presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Зарылбек мырза, датымды ук

Милиция акчалууларды гана коргойбу?



Ысык-Көл облусунун Сары-Камыш айылынан Жылдыз АСАНОВА аттуу айым жергиликтүү милициялардын, тергөөчүлөрдүн жосунсуз жоруктарына, мыйзамсыз иш-аракеттерине чыдабай чындык издеп келиптир. Жылдыз айым Ички иштер министри Зарылбек РЫСАЛИЕВге гезит аркылуу үнүм жетер бекен деген акыркы үмүтүн жашырбады.

Улукбек кабылган уу токмок
Уулум Улукбек Бишкектеги спорт интернатында окуп жүргөн. 2009-жылы 18-мартта боло турган күрөш боюнча Кыргызстандын биринчилигине катышуу үчүн атасы аны айылга келип күчтүү тамак жеп даярданып кет деп Бишкектен чакыртып алган. Анын келгенине он чакты күн болуп калганда кайнимдин 8-класста окуган баласы Улукбекке келип, 11-класстын балдары күнүгө салык салып коркутуп, кордук көрсөткөнүнөн мектепке баралбай атканын айтып, ошол балдарга жолугуп бул менин иним болот деп айтып коюңузчу дептир. Улукбек салык салган балдарга бул менин иним болот, экинчи салык салсаңар таарынбагыла деп коркутуп койгон экен. Мектепте коопсуздук кызматта иштеген Таалай Жумадылов деген бар. Ага 11-класстын балдары салыктан чогулган акчадан тамеки, пиво, арак алып берчү экен. Балдар Т.Жумадыловго Улукбек жөнүндө айтып барышса, ал эмне кыйын бекен, барып сабап койгула, эгер бирдеме болсо 200 сом штраф төлөп чыгып кетесиңер деп көкүтүптүр.
2009-жылы 12-март күнү Улукбек мечиттен келатса 11-класстын балдары айылдын ылдый жагына сүйлөшөбүз деп алдап ээрчитип барып, он бир бала күтүп турушуптур. Экөөнүн колунда мылтыгы бар экен, бирөө Улукбектин төшүнө, экинчиси чекесине такап, сен ошондой эле спортсмен кыйынсыңбы, азыр сени атып өлтүрүп ким көрдү кылсак да өзүбүз билебиз деп коркутушат. Көкүрөккө такаган мылтыгын басканда анысы чык деп барып атылбай калыптыр. Ошондо коркуп кеткен Улукбек качып жөнөйт. Качып баратканда Улан деген бала атып жибериптир. Ок Улукбектин бутуна тийип, чуркап баратып жыгылганда артынан кууп келаткан балдар жетип келип ур-тепкиге алып, арматура менен башка чаап, айтор, эс-учунан танганча жанчышыптыр. Бутуна тийген ок этин жанчып, 41 бытыра азыркыга чейин чыгалек. Ал жерден эс-учун жоготкон Улукбекти айылдын четиндеги бузулган тамга сүйрөп барып ташташыптыр.

Спортсмен балам заматта майыпка айланды
Улукбекти таңга жуук бирөөлөр көрүп калып, Балыкчыдагы ооруканага жеткиришет. Ооруканага алпарган таксист бала менен Улукбекти сабаган балдардын бирөөнүн атасы (айыл өкмөт башчысы болуп иштейт) эртеси бизге, уулуңар балдар менен уруша кетип, кичине сабап коюшуптур, биз аны доктурга жеткирип койдук деп айтышты. Биз ооруканага келсек уулумдун акыбалы өтө оор, буту гипсте экен. Акыбалы андан да оорлой баштаганда Бишкектеги №4 ооруканага алып келсек дароо реанимацияга жаткырышты. Улукбекти сабаган балдардын ата-энелери кечирим сурап, биз менен Бишкекке келишти. Бир айылдык болсок кантип кечирбей коелу деп балдардын үстүнөн арыз деле жазган жокпуз. Бишкекте Улукбек бир ай ооруканада жатты. Башы катуу жабыркаган экен, ошондон кийин талма (эпилепсия) дарты жабышып, экинчи топтогу майыптыкты беришти.
Биз Бишкекте ооруканада жүрсөк, аны сабаган балдардын ата-энелери тескерисинче Улукбектин үстүнөн милицияга арыз жазышыптыр. Бул иш боюнча биз да арыз жазсак, Ысык-Көл РИИБинин Таалай Тургунов деген тергөөчүсү Улукбек Бишкекте ооруканада жатканда андан көргөзмө алып, протокол түзөм деп келип таптакыр тескерисинче жазып кетиптир. Биз ал тергөөчүдөн баш тартып, башкасына алмаштыртканбыз. Андан кийин бул ишти Ысык-Көл облустук прокуратурасынын тергөөчүсү Данияр Касымалиевге беришкен. Бирок бул тергөөчү деле ишти чаташтырып үч жылдан бери жыйынтык чыкпай келет.
Азыр Улукбекти сабаган балдар аял алып жакшынакай жашап атышат. А менин уулум майып болуп калды. Адилеттик кайда?

Күнөөсүз күнөөлүү болуп калдык
Урушка катышкан он бир баланы кыскартып отуруп акыры ок аткан бир эле баланы күнөөлөп калышты. Калган балдардан дайын жок. 2012-жылы 18-январда ошол окуя боюнча сот болмок. Бирок ошол күнгө жеткирбей кылмышты бизге оодарууга үлгүрүштү. 14-январь күнү түнкү саат 9-10дордо Улукбек мечиттен келип, үйгө кирип келатканда оозгу бөлмөдөн тарсылдаган үн чыгып калды. Эмне болду деп чуркап чыксак үч жигит Улукбекти башка-көзгө койгулап, дарбазадан сыртка сүйрөп баратыптыр. Мени көмөлөтө түртүп, баламды ары жакта номуру жок, терезелери караңгылатылган машинени көздөй сүйрөштү. Аңгыча дарбазанын ичинен тарсылдаган ок атылды. Коркуп кетип кайра күйөөм жакка чуркадым. Үчөө жолго чуркап чыгып биз тарапка тарсылдатып атышты да машинеге түшүп кетип калышты. Биз үйгө чуркап кирсек бирөөнүн телефону, шапкеси түшүп калыптыр. Дароо милиция чакырдык. Үйгө келген милициялар окуяны угуп, жол жактан эки ок табышты. Аңгыча райондук милиция бөлүмүнүн начальниги келип, булар милиция болчу, силер ага кол көтөрдүңөр деп күйөөмдү алып кетишти. Эмне үчүн түн ортосунда Улукбекти алып кетебиз деп келишти десек, уулуң издөөдө болчу дейт. Мектептеги коопсуздук күзөтүндө иштеген Таалай Жумадыловдун милицияда иштеген баласы мени Улукбек Апылов сабады деп жалган жалаа жаап ооруканага жатып алыптыр. Биздин кошунабыздын баласына Улукбек сабап атканын көрдүм деп көргөзмө бер дептир. Ал бала мен көрбөсөм эмнеге жазып бермек элем десе, атасынын көзүнчө аны үч милиция салып кетип, районго алпарып аябай сабап, Чоң-Сары-Ой айылына таштап кетишиптир. Анын атасы да азыр ошол үч милициянын артынан соттошуп жүрөт.
14-январда күйөөмдү милиция алып кеткенде уулумдун эпилепсиясы кармап калды. Аны Балыкчыга доктурга алпарып, дарысын алып, кайра үйгө алып келген элек. Эртеси күйөөмө, Чолпон-Атага кеткенбиз. Үйдө 3-9-класста окуган эки кызым, кайынсиңдим, эки келиним, эжемдин чоңураак баласы Улукбекти карап калышкан. Ошондо үйгө бир автобус маскачан, куралданган ОМОНдор келип, дарбазадан секирип түшүп, эшиктин илгичин жулуп үйгө киришип, ооруп жаткан Улукбекти жылаңач боюнча башка-көзгө койгулап, эжемдин баласы экөөнү машинеге салып кетишиптир. Кичинекей эки кызым Улукбекке болушуп чырылдашса, аларды ур-токмокко алышыптыр. 9-класста окуган кызымды башка коюптур, ал мээси чайкалып, кичүүсүнүн эки жаагы көгала, буту шишип ооруканага жатып чыгышты. Берки келиндерди тоголото коюп, тебелеп денелеринин баары көгала. Биз Чолпон-Атадан келгенче Улукбекти алып кетишиптир.

Акыйкат барбы же баары сатылганбы?
3-февралда мындан үч жыл мурунку окуя боюнча Улукбек жабырлануучу катары соту болду. Бул ишке күбө катары өлгөн кишилердин аты-жөнү, жок адамдардын фамилиялары жазылып жүрөт. Сот учурунда прокурор, сот, тергөөчүлөр ачык эле тиги тараптын сөзүн сүйлөп, атүгүл биздин адвокатты сүйлөтпөй кыйкырып, сыртка кууп чыкканга чейин барышыптыр. Эми Улукбекти аткан балага жеңилдик сурап, ал мылтык жөнеле атылып кетти, кокустук дегендей жазып атышат. Азыр таптакыр акыйкат жок экен.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА









??.??