамаат жетекчилиги менен тил табышканы бийлик ишканага очойгон доосун артып, төлөмдөрдү көбөйтүү талабын койгону менен бир учурга дал келди. Инвесторго каршы уюштурулган аракет деген элге тараган ушак кептердин жөнү бар окшойт.
Кыргызстандагы ар бир инвестор белгилүү болгондой өзгөчө жана татаал миссияны аткарат. Ал саан уй болуш үчүн жаралган. Бийликтин көсөмдүгү менен сүтүн эле бербестен мамлекеттин көйгөйлөрүн да чечүүгө милдеттүү. Мындай шартта Кумтөрдү экономиканын локомотивине теңөө чындыкка жатат. Бирок алтын кенди өздөштүрүү таржымалын байкасак, бул салыштыруу шылдың сыяктуу сезилет.
Кенде жалындай түшкөн забастовка алтын өндүрүүчүгө каршы кампанияга биринчи кадам болду. Сырттан байкагандар дароо эле келишимди кайра кароонун амалы болушу мүмкүн деген баа беришти. Бул амал 2009-жылы жаңыртылган келишимге кол коюу алдында да колдонулуп, КОК дарегине азыркы угуп жаткан күнөөлөр айтылган. 2012-жылдын башталышы ишкерлер чөйрөсүндө дежа вю жараткандай.
Кыргызстан бийлиги Кумтөргө ведомство аралык комиссия аттандырды. Анын бирден бир максаты - ишкана айлана-чөйрөгө залал тийгизүүдө деген ушактарга далил таап келүү болду. Айта кетсек, мындай жуучулар ат тезегин кургатпай барып турушат. Бирок тилегин таш каап инвестордон кынтык таппай кетишет. Ошондо жардамга жумурткадан кыр чыгарууга машыккан укук коргоочу жана алар сыяктуу эле коомдук уюмдар чакырылган. Алардын колтукка суу бүркүп, элди эмнеге болсун каршы үндөй алган таланттары жалпыга жакшы маалым.
Абалды калыс баалоо үчүн "Кумтөр" жетекчилиги комиссиянын курамына айрым бейөкмөт уюмдарды кошпоону өкмөттөн суранган. Бирок министрлер кабинети жарандык активисттерди таарынта албады. Беркилер өз кезегинде колдон келишинче кызматын өтөп беришти. Буга чейинки экологиялык иликтөөлөр менен текшерүүлөр өтөле супсак болуп келген окшойт.
"Кендин айланасындагы экологиялык абал абдан кооптуу, мөңгүлөр эрип, Петров көлү ташкындап кетүү коркунучу бар", - деп "Древо жизни" борборунун жетекчиси Калия Молдогазиева Кумтөргө барганын жыйынтыктады. Анысы менен эч кандай ачылыш жасабады. Петров көлү Тян-Шандагы башка ондогон көлдөрдөй эле (бир нечеси Бишкектин жанында) Кумтөр кени иштеп баштаганга чейин эле илимпоздор тарабынан ташкындоо коркунучунда турган тизмеге киргизилген. Бирок ведомство аралык комиссиянын өкүлү муну парламент менен өкмөттүн үрөйү учкандай жаңылык кылып айтты.
"Кумтөр менен келишимди кайта карап чыгуу керек" деп КСДП депутаты, комиссиянын дагы бир жетекчиси Эркингүл Иманкожоева маселенин жүзүн ачты. Анын жеке пикиринде, КОК жетекчилиги алтын казууну улантуу үчүн бардыгына макул болот.
Иманкожоеванын оюнда экология боюнча жоопкерчилик маселесинин жарасы жеңил. Айтымында, "Кумтөр Оперейтинг Компани" Лондондогу банкта жети миллион долларлык трастылык фондун кармайт. "Бул каражат комбинат ишин аяктаганда экологияны калыбына келтирүү үчүн колдонулмакчы. Акчаны англиялык банктан Кыргызстанга которсок долбоор иштеп бүткөндөн кийинки экологиялык жоопкерчилик биздин өкмөткө өтөт" дейт эл өкүлү.
Опоңой, эмнеси бар экен атаңкөрү. Башкача айтканда, трастылык фондуну берсеңер тийишпейбиз деген кеп. Чуунун себеби ушунда эмеспи? Өкмөт бул каражатты сактап калууга дарамети жетеби? Дагы бир жакка жумшап салуудан кармана алабы? Кыргызстандын казынасы эптеп-септеп толтурулуп жатканы, өкмөт акча издеп чет өлкөдө чапкылап жүргөнү белгилүү иш.
Комиссарша аша чаап баратканда шериктери токтотууга аракеттеништи. "Ата-журт" депутаты Жылдызкан Жолдошева КСДП өкүлүнө Кумтөргө көптөн бери кызыкдар экенин жана 2005-жылы да комиссия жетектегенин, бирок эл ишенимин актай албаганын эстетти. Андыктан, Жолдошеванын ою боюнча кенге дагы бир жолу комиссия жөнөтүү керек. Инвесторго жашоо жыргал сезилбеш үчүн комиссияга Садыр Жапаровду кошуу абзел. А киши бир нече күн мурда инвестор ысык-көлдүк алтынды мыйзамсыз сатуудан сегиз миллиард доллар киреше алган деп оозду ачырды.
Башка парламентарийлер да зар какшоодон баш тарткан жок. Бири жерди мыйзамсыз пайдаланып атышат деп күнөөлөдү. Башкасы депутаттарга өз оюн таңуулап жатышат десе, үчүнчүсү инвестордун ишине саясый баа берүүнү талап кылды. Төртүнчүсү Кумтөр боюнча өзүнчө парламенттик комиссия керек дейт. Депутаттардын бири коллегаларын эсине келүүгө чакырды. Бирок ага кулак төшөгөн эч ким жок. Мыйзам чыгаруучулар эмне болсо да кынтык табуу максатына бекем турушту. Өкмөткө инвесторлор менен тез тил табышып кетет деп парламент ишеним көрсөтпөдү.
Өкмөт болсо таарынычтуу ойду четке кагууда. Андай эмес экенин далилдөө үчүн инвестордун ишинен ката табууда парламент менен жарышка түштү. Башкы максат - келишимди өзгөртүүгө жол ачуу. Аңгыча өкмөт жарандык коомдун колдоосуна ээ болууга жетишти. "Жаңы өкмөт келгенден кийин келишим да жаңыртылышы керек" дейт белгилүү жарандык активисткалардын бири.
Парламент талашып-тартышкыча өкмөт "акыйкат издечүлөр" жарышында озуп алдыга чыкты. Ведомство аралык комиссиянын "жыйынтыктарын" ала коюп экологиялык коопсуздук талаптарын так аткарбады деп инвесторду кунга жыгайын деп турган кези. Ошо менен токтоп калары күмөн. Беш колун билегине чейин матырып иймей адам баласына жат эмес.
Тоо-кен иштетүү тармагы боюнча коомдук угууларында экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев "Кумтөр Оперейтинг Компаниге" Кыргызстанда бир катар эт, жер жемиш жана мөмө иштетүүчү ишкана ачууну сунуш кылдым деп жетишкендигин ичине ката албай бөлүштү.
Компанияда ишкана ачып, мыкты адистерди ишке алып жакшы деңгээлге чыгарууга акча бар. Ушундай жол менен кошумча иш орундарын түзүп, жергиликтүү өндүрүшчүлөргө сатып өткөрүүгө шарт түзсө болот. Андан кийин ишкананы сатып жиберсе болот.
- Ак ниеттүү инвестор элдин жана мамлекеттин коопсуздугуна кам көрүп, жергиликтүү калктын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен алектенип, экологиялык талаптарды бекем сакташы керек," - деди Сариев. - Ири инвесторлор жардам берип, аны менен калк менен тирешүүлөрдөн кутула алмак. Биз эл менен мамлекет инвестордун келишине кубанып тургандай кылышыбыз керек".
Карап көрсөк, Кумтөр баарына өтө милдеттүү деген таасир калууда. Демек, өндүрүштү жандандыруу, экономиканы өркүндөтүп, калктын социалдык коргоосуун да анын мойнуна артканы турушабы? Анда бизге очойгон өкмөттүн эмне кереги бар деген суроо келип чыгат. Ал кандай иш аткарат анда? Экологиялык керектөөлөргө каралган жети миллионго кароолчу болобу?
Инвесторго каршы уюштурулган кампания кымбатка турушу мүмкүн. Өтө кымбатка. Январь айынын жыйынтыгы боюнча "Кумтөрдөгү" иштин кыскарышы Кыргызстандын ички дүң продукциясынын 12,5 пайызга түшүрдү. Андан аркысычы?

Айжан НОГОЙБЕКОВА









??.??