presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Жолтикен

Баткен облусундагы Кадамжай РИИБинин Айдаркен айылдык милиция бөлүмүнө 5-февраль күнү болжол менен саат он бирлер чамасында 83 жаштагы кемпирди кимдир бирөө өлтүрүп кеткендиги тууралуу кабар жеткен. Айдаркен шаарчасынын М.Маклая көчөсүндөгү үйгө барган изкубарларга 1929-жылы туулган А.Коршунованын өлгөнүн анын жээн небереси Дмитрий Коршунов көргөзгөн эле.

Таенесин өлтүргөн айбан
Маркум кемпирдин денесиндеги жарааты боюнча чогулган материалдар Кадамжай РИИБинин кылмыш каттоо китебине катталып, КР КЖКнын 97-беренесинин 2-бөлүгү жана 3-пункту (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Таенесинин өлгөнүнө өзгөчө кайгырып, изкубарларга көргөзмө берип, ар кандай маалыматтарды тантырап аткан Дмитрий дароо шектүү катары суракка алынган. Дмитрийдин кийимдеринде кандын тактары бар экени байкалган.
Көрсө, Дмитрий буга чейин аракка берилип, таенесинин пенсиясын далай уурдап, кээде сурап ичип жүрчү экен. Ошол каргашалуу күнү да Дмитрий аракка тоюп келип, бирок дагы ичкиси келип турганда таенесинин пенсия алганын угуп калат. Жарыбаган пенсиясы менен эптеп жашаган байбиче небересинин акча сурарын билип, акчасын жашырууга аракеттенген. Бирок анын пенсияны жашырып атканын байкаган небере сөрөй баягы адатындай эле байбичеден акча талап кыла баштайт. Бир айга араң жеткирген пенсиясын шордуу байбиче аяйм деп небереси экөөнүн ортосунда уруш чыгат. Анын алты саны аман туруп пенсияны аңдып, ага арак ичкенине нааразы болгон кемпирдин жемеси Дмитрийге жакпай калды көрүнөт, бүжүрөп араң баскан таенесин ур-тепкиге алып жатып калат.
Качан гана кемпир тура албай калганда анын катып койгон акчасын чөнтөгүнө салат да, арак уулап жөнөйт.
Кечинде үйүнө келсе таенесинин денеси муздап, эчак эле о дүйнөгө аттанган эле. Аны өзү өлдү кылып көмүп салайын десе бети-башы жарылган, ким көрдү кылып сөөгүн жашырайын десе аны сурагандар бар. Сүттөн ак чыккысы келген Дмитрий таенесинин кан болгон бети-башын бир сыйра тазалап, эч нерсе болбогондой керебетине жаткырып, анан милицияны чакырат. Бирок мындай оор кылмыштын бетин далай ачкан кыраакы изкубарлар Дмитрийдин алдаган сөзүнө ынанып калышмак беле. Аны суракка алганда адегенде актанып, танып, күнөөнү башка бирөөлөргө оодара баштаган небере сөрөй акыры жасаган кылмышын мойнуна алууга аргасыз болду. 6-февраль күнү эле маркум байбиченин өзү менен жашап жүргөн небересинин үстүнөн кылмыш иши козголду. Анын айыбын ачып, кылмышын далилдөөгө Баткен ОИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн оперөкүлдөрү жана милициянын майору Д.Маматкулов, А.Чумаев Кадамжай РИИБинин кызматкери Б.Балтабаев менен А.Маккамбаевдин салымы чоң.
Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынын ага инспектору, милициянын капитаны Дамира Юсупованын айтымында, акыркы кезде арактын айынан өз жакындарына, атүгүл балдарына кол салып, өмүрүн кыйган фактылар көбөйүүдө. Жинди суунун айынан жакындарын өлтүрүү акыр замандын белгисиби же айылдагы жумушсуздуктун, жокчулуктун кесепетинен жаштардын аракка берилгендигиби деп жакасын кармангандар шыпшынып, эч кимге зыяны жок 83 жаштагы байбичени жайына узатышты.
Назира КУЛМАТОВА

Сүрөттө: Дмитрий Коршунов таенесин кантип өлтүргөнүн изкубарларга айтып берип аткан кези.











??.??