presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар




Мезгил өтө берет, оомат кете берет экен. Дегеним, 25 жылдан ашык убакытта канчалаган спортчулардын доору өтсө да ошол азаматтарыбыз менен кошо чет өлкөгө чыгып, алардын ийгиликтерин же тескерисинче көйгөйлөрүн маалымат каражаттарында чагылдырып келе жаткан журналисттер саналуу. Ошолордун көрүнүктүүсү, акыркы жылдары "Азаттык" радиосунда иштеп жүргөн Кабыл Макешов бизде конокто. Кабыл мырза өкмөт кылбаган нерсени жеке демилгеси менен өзү ишке ашырып, кыргыз спортунун энциклопедиясын чыгарыптыр.

Кабыл МАКЕШОВ:

"Ысык-Көлдө олимпиадалык комплекс салсак далай проблема чечилмек"


- Кабыл байке, тарыхка жазылып кала турган чоң иш жасаптырсыз. Энциклопедия чыгаруу идеясы качан пайда болду жана кантип жүзөгө ашырдыңыз?
- Спорттун арты менен алты олимпиада, алты Азия оюндарына бардым. Чет жакта жүргөндө алардын энциклопедияларын көрүп жүрдүм. Көпчүлүк учурда спорттук ведомствонун жалпы коллективи же өкмөт чыгарышат экен. Бизде колго алынбагандыктан 3-4 жылдан бери материал чогулттум. "А"дан "Я"га чейинки спорт энциклопедиясы керек деп кимге гана кайрылбадым. Акыры өз күчүм менен аракет көрө баштадым. Китеп 3-4 ай версткаланды. Ар бир спортчу, машыктыруучунун артынан чуркап жүрүп араң маалымат чогулттум. Федерацияларга айтсам көп көңүл бурушпады. Кандай нерсе жаратат деп ишенбегендей мамиле кылышты. Спорт агенттиги бир да инсан жөнүндө маалымат таап бере албады. Олимпиада комитети өздөрү жөнүндө жазууну каалашты. Жалпы спорт тууралуу десем анча кызыгышпады. Былтыр 50гө чыктым. Ошого өзүмө отчет берүү катары ушул китеп үстүндө иштедим. "Замандаш" ассоциациясынын азыркы президенти, кыргыздын патриот уулдарынын бири маркум Мухтар Өмүракуновдун агасы Эмилбек Өмүракунов 2 миң доллар кошумча берди. ЖК депутаты, "Аю" фирмасынын башчысы, күрөш федерациясынын жетекчиси Шаршенбек Абдукеримов миң доллардан ашыгыраак салым кылды. Спорт агенттиги 50 миң сом чогултуп беришти. Жалпы чыгым 14 миң доллар болду. Машинемди күрөөгө коюп банктан кредит алдым. Китепти баскан "Турар" басмаканасы жеңилдик берди. Китеп басылып чыгып, сатылгандан кийин төлөп берүүгө макул болушту. Болгону миң даана чыгардык.
Аны киргизип коюпсуң, муну эмнеге киргизбедиң деген талаштар болду. Мисалы, Максим Бакиев менен Айдар Акаевди эмнеге китепке киргиздиң дешет. Максимдин учурунда Канат Бегалиев, Руслан Түмөнбаев ийгилик жаратышты. Аларга машине мингизди. Жаңы килемдерди алып келип федерациянын ирденишине салым кошсо, баарыбир тарых да, киргизүүнү туура көрдүм.
- Китепте сүрөттөр көп болуп, өнүккөн өлкөлөрдүн энциклопедияларынан кем калышпагандай көрүнөт...
- Ар бир тамга бүткөндө сүрөттөр менен коштодум. Өмүр баяны кирбей калса да сүрөтү киргендер бар. Кагазы да кымбат. Бул китепти чыгаруунун негизги максаты пайда табуу эмес, өзүмө өзүм отчет берүү жана чет жакка барганда көрсөткөнгө уят болбогонго аракет кылдым. Өзбектер, казактардын алдында башыбызды шылкыйтпоонун аракети болду. Аларда мындай энциклопедияларды мамлекеттик ведомстволор чыгарган. А бизде эч ким кызыкдар болбогондуктан патриоттук сезим менен өзүм киришкем. Казактардыкы бир түстө эле. Биз деле аларга уялбай көрсөтө тургандай болсок жакшы да. Мындан сырткары, "Кыргызстан Олимпиаданын санжыралуу жолунда" деген китебимди аттуу-баштуу эле бирөөгө көрсөтсөм, соавтор бололу деп айтты. Мен болбой койгом. Сиз олимпиадага барбасаңыз кантип автор болмок элеңиз дедим. Ал китепте баары олимпиадаларда жүргөн адамдын баяны катары берилген. Ал мындан чоң китеп болмок. Китепти Каныбек Иманалиевге көрсөткөм. Ал кезде ал "Учкунду" жетектеп турган. Алгач жакшы көңүл бурган эмес эле, кийинчерээк "баягы китебиңизди алып келиңиз авторлору Айдар Акаев, Кабыл Макешов деп чыгарабыз" деп калды. Мен "Азаттыкта" иштесем, Акаевди сындап жүрсөм болбой калат го дедим. Алып келиңиз, сизге жүз китеп берем, калганын биз каалашыбызча чыгарып таратабыз дейт. Ошол кезде Айдар Акаев УОКтун президенти боло калбадыбы беле. Анан Кеминден депутаттыкка коймок. Менин китебимди үгүт иштерине колдонушмак экен. Мен макул болбой койсом Каныбек Иманалиев "Кабыл байке, сиз кийин олимпиада, Азия оюндарына баргыңыз келеби?" дейт. Мен "ай, Каныбек, сен антип коркутпа. Ал жакка бара тургандарды биздин өкмөт чечпейт. Эл аралык олимпиада комитети чечет. Ушул кезге чейин мен бир да жолу мамлекеттин акчасына олимпиадага барган жокмун" дедим. Ошол мезгилде мобу энциклопедиянын 50-60 пайызы даярдалып калган эле. Мен элге пайдалуу нерсе чыгып кете берсин деген максатта энциклопедияны берейин, ошону чыгаргыла десем, "ой, аныңыз толук даяр эмес да" деп болбой койду. Булардан сырткары грек- рим күрөшү, эркин күрөш боюнча китептерим даяр. Бул энциклопедия менин алгачкы чоң эмгектеримден болду. Мен жөн гана радиожурналист эле эмес, жазуу жагынан да өзүмдү көрсөтөйүн дегендеги аракетим. Эми азыр бул китепти көрүп алышып айрым федерациялар биз да өзүбүздүн федерация жөнүндө китеп чыгаралы дедик эле, жардам бериңиз деп кайрылып жатышат.
- 30дан ашуун чет өлкөлөрдү көргөн, бир нече эл аралык мелдештерге күбө болгон адис катары Кыргызстанда кайсы спорттун түрүн оңойураак жол менен көп чыгым кетирбей эл аралык деңгээлге алып чыкса болот деп ойлойсуз?
- Командалык спорттон, айталы футболдон, баскетбол, хоккейден биз чоң ийгиликке жетишибиз кыйын. Азия оюндарынын "В" тобунда медаль алып келгенде жоону жеңип алгандай кубанбадык беле. Анда бизде легионерлер ойногонун көбү айткысы келе бербейт. Ошондо эле топ менен ойнолуучу хоккейде болгону 3 команда катышып, андан колону алсак байгелүү орунга татыдык деп төш кактык. Кикбокстун да баяны ушундай. Эң төмөнкү версия боюнча бул жерден эле жеңген балдарыбыз менен дүйнө чемпиону деп мактанып төш кагып жатабыз да. А чындыгында бизде күрөш түрлөрүнө, айрыкча грек-рим күрөшүнө басым жасаса болот. Канат Бегалиев, Руслан Түмөнбаев, Данияр Көбөновдун ийгиликтеринен кийин бул спортко кызыккандар көбөйдү. Ошондой эле ок атуу спортун өнүктүрсөк болот. Айылдарда ширеңкенин башын ыргыта аткан көзгө атар мергендер көп. Ошолорду спортко тартсак көп ийгилик жаралмак. Мергенчинин тукуму сөзсүз мергенчи болоорун илим далилдеген. Жаа атуу спортун алып чыкса болот. Тарыхта кыргыздын жаачыларынан баары коркуп турушкан. Азыр бизде бул спортто бир кыргыз кыздан башка эч ким жок. Фехтованиени көтөрүүгө көп чыгым кетпейт. Биздин ата-бабаларыбыз кылычта мыкты чабышкандарын жакшы билебиз. Ушул тармактарда дүйнөлүк мелдештер көп. Алардын федерациялары бай жана колдоо да жакшы көрсөтүшөт. Ат спорту бизге жат эмес. Жеңил атлетиканы колдогонго көп каражаттын кереги жок. Мисалы, Сатымкул Жуманазаров деген эмне деген легенда. Анын көрсөткүчүн КМШ өлкөлөрүнөн эч ким жаңырта элек. Кум үстүндөгү волейболдон болгону эки адамды таптайсың. Спорттун бул түрүнөн көп мелдештер өткөрүлөт. Спорттун массалык түрүнөн волейбол менен футзалга көңүл бурушса, каныбызга сиңип калган бул спорт түрлөрү бизге жеңил болмок.
Биз Ысык-Көлдүн мүмкүнчүлүгүн жакшы пайдалана албай жатабыз. Мындай климат Ысык-Көлдөн башка Мексиканын бир жеринде эле бар экен. Европанын айрым өлкөлөрү, Америка континенти спортчуларынын көбүн ошол жакта машыктырышат. Казактар менен орустардын көп спортчулары бизге билдирбей эле эс алуучу катары келип машыгып кетишет. Ысык-Көлгө олимпиадалык комплекс салса жакшы болмок. Жайкысын арабдарды чакырып жерибизди көрсөтсөк, алар эки тараптуу кызматташууга макул болушмак. Аларга болгону жай мезгилинде спортчулары бизде машыгып кеткени эле жетет. Андан сырткары, бизге кыш түшкөндө биздин спортчуларды Арабияга машыгууга жөнөтүү жагы да каралмак. Ошону менен достук мамилелер чыңалып, кызматташуу күчөмөк. Ушул маселеге көбү маани бербей келишет. Андай комплекс салсак, Кыргызстанда Азия оюндарын, дүйнө чемпионаттарын да өткөрө алмакпыз. Дагы бир учур, арабдардын жылкыларын Европада күнүнө 50 доллар төлөп бактырышат. Акыркы мезгилде алардын абасы нымдуураак болуп, жылкылары ийгилик жарата албай жатышыптыр. Ошол жылкыларды сүйлөшүү аркылуу бизге бактырса, айылдагы жигиттербиз күнүнө 20 долларга деле карап беришмек. Өздөрү да дүйнөлүк ат спортуна аралаша алышмак. Ал жакта миллиондор айланаары түшүнүктүү да. Экономиканы, спортту, туризмди көтөрүүнүн концепциясы жок. Жогоруда айтылган жолдор менен деле бутка туруп кетүүгө мүмкүн экенине көбү көңүл бурбай келишкени өкүнүчтүү. Азыр мурда бизден артта жүргөн өлкөлөр кыйла өнүгүп кеткенин айтпасак да түшүнүктүү. Алар жогорудагыдай жолдор менен спортун да, туризмин да, экономикасын да көтөрүп алганын өз көзүбүз менен көрүп жүрөбүз.


Толук аты-жөнү: Макешов Кабыл Асангелдиевич
Туулган күнү: 1961-жыл, 10-сентябрь
Кичи мекени: Нарын облусу, Эчки-Башы айылы
Билими: КУУнун журналистика факультети
Барган олимпиадалары: Атланта, Сидней, Афины, Бээжин жайкы олимпиадаларында жана Солт-Лейк-Сити менен Туринде өткөн кышкы олимпиадалар.
Сыйлыктары: Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, "Дене тарбия жана спорттун отличниги" төш белгиси, Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетинин Олимпиадалык алтын ордени менен сыйланган. 1992, 1996, 1997, 1998, 1999, 2000, 2001, 2006, 2008, 2009, 2010, 2011-жылдары "жылдын мыкты спорт журналисти" деп табылган.
Үй-бүлөсү: үч баланын атасы

Кудрет ТАЙЧАБАРОВ









??.??