presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Элге кебин айтпаса, эрендерден не пайда?
Акылбек ЭШИМОВ,
ЖК депутаты,
"Республика" фракциясы:

"Саясатчылар жеңгенди, жеңилгенди да мойнуна алышса"


Көк бөрүгө "ашык" болгон, чылымдын "душманы", өлкөнүн жаркын келечегине ишенген "республикачы" депутат Акылбек ЭШИМОВ менен маек.


- Кудайга шүгүр, бизнесте жүрүп үй-бүлөмдү, тууган-туушкандарымды кор кылбай баккыдай деңгээлге жеттим. Зарыл учурда жакын туугандарыма көмөк көрсөткөнгө күчүм жетет. Бир чети ошого ыраазы болуп, ишкерлигимди кылдыратып коюп жүрө берсем деле жарашмак. Бирок мен бул жарыкчылыкта жөн гана жашап өтүүнү каалабайм. Кудай мага акыл-эс, билим, жөндөмдү берген соң, колумдан келишинче элиме, мамлекетиме кызмат өтөшүм керек. Мына ушул максатта чоң саясатка аралашып, кудай насип кылып былтыр сентябрь айында "Республика" партиясынын атынан депутаттык мандат алдым.
Айрым адамдар депутаттар бизнесин өнүктүрүш үчүн же кол тийбестик макам алыш үчүн гана парламентке шайланып келет деп ойлошу мүмкүн. Мен ага кошулбайм. Сөзүмдүн башында айткандай, мен үчүн депутаттык мандат - элиме, Кыргызстан деген эгемен мамлекетиме кызмат кылуу.
- Саясатка бизнес дүйнөсүнөн келдиңиз. Бул эки чөйрөнүн окшоштугу жана айырмачылыгы эмнеде?
- Саясат дагы, бизнес дагы талыкпаган эмгекти талап кылат. Эң негизги окшоштугу ушул. Ал эми айырмачылыгы абдан көп. Мисалы, мурда кантип бизнесимди өнүктүрөм, кол астымда эмгектенген адамдардын жашоо шартынын оңолушуна жардамым тиер бекен сыяктуу көйгөйлөрдүн үстүндө жүрсөм, парламентте сага зор ишеним арткан жалпы шайлоочулардын ишенимин актаганга жан үрөп эмгектенесиң.
Билинбегени менен ишкерлик чөйрөсүндө көйгөйлөр арбын. Эми ишкерликке ыңгайлуу шарт түзүүчү мыйзамдардын жаралышына салым кошуунун үстүндө аракеттене баштайм.
- Мандат алганыңызга беш айдын жүзү болуптур. Ушул аралыкта кандайдыр бир иштерди жасай алдыңызбы?
- Мен ойду омкордум, тоону томкордум деп көкүрөк какканды жактырбайм. Кылган ишиме келечекте эл баасын берсин. Бул биринчиси. Экинчиден, айтканга оңой болгону менен беш ай өтө аз убакыт, көзгө көрүнөрлүк иш жасаш өтө кыйын. Мынча сурап калдыңыз, бир-эки мисал келтирейин. Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айылдык округунун борборунда 1 км аралыктагы аэропортко кеткен жол бар. Былтыр кеч күздө демилге көтөрүп, жолду асфальттатуу ишин баштаганбыз. Тилекке каршы, кар эрте жаап койгондуктан иш токтоп калган. Эми жазында жолдун курулушун бүтүрөбүз. Мындан сырткары, Жарооз айылындагы Сооронбай Жусуев атындагы орто мектепке жылытуучу системасын орноттуруп бердик. Жакында мектеп окуучулары, мугалим агай-эжелер катуу суукта мектебибиз жабылган жок, кыштан кыйналбай чыктык деп телефон аркылуу ыраазычылыгын билдиришти.
Мындай иштерди дагы улантабыз. Ошол эле маалда өкмөт менен тыгыз кызматташып, элдин көйгөйүн жогору жакка жеткирүүгө бардык аракетибизди жумшайм. Алсак, өкмөттүн демилгеси менен дыйкандарга жеңилдетилген шартта кредит таркатыла баштаганы маалым. Бул максатта Кара-Суу районуна 33 млн. сом бөлүнүптүр. А жергиликтүү дыйкандардын суроо-талабын канааттандырыш үчүн 100 млн. сом каражат керек экен. Мындан улам, өкмөткө ушул кредиттин көлөмүн көбөйтүү жагын караштыруу сунушун киргиздим.
Мени дагы бир көрүнүш өтө кубандырды. Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айылдык округунда жалпысынан 30 миң адам жашайт. Анын 70-80%ын уйгур улутундагы туугандарыбыз түзөт. Ишенсең, ажерде кыргыз мектеби жок, эки өзбек, бир орус-өзбек мектеби бар. Ошого карабастан жергиликтүү жашоочулар кыргыз мектебин ачып бергиле, балдарыбыз кыргызча билим алсын деген өтүнүч менен кайрылышкан эле. Элдин бул демилгесин парламент трибунасынан айтып чыктым. Ошондой эле мындай сунушту өкмөткө жолдодум. Өкмөт буга көңүлкош карабай, карапайым калктын өтүнүчүн аткарарына терең ишенем.
- Сизди көк бөрү дегенде жантыгынан жата калат деп уктум эле.
- Ат оюндарына абдан кызыгым. Өзгөчө көк бөрүгө "ашыкмын" (күлүп). Эрендердин эр оюну көк бөрү деп айтылат эмеспи. Өзүмдүн айылдаш ага-инилеримдин башын кошуп көк бөрү командасын түзгөм. Алгач райондук масштабда чемпион аталдык. Кийинчерээк Ош облустук курама командасын түптөп, командага жетекчилик кыла баштадым. 2005-жылдан бери командабыз президенттин кубогуна үч жолу катышты.
Кудай насип кылса жеке эле көк бөрү эмес спорттун бөлөк түрлөрүнүн өнүгүшүнө жардам берсемби дейм. Бизде таланттуу, күчтүү балбандар бар. Алар каражаттын тартыштыгынан улам өсө албай атышат. Ошолорго аз да болсо демөөрчүлүк көрсөтүп, алдыга жылышына себепчи болсомбу деген изги тилекте жүрөм.
Мындан сырткары, асыл тукум жылкыларды бакканга ышкыбозмун. Баасын айтпай эле коеюн, бирок ар бири кымбат баалуу машинеден дагы жогору турат.
- 4-мартта Ош шаардык кеңешине шайлоо өтөт. Буга байланыштуу коомчулукта шайлоо чыр-чатак менен коштолуп, кырдаал курчушу мүмкүн деген кооптонуу күч. Сиздин оюңуз?
- Мындан ары Кыргызстаныбыз өнүксүн десек, анда тынчтык абадай зарыл. Муну акылман элибиз жакшы түшүнөт. Албетте, сиз айткандай чочуркоолор жок эмес. Ошентсе да шайлоо тынч өтөрүнөн үмүтүм зор. Себеби, шайлоонун мыйзам чегинде өтүшүнө бардык шарттар түзүлгөн. Эл арасында аброю бар партиялар жеңет, алсыздары жеңилет. Саясатчылар жеңгенди да, жеңилгенди да билиши абзел. Менимче, шайлоого катышкан партия лидерлери мамлекетибиздин келечегин ойлоп, андай башаламандыкка жол бербейт.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ





Байлар да ыйлайт

Малы, жайлоосу, бассейни, көйгөйү да бар көк-жарлыктар


Азыр шаар четиндеги кайсы жаңы конушка, айыл өкмөтүнө барба көйгөй толтура. Бу жолу Бишкектеги келечектүү, көргөндөрдү суктандырган Көк-Жар айыл өкмөтүнө бардык. Көп жыл прокуратура тармагында иштеп, төрт жылдан бери бул айыл өкмөтүн башкарып келаткан айыл өкмөт башчысы Съездбек АРПАЧИЕВ буларды айтып берди. Ал айткандай, Көк-Жарда көп иштер жасалыптыр, жасалчу иштер да арбын экен.


Бишкек Рублевкасында жылыш бар

Өзүм ушул Көк-Жар айылында чоңоюп өскөндүктөн, айыл мага абдан жакын. Прокуратурада иштеп жүргөн кезимде өнүккөн айылдарды көрүп биздин айыл неге мындай эмес деп намыстанчу элем. 2008-жылы август айында тагдыр буйруп өз кичи мекениме айыл өкмөт башчысы болуп калдым. Ошондон бери айылды өнүктүрүүгө болгон аракетимди жумшап келатам. Көк-Жар айылында кыргыз элине таанымал, көп ийгиликтерге жетишкен адамдар, экс-чиновниктер, депутаттар жашашат. Ошол себептен бул айылды Москванын Рублевкасына салыштырышат. Көк-Жардын өзгөчөлүгү шаарга да, тоого да жакын. Бир келген адамды негедир өзүнө тартып турат. Ошого карабай шаардын түбүндө туруп айыл округунун суу, жол, электрлештирүү маселелери буга чейин чечилбей келген экен.
Аракет кылып атып 2008-жылдан бери биртоп жолдор оңдолду. Алсак, 2010-жылы Төрткүл жаңы конушунун үч көчөсүнө шагыл төшөдүк. Мен келген жылы бул жаңы конушта суу көйгөйү курч эле. Суу департаментинен 3,5 млн. сом кредит алып, ага суунун кошумча дебютун кошуп жаңы конуш суусун көбөйтүп бердик. Учурда эски Көк-Жардын көчөлөрүн оңдоп атабыз. Союз доорунан калган чириген электр линия мамычаларын (эки көчөнүкүн) алмаштырдык. Эски трансформаторлорубуздун биртобун жаңылаганга жетиштик. 2005-жылы Көк-Жар айылын кеңейтүү үчүн 24 гектар жер бөлүнгөн экен. Келечекте 200 түтүн отурукташчу ал жерде кырктай үй-бүлө там салып, жашап атат. Азыр ал жерде суу да, жол да, электр жарыгы да жок. Былтыр суу түтүктөрүн жаткырдык. Быйыл буюрса иш аягына чыгарылып, элге суу берилет. Салкын-Төр жаңы конушунда азыр гранттын эсебинен 1,5 млн. сомдук электрлештирүү аяктап калды. Таза суу жагынан эл 80 пайыз камсыз болгон. Эл көбөйгөн сайын суу маселеси кайра чыгып атат. Азыр аларды суу менен камсыздоо күндөн-күнгө оорлоп баратат. Эми аны акырындап өз күчүбүз менен чечебиз деген үмүт бар.

Эски мугалимдер жаңы талапка көнбөй коюшту
Былтыр мектебибиз 1 млн. 400 миң сомдук программага кирип, терезелери толугу менен пластик терезелерге алмаштырылды. Мектеп Апас Жумагулов атында болгондуктан ал киши өткөн жылы үч кабат мектептин эшиктерин толук жаңылаттырып берди. Маркум Эркин Матыев да ушул айылда жашап өткөн. Былтыр анын туугандары мектепке атайын бурч ачалы дешкенинен бир классты бөлүп бергенбиз. Алар аны 12 миң долларга жасалгалап, заманбап класс кылып беришти. Азыр ал класс методикалык кабинет болуп калды. Учурда мектебибизди алдыңкы мектептер катарына кошууга аракеттер бар. 2010-жылы өзүмдүн каражатыма - 134 миң сомго интерактивдик доска сатып бердим. Өкүнүчтүүсү, мектепте азыр бир аз келишпестиктер болуп, жаңы директор Айнура Шакиралиева кызматынан кеткени турат. Ушул жаңы директор келгени бул мектеп билим берүү, материалдык база жагынан район боюнча экинчи орунга чыккан. Директорду кетсин деп беш киши арыз жазса, 25 мугалим директордун кетишине каршы. Арызчы бешөөнүн бирөөсү "бир кумалак бир карын майды чиритет" болуп баарын бузуп атат. Көрсө, арыз жазгандар өздөрү каалагандай иштеп көнүп алышкандар экен. Алар жаңы директордун туура талабына туруштук бере албай коюшту.

Көк-жарлыктар мал кармап, кулпунай эгишет
Айыл чарбасын алсак, Көк-Жар айылына тиешелүү 1000 гектар айдоо аянт бар. Анын 300 гектары буудай, арпа болсо, калганын жашылча-жемиш, көп жылдык чөп ээлейт. Талаага көбүнесе помидор, кулпунай, бадыраң эгебиз. Анча-мынча алма бар. Сугат суусунан бизде маселе жок. Мал чарбачылыгына келсек, көк-жарлыктар уй, кой, жылкы кармашат. Жайкысын эл малын жайлоого алып кетишет. Бирок жайытыбыз бир аз алысыраак. Кыскасы, элдин турмушу жакшы.

Батирчилер менен 7 миңбиз
Азыркы айыл өкмөтү отурган имарат мурда мектеп болчу. Азыр анын жарымы бош турат. Келечекте муну типтүү бала бакча кылсакпы деп турабыз. Азыр минтип долбоорун чийдиртип койдук. Эл суктанган "Супара" этнографиялык борбору да бизде жайгашкан. Азыр Көк-Жар айыл өкмөтүндө 1000 түтүн, 3800 шайлоочу бар. Батирдегилерди кошкондо жалпы жашоочулардын саны 7 миңге жакын.

Эки баскычтуу бюджеттин экинчи бети
Эки баскычтуу бюджетттин жакшы да, жаман да жагы бар экен. Себеби, ар кандай салыктарды айыл өкмөтүнө калтырабыз деп атышат. Көк-Жарда жергиликтүү бюджетке салык төгө турган мекемелер жокко эсе. Анын үстүнө мындай каржылоого өткөндө мугалимдердин айлыгынын 20 пайызы, бала бакчаны толук каржылоо айыл өкмөтүнө жүктөлөт экен. Анда айыл кирешеси бүт ошол жакка кетип, социалдык маселелер чечилбей калат. Ушул жагын мамлекет туура ойлонбосо, аз убакытта бутуна туруп келаткан айыл өкмөттөрү дотацияга отуруп калышы мүмкүн. Кыскасы, мунун жакшы жактарын азырынча көрө элекпиз.

Мелис СОВЕТ уулу








??.??