presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Лөлүдөн баатыр чыкса өз чатырын чабат дечү беле?


УКМК укуругу чабактарга эле чакталганбы?



УКМК нын коррупция менен болуп аткан күрөшүү эмнегедир таза күрөшкө окшобой баратат. Алардын жемкорлор менен согушу президенттин, өкмөт башчынын, депуттардын тегерек-четиндеги коррупциядан эмес, катардагы финансы полициясы, МАИ кызматкери, мугалимдерден башталганы баланын оюнундай болуп туру. Себеби коррупция деген жогору жакта болорун баары билет. Мисалы, эмне үчүн чоң-чоң кишилердин кызыкчылыктары жаткан иштер тууралуу сөз жок.
Пара алды деген шек менен кармалып УКМК жертөлөсүндө каза болгон Бишкектин жол коопсуздугу башкармалыгынын кызматкери Айбек Эшбаевдин өлүмү дагы деле тактала элек. Ал ортодо бул окуяга байланышкан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Шамил Атахановдун кызматтан кетишин талап кылган пикет өттү. "Атаханов кетсин!" дегендердин айтуусу боюнча "элиталык деп эсептелген бул мекемеде камалган адамдын өлүмүнө жол берилбеши керек болчу". Ошол эле учурда укук коргоочулар, саясат таануучулар Атахановдун Андарак окуясы жана УКМКнын мурдагы жетекчиси Муратбек Суталинов боюнча жасаган билдирүүлөрүн да катуу сынга алышкан.
Ырас, коррупцияга каршы күрөштө УКМК айрым натыйжаларды көрсөтүп жаткандыр. Бирок күрөштүн мизи чыныгы коррупциялык ири иштерге эмес, майда чабактарга, менчик компанияларга багытталганы ар кандай түкшүмөлдөрдү жаратууда. Андай түкшүмөлдөрдүн бири - бийлик кайрадан кирешелүү тармактарды бөлүштүрө баштады дегенге барып такалууда. Маселен, акыркы мезгилде УКМК "Аю" менчик компаниясын текшерип жатат. Ал эми тоо-кен тармагындагы коррупцияга, "Кыргызтелекомду" бөлүүгө каршы турууга "тишибиз" өтпөй жатат дегендей билдирүүнү УКМК башчысы Шамил Атаханов жасады. Ал эми коомчулуктун көңүлүндө ажылыкты уюштуруудагы, энергетика тармагындагы, алтын иштериндеги, насыяларды бөлүштүрүүдөгү, банк уячаларын талкалоодогу жана башка орчундуу коррупциялык иштерде жылыш болобу деген суроо турат.





Бириң кайың, бириң тал…

Башпрокуратура саясый заказ аткара баштадыбы?


(Башы 2-бетте)
Нариман ТҮЛЕЕВ, ЖК депутаты, "Ата мекен" фракциясы:

"Заказ" экени көрүнүп турат"


- Менин эч жакка качайын деген ниетим жок. Башпрокуратура буга чейин мага карата 4-5 жолу кылмыш ишин козгогон. Ошол кылмыш иштеринде негиз жок болгондуктан кайра сот аркылуу жабылган. Эми ошол иштерди кайра жандандырып атышыптыр деп уктум. Мунун баары "заказ" экени көрүнүп турат. Андай кыйын экен энергетика, билим берүү, салык, бажы тармагындагы коррупцияны иликтеп чыгышпайбы. Кичине калыстык болушу керек го. Кыскасы, бүгүн бийликке сын айткан саясатчыларды коркутуп-үркүтүү, кысым көрсөтүү күчөп атат.

Исхак ПИРМАТОВ, ЖК депутаты, "Республика" фракциясы:

"Бул акылга сыйбас көрүнүш"


- Мага карата ушу кезге чейин эки кылмыш иши ачылып, бирок эч кандай далилдер болбогондуктан жабылган эле. Ал эми былтыр кайрадан күмөн саноолор туулгандыктан, декабрда Эсептөө палатасы токтом түрүндө текшерүү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгына ылайык бир дагы доомат тастыкталбастан, эч кандай зыян келтирилбегендиги боюнча акт түзүлгөн. Эсептөө палатасынын актысына карабастан кайрадан кылмыш ишин жандандырып атышат. Муну мен буйрутма катары эсептейм. Эгер буйрутма болбосо, анда бу Башпрокурор Аида Салянованын профессионалдык деңгээлинин төмөндүгүнүн бир белгиси. Юрист катары ал кишини сыйлайм. Бирок тергөө ишинде процессуалдык нормалардын бардыгы бузулган жана негизсиз.
Эми Жогорку Кеңештин депутатына карата процессуалдык нормалар тебеленип аткандан кийин, жөнөкөй жарандардын акыбалы кандай экенин өзүңүздөр карап көрүңүздөр.
- Башпрокуратуранын сизге койгон дооматы негиздүүбү?
- Мен "Кыргызнефтегаз" ААКсын жетектеп турган маалда сатылган бензиндин баасын "Газпромдун" заправкасында сатылып аткан бензин баасына салыштырып туруп, экөөнөн чыккан айырманы мамлекетке келтирилген зыян деп чечмелеп атышат. Бул акылга сыйбаган көрүнүш. Андай болсо БНК, ШНОС сыяктуу нефти компаниялары бар да. Ошол логика менен кете турган болсок, анда алардын бардыгын неге "Газпромдон" төмөн баада сатып атасың деп жоопкерчиликке тартышыбыз керек.
- Кесиптештериңиз кол тийбестиктен ажыратса кандай кадамдарга барасыз?
- Эгер депутаттык комиссияда күмөн саноолор жаралса, анда мен өз каалоом менен кол тийбестиктен баш тартам. Мен эч кимден суранбайм дагы. Бул иш менен жадагалса юрист эмес мектепте кол эмгек сабагынан берген мугалим таанышып чыкса, ак жип менен токулган иш экенине ынанат. Менде эч кандай кооптонуу, коркунуч жок. Бул буйрутма иштин келечеги жоктугуна ишенем.
- Акмын дейсиз. Анда сизге кылмыш ишинин ачылышына кызыкдар тараптар бар турбайбы. Алар кимдер?
- Мен аны ачык айтпай турайын. Кызыкдар тарап ким экенин кийинчерээк билип аласыздар.
- Кокусунан кесиптешиңиз Өмүрбек Текебаев эмеспи?
- Колумда так далил болмоюнча бирөөнүн фамилиясын атагандан алысмын. Кезеги келгенде баарын ачык айтам.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ





Кирдүйнө

Парламент,


өкмөт


кылмышкерлер


дүйнөсүнүн барымтасындабы?



Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын бир нече жетекчи кызматкерлери маалымат жыйынын өткөрүп Жогорку Кеңештен, өкмөттөн комиссиялар биринин артынан бири текшерип келип, алардын ишине тоскоол болуп атканын билдиришти. Алардын айтуусу боюнча эгер өкмөт Ш.Байзаковду кызматтан кетирсе, анда Жаза аткаруу башкармалыгындагы реформа жана коррупция менен күрөшүү тууралуу сөз кылбай эле коюш керек.
Буга улай ИИМдин жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын ардагерлери да маалымат жыйынын өткөрүп, Ш.Байзаков бул системага реформа жасап аткан биринчи генерал экенин, аны жумуштан кетирүү, коомчулук менен мамлекеттик башкаруу системасынын кылмышкерлер дүйнөсүнө биротоло тизелеп берүүсү экенин айтып чыгышты. Ага чейин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Александр Никсдорф кылмыш дүйнөсү тарабынан аталган мекеменин башчысы Шейшенбек Байзаков менен №1 тергөө абагынын жетекчиси Марс Жусупбековго кол салуу даярдалып атканы тууралуу айтып чыккан эле. Ал мындай маалымат бир кемпирдин миш-мишинен эмес, ыкчам кызматтар тарабынан келип түшкөнүн билдирген.
Ал ортодо буга чейин 16-январда болуп өткөн абактагы чыр-чатакты иликтейбиз деп түзүлгөн беш кишиден турган ЖК комиссиясы беш мүчөсүнүн үчөө кол коюп, экөө каршы чыккан чечимин жар салды. Ток этерин айтканда, ал комиссиянын кээ бир мүчөлөрү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында болгон финансылык мыйзам бузууларды негиз кылып Ш.Байзаковду кызматынан кетириш керек дейт. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Александр Никсдорф Ш.Байзаковго даярдалып аткан кол салуу тууралуу айтып атканда "өкмөт бул иш боюнча билет, биз рапорт жазып жибергенбиз. Азыркы учурда ИИМ жана УКМК тарабынан буйрук берүүчүлөрдү аныктоо иштери жүрүп жатат. Азыр Ш.Байзаковду эки жолдун бирөөсү менен кетиргилери келип атат, парламент аркылуу же жалданма киши өлтүрүүчү аркылуу" деген эле. Мындан улам ЖК же өкмөт кылмышкерлер дүйнөсүн жең ичинен коргоп, Ш.Байзаковду кетирүүгө кызыкдар экени ачык эле байкалып калууда.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринин айтуусу боюнча Ш.Байзаковду кетирүү №1 тергөө абагындагы камераларды жапканга байланыштуу. Себеби аталган тергөө абагында эле ай сайын 20 миң доллардан 200 миң долларга чейин "общактын" казынасына чогулуп турган. "Общактар" ачык камераларды аралап, камактагылардан акча талап кылып, жок болсо кыйнап, туугандарына телефон чалдырып акча өндүрүп келишкен. "Азыркы күндө №1 тергөө абагындагы бардык камералар жабылып, акча талап кылуу токтоду. Эгер ушундай камералар жабык боюнча калса кылмыш чөйрөсү болжол менен жылына 2 млн. сом албай калышат экен. Мындай акчадан кур калып калбайлы деп сүйлөшүүгө аракет кылганынан майнап чыкпай, эми ушундай иштерге барып жатышат да" дейт А.Никсдорф.
"Мурда бул мекемеге келген жетекчилер 1-2 жыл эч нерсе кылбай кетип калышчу. Генерал Байзаков келип реформаны баштаганда биздин да ички демибиз көтөрүлүп калган. Эгер аны кызматтан алып салса, биз да кызматтан кетебиз" дейт Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башкы штабынын жетекчиси Таалайбек Осмонбаев. Коомчулук деле эгер Ш.Байзаков реформаны аягына чыкпай туруп кызматтан кетирилсе учурдагы кыргыз бийлигинин бир нече бутагы да кылмышкерлер дүйнөсүнүн барымтасында экенине ишенери айдан ачык.
Зайырбек АЖЫМАТОВ











??.??