presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Тв-маек

Эркин РЫСКУЛБЕКОВ:



Телекөрсөтүүнү алып барып жатканда бирде отура калып, бирде тура калып керек болсо чөгөлөгөнгө да даяр бир алып баруучу бар. Ал дайыма колдорун жаңсамайын сүйлөй албайт. Сөз КТРКдагы "Жаштар KG", "Түнгө карай" программалары аркылуу коомчулукка аз-көп таанылган Эркин РЫСКУЛБЕКОВ жөнүндө болуп жатканын баамдаган чыгарсыз. "Акыл ордо" сыяктуу интеллектуалдык жана башка көптөгөн долбоорлорду жетектеген Эркин мырза жеке жашоосу жана чыгармачылыгы тууралуу маек куруп берди.

- Өзүңүз жөнүндө кыскача айтып берсеңиз?
- 1988-жылы Жумгалда төрөлгөм. Ата-тегим Токтогулдан болот. Чүйдө өсүп-чоңойдум. Үч жашымда үй-бүлөм Чүйгө көчүп келишиптир. Өзүм Бишкекте чоңойдум. Беловодскиден мектепти бүтүрүп, кийин "Манас" университетинде билим алдым. 3-классымдан баштап Чүй облустук мектеп-гимназиясында окудум. Баары эле интернат десе эле балдар үйү деп ойлошот экен, биздики кадимки эле жатак-мектеп болчу. Кандай критерийлер менен тандаганын деле билбейм, 10 жашымдан баштап ошол жакта тарбияландым. Үйдөн 64 км узактыкта болчу. Ошондуктан майрамдарда, каникулда же болбосо жөн гана эки айда бир барып турчумун. Кыскасы, ошол жакта тарбияландым. Үй-бүлөдө 5 бир тууганбыз. Үч эжекемдин экөө эгиз анан бир байкем бар. Атам мен 10-класста окуп жүргөндө эле дүйнө салган. Апам 61 жашта.
- Качан өзүнчө түтүн булатайын деп жатасыз?
- Үй-бүлө куруу жөнөкөй эле шарттуу кадамдардан эмес. Жашоодогу маанилүү кадамдардын бири болуп саналат. 14-февралда эле ушул маселе боюнча ойлонуп калам (күлүп). Кудай буюрса, 26-27 жашта үйлөнүүнү пландап жатам. Моралдык материалдык жактан да даярданып анан түтүн булатсам деген ниеттер бар. Азырынча сүйлөшкөн кызым жок.
- Канча тил билесиз?
- 4-класска чейин орус мектепте окудум. Үй-бүлөдө да орусча пикир алышчубуз. Атам балам орус болуп калмай болду деп 5-класста кыргыз класска которуп салган. Башында гимндин сөзүн жаттай албай, маанисин түшүнбөй биртопко кыйналып жүрдүм. Эми эки тилде мыкты сүйлөйм дегенден да алысмын. Мен жөн гана эки тилде маектеше алам. Мындан тышкары, ТРТ Аваз берүүсүн түркчө алып барам. Англисче анча-мынча билем.
- Сизди айрымдар Андрей Малаховго окшоштурушат экен. Чын эле окшошконго аракет кыласызбы?
- Көлгө баратсак бир таксист сизди кыргыздын Малахову деп үй-бүлөбүз менен дайыма көрөбүз деп айткан болчу. Продюсерим экөөбүз аябай күлгөнбүз. Малаховго окшошойун деген деле ой жок. Эми ток-шоу жанры болгондон кийин алып баруунун башка бир стили ойлонуп табылбаган соң же кыйкырып элдин жашоосуна кийлигишиш керек, же унчукпай бурчта тура бериш керек. Анан экөөнүн ичинен биринчисин тандап алгам. Малахов дүйнөлүк эң мыкты каналдардын биринде иштейт. Орусиялык биринчи каналдын кечки прайм-таймын толтурган инсан. Аз-маз окшошуп турсам ал деле жаман эмес болуш керек. Бирөөнү туурайын же болбосо КТРКнын форматынан чыгайын деген деле ой жок. Мен болгону жүрөгүмө жакын нерселерди гана жасайм. Азыркы учурда "Түнгө карай" көрсөтүүсү чыкса чыгат, чыкпаса чыкпайт. Бул көрсөтүү бышып-жетилгенде, чыга турган тема даяр болгондо гана чыгарабыз. Катар-катары менен заводдогудай эле чыгара бергенден алыспыз.
- Сиз дебатчы катары да таанылып калдыңыз. Деги эле дебаттын жашооңуздагы орду?
- Акыркы күндөрү дебат жөнүндө көп айтчу болдум. Дебатка аралашкандан бери эле жашоом дебат менен тыгыз байланышта болуп келатат. Дебат боюнча тренер-мугалим болуп да иштедим. Досторумдун бардыгы дебат чөйрөсүнөн. Көрсөтүүнү алып барганда да дебаттын пайдасы көп эле тийди. Эми КТРКдан көрүп эле жүрбөйсүздөрбү, сиздики туура эми мен айтып койоюн деп креслого отуруп алып алпарган көрсөтүүлөрдү. Ал эми ток-шоуда жанры боюнча да карама-каршылыктар болуш керек да. Ошол эле дебаттын форматын кеңейтип ток-шоу жанрына киргизишим - бул менин биринчи салымым. Экинчиден, менин меймандарымдын айткан пикирлерин, аргументтерин так аныктап, анализдөөгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Сүйлөп атканда мээмде кандайдыр бир графикалар чийилип турат. Бул суроонун бул жагы, тигил суроо жоопсуз калды деп турам.
- Азыркы кыргыз журналистикасынын кемчилиги эмнеде деп ойлойсуз?
- Баарыбыздын эле бир кемчилигибиз - бир тараптуу иштеп жатабыз. Жазып коюп эле калып калабыз. Кайра байланыш (фидбэк) албайбыз. Мен азыр көбүнчө социалдык тармактар аркылуу мүмкүн болушунча өз оюмду жазып жатам. Ал эми жеке менин кемчилигим - программаны баштагандан баштап жыйынтык чыгарганга чейин толтура ката бар. Конфуцийдин: "Жаңылуу бардык эле адамдарга тиешелүү касиет. Бул нормалдуу нерсе. Ал эми акмактар жаңылууну адатка айлантып алышат" деген сөзүнө кошулам.
- Айыл жергесиндеги карапайым көрүүчүлөр көрсөтүүңүздү түшүнбөй калбайбы?
- Эми ар бир көрсөтүүнүн өзүнүн аудиториясы болот да. Меники негизинен жаштар. Эгер жаштарга инновацияны, креативди жана жаңы түзүлүштөрдү киргизбесек, алар эскини эле улантып кете беришет. Оңдош керек. Мейли, биринчи жолу түшүнбөй калсын, бирок экинчисинде болбосо да үчүнчүсүндө сөзсүз түшүнүшөт. 100 көрүүчүнүн ичинен бирөө эле биздин айтайын деген оюбузду түшүнсө да пайда деп эсептейм. Эгер чынын айтсам, көрсөтүү аркылуу саясат жүргүзүп же коомдук пикир жаратууну көздөбөйм. Менин жалгыз максатым - ар бир маселенин минимум эки тарабы бар экенин көрсөтүү. Түшүнбөй калышы толук мүмкүн. Дагы бир максатым - жаштардын интеллектуалдык деңгээлин өстүрүү. Анткени мектептерге барсам Маргарет Тэтчер эмес Ленин ким экенин билишпейт. Керек болсо Тыныстанов ким экенин билбегендер да четтен чыгат. Ошон үчүн жакынкы эки жылда интеллектуалдык көрсөтүүлөрдү эфирге чыгарууну пландап жатам.
- Жаштардын арасында көп жүрөсүз. Азыркы жаштардын потенциалы тууралуу эмне айта аласыз?
- Азыр эми мамлекетибиз баш болуп баарыбыз эле жашпыз да. Коомубуз аябай оомо болуп кетти. Кээде күнүмдүк эле гезиттерге ишенип калабыз. Анализ жүргүзгөндү билбейбиз. А бирок Казакстандын, Өзбекстандын жаштарына караганда биздин жаштар активдүү. Алар болсо маңкурт чалыш келишет.
- Бош убактыңызды эмне менен толтурасыз?
- Баналдуу угулушу мүмкүн, бирок китеп окуганды жакшы көрөм. Колума тийген китепти эле окуй берем. Жакында эле окуп бүткөндөн кийин кайсы китеп болду экен деп сыртын карасам Горькийдин "Эне" деген китеби экен. Кээде фантастикалык, ар кандай китептерди окуйм. Кээде интернеттеги блогдорду окуп отура берем, өзүм аябай аз жазам. Кээде билбесем деле лыжага кетип калам. Кээде досторумду чакырып алып мафия ойноп, гитара чертебиз. Караокеге барабыз. Дискотекага барып көргөн жан эмесмин. Жөн гана алып баруучу болуп барып жүрөм. Катышуучу катары өмүрүмдө бир да жолу дискоклубдарга башбагып көргөн эмесмин. Ызы-чууну анчейин жактыра бербейм. Кызыктуу долбоорлорго алып баруучулукка макул болом. Мисалы, Кыргызстандын мисси - 2011, АКШда, Түркияда өткөн кызыктуу фестивалдарга чакыруу алып турам. Кызыктуу той болсо деле өзүмдү сынаш үчүн алып барам.
- Өзгөчө бир өнөрүңүз барбы?
- Ышкырганды, велосипед, лыжа тепкенди билбейм. Ырдаганды билем бирок ал мен үчүн өнөр эмес. Эт устукандай албайм. Баарына эле аз-аздан кызыгып жүрө берем. Менин өнөрлөрүмдүн баары стандарттуу. Бирок менин өзгөчө өнөрүм мазактаганды жакшы көрөм. Маектешип жатканда кооз мазактайм. Дагы бир айта кетчү жагдай, журналдан колонка бөлүп берип жатышат, ал жакта гламурный жашоо жөнүндө жазам.
Уланбек ЭГИЗБАЕВ




Шыпаагер

Жаштайыман таз болуп каламбы?


- 28 жашта экениме карабай чачым аябай суюк. Төрөгөндөн кийин ого бетер түшүп отуруп суюлуп бүттү. Күнүгө эртең менен көзүмдү ачаарым менен жаздыкты карайм. Жарым жыл мурда доктурга көрүнгөндө атайын бальзам анан табигый чөп жазып берген. Көрсөтүлгөн эреже боюнча чөптү кайнатып чачымды чайкачумун. Эки ай чачым түшкөн жок, андан кийин кайра башталды. Түшүнгөн кишиге бул да чоң көйгөй. Эгер чачым ушундай темп менен түшүп отурса анда отузга чыкпай таз болуп калат го. Кандай жол менен дарылоого болот?

Астра, Бишкек шаары
Астрага жооп: - Бир күндө 80-120 тал чач түшсө мыйзам ченемдүү көрүнүш. Эгер андан ашса анда чын эле чара көрө турган көйгөй. Дигидротестостерон деген гормон бар. Башкача айтканда башка чогула турган катмар. Бул гормон тукум кууйт, тилекке каршы аны менен күрөшүү мүмкүн эмес. Көбүнчө эркектерге тиешелүү болгондуктан, алардын кыркка чыкпай таз болуп калганы да ошондон улам. Ал эми аял кишинин чачынын түшкөнү организмдеги гормоналдык өзгөрүүлөр менен түшүндүрүлөт. Жыныстык жашоо башталганда, төрөгөндө. Экинчи себеби, ар кандай антибиотиктерди, химикат колдонгондо да түшөт. Мындан сырткары суудан, жада калса ичип жаткан тамак организмге жакпаса чач түшүүгө алып келет. Эгер эринбесеңиз кайсы азык организмге жагаар-жакпасын аныктай турган анализдерди тапшырып көрүңүз. Чачтын түшүшүн токтото турган дагы бир жол мезотерапия. Баш териге ичке ийнени 2-4 мм тереңдикте киргизип организмге, баш териге жетишпеген витаминдерди, дарыларды саят. Бул процедура бир нече жолу кайталанат. Жыйынтыгында чач түшпөй, ачакей болбой жылтылдап жакшы түскө келет. Мындай кызмат учурда медициналык борборлордо көрсөтүлөт.

Баламдын чырылдаган үнүнөн чарчадым
- Кызым алты айлык кези. Кеч киргенде эле чырылдап ыйлаганы күчөйт. Доктурга кайрылганыбызда ичи көөп жатканын айтып сироп, дары жазып берген. Бир ирет ичине инфекция киргизип алып ооруканага да жатып чыкканбыз. Дайыма жылуу кармайм, бирок бул оорусу өнөкөткө айланып баратат окшойт. Ыйы күчөгөндөн күчөп жатат, доктурга көрсөтсөк баягы эле дарыларды жазып берет. Ичин кармасам катуу болуп турат. Буту-колун тыбыратып тынымсыз ыйласа жанымды коерго жер таппайм. Балким медицинага караганда элдик ыкма менен дарылаган туурадыр?

Мээрим, 22 жашта, Кара-Балта шаары
Мээримге жооп:- Баланын ичи көпкөнү метеоризм деп аталат. Бала ээмп жатканда сүт менен кошо аба жутуп, же болбосо эне газдалган суусундуктарды көп ичсе ошол да таасирин тийгизет. Укроп суусун аз көлөмдө ичирсе баланын ичи көпкөнү азая түшөт. Мындан сырткары баланы дайыма эле чалкасынан жаткыра бербей бирде капталдатып, бирде көмкөрөсүнөн жаткызуу керек. Ичи катуу болуп турса алакан менен сааттын жебеси сымал беш-он мүнөт массаж жасап, чалкасынан жаткырып эки бутун бүгүп, кайра жазып гимнастика кылса болот. Кадимкидей ичи жумшара түшкөнүн байкайсыз. Баланы багуу боюнча тажрыйбасы мол энелер баланын ичиндеги желди дарыгерсиз эле ушинтип чыгарып алышат.

Ашыкча сүйлөгөндөн тартынам
- Оозуман чыккан жагымсыз жыттан ашыкча сүйлөгөндөн да тартынам. Курт жеген тиштеримди тазалатып пломба бастыргам. Күнүгө эки маал тишимди жууйм, бирок жагымсыз жыт кетпей жатат. Досторумдун берген кеңеши боюнча ромашканын тундурмасы менен оозумду чайкагам, бирок ал кыска убакытка эле жардам берет экен. Тиш доктурга баргандан уялам, гезит аркылуу болсо да жооп алып берип коесуздарбы?

Кумар, 26 жашта, Бишкек шаары
Кумарга жооп: - Ооздогу жагымсыз жыттын маселесин бир гана тиш доктур чечпейт. Жагымсыз жыт ички органдардын, анын ичинде ашказандын бузулушунан да келип чыгышы мүмкүн. Эгер ашказан бузулса өзгөчө курсак ачканда жагымсыз жыт күчөйт. Бул үчүн башка адистерге кайрылуу керек. Мага тиешелүүсүн айта турган болсом, жагымсыз жытты жоготуу үчүн оозду таза кармоо керек.
Окурмандардын суроосуна дарыгер-косметолог Никита Самойлов , балдар дарыгери Анапия Кемелова, стоматолог-терапевт Асел Карымшакова жооп берди.

Даярдаган Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА









??.??