presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Эл өкүлү эмне дейт?
Равшан ЖЭЭНБЕКОВ, ЖК депутаты:

"Улутуңду сүй, бирок ашынып кетпе!"



- Акыркы мезгилде улутчулдук маанайдагы ураандар көп көтөрүлчү болду. Сиз улутчулдукка кандай карайсыз?
- Либералдык изилдөөлөргө таянсак, кичинекей улуттардын улутчулдук сезими күчтүүрөөк болот. Бирок улутчулдук сезимдин өтө күчтүү болгону кээде тескери таасирин тийгизип коет. Мисалы, улутчулдуктун ашынган формасы өлкөнүн өнүгүшүнө кедергисин тийгизип, ошол мамлекеттеги башка улуттардын басмырланышына жол бериши мүмкүн.
- Кыргызстанда кыргыздар гана татыктуу жашашы керек, өкмөт башчысы сыяктуу жооптуу кызматтарда таза кандуу кыргыздар болушу керек маанайдагы чакырыктар арбын айтылууда. Ушул туурабы?
- Менин оюмча, бул калпыс көз караш. Бардык жерде атаандаштык болушу кажет. Эгерде мамлекеттин, өкмөттүн башына, ошондой эле көрүнүктүү кызматтарга жалаң эле кыргыздар келиши керек десек, анда чоң жаңылыштык кетиребиз. Анда биз атаандаштык сезимин өлтүрөбүз. Адамдын улутуна карабастан ким күчтүү, жөндөмдүү, илимдүү-билимдүү болсо, өз мамлекетин сүйсө, ошол адам өкмөттүн башына келгенге мүмкүнчүлүк алышы керек. Себеби, Кыргызстанда жашап аткан бардык жарандар бирдей укукка ээ.
- Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын өнүгүшүнө маңкуртчулук, улутчулдук жана коррупция тоскоолдук жаратып атканын билдирди. Чындап эле улутчулдук өлкөнүн өнүгүшүнө кесепетин тийгизеби?
- Бүгүнкүдөй кырдаалда кандайдыр бир чектен ашкан улутчулдук бөлөк улуттардын басмырланышына алып келиши ыктымал. Сөзүмдүн башында айткандай, бул өлкөбүздүн келечегине эле зыян. Бирок эгер биз башка улуттарга караганда күчтүү бололу, башка улуттарга караганда жөндөмдүү, илим-билимдүү бололу деген сезим болсо, анда ал жакшы. Бул мамлекеттин алдыга жылышына зор огожо болот. Атамбаев чектен ашкан улутчулдукту айтып атса, менимче, туура.
Президенттин коррупция тууралуу айтканын да колдойм. Коррупция менен катуу күрөшпөсөк, анын аркасында мамлекет жоголуу коркунучуна кептелиши мүмкүн. Андыктан коррупциянын тамырын биротоло кыркуудан бөлөк арга жок. Ал эми өлкө башчысы маңкуртчулдук маселесин кандай максатта козгогонун билбейт экем.
- Президенттин айтымында, июнь коогалаңын уюштуруучулардын катарында мекендешибиз, космонавт Салижан Шарипов да болушу мүмкүн экен. Себеби, Кадыржан Батыровдун мүлкү Шариповго катталыптыр. Атамбаевдин бу кеби кайрадан кыргыз-өзбек алакасына доо кетирбейби?
- Бул боюнча менин так маалыматым жок. Атамбаев ошентип билдирип аткан соң, ага атайын кызмат, укук коргоо органдары Шарипов туурасында маалымат бергендир…
Батыров болобу же башка адам болобу, мүлкүн кимге каттатса ал өзүнүн жеке эрки. Ага эч кандай кине кое албайбыз. Арийне, мамлекет, укук коргоо органдарынын башында турган адам катары президент эч бир жаранды ачык күнөөлөбөшү шарт. Атамбаевдин Шариповду ачык күнөөлөгөнү тийиштүү органдарга команда катары, кандайдыр бир деңгээлде ошону жазалагыла дегендей таасир калтырышы ыктымал. Мындай маселеде мамлекет башчысы абай мамиле жасашы талапка ылайык.
Кыргызстандагы өзбек диаспорасынын өкүлү катары Салижан Шарипов чынында эле көрүнүктүү инсан. Ошон үчүн президент жогорудагыдай билдирүүнү таратаардан мурда тыкыр иликтөө жүргүздүрсө болмок. Анткени бул ансыз деле жаңыдан айыгып келаткан кыргыз-өзбек жарасына туз сээп койбойт деп эч ким кепилдик бере албайт.
- Ашынган улутчулдук ансыз деле олку-солку абалда турган кырдаалга залакасын тийгизбейби?
- Улуттар ортосундагы ажырымды кеңейтти, чагымчылдык чакырыктарды таштаган маанайдагы макалаларды жазды деген шек менен кээ бир журналисттер суракка алынууда. Маселен, улуттук коопсуздук комитети Владимир Фарафонов аттуу журналистке кылмыш ишин козгоп атат. Атайын кызмат Фарафоновду улуттар аралык чагымчылдыкты козутууда деп айыптоодо. Андай болсо талаш суроо жаралат: президенттин Шарипов туурасында айткан сөзү кыргыз-өзбек ажырымын кеңейтип аткан жокпу?
Нурканбек КЕРИМБАЕВ





кош собол
1. Улутчулдук деген эмне?
2. А.Атамбаев Ош шаарында жүрүп "Кыргызстандын өнүгүшүнө коррупция, маңкуртчулук жана улутчулдук тоскоол болууда" деди. Чындап эле өлкөнүн өнүгүшүнө улутчулдуктун кедергиси тийип атабы?


Жоомарт САПАРБАЕВ,
ЖК депутаты,

"Ата мекен" фракциясы:



1. Улутчулдук - элин сүйүү жана элине, жерине пайда алып келүү. Калп эле кыргыз деп кыйкырып, анан ошол эле кыргыздарды талап-тоногондорду улутчул деп эсептебейм. Андайлар учурда саясый аренада көп болуп кетти.

2. Атамбаев туура айтат, коррупция биздин чекебизге чыккан чыйкан болду. Президент балким жөн эле кыйкырып жүргөн жармач патриоттор тууралуу айтса керек. Андай болсо туура. Кой терисин жамынган карышкырлар бизде көп. Оң колуна ак калпакты мыкчып, сол колу менен параны чөнтөккө шыкагандар мамлекеттин өнүгүшүнө тоскоолдук жаратып атат.

Куштарбек КИМСАНОВ, акын,

"Кыргыз куту" гезитинин редактору:



1. Улутчулдук - улутуна күйгөндүк жана улутун өзгөчө сүйгөндүк. Жүрөгү соккон ар бир адамдын канында мындай сезим бар жана болууга тийиш. Антмейин "жаманды коногу бийлейт" деген жагдайдын жаралышы жана жашашы араанын ачат.

2. Өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн тоскоолдук жараткан жагдайлар толтура. Президент катары ошентип айтканынын өөнү жок, анткени ал көп улуттуу өлкөбүздүн биримдик, ынтымагынын чыңдалышына да жооптуу. Бирок улутчулдуктун маданияттуу жана натыйжалуу өнүккөн формасы орун ала алса, анда өнүгүү болот. А бизде курулай көкүрөк каккылагансыган, анан иреттүү жолго салынбаган улутчулдук жашагансып жатат.

Бегалы НАРГОЗУЕВ, коомдук ишмер:

1. Улутчулдук - улуттук кызыкчылыктарды коргоо, патриоттуулук дегенди эле түшүндүрөт. Бул түшүнүктү шовинизм же фашизм менен чаташтырбоо керек. Кээ бир чаласабат жазмакерлер улуттук кызыкчылыкты коргогон өздөрүнүн саясый оппоненттерин шовинисттерге, фашисттерге теңеп элдин башын айлантууда. Саясатта улутчулдук идеологиясы эки кылымдан бери прогрессивдүү идеология катары таанылып, либералдык идеология менен канатташ болуп келатат. XVII кылымдын аягына чейин мамлекеттер таптык-катмардык же диндик үлгүлөрдө куралып, мамлекеттин башындагы саясый элитанын кызыкчылыктарына таянса, француз революциясынан кийин улутка, бир тилде, маданиятта тарбияланган адамдардын коомуна негизделген идеологияга таянып мамлекет курала баштайт. Улуттук идеологияга таянган мамлекет куруу идеясын Гердер деген философ сунуш кылган. Ал эми биринчи дүйнөлүк согуштан кийин саясатчы Вильсондун сунушу менен мамлекеттер улуттук негизде кайра бөлүнүп түзүлө баштаган.
Бизде VIII-X кылымдардагы Улуу кыргыз мамлекети жөнүндө маалымат аябай аз калган. Кийин моңгол, могол, калмак (жунгар) империяларынын составында болдук. Кокон хандыгынын ордосунда кыргыздар таасирдүү күч болгону менен, Кокон хандыгы өзү улуттук мамлекет болгон эмес. Анын курамында кыпчактар, өзбектер, кыргыздар, перс уруулары болгон. Кокон хандыгы Бишкекке, Ак-Талаага аскерий чептерин салып, 40 жыл кыргызга салык төлөтүп хандык кылган. Кийин Кокон хандыгын күчтөнгөн орус империясы 1864-жылы талкалап, биз орус империясынын курамында калганбыз. 1917-жылы Орусияда мамлекеттик төңкөрүш болуп, коммунисттик идеологияга негизделген мамлекет түзүлөт. Ошондо биринчи Кара Кыргыз автономиялуу облусу Россиянын курамында түзүлүп, биздин улуттук мамлекеттин алгачкы уюткусу пайда болгон...

2. 1991-жылы гана биз нагыз улуттук Кыргыз мамлекетин түзө алдык. Бул да Кудайдын жардамы менен болду. Улуттук көз карандысыздык, улуттук мамлекет үчүн биз тынымсыз согушуп, жеңип алган жокпуз. Эми улуттук мамлекетти сактап калуу үчүн бизде улутчул саясатчылар көп болуш керек. Улутчул деген жарлыкты башка идеологиялар менен чаташтырбай, өзүнүн жакшы, туура маанисинде пайдаланышыбыз керек. Мен улутчулдук деп ушуну түшүнөм. Дегеле бүгүнкү күндөгү дүйнөлүк саясый система бул улуттук-территориялык мамлекеттерге негизделген дүйнөлүк саясый система.

Сурат ЖЫЛКЫЧЫЕВ,
журналист:

1. Биринчиден, улутчулдук менен ашкере (шовинизм) улутчулдуктун айырмасын так, даана билүүбүз зарыл. Муну эмнеликтен айтып атам? Кээ бир адамдар улутчулбуз деп башка улуттун каада-салтына, үрп-адатына кол салып, булардыкы болбогон неме деп кемсинтүү же жек көрүү көз карашы шовинизмди жаратууда. Андыктан улутчул адам агрессор болбош керек. Тек гана өзүнүн улутуна тиешелүү нарк-насилди, каада-салтты, үрп-адатты даңктап, башка улутту терең сыйлай биле алган адамды айтса болот.

2. Мүмкүн А.Атамбаев ашкере улутчул (шовинизм) маанайды айтып жаткандыр. Чындап келсе, улутчулдук - өлкөнүн өнүгүшүнө кедерги тийгизмек турсун, тескерисинче мамлекетти алдыга сүйрөй турган механизмдин орчундуусу. Тилекке каршы, бизде баары тескери. Ажобуз элге чыгып бирдеме айтарда кылдат ойлонуп айтса дейт экенсиң.

Бакай САДЫРОВ,
"Талас Коппер голд" компаниясынын басма сөз катчысы:

1. Ар бир адам өз улутун сүйүүгө, улутчул болууга милдеттүү. Бирок улутчулдукту башка улуттардын укугун тебелөө деп түшүнбөш керек.

2. Эң ириде коррупция тоскоол болуп жатат дегенине макулмун. Бирок тилекке каршы, коррупцияга кашайып жогорку бийлик адамдары аралашып жатпайбы, "түн ортосу, абалап иттер үрөт, кармагыла ууру деп ууру жүрөт" дегендей. Маңкуртизм деп айтканы да туура. Эми ага өзүбүз жол берип жатпайбызбы. Улуттун каймагы болгон илим-билим, маданият, адабият, искусство адамдарын "итке мингизип", жалаң материалдык байлыктын аркасынан кууп калган улут маңкурт болбогондо ким болот? Бирок улутчулдуктун айынан өнүкпөй атабыз деген туура эмес. Кыргызстандын өнүгүшүнө улутчулдук эмес жердешчилик, тууганчылык, кокту-колотко бөлүнүү, трайбализм тоскоол болуп жаткандай.

Зайырбек АЖЫМАТОВ









??.??