presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Эстутум
Кинодо зөөкүр, турмушта ак көңүл, камкор ата болгон
Орозбек Кутманалиев

Кыргыз киноискусствосунун классикасына айланган "Акмөөр", "Сүйүү жаңырыгы", "Ак кеме","Бөрү зындан", "Эрте жаздагы турналар", "Уркуя"сыяктуу көркөм тасмаларда образ жаратып, Кудай берген таланты аркылуу кыргыз журтчулугуна өзүнүн ысымын өлбөч-өчпөс кылып калтырып кеткен эл артисти Орозбек КУТМАНАЛИЕВдин быйыл 80 жылдык мааракеси. Тасмаларда Орозкул, Бектемир сыяктуу терс каармандардын образын жараткан таланттуу актёр жашоодо кандай адам болду экен деген суроо ар бирибизде жаралбай койбойт эмеспи. Ушул сыяктуу көңүлгө келген суроолорго жооп алуу максатында Орозбек Кутманалиевдин өмүр жолу, чыгармачылыгы, жандүйнөсү туурасында анын кызы Чынара КУТМАНАЛИЕВА менен маектештик.

- Дегеле атамдын ысымын укканда биринчи болуп эсиме атамдын аталык мээрими келет, - деп баштады сөзүн Чынара айым. - Аябай ак көңүл, боорукер, элпек адам эле. Балдарына кагылып-согулуп дайыма эркелетип турар эле. Келиндерибиз дагы атабызды өз атасындай жакшы көрүп урматташат. Күйөө балдары да, балдары, неберелери да атабыздай болсок деп тилек кылышат. Мээнеткеч, эмгекчил эле. Кайсы жумуш болбосун жеңин түрүп эле өзү жасап кирчү. Апабыз оорудан улам каза болуп калып, беш бир тууган атабыз менен калдык. Эң кичүүсү менмин. Ошол күндөрдө бизди атабыз өзү багып, тамагыбызды жасап, кирибизди жууп, бардык түйшүгүбүздү өзү жалгыз көтөрдү. Ал кезде атам радиодо иштечү. Радио уктурууларга кичинекей балдардын үнү керек болгондо келип сүйлөп кетчүбүз. Мен эң кичүүсү, эркеси болуп бала бакчага барбай, атамды ээрчип алчумун. Атам мени көтөрүп алып жумушка келчү. Радиодо өзү менен бирге иштеген эжелерге мени таштап коюп, өзү жумуштарын бүтүрүп келчү. Өзгөчө Фатима апам (О.Кутманалиевдин экинчи жубайы) мени көп алып калчу. Мен аны "мама" деп койчумун. Кийин оозума сала бергендей эле Фатима апам менен атам сүйлөшүп баш кошуп калышты. Атам "Фатиманы мага сен таап бергенсиң" деп калаар эле. Фатима апабыз бизди 6 бөбөктүү кылды. Ошентип 11 бир тууган болуп калдык. Он бирибизде тең атабыздын кулк-мүнөзү, алтургай таланттарынан да кичинеден бар. Мисалы, мен атамдай тамашакөймүн, аркы-беркини жасай салганга да жөндөмдүүмүн. Сайма сайып калам. Касен байкебиз ыр жазат. Биз баарыбыз орус мектепте окуп орус тилдүү болуп чоңойдук да. Ошол себептен ал ырды орусча жазат. Азыр анын баласы Абир Касенов ырдап жүрөт.
- Бир туугандарыңыздын арасынан актёрдук кесибин мурас кылып калгандар барбы?
- Менден улуу Марс аттуу байкем кичинесинде эки киного тартылган. Биринчиси, "Эрте келген турналарда" Анатайдын, анан "Сүйүү жаңырыгында" роль жараткан. Ал кинодо менден кийинки эки сиңдим дагы эпизоддо катышкан. Атабыз киного тартылып жатканда чоңураактар үйдө калып, кичинекейлер апамды ээрчип кошо барышчу да. Анан кичинекей балдардын кадрлары керек болгондо менин бир туугандарым катышып калышчу. Бирок кийин чоңоюп, кесип тандоого келгенде эч кимиси актёрдук кесипти тандашкан жок негедир.
- Ушундай атактуу адамдын баласы, кызы болгон ошол убакта кандай эле?
- Биз кичинекей чагыбызда ушундай атактуу адамдын балдары болгонубуз көп билинчү эмес. Кийин мен жогорку окуу жайда окуп жүргөндө "ой, сен Орозбек Кутманалиевдин кызысыңбы" деп таң калгандар көп болчу. Курбуларым менен чогуу кетип бара жатып жолдон бир артистти көрүп калсак алар чурулдашчу эле "баланча артист кетип баратат" деп. А мен атамдын жумушуна келип, болбосо алар үйгө барып артисттердин көбүн таанычумун. Көчөдөн көрүп калсам сөзсүз түрдө учурашчумун. Алар мени менен жылуу учурашып, чекемден сүйүп койсо, атам аркылуу мени таанып атат деп кубанчумун. "Сен тааныйсың да ээ, кандай бактылуусуң" деп курбуларым суктанышчу. Мен чын эле бактылуу болчумун. Атам ошондой атактуу адамдардын чөйрөсүндө жүргөнү үчүн, менин ошондой мээримдүү, ак көңүл атам бар болгону үчүн бактылуу элем...
- Атаңыз жумуштан келгенде көбүнчө эмне менен алектенчү?
- Атам кара жумушту сүйчү. Эшиктин алдындагы жер аянтка помидор, бадыраң тигип өзү бакчу. Бизди дагы "чыккыла", "үйрөнгүлө" деп колубузга кетмен, күрөк карматып иштетчү. Дыйканчылыкка да, мал чарбачылыкка да жакын болчу. Бир жылы коён багып жүрдү. Андан кийинки жылы тоок бакты. Каза болгон жылы үндүк бакты. Өзү деле 5-6 болчу анысы. Жаңы жылдын астында баарыбызды чакырып, ар бирибизге бирден үндүк берди. Мени эстеп жүрүшсүн дегенби, айтор билбейм, ошол жыл жаңырарда баарыбызды ошентип өзүнүн үндүгү менен таң калтырган. Биз жылыга жаңы жылда апам менен атамды куттуктап кетчүбүз. Ошол жылы апам менен атам "жылыга эле силер келесиңер, быйыл биз силердин ар бириңердин үйүңөрдү кыдырабыз" деп калышты. Биздин үйгө келип тамак ичип отурганда атам мага чарчап калгандай көрүнгөн эле. Анан биздин кыдыра турган жерибиз көп деп кетип калышты. Азыр ойлосом, ошондо атам баарыбыз менен коштошкон экен. Себеби, жаңы жылды тоскондон кийин эле 3-январда каза болуп калды.
Атам каза болгондогу бир окуяны эстей берем. Атабыздын сөөгүн жерге берип, ажалга моюн сунуп-суна албай биз боз үйдө ыйлап отурган элек. Бир кезде бир чоочун киши өкүрүп эле кирип келип бизди кучактап аябай ыйлады. Эч кимибиз тааныбай койдук. Көптө барып "мен жаңыдан шаарга келип, туугандарымдын үйүн таппай, кайда барарымды билбей автовокзалда отурдум эле…" деп өзү айтып берди.
Ошондо эсиме түштү, анда азыркыдай телефон жок эле. Атам жолдон өтүп бара жатып жол боюнда отурган баланы көрүп, ой балам, эмне отурасың деп сураган экен. Анан тиги бала абалын айтса, атам отур машинеге деп үйгө алып келиптир. Мен эс тартканы бир чоочун баланы үйгө алып келип, эртеси туугандарын таап ошол жакка жеткирип келди эле. Анан ал киши айтып жатпайбы: "Мен азыр Россиядан келдим. Ошол жакта жүрүп угуп калдым. Мен үчүн Орозбек ага колдоочумдай эле эсимде калган. Үйүнө алып келип, жакынындай кам көрдү эле" деп.
- Атаңыз каза болгону менен анын ысмы, элеси кыргыз искусствосунда сакталып калды. Орозбек Кутманалиев жараткан образдар анын жашын канчалаган жылдарга, кылымдарга узартты. Кинолорун көргөндө аны көргөндөй болуп каласызбы?
- Ооба, атамдын көзү өтүп кеткени менен ал чын эле кыргыз киносунда жашап калды. Мен Чыңгыз Айтматов, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев өңдүү инсандарга ыраазы болом. Себеби, алар бири чыгарма жаратып, бири кино тартпаса атабыз ким болмок деп ойлоп калам. Чыңгыз Айтматов сөз болгон жерде биздин атабыздын ысымы да айтылып жүрөт. Ал тартылган кинолордун баары кыргыздын керемет кинолоруна айланды. Ошол себептен, атабыздын өмүрү узун болот. Экинчиден, жакында эле Сокулук районунда маданият үйү ачылып, атабыздын ысымы берилбедиби. Көпчүлүк айтып калышат: "Мына, атаңар эки кабаттуу үйлүү болду" деп. Чынында атам аткарган ар бир кино, деги анын элесин берген ар бир көз ирмем кыргыздын тарыхы катары келечек муундарга, урпактарга сакталышы керек деп ойлойм. Ушул маселени туура көрүп, анын ар бир сүрөтүн, ал образ жараткан ар бир кинону чогултуп, борбордук мамлекеттик киносүрөтаваздокументтер архивине тапшырып бергем.
- Атаңыздын оюнда жүргөн, бирок аткарылбай калган максаттары болдубу?
- Атам жашы улгайып калган кезде кинону аябай сагынып жүрдү. "Мен азыр ушул курагымда мыкты абышкалардын ролун жаратат элем. Бирок кино тартылбай жатпайбы" деп айтып жүргөнүн көп уктум.
Даярдаган Зайырбек АЖЫМАТОВ

Сүрөттөр жана маалымат КР Борбордук мамлекеттик киносүрөтаваздокументтер архивинин методисти Нуриза Өмүрбаевадан алынды.









??.??