presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Балалуу үй базар

Бири ыйласа экөө коштогон үч эм



Мурда өлкөбүздө үч эм төрөлүптүр деген жаңылык таңгалууну жаратса, азыр кубаныч менен гана коштоло турган болду. Москва районунун Беш-Көрүк айылынын тургундары, 33 жаштагы Бердибек менен жубайы 27 жаштагы Элеоноранын чечекейи чеч боло, жаш болсок да беш баланын ата-энеси болдук деп кубанып турган кездери. Анткени Элеонора эки баласынан кийин үчүнчүсүн үч эм төрөдү.

Элеонора ЖАМАНКУЛОВА:

"Балдардын жоопкерчилигинен чочулап турам"


- УЗИ алдын-ала үч эм экенин көрсөтсө моралдык жактан даяр болгон экенсиз да?
- Кээ бири Кудайдан тилеп же жасалма жол менен эгиз баланы боюна бүтүрүшөт экен. Мен үч эм төрөсөм деп дегдеген деле эмесмин. Ошентсе да УЗИ аныктаганда бир чети кубандым, бир чети таңкалдым. Сыртка чыгып эле эжеме чалсам ал да ишенген жок. Кээ бири үч эми жок эле чоң бала төрөйсүң го деп коюшчу. Негизи үч биздин каныбызда бар. Атамдын агасынын Сымбат, Кымбат, Кубат деген эм балдары бар. Азыр алар бой жетип турмуш курушту. Кош бойлуу кезимде кыйналган деле жокмун, көз жаргыча жаным тынбай оокат кылып жүрдүм. Доктурдун колу жеңил экен, 27-январь күнү кечки саат алтыларда №6 республикалык төрөт үйүндө көз жардым. Балдарымдын ден соолугу жакшы экенин аныкташкандан кийин үйгө чыгарышты. Азыр жергиликтүү дарыгерибиз келип көзөмөлдөп турат.
- Төрөт үйүнөн чыгып келгенде уул-кызыңыз чочулаган жокпу?
- Улуу балам Абубакир 6 жашта, кызым София 3 жашта. Экөө тең эрке. Биринин артынан бирибиз бала көтөрүп чубалып кирип жатсак кызымдын оозу ачылып калыптыр. Уулум болсо маани деле берген жок. Экөөнө мурдакыдай көңүл бура албай бир аз кызганып жатышкан. Азыр көнүп калышты, колдорунан кармалап айланчыктап турушат.
- Кыргызда баланы ким карайт деген маселе жокко эсе. Туугандарыңыз үйрүлүп түшүп жатса керек?
- Кайненем да, өз апам да маңдайымда. Күндүз билинбейт, түнкүсүн ыйлабай тынч жатса да астын үч саат сайын алмаштырып туруш керек. Мени аяп туугандарым кезектешип жардам берип жатышат. Буга чейин абысыным жардам берип келген. Мен төрөт үйүнөн чыккан күнү анын эшигинин алдына жаңы төрөлгөн ымыркай таштап кетишиптир. Ошентип ал абысыным орто жолдон кыздуу болуп өз түйшүгүн тартып жатат. Үч эмдин кызык жери, бирөө ыйласа экөө коштоп күчөп ыйлашат экен. Бирөө кыйналып ооруса, экөө тең чыргоо болот деп доктурлар түшүндүрүп беришти.
- Жашоо-шартыңар кандай? Жолдошуңуз эмне иш кылат?
- Москва районундагы Беш-Көрүк айылында кайнагабыздын үйүндө турабыз. Жер иштетип, мал-жан кармап тиричилик кылуудабыз. Жолдошумдун туруктуу иштеген иши жок. Азыр ымыркайлар сууктан ооруп калбасын деп үч айга шарты бар үйдөн батирге чыктык. Эми балдарды жакшылап чоңойтуу милдети турат. Аман-эсен көз жарганыма сүйүнүп башында маани берген эмесин, азыр балдардын жоопкерчилигинен чочулап турам.

Беш күндөн кийин кыркы чыга турган үч эмдин салмагында беш жүз грамм, бойлорунда бир сантиметрден айырма бар.
Исмаилдин (биринчи төрөлгөн) салмагы - 1,65 кг, бою - 43 см
Латифанын салмагы - 1,55 кг, бою - 42 см
Ханифанын салмагы - 1,50 кг, бою - 41 см
Үчөөнүн арасынан чыры көбүрөөгү Латифа экен. Чукуранып ыйлап берки экөөнү да ойготот. Үйдөгүлөр аны тамашалап "коңгуроо" деп атап алышкан.

Үч эмдин орточо чыгымы
Азыр балдардын эмчек эмгенге каруусу жок. Бир аз эмгенде эле көгөрүп чыгышат. Ошондуктан Элеонора күнүгө эмчек сүтүн саап берет.
Ар бири эки-үч саат сайын 30 граммдан сүт ичишет.
1 граммдан витамин берип туруу керек. Кутучасы 720 сом.
Памперсти бир күндө 3-4 ирет алмаштырышат. Анысы 345 сом турат.

Үч эм эмес бир баланын түйшүгү тартып, аны багып-өстүрүү канчалык оор экени айтпаса да белгилүү. Иштеген иши жок болсо да бир эмес беш баланы багып жаткан Бердибек менен Элеоноранын эрдигине тан бердик. Балдарымдын башы аман болсо башкасы табылат деп өздөрүнө ишенип жаткан ата-эне бардык кыйынчылыктарды жеңет деген ойдобуз.

Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА




Президент менен бетме бет

Оштук ишкерлер күн жылыганда нааразылык акциясына чыгышы мүмкүн



Расмий маалыматка караганда, 2010-жылкы июнь коогалаңында түштүк жергесинин 2101 ишкери айрыкча жапа чегип, алар жалпысынан 2 млрд. 296 миллион сомдук зыян тартышкан. Алардын чоң-кичине ишканалары таланып-тонолуп, көпчүлүгү бүлгүнгө учураган. Тилекке каршы, ушул убакка дейре мамлекет тарабынан жабыркагандарга жетишээрлик камкордук көрүлө элек. Бул туурасында президент Алмазбек Атамбаевдин Ош жергесинин ишкерлери менен жолугушуу убагында айтылды.

Ош шаарындагы жолугушууда июнь коогалаңынан жапа чеккен ишкерлер аларга карата өкмөттүн камкордугунун чабалдыгын баса белгилешти. Ошол эле учурда ыксыз текшерүүлөрдүн улам арбып бараткандыгына даттанышты.

Нуралы БАЙТЕМИРОВ, "Эрдем" коомдук бирикмесинин төрагасы:
- Мен дал ошол коогалаңда өзгөчө жабыркаган ишкерлердин уюмун жетектейм. Былтыр 4-5-майда сүйлөшкөнүбүздө Алмазбек Атамбаев өкмөт башчысы эле. Ал ар бирибизге 50 миң сомдон кайтарымсыз компенсация, он жылдык мөөнөткө 150 миң сомдон ссуда берүүнү убада кылган. Буга улай үстөк пайызды 14төн төмөндөтүп, айып төлөөнү таптакыр токтоттурам деген. Балээниби? Мына, "Байтүшүм" компаниясы, ошондой эле мурдагы "АзияУниверсалбанк" ишкерлерди канкакшатып үстөк пайызды асмандатып, айып пулду ого бетер көтөрүп салышты. Ушул тапта 400дөн ашуун кесиптешим бирде Ош облус губернаторунун, бирде Ош шаар мэринин эшигин жыртып жаман көрүнүп бүттүк. Маселебиз качан чечилет? Дале күңүрт бойдон турат. Айлабыз таптакыр куруганда ишкерлер күн кичине жылыганда, тактап айтканда, жазга маал нааразычылык акциясын күчөтөбүз деп отурушат.

Күмүшай БЕЧЕЛОВА, ишкер:
- Өзгөн районунан келип Ош шаарындагы борбордук базарда кийим-кече сатчумун. Коогалаң убагында 480 миң сомдук товарым таланып-тонолуп, дүкөнүмдү өрттөп ташташкан. Кайрылбаган жерим калган жок. Сүйлөшүп алгансып баарынын жообу бир - азырынча кылмыштын учугу табыла элек. Мага окшоп канчалаган ишкерлер күйүп кетишти. Бирине дагы ушул убакка дейре өкмөт олуттуу жардам көрсөтө элек. Мен деле акыры баарынан үмүтүмдү үзүп, төрт баламды багып, өлбөстүн күнүн көрүп моминтип үйдө отурам.

Калысбү АЙТИЕВА, ишкер:
- 2010-жылкы коогалаңдын азабын ушул биз гана тарттык. Жалпысынан 2941 ишкер элек. Өкмөт өкүлдөрү алдап-соолап 50 миң сомдон кайтарымсыз компенсация төлөштү да, куйругун түйүштү. Анан биринчи агым, экинчи агым деп бир балээни ойлоп табышып айлабызды таптакыр курутушту. Көбүбүздүн товарларыбыз түгүл документтерибиз да өрттөнүп кетпедиби. Ушунун айынан банктарга үстөк пайыз төлөп, айрымдарыбыз күрөөгө коюлган үйлөрүбүздү, башка баалуу мүлктөрүбүздү мамлекеттик рэкеттерге тарттырып ийдик.

Гүлсина ТАБАКАЛОВА, Ош шаарынын тургуну:
- 2010-жылкы июнь коогалаңын­да товарларыбызды бүт уурдатып ийгенбиз. Орточо 50 миң сомдук жоготууга кабылдым. Ошону эмдигиче калыбына келтирише элек. Өкмөт жабыркагандарга жардамдашып жаткан экен, бирок мен анын бирин да көрө элекмин. Угушума караганда, "Кызыл чырым" жана башка эл аралык уюмдар жабыркагандарга катуу каралашыптыр. Анысынан деле эмдигиче дайын жок. Ишенесиздерби, ушул тапта соодамды улантканга сокур тыйын жок үйдө кезерип отурам. Өлө кыйналып турган чагыбыз. Жалгыз студент уулум бар. Анын контракт акысын төлөй албагандыктан бечара уулум окуусун таштап койду.
Айтмакчы, жолугушуунун катышуучулары өкмөт чукул арада каралашпаса, оштук ишкерлердин айласы ушул күндө таптакыр куруп тургандыгын жашырышкан жок.
Кайрадан кепке кошулган "Эрдем" коомдук бирикмесинин төрагасы Нуралы БАЙТЕМИРОВ бийлик бизнеске көңүл бура турган мезгил эми келгендигин баса белгиледи:
- Биз коомчулукту экономикалык жана саясый кризистен алып чыгуунун биргелешкен чечимдерин азыр иштеп чыгууга тийишпиз. Элде айтылат эмеспи, ким кааласа сөзсүз эбин табат, каалабаса акыры шылтоо табылат деп. Учурда узак мөөнөттүү жана жеңилдетилген кредиттерге абдан муктажбыз. Анткени мурдагы жылкы коогалаңдан ар бир жаран, атүгүл Оштогу ар бир үй-бүлө түз жана кыйыр түрдө жабыр жабыр тартты. Ооба, мамлекет жабыркагандарга бүгүн-эртең арзыбаган акча бөлүшү ыктымал. Андан ары кантишет? Бул жерде отургандардын басымдуулугу мени кубаттайт деп бекем ишенем, себеби биздин банктардан кредит алуу дегеле мүмкүн эмес. Анүчүн эбегейсиз үстөк пайызын айт, жол-жоболору андан бешбетер. Аны бүтүргүчө сезон деле аяктайт. Тилекке каршы, банкта иштегендерди мындай жагдай дегеле кызыктырбайт. Алар акчаны өз маалында төлөөнү гана талап кылып кыйнашат. Ошол себептүү бизнесмендер айланта турган акчаларын көбүнесе кредитке жумшап, алакан жайып отуруп калышууда.
Баарына дыкат кулак салып отурган президент Алмазбек Атамбаев маселени чечүүнүн ыңгайлуу жолун сунуш этти.
- Өлкөдө ишкерлерге ылайыктуу жана тез арада кредит бере турган атайын банк уюштурууну көздөп жатабыз, - деп убада кылды президент Алмазбек Атамбаев. - Ал негизинен экономикалык мүнөздөгү долбоорлорду гана каржылайт. Ушунун өзү Ош окуясынан жабыркагандарга да чоң мүмкүнчүлүк ачат го деген терең үмүттөмүн. Ал эми сиздердин көйгөйдү сөзсүз чечебиз. Бирок бизге кайрылгандардын тизмеси абдан дыкат текшерилмекчи. Себеби, ушул учурдан коррупциялык элементтер куп пайдаланышы дагы толук ыктымал.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, Ош шаары, өз кабарчы,









??.??