presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Ажырым


Президент Алмазбек Атамбаев менен өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун ортосун "кара мышык" эмей эле улам аңырайып чоңоюп бараткан аң бөлүп турганы акыркы кезде даана байкала баштады. Президент коррупцияга каршы күрөш жарыялап, УКМК алдында атайын кызмат ачтырып, адегенде эле "Мегаком" компаниясынын бабановчул жетекчисин эки айлык абакка тыкса, андан кийин "Республика" партиясынын депутаттарынын бизнестерин каздыра баштады. Казгычтар бара-бара Бабановдун так төбөсүнөн түшөрүнө көз жетип калды.
Демек, Атамбаевдин каалаганы эмне? Каалаганы азыр көп айтылып аткан парламентти таратуу эмес, тескерисинче өкмөттү кетирүү деп түшүнсөк болот. Негизи президент Атамбаев коррупция менен чын ниетинен күрөшкүсү келсе, Бабановду башынан эле өкмөт башына алып келбеши керек эле. Балким коррупцияга каршы күрөштүн арты менен дароо эки коенду эми аткысы келип аткандыр…
Бабанов болсо бапылдап бүт телеканалдардын бетин бербей иштеп аткансыйт. Атамбаевдин жасатып аткандарына сыр билгизбей келет. Качанкыга чейин чыдаар экен? Сыягы, жүз күн программасы менен кошо премьерлиги да аягына чыгат окшойт.


Көпкөндүк


КСДП партиясынын лөктөрүнүн бири былтыр Москвага барып калат. Дүкөн кыдырып жүрүп бир жерден швейцар саатын өтө жактырып, баасын караса 35 миң доллар экен. Бишкекке келип швейцар саатын саткан дүкөндүн ээсин чакырып, өзүнө жагып калган сааттын маркасын, көрүнүшүн аябай сүрөттөп, мага ушундай саат таап бергиле дейт. Дүкөнчү макул болуп, Франциядан атайын ошондой саатты алдырып тиги лөккө берет. Партиясына, бийлигине көөп турган неме силерге ушул эле болот дегенсип саат үчүн 20 миң доллар карматып тигини чыгарып коет. 20 миң доллар эмес, андан эки эсе чыгым тарткан дүкөнчү ак же көк дей албай кала бериптир.
Мораль: азыркылардын бакиевчилерден эч айырмасы жок, күндүк өмүрүндө түштүгүнө эле эмес каалаган жагында чалчактап жатышат.

Нураке да тынч эмес


Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин көңүлү тынч эмес. Мухтар Аблязов деген көкөсү Англияда жатып алып "К+", "Взгляд", "Республика" "Stan тв" деген ММКлары аркылуу жайлап атат. Нуракенин жанына баткан белем, Ертысбаев деген акыл кошчусу аркылуу "Аблязов деген мамлекетке миллиарддаган зыян келтирген кылмышкер, ага иштеп жаткандар жалданма желдеттер" деп кыйкырып чыкты.
Ошол эле учурда бир кезде Алматынын мэри, шашылыш кырдаалдар министри болгон Виктор Храпуновду алдамчылык жана уюшкан кылмышка катыштыгы үчүн Интерпол издеп жатат. Храпунов болсо ушу тапта Швейцарияда жашап, 400 млн. долларлык дүнүйөсүн кучактап жатып Казакстанга өзүнүн интернет сайты аркылуу салам дубасын жөнөтүүдө. Нуракени күйгүзүп, "Швейцарияда жатсам да мекениме кызмат кылып, демократиянын орношуна болгон күчүмдү жумшап жатам" дейт. Дарегин так көрсөтүп саламды кабелтең айтып турган немени таппаган Интерпол дегениң итчелик да жок окшойт.

"Республика" менен "Ата журт" президентти алып түшөбү?


Коррупцияга байланыштуу кылмыш иши козголгон жана козголушу мүмкүн делген депутаттардын көпчүлүгү "Ата журт" менен "Республика" партиясына таандык. Мындан улам аталган эки партиянын лөктөрү жума башында жашыруун жыйын өткөрүп, кыйын кезеңде бирге туруу келишимине жетишиптир. Атургай арасындагы кызуу кандуулар президент Алмазбек Атамбаев бизге тийишкенин токтотпосо элди топтоп, анын өзүн алып түшөбүз таризинде күпүлдөшкөнү чынбы? Кудай сактасын дечи, бирок президент менен парламенттин ортосундагы тиреш саясый кырдаалды гана курчутаары турган иш.

"Кара" депутат ким?


Жакынкы күндөрү "республикачы" депутаттардын бирине кылмыш иши ачылышы ыктымал. Ак үйдү аралай чапкан кептерге кулак төшөсөк, эл өкүлүнүн өткөнү тыкыр иликтенип, анын кылмыш чөйрөсүнө катыштыгы бардыгы аныкталганы атыптыр. Атүгүл ага караштуу "каралар" четинен кылтакка илине баштады дейт. "Кара дүйнөнүн" даамын таткан депутаттарды изилдей берсе, парламенттеги биртоп фигуранын карааны калдайып чыгат го, ыя?

Айтпадык беле!


Өткөндө төрт депутатты мандатынан ажыратуу сунушу парламентке келип түшөрүн жазган элек. Оозго сала бергендей эле ЖоКенин шаршембидеги жыйынында Башпрокуратура депутат Исхак Пирматовду жоопкерчиликке тартуу үчүн мандатынан ажыратуу сунушун жар салды. Эми дагы үч депутаттын кол тийбестигин алуу маселеси каралары каңкууланууда. Ал эми бизге белгилүү маалыматка караганда, өкмөт курамындагы үч министрдин башына кара булут айланып калган имиш. Аларды атайын кызмат же финпол айласын алты кетирип атканы азырынча белгисиз. Ток этери, ашынган алкымдын айынан темир торго тыгылуу коркунучуна кептелген министрлердин ысымы жакын арада ачыкка чыгышы ыктымал.

Байзаков байкабай калдыбы же Мамытов калп айттыбы?


Шаршембиде эл өкүлдөрү Жаза өтөө мамлекеттик кызматынын башчысы Шейшенбек Байзаковду бюджеттик каражаттан 4 млн. сомду максатсыз жумшаган, кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыптап чыгышты. Буга удаа эле "ар-намысчы" Токон Мамытов Ш.Байзаковдун камакта жаткан айтылуу Роза Рыкуновага ар түнү жолугуп, аны менен иштешип атканын жар салды. Токтоно албаган Токон мырза "сот али бүтө элек, ал кайсы максат менен ал жакка кирип атат? Абактардагы мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөө прокуратурасы муну такташ керек" деп жарылды. ЖАМК башчысы болсо муну азырынча төгүндөй элек. Деги чын болбогой эле.

Кулматов кудайды караса


Өткөн жумада бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбек Кулматов актаныппы же мактаныппы, бул кызматта коррупция жок деп алакан жайды. Эске салсак, Темир Сариев убактылуу өкмөттө финансы министри болуп турганда, агездеги финпол жетекчиси Эркин Булекбаев журналисттердин көзүнчө бажы кызматындагы "серый схемаларды" айтып баштаган. Ошондо ордунан атып турган Кубанычбек мырза аттап-буттап Темир мырзага жетип, кулагына бир нерсе шыбырай салып жыйынды токтоттурган. Бул го өттү дейли. А Торугарттагы бажычылардын ары-бери өткөн кытай машинелеринен сааган акчаларды, өзүнүн "долясын" Кулматов мырза кайда катат? Айына миллиондорду Ак үйдүн 7-кабатындагы үлкөнгө жеткирип берип турары чынбы? Же биз чубай баштаганда чуркайсызбы?

Карамушкина кыргызча сайрайт


Социал-демократчы депутат Ирина Карамушкинага асылгандардын саны арбыды. Койгон кинелери: кыргыздын калпагын мазактайт, тилин, дилин сыйлабайт. Мындай сындарга Ирина айым катуу териккен белем, атайын адис жалдап кыргыз тилин үйрөнүп атыптыр. Карамушкина жакында кыргызча сайрап, түш жоруп калса таңкалбай эле коелу.
"Жаңы Агым" - пресс





Бириң кайың, бириң тал…

Башпрокуратура саясый заказ аткара баштадыбы?


Башпрокуратура "Республика" фракциясынын депутаты Исхак Пирматовду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча парламентке сунуштама жөнөткөнү шаршемби күнү маалым болду. Буга байланыштуу парламентте атайын депутаттык комиссия түзүлдү. Комиссия бир ай аралыгында иликтөө жүргүзүп, конкреттүү жыйынтык чыгарышы абзел. Ошого жараша Пирматовду кол тийбестик укугунан ажыратуу маселеси парламент жыйынында талкууланып анан добушка коюлмакчы.


Башпрокуратуранын расмий маалыматына ылайык, Исхак Айтбаевичке Кылмыш-Жаза кодексинин 173-беренесинин (алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу аркылуу мүлктүк зыян келтирүү) жана 221-беренесинин (коммерциялык уюмдардын кызматчыларынын өз ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши ачылган. Эске салсак, кылмыш иши Исхак мырзанын 2008-2010-жылдары "Кыргызнефтегаз" ишканасын жетектеген мезгилине байланыштуу козголууда.
Ал ортодо интернет-сайттардын биринде Башпрокуратура тарабынан ЖоКедеги дагы үч депутатка кылмыш иши козголгону жарыяланды. Алар: "Ата журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев , ушул эле партиядан депутаттар Нариман Түлеев менен Нурлан Сулайманов . Кечирээк Башпрокуратура мындай маалымат чындыкка жатпастыгын билдирип чыкты. Ал эми ага чейин жарыяланып кеткен маалыматтар боюнча, Камчыбек Кыдыршаевич Өзгөчө кырдаалдар министри болуп турган кезинде база куруу үчүн берилген жерди менчиктештирип алды деп шектелсе, Нариман Ташполотович кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деп айыпталса, Нурлан мырзанын транспорт министри кезиндеги ишмердүүлүгүнөн финансылык мыйзам бузуу фактылары табылганы айтылат. Андыктан, келерки жумаларда ысымы аталган эл өкүлдөрүн кол тийбестик укугунан ажыратуу сунушу парламентке түшүшү ыктымал. Мындан сырткары, дагы эки депутат укук коргоо органдарынын "кара тизмесине" кошулушу мүмкүн.
Төмөндө кылмыш иши козголгон жана кылмыш иши ачылышы мүмкүн делген эл өкүлдөрүнө кайрылып пикирин угууга аракет жасадык. Баса, "ата журтчу" депутат Нурлан Сулайманов ооруп үйүндө жаткандыгына байланыштуу байланыша албадык.
Камчыбек ТАШИЕВ, ЖК депутаты, "Ата журт" фракциясынын лидери:
"Башпрокуратура үчүн дайым даярмын"
- Эгер Башпрокуратуранын суроолору болсо мен дайыма жооп берүүгө даярмын. Ага менин депутаттык мандатым тоскоолдук кылбайт. Суракка алуу үчүн кол тийбестик укугунан ажыратыш керек деген туура эмес.
- Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектеген кезиңизде финансылык махинацияларды жасап, жерлерди менчиктештиргениңиз айтылууда?
- Мен мамлекеттен бир сотых дагы жер менчиктештирген эмесмин. Мамлекеттин акчасын уурдаган эмесмин. Бул сөзүмө жооп бере алам.
Менин оппозициялык ишмердүүлүгүмө байланыштуу ушинтип коркутуп-үркүтүп коелу дешсе керек. Бирок мен коркпойм. Ар бир саясатчы мындай сыноолордон өтүшү керек деп ойлойм.
(Уландысы 3-бетте)













??.??