presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Билгенден билелегиң көп



Дүйнөнүн жаңы жети керемети кайсылар? Бул суроого "Жаңы ачык дүйнө" деп аталган коммерциялык эмес фонд жооп табууга аракет кылган. Швейцариялык изилдөөчү жана кинорежиссер Бернард Вебер бул демилгени ишке ашырган. Ал 2000-жылы дүйнөнүн жаңы жети кереметин аныктоого арналган сайтты өз акчасына ачкан. Добуш берүүгө дүйнө жүзү боюнча 100 миллиондой адам катышып, алар өз добуштарын СМС жана интернет аркылуу беришкен.


Дүйнөнүн жаңы жети керемети


Жети кереметке кирүү үчүн алгач 77 тарыхый жай атаандашып, 2005-жылдын соңуна карата алардын ичинен атайын комиссия тарабынан 21и тандалып алынган. Ошентип Португалиянын борбору Лиссабондо ысымы дүйнөгө белгилүү жылдыздардын катышуусу менен өткөн салтанатта жарыялангандай, азыркы дүйнөнүн жети керемети катары Улуу Кытай дубалы, Индиядагы Таж-Махал, Италиядагы Колизей (Рим), Иса пайгамбардын Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарындагы эстелиги, байыркы индеецтердин Мексикадагы Чичен-Итца пирамидасы, байыркы инктердин Перудагы Мачу-Пикчу шаарынын урандылары жана Иорданияда ташка чегилген Петра шаары кирген. Эмне үчүн тизмеде Египет пирамидалары жок? Себеби Египеттин жетекчилиги аталган добуш берүүгө катышуудан баш тартышып, пирамидалар эч кандай добуш берүүгө муктаж эмес, ансыз деле керемет деген пикирин билдиришкен. Эске салсак, аталган пирамидалар дүйнөнүн эски жети кереметининин катарына кирчү.
Жети керемет үчүн атаандашуу жана добуш берүүнүн жыйынтыгы көп жерлерде жарандар арасында кызыгуу жаратканы менен, бул аракет ЮНЕСКО уюму тарабынан катуу сынга алынган. Дүйнөнүн жаңы жети кереметин аймактар боюнча бөлүп карасак, үчөө Латын Америкада, экөө Азияда, бирөө Европада, бирөө Жакынкы Чыгышта жайгашкан. Латын Американын үч өлкөсүндө, Индияда, Иорданияда өздөрүнүн тарыхый жайлары жети кереметтин жаңы тизмесине киргендиги тууралуу жаңылык зор кубаныч менен кабыл алынган.
Азыркы дүйнөнүн жети керемети үчүн атаандашкандар арасында Грециядагы Акрополис, Париждеги Эйфел мунарасы, Нью-Йорктогу Эркиндик эстелиги, Сидней операсы, Москва Кремли жана Стамбулдагы Айя София мечити да бар. Дүйнөнүн жети кереметинин тизмеси мындан 2000 жыл ашуун мурда байыркы гректер тарабынан түзүлгөн экен. Ал алгачкы жети кереметтен азыр Египеттеги пирамидалар гана бар. Калгандары жер титирөөдөн же өрттөн улам мындан жүздөгөн жылдар илгери эле кыйраган.
Уланбек ЭГИЗБАЕВ




Алыбызга чактап иш кылбайлыбы

Кыргыз филологиясы европалык стандартка батабы?



Азыркы күндө улуттун тагдыры үчүн өтө маанилүү бир проблема пайда болду. Ал европалык стандарт же болон процесси деп аталат, б.а. эки баскычтуу (бакалавр жана магистратура) билим берүү системасы. Республиканын айрым жогорку окуу жайларында бул жол менен окутуу жүргүзүлүп келген. Негизинде болон системасына өтүүгө математика, физика, техникалык илимдерге кеңири мүмкүнчүлүктөр ачылат, анткени алар дүйнөлүк илимдер. Ал эми улуттук тилдер жана адабияттар бул процесске кошула алабы деген маселе боюнча бирдиктүү көз караш жок. Ал азыр кызуу талкууланып жаткан кез.

Мен интеллигенциянын бир өкүлү катары ушул проблемага байланыштуу өзүмдүн кыскача пикиримди билдирүүнү ниет кылып отурам. Бирок кээде айтылган ой-сунуштарга таарынып, кылтыйып калган мисалдар да бар. Бир кезде улуттук университеттин ректору Ы.Өмүрканов эч кандай окуу планы, программасы жок эле кыргыз филологиясы факультетине "кыргыз таануу" деген адистикти кошо койгондугун туура эмес деп сындап койсом, ал эки жыл бою артымдан түшүп куугунтуктаган эле. Бул ирет андай болбос, анткени маселе талкуу иретинде коюлуп жатпайбы.
Улуттук университеттин ректору Искендер Исамидинов жакында кыргыз филологиясы факультетинин кафедра башчыларын чакырып кеңеш курду. Анда факультеттерди кошуу маселеси каралды. Кыргыз филологиясы факультетинин контракттык бөлүмүнүн каражаты жетпегендиктен, алар орус филологиясы факультетине кошулушу керек экен, анткени тигилер кытайларды окутуп акча таап жатышыптыр. Демек, кыргыз филологиясы факультети орустарга квартирант болушу ыктымал. Мындай ыкманы Каракол, Нарын сыяктуу шаарлардагы карлик факультеттерге колдонуу ылайыктуу. Ал эми быйыл Улуттук университеттин, анын ичинде кыргыз филологиясы факультетинин (ал 1932-жылы ачылган) 80 жылдык юбилейин майрамдаганы жаткан кезде факультеттин атын өчүрүп коюу ылайыксыз болуп турат. Албетте, ректор сунуш кылган жол менен биз бир аз экономикалык утушка жетишибиз мүмкүн, бирок муну менен улуттун жүзүнө, имиджине доо кетирип жатканыбызды эмнегедир ойлонбой отурабыз.
Мен ректор сунуш кылган вариантка макул эместигимди билдирсем, ал казактар да ушинтиптир деп аларды кудай катары бетке кармады. Ырас, казактар болон процессине өтүп, кандидаттык, докторлук диссертацияларды коргоого тыюу салып койгондо алардын илимпоздору нааразы болуп, бирок президентти сыйлагандыктан жер карап күңк-мыңк этип тим болушту.
Ал эми Европада билим берүүдө көп кемчиликтер бар экендигин барып иштеп келгендер айтып жүрүшөт. Мисалы, Кубан Мамбеталиев Батышта өкүлчүлүк кызматта жүрүп, мөөнөтү бүткөн соң кайра келди. Мен андан эмне үчүн ошол жакта эле жазып, коргоп койбодуң десем, ал жакта билим деле анча эмес, бир макала жазып коюп өмүр бою профессор атын алып жүрө беришет деди. Мына эми ал өз өлкөсүнө келген соң докторлук диссертациясын жазып, коргогону жатат. Ал эми Кыргызстанда Советтер союзунун билим берүү системасынын тартиби менен илимий эмгектер жаралып, изденүүчүлөр окумуштуулук даража алып жатышат. Бул ишке абдан катуу талаптар коюла тургандыгы илимий чөйрөгө жакшы белгилүү.
Азыркы мезгилде ансыз да тебеленип калган улуттук тилибиз менен адабиятыбызды "эптеп жашап турушубуз үчүн" курмандыкка чалышыбыз керек окшойт.
Улуттук университеттин ректорунун факультеттерди бириктирүү жөнүндөгү ою сунуш иретинде айтылса да (ал ишке ашып кетиши да мүмкүн) абдан ылайыксыз экенине көзүбүз жетип турат. Биз ага каражат табуунун башка жолдорун айтып кат менен кайрылдык. Мисалы, Улуттук университет жаралгандан бери үч эле проректор (биринчи проректор, окуу, илим жана финансы боюнча проректорлор) иштеп, бардыгына жетишчү. Азыр алардын саны 25-30 миң сом айлык менен 12 болуптур. Эмне десек, юбилейге даярданып жатабыз дешти. Ага факультеттер даярданбайбы, проректорлор эмне кылат. Мисалы, мен билген 2 проректорду айтайын. Педпрактика жана кадрлар боюнча проректорлор. Булардын эч кандай зарылдыгы жок, себеби, педпрактиканы ар бир факультет өзү эле тейлейт, же кадрлар боюнча атайын башкарма бар. Кызматка алуу же кетирүү жөнүндө сөз жүрсө, ага ректор өзү макулдук берет, проректор лаборант алганга да укугу жок. Демек, ал айлык алыш үчүн гана жашап турган бирдеме. Муну айтсак, "иш көп, мен дагы проректорлордун санын көбөйтүшүм керек" дейт. Проректорлорду Билим, илим министрлиги бекитчү эле. Алар эмнеге унчугушпайт? Дагы бир мисал. Факультетте жасалып жаткан иштерге көзөмөл кылып туруш үчүн окуу-инспекциялык башкармалыгы деген структурада көп чиновник аялдар отурат. Так санын билбейт экенмин, бирок бул ишке 7-8 киши эле жетет.
Мурда иштеп кеткен ректор А.Акунов проректорлордун да, окуу бөлүмүндө кызмат кылгандардын санын да абдан кыскарткан эле. Эми ошолордун бардыгы кайра келип орундарына отурушту. Ректорлордун кеңешчилеринин саны да биртоп, алардын айлык алгандары да арбын. Ушулардын бардыгын жолго койсок, жанагы тапканы өзүнө жетпей жаткан кыргыз филологиясы факультетине жардам (дотация иретинде) берилбейт беле. Ал 3 миллионго жакын акча экен.
Парламентке шайлоо жүрүп жаткан кезде негизги претенденттердин бири К.Ташиевдин программасында контракттык окууну жоем деген пункт бар эле. Анткени бул бөлүмдө окугандар сабакка начар катышат, окушпайт да. Деканат "эки" койдурбайт, анткени алар контракт төлөп жатышат. Парламентте илим, билимди тейлеген адамдар отурушат. Алар К.Ташиевден кандай булактардын негизинде контракттык окууну жоем дедиң эле деп консультация алып, эч болбосо улуттун жүзүн аныктаган кыргыз филологиясы факультетин колдоп коюшса кандай жакшы болор эле. Ансыз биздин "кыргыз" атыбыз өчүп, жалпы эле "филология" деген багыт боюнча жашап калганы жатабыз.
Азыр эки баскычтуу окуу системасына көчкөн кезде кыргыз филологиясы факультети көп зыянга учурайт. Негизинде улуттук тил менен адабиятты европалык стандартка өткөрүүнүн зарылдыгы эмне? Андан эчтеме деле утпайбыз. Окуунун сапаты да көтөрүлүп кетпейт. Ошондуктан биздин факультет 4 жана 5 жылдык окуу системасын катар колдонсок деп сунуш берип жатабыз. Университеттин комиссиясы ага кандай карайт? Өкмөттүк чечим бар, башты оорутпагыла деп коюшу да мүмкүн. Антсе, жетим баладай болуп томсоруп отуруп калабыз да.
Урматтуу кесиптештер! Ой бөлүшөлү. Эгер мен жаңылышып жаткан болсом аны айткыла, далилдегиле. Негизинде "кеңешип кескен бармак оорубайт" дейт эмеспи.
Абдыкадыр САДЫКОВ, филология илиминин доктору, профессор, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, КР илимине эмгек сиңирген ишмер, мамлекеттик сыйлыктын лауреаты









??.??