Торбо канткенде толот?
Жети пайыздык кредит кимдерди байытат?
Үч айылдан үч эле киши насыя алды

Былтыр өкмөт фермер-дыйкандарга 9 пайыздык кредит берүүнү убада кылып, ага 1 млрд. сом бөлүнгөн. Кредит жер-жерлердеги "Айылбанк" менен РСК банктын филиалдарында таратылып, талаптар катуу болгондуктан айылдыктардын көбү кредит ала албай калышкан. Натыйжада 1 млрд. сомдун 560 миллиону гана кредитке берилип, калганы өкмөт капчыгында калган. Быйыл да "Фермерлерге жеткиликтүү кредит-2" долбоорунун негизинде өкмөт 1 млрд. сом бөлдү. Атургай өкмөт мал чарбачылык менен алектенген фермерге 300 миң сомдон (эки жылга), жер иштеткендерге 200 миң сомдон (бир жылга) кредит берилерин сүйүнчүлөгөн. Тилекке каршы, быйыл да кредитке айылдык фермер-дыйкандардын баарынын эле колу жетчүдөй эмес. Анткени шарт боюнча кредит алуучу кыймылсыз мүлкүн күрөөгө коюшу керек. Айылдыктарда үй-жайдын документи жок болгондуктан көп фермер-дыйкандар жети пайыздык кредит ала албай калышкан. Мисалы, үй документтеринин туура эместигинен Ат-Башы районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Биринчи май, Талды-Суу, Өзгөрүш айылында насыя берүүнүн биринчи этабында үч гана киши кредит алышкан.
100 миң сом өзүн-өзү актабайт, 300 миң берсе болмок
Албай калгандарды айталы десек, кредит алгандар деле өкмөткө ыраазы эмес. Анткени мал чарбачылыгын өнүктүрөбүз дегендерге 300 миң эмес, 100 миң сомдон гана берилиптир. Айылдыктардын айтымында, азыр мал кымбат болгондуктан 100 миң сомго саналуу гана мал сатып алууга болот. Эки жылда ал өзүн-өзү актабай да калышы мүмкүн.
Айылдыктардын көбү шаарда кредит алабыз деп чуркап жүрүшкөнүн көрүп аталган эки банкта быйыл кандай талаптар бар экенине кызыктык. "Айылбанктын" билдиришинче, кредит алуу үчүн дыйкан же фермердин, анын жолдошунун паспортторунун, нике күбөлүгүнүн көчүрмөлөрү жана күрөөгө коюлган үйдүн документтери талап кылынат экен. Мындан тышкары, албетте кредиттин өлчөмүн көрсөткөн арыз банк филиалдарына өткөрүлөт. Тапшырылган документтер туура болсо дыйкан же фермер эки жумадан соң акчаны колуна алат.

Элим АРСТАНБЕК уулу, РСК банктын кредит башкармалыгынын кредит боюнча менеджери:
"Мал чарбага берилчү насыя азайтылды"
- Биздин банктын ар бир райондо филиалдары бар. Азыр филиалдардан бөлүнгөн суммага арыздар толук алынганын кабарлап атышат. Быйыл былтыркы жагдайды эске алып, талап кылынчу документтердин санын азайтканбыз. Кредит алыш үчүн биринчиден, ал кишинин паспорту, нике күбөлүгү жана жашаган жеринен маалымдама талап кылынат. Мындан сырткары, эгер кардар кредитти мал чарбачылыгына жумшайм десе, анын карамагындагы мал башынын саны боюнча айыл өкмөтүнүн маалыматы жана күрөөгө коюла турган үйдүн документтери керек. А дыйканчылык менен алектенем дегендерден үлүш жеринин документтери же жердин ижара келишими суралат. Анан албетте мамлекеттик каттоо кызматынын үй эч жерде күрөөгө коюлган эмес деген маалымдамасы да болушу шарт. Айылдагы үйлөрдүн документтери болсо, биздин филиалдардагы кредит адистери барып аны көрүп баалашат. Үйдүн документтери жок болсо, тилекке каршы, ал кожоюн кредит ала албайт. Азыр республика боюнча РСК банктын 51 филиалы бар. Ар бир филиалга орточо эсеп менен 10 млн. сомго чейин каражат бөлүнгөн. Кардарга берилчү насыянын көлөмү жарандын мал чарбасына, тапкан жылдык кирешесине жана күрөөгө коюлчу кыймылсыз мүлкүнө жараша берилип атат. Дыйканчылык үчүн насыя алгандар насыянын негизги бөлүгүн алты айдан кийин төгүп баштаса, мал чарбачылыгы менен алектенгендер тогуз айдан кийин төгүп башташат. Ага чейин ай сайын насыянын үстөк пайызын гана төгүшөт. Бул аз эле сумма болгондуктан дыйкандар үчүн оор деле болбойт. Эсептеп көрсөк, айына орто эсеп менен миң сомго чейин болот экен. Өзүңүздөр билгендей, мал чарбага 300 миң, дыйканчылыкка 200 миң сом насыя берилиши керек эле. Тилекке каршы, кайрылгандар өтө көп болуп, баарын камсыз кылуу үчүн мал чарбага берилчү насыянын көлөмү бир аз кыскартылды.

Финансы министрлигинен
400 млн. сом которулган
Финансы министрлигинин билдиришинче, учурда бюджеттен бөлүнгөн 1 млрд. сомдун 200 миллиону (50 млн. дыйканчылыкка, 150 млн. мал чарбачылыкка) "Айылбанка", 200 млн. сому (75 млн. дыйканчылыкка, 125 млн. сом мал чарбачылыкка) РСК банкка которулуп берилген. Министрликтин маалымат кызматынын айтымында, бул кредит берүүнүн биринчи траншы. Кийинки акча которуу аталган эки банктан дагы канча сумма керектигин көрсөткөн арыз түшкөндө гана жүргүзүлөт.

1 миллиарддын пайдасы кимге?
Чындап келсе жергиликтүү фермерлерди, дыйкандарды көтөрүү үчүн 1 млрд. сом өтө эле аздык кылат экен. Анткени республика боюнча 440 айыл өкмөтүндө 1871 айыл бар. 1 млрд. сомду 1871ге бөлө келсек ар бир айылга орто эсеп менен 500 миң сомдон тийет экен. Демек, калыс бөлүштүргөндө да бул кредиттен бир айылдан ашып кетсе үч-төрт киши эле алат. Ал үч төрт киши кимдер? Баягы эле жулунгандар, тааныштары барлар же байлар. Башкача айтканда, карапайым дыйкан же айыл тургуну бул кредитке эгерим жетпейт. Андыктан өкмөт насыя берүүдө алгач жеңилдетилген насыяга муктаж катмардын кызыкчылыгын эске алышы кажет. Антпесе жакырлар жакырланып, мамлекеттик насыянын пайдасын баягы эле алдым-жуттумдар көрө беришери турган иш.

Мелис СОВЕТ уулу




Өйдө-төмөн
Нарктуу Назарбаев жана
барктуу Бабанов

Кыргыз өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов 21-февралда казак өкмөт башчысы Карим Масимовдун чакыруусу менен эки күндүк иш сапарга барып, биртоп маселелер боюнча ийгиликтүү сүйлөшүүлөр болгонун айтууда.
Буга чейин деле Казакстан Кыргызстандын эт, сүт азыктарын алуу боюнча бир нече сүйлөшүүлөр болгон. Бирок аталган өлкө расмий түрдө Кыргызстандын эт, сүт азыктарына санитардык эпидемиологиялык шарттарга туура келбегендиктен 2008-жылы салган чектөөсүн ала элек. Кечээ жакында эле Казакстанда уйларды шарп ылаңы каптап, алардын ветеринардык кызматы бул оору Кыргызстандан келди деген билдирүү таратты. Кыскасы, биз санитардык эпидемиологиялык абалыбызды жакшыртпай туруп Казакстан менен айыл-чарба товарлары боюнча соода байланышыбызды толук кандуу өнүктүрө албайбыз. Албетте, буга өзүбүздүн өкмөт жооп бериш керек.
Өкмөт башчы Ө.Бабанов менен президент Назарбаевдин сүйлөшүүсүндө да биртоп кызык жагдайлар болду. Бабанов эгер инвестиция салсаңар Камбар-Ата ГЭСине өнөктөш болсоңор болот дегендей кылды эле аны Назарбаев бул маселе Россия менен сүйлөшкөндөн кийин чечиле турган маселе, аны сен сунуштай албайсың маанисинде сылык кагып койду. Кийинки сүйлөшүүлөрдө Назарбаевдин Казакстандын аймагына кирип, каттоодон өткөн кыргыз жарандары үчүн мурдагыдай 30 күн эмес 90 күн жүрүүсүнө макулдук бергени, Кыргызстандын Ош же Жалал-Абад облустарынын биринде заманбап мектептин курулушун каржылоо демилгесин билдиргени утуш болду окшойт.
Мурдатан айтылып бирок ана түзүлөт, мына түзүлөт деп ишке ашпай келаткан Кыргызстан-Казакстан инвестициялык фонду Кыргызстанда апрель айында түзүлмөй болду. Илгертен пландаштырылып келгендей, бул фонд бизнесмендерге арзан насыя алууга көмөк көрсөтөт. Журналисттер менен болгон жолугушууда "Инвестициялык фонд түзүү боюнча юридикалык документтер март айында жыйынтыкталса, апрель айында долбоорлор кабыл алына баштайт. Долбоорду Казакстан 100 миллион, Кыргызстан 1 миллион долларга каржылайт" деп айтты өкмөт башчысы.
Күтө туралы, апрель алыс деле эмес. Бирок Бишкектеги казактардын "Халык банкынын" кыргызстандык кардарлардын үйүн чырылдатып тартып алып атканынан улам кеп Кыргызстан-Казакстан инвестициялык фондунун кандай максатта, кантип иштешинде экени түшүнүктүү.





Абайла

Жер, суу тынч болсун, жетимге жөтөлдүн кереги жок



ӨКМ 23-февралдан 27-февралга чейин жаап өткөн жана жаап аткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү түшүп, жолдор тайгак болот деген шашылыш билдирүү таратты. Андыктан коопсуздукту камсыз кылуу максатында тоолуу унаа жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоо, алыска жолго чыгарда жол кандай экенин билип алуу сунушталат.
Учурда абал Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдарында, ошондой эле Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-60 жана 75-150-чакырымдарында биртоп кооптуу. Азыр бул аймактарда артиллериялык курал колдонуп, кар көчкүсүн атайылап түшүрүү зарылдыгы келип чыкты.
Негизи азыр тоолорду аралап өткөн бардык жолдордо абал кооптуу болуп турган кез. Эки күн мурун Ош облусунун Алай районундагы Сары-Таш - Карамык унаа жолунун 133-142-чакырымдарында бороон болуп, унаа жол жабылган. Ошондой эле Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 224-238-чакырымдарында да бороон болуп, унаа жол жабылган.
Мындан сырткары, учурда Кыргызстанда майда жер титирөөлөр да катталып атат. Мисалы, эки күн мурун Көк-Жаңгакта 3.54тө 3,7 баллга жеткен жер титирөө катталды. Ага чейин Жалал-Абадда, андан мурун Бишкекте да жер титиреди эле. Акыркы жер титирөө боюнча EMSC сейсмологиялык борборунун билдиргенине караганда, жер титирөө 1 чакырым тереңдикте болгон. Очогу Көк-Жаңгактан 11 чакырым чыгышты көздөй, Оштон 61 чакырым түндүктү көздөй аралыгында катталды.
Кечээ жакында Түштүк Казакстанда тынымсыз жааган жамгыр ташкынга айланып, бир нече үй жашаганга жараксыз болуп калды. Бул аймакта мындан төрт жыл мурун да дал ушундай абал кайталанган экен. Жабыркагандар төрт жыл мурун кыйраган үйлөрүн жаңы салып берген бийлик эмнеге суу ташкындары аша турган тосмолорду жасап койбогонуна нааразы болушууда.
Зайырбек АЖЫМАТОВ