presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Артыбызда Москва…

Россия-АКШ атаандаштыгында эсеп кимдин пайдасына чечилет?


Ошентип Барак Обаманын салам дубасынын келиши менен "Манас" аэропортундагы АКШ авиабазасын чыгаруу кайра көтөрүлдү. Эсте болсо, авиабазаны чыгарууну президент Алмазбек Атамбаев өткөн жыл аягында козгогон. Эми минтип АКШ мамлекеттик катчысынын орунбасары Сьюзэн Эллиот баш болгон делегация АКШ лидеринин саламы менен Кыргызстанга келип отурат. Мындай күтүүсүз делегациянын келишинин максаты эмне?


Жолугушууда тараптар Афганистан коопсуздугу тууралуу кеп кылып, өлкө башчы 2014-жылдын жайында АКШ авиабазасы Кыргызстанда болбошу керектигин баса белгилеген. Эки тараптуу сүйлөшүүдө АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен да болду. Элчи айымды баса белгилегенибиз, ал буга чейин ажо Алмазбек Атамбаевге жолугуп, кийин "Азаттыкка" ал жолугушуудагы авиабаза боюнча кеп-сөздү президентиңер айтып берер таризинде жооп кылган. Буга улай ал 2014-жылдан кийинки кырдаалды эске алуу менен, транзиттик базанын андан аркы тагдыры боюнча АКШ кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүгө даяр экенин кыйыткан эле. Ага чейин Eurasianet сайты америкалык саясатчы Эрик Мак Клинчинин "авиабаза өлкө башындагылар үчүн бийликти чыңдоонун негизги булагы болсо, алардын атаандаштары үчүн бийликти кулатуунун негизги куралы болуп калды" деген пикирин баскан. Эрик Мак Клинчинин пикиринче, Акаев, Бакиев кланы авиабазадан түшкөн кирешени башкалар менен бөлүшпөгөндүктөн саясый элита аларды ээрден шыпырып түшүп убактылуу өкмөттү бийликке алып келген. Албетте, АКШ саясатчысынын айтканында калет жок. Бирок бу жолу Алмазбек Атамбаев Иран ракетасы Бишкекке да багытталып калышы мүмкүн дегенди бетке кармап атат.
Тегеран жакында АКШ эскертүүсүнө жооп кылып, кокус Иранга коркунуч туула турган болсо жооп кайтарууга дарамети жетерин билдирди. ЖК депутаты Токон Мамытовдун азыр Ирандын колунда Орто Азиянын каалаган өлкөсүнө жете турган ракеталары бар экендигин айтканы да муну бышыктап тургандай. Бирок АКШ элчиси Памела айым бул маселени Обама дипломаттык түрдө чечүүгө аракет жасап атканын, андыктан Кыргызстанга эч кандай коркунуч жок экенин айтып жаны калбайт. Ал ортодо П.Спратлен Ош облусуна да барып келе калды. Анын бул сапарына облуста Кыргызстандагы демократиянын өнүгүшүнө салым кошо турган "Америкалык бурч" маалымат клубун ачуу себепчи болгон имиш. Памела айым жөн барбай Кыргызстан омбудсменинин Оштогу өкүлчүлүгүнүн офисин оңдоого 50 миң доллар жана Ош көчөлөрүн жарыктандырууга 11 млн. сом ала барган. Мындай берешендикке карабай президент Алмазбек Атамбаев АКШ базасы эки жылдан соң чыгарыларын баса белгилеп, бирок эки өлкө кызматташтыгы мындан ары улуттук кызыкчылыктын уңгусунда улана берерин билдирди.
Учурда Алмазбек Атамбаев Москвада атайын иш сапар менен жүрөт. Анын бул иш сапарында кандай маселелер караларын билген Россия элчилигинин өкүлү Евгений Терехин жума башында муну ачыктай албастыгын айтып табышмактаткан. АКШ элчиси менен Россия элчисинин мындай табышмактатуусунан улам авиабазаны чыгарууда үлкөн державалар ортосунда тирешүү болуп атканы көрүнүп турат. Анын үстүнө кыргыз эксперттери буга чейин АКШ авиабазасын чыгарууну Кыргызстан президенти чече албастыгын ачык эле айтышкан. Бир кезде Акаев, Бакиев да чечкинсиздиктен, бир чети ач көздүктөн эки өлкө ортосунда калып, акыры тактысынан ажырашты эле. Азыркы өлкө башчы да 2014-жылы чет өлкөлүк аскердик контингент аэропортто болбошу керек дегени менен, анын "Манас" аэропортун "жарандык объект" кылабызынын артында кызыктар жаткандай.
Кыргыз бийлиги минтип баш катырып жатканда, Ирандын Кыргызстандагы элчиси Манучехр Моради да кызык билдирүү таратты. Элчи кыргыз бийлиги АКШга жерин пайдаланууга берип, Иранга каршы иштебесине ишенерин жар салды. "Манас" аэропортунун территориясы Кыргызстанга тиешелүү. Биз Кыргызстан эгемендүү өлкө катары өз жерин башка мамлекеттин үчүнчү бир өлкөгө каршы иштетүүсүнө жол бербесине ишенебиз. Иран-Кыргызстан ортосундагы жыйырма жылдык достук кызматташуу буга жол бербейт" дейт Иран элчилиги. Мындай билдирүүдөн соң азыркы президент Акаев, Бакиевдей эки жээкте ойной албасы көрүнүп турат. Анын үстүнө азыр эки эмес, үч жээк кысып турат. Андыктан окемдер айтмакчы, өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге "не позавидуешь".
Дегеле ушу жумада Россия менен Америка Кыргызстандагы ишмердүүлүктөрүн негедир өтө активдештирип жиберишти. Жума башында Кыргызстандагы орус ишкерлеринин башын бириктирген "Мекендештер гильдияларынын бирикмеси" аталган уюмдун өкүлдөрү бияктын саясатына батыл аралаша турганын билдирип чыгышты. Бул уюмдун катарында 170тей ишкана бар. Алардын айрым ээлери орус жарандары деп айтылат. Буларды Россия элчилигинин өкүлдөрү коштоп жүрдү… Ошол эле учурда АКШ элчиси Памела Спратлен абакта жаткан Азимжан Аскаровго жетип барып, көкүлүнөн сылап, Вашингтон анын ишин эл аралык мыйзамдардын негизинде акыйкат чечилишине кызыкдар экенин билдирип кайтты. Ушу тапта АКШ Конгрессинин өкүлдөрү да Кыргызстанда жүрүшөт.
Ушу жерден оңго барсаң өзүң өлөсүң, солго барсаң атың өлөт икаясы эске түшөт. Кыргыз бийлиги кокус Россиядан жүз буруп кетсе, аяктан келчү күйүүчү май, жүз миңден Россияда иштеп жүргөн мекендештерибиз жана башка толуп жаткан экономикалык жана саясый рычагдар аркылуу кысым көрсөтүшү мүмкүн. Анүстүнө жаз жакындап калды, күйүүчү май аба менен суудай керек. Америкадан жүз буруп кетейин десе демократия, "араб жазы" силерден башталган деген балээ турат. Анан калса Америка өз кызыкчылыгына калганда демократияны уруп ойнобосун, керек болсо оппозицияны аттап-тондоп, чөнтөгүн толтуруп колтугуна суу бүркүп туруп көчөгө чыгарып коерун көрүп келе жатабыз... Ушу тапта президент Атамбаевди алдаш үчүн алар түрдүү момпосуй сунуп жаткандай таасир калтырат. Кокус "чыргоо бала" эч бир момпосуйга көнбөсө камчыны алып чыгуу да оңой эле эмеспи. Айтор, жаз жакындап калды…

Мелис СОВЕТ уулу




Ажонун "ажыдаарчиктердин" башын алганга чамасы жетеби?

Рубриканын бүгүнкү сынында - президент Алмазбек АТАМБАЕВ


Китеп сатып миллионер болсо болорун Алмазбек Шаршенович алгачкылардан болуп далилдеди. Ал эми Акаев, Бакиев заманынан бери үч жолу президенттикке талапкерлигин коюп, үчүнчүсүндө жылдызы жанып таажы кийди. Кайсы бир жолугушууда өзү айтмакчы, бир тамганы алмаштырып сүйлөп алып, ошонусунун кесепетин көп тарткан оргу-баргы мүнөзү бар.
Үй-бүлөлүү. Учурда экинчи никедеги жубайы менен жашайт. Айрым маалыматтарга караганда, Атамбаевдин негизги бизнеси (беш жылдыздуу мейманкана, бир нече соода түйүндөрү, пансионат ж.б.) Түркияда. Расмий Анкара Атамбаевди биринчи кезектеги инвестор катары тааныйт деген кептер айтыла калат. Ошондой эле кыргыз ажосунун уулу атакесинин бизнесин толук көзөмөлдөрү тар чөйрөгө маалым.

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ, ЖК депутаты, "Ата мекен" фракциясынын лидери:
- Эч качан идеалдуу адам болбойт. "Күлүк күнүндө, тулпар тушунда" демекчи, кайсы бир инсан тарыхый маалда бийликке келсе, анын кээ бир сапаттары өз миссиясын аткарганга салым кошот. Бүгүн эски традицияларды сындырып, коррупцияга каршы күрөшүү тапшырмалары биринчи орунга чыгып атканда, ошого жараша Атамбаевде бир нече касиет бар. Биринчи, мамлекет башчысы жалгыз болушу керек. Жалгыз деген сөз - бака-шака түшүп жоро-жолдош күтүп, , бизнес партнерлору менен жан кыйышкыс дос болгон адам бүгүнкү күндө президент болуп өз миссиясын аткара албайт. Алмазбек Атамбаев тойго барбай, көп жоро-жолдош күтпөй башкалардан айырмаланат. Демек, анын коррупцияга каршы күрөшүп, тигил же бул чиновникти кызматтан бошотуп, керек болсо темир торго отургузуп койгонго мүмкүнчүлүгү бар.
Кыргыздын колу-бутун эмне бууйт? Жакшы иш жасайын деп эле ниеттенип келсең баары эле досуң, тууганың же алардын жакын тууганы болуп, колу-бутуңдан кармап, ойлогонуңду ишке ашырбайт. Дал ушундай учурда лидерге, президентке тиешелүү касиет - жалгыздык. Атамбаевде ошондой касиет бар экенин белгилегим келет.

Камчыбек ТАШИЕВ, ЖК депутаты, "Ата журт" фракциясынын лидери:
- Мен ал киши тууралуу айтпай эле коеюнчу. Билесиң го, айтсам катуу айтып салам.
Руслан БЕКНАЗАРОВ, жаш саясатчы:
- Алмазбек Шаршеновичтин кыргыз элине күйүп, мамлекетти өнүктүрсөм деген изги максаттарын БЭКтин катарында жүргөндө көп уккам жана байкагам. Ал эми 7-апрелден кийин көрүшпөгөндөн кийин бир нерсе деп айтуу кыйын. Бирок президент катары ошол айткан максаттарын, берген убадаларын иш жүзүнө ашырууга аракет көрүп жаткандай. Ошентсе да жанына мурда чогуу жүргөн, ачуу чындыкты айткан санаалаштарын албастан, башка команда түзүп иштеп атканы кичине өкүндүрөт. Анткени чыныгы достор гана президентти жолдон адаштырбайт. Байкашымча, Алмазбек Атамбаев көбүнчө баягы эски адамдардын - кошоматчылардын, кээ бир шылуундардын сөзүнө алданып аткандай. Кандай болгон күндө да, президент "вазир жакшы хан жакшы, аял жакшы эр жакшы" накылын унутпашы абзел.

Асыран АЙДАРАЛИЕВ, журналист:
- Алмазбек Атамбаев саясаттын ичи-тышында катуу такшалган адам. Кыргыз мамлекетинин 20 жылдык тарыхында эки президент элдин энчисине колун колтугуна чейин салып, аягында качып жоголушту. Азыр өлкө саясый-экономикалык кыйын кырдаалда турат. Сын керек, бирок обу жок чектен чыга бербей, убакыт, мүмкүнчүлүк берип, колдон келсе бүтүндөй коомчулук колдоп кетсе оң жыйынтык чыкпай койбойт. Менимче, коррупцияга каршы катуу согуш жарыяланышы - Атамбаевдин эң чечкиндүү, эл күткөн кадамы. Ушуга тикесинен тик туруп аягына чыкса, өлкөбүз оңоло баштайт. Коррупция деген эле Акаев, Бакиев жана анын айланасынан өсүп чыккан "ажыдаарчиктер" да. А анын баары азыр дал ушул Атамбаевди тегеректеп, курчап алышкан. Оңду-солду тынбай чабуул жасап жаткан ошолор. Эң коркунучтуу маселе ушул. Атамбаев ошол жүздөгөн "ажыдаарчиктердин" башын алууга эрки жетип, аягына чейин катуу тура алса, анда тарыхта калаары турган иш.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ








??.??