presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Гүлзада Рыскулова:

"Ырчы болуу үчүн КТРКга жумушка киргем"


"Мен кыргыздын кызымын" деген ырды аткарып сахнага өзгөчө үнү менен улуттук колориттеги стилди карманып Гүлзада Рыскулова кирип келди. Бул чыгармасы дароо хитке айланып, тажабай уга турган чыгармалардын бири болуп калды. Байыркы кыргыздарды эске салган ырчы кыз өзүнүн жеке жашоосу тууралуу көп айта бербейт. Элге таанылып калган адамдардын чыгармачылыгы гана күйөрмандарын кызыктырса деп эсептейт. Ошол себептенби көп эле маалымат каражаттарына чыгып, көрүнө бергиси келбейт. Мен кыргыздын уулумун деп жатып маек куруп бергенге араң көндүрдүк.



- Ырчы болуу тилегиңиз качан пайда болду? Сахнага кечирээк келип калдым деп ойлобойсузбу?
- Сахнага учуру келгенде эле чыктым окшойт. Жаш кезимден эле көпчүлүк кыздар сыяктуу күзгүнүн алдында туруп алып ырдап ырчы болгум келчү. Ал үчүн атайын Ош педогогикалык окуу жайдын музыка бөлүмүн аяктадым. Бирок, ыңгайын таппай отуруп ушул убакка келди. Ар бир нерсенин өзүнө буйруган убактысы болгондуктан мен эч убакта бир нерсени кеч же эрте деп айта албайм.
- Дароо эле хитке айланып кеткен "Мен кыргыздын кызымын" деген ырыңыз кантип жаралды эле?
- 2007-жылы Ошто өз үйүмдө жүргөндө эмнегедир ушул обон кулагыма угула берди. Жалгыз калганда да жанагы "мен кыргыздын кызымын" деген кайрыгы кайра-кайра угулуп туруп алды. Бул нерсе жөн болбосо керек деп обонду андан ары иштеп, өзүмдө багып жүрүп ыр жазууну чечтим. 2-3 акынга сөзүн жазып бериңиз деп кайрылсам анча окшошподу. Анан өзүмдүн курбу кызым Шахзада Апсаматовага угузсам ал дагы дароо келген илхам менен бат эле ырды жазып салды. Алгач радиолорго бергенде бул ырды көбү түшүнө бербеди. Биз клипти тарта баштаган учурда Ош окуясы башталып кетип ишибиз токтоп калган. Тынчтык өкүм сүргөндө клип тартууну кайра улантып аягына чейин тарттык. Ошол учурда элге ушундай ыр керек болуп тургандай бат эле сиңип кетти. Клипти өзүмдүн кичи мекенимде, Өзгөндүн Чымбай айылынын адырларында тарттык. Режиссеру да өзүмдүн айылдашым Съездбек Жолдошов деген жигит чыгармачылык менен мамиле жасап жакшы аракеттенди. Көп чыгым деле кеткен жок. Көрсө, биздин ата-бабаларыбыз колдонуп жүргөн нерселердин өзү эле кооздук жаратып турат тура. Илгери чоң энем кийген кийимдер, кыргыздын жаасы, ат жабдыктар негизги жасалгабыз болуп берди.
- Ат чаап, жаа атууну клипти тартууда үйрөндүңүзбү же мурда алек болчу белеңиз?
- Чынын айтсам, ат чабууга мурда такыр кызыкчу эмесмин. Клип тартып бүткөндөн кийин ат жалында шамалдап, өзүмдү учуп бараткан шумкардай элестетким келип калды. Аттар катышкан иш-чара болсо кандай гана шарттар болбосун сөзсүз барам. Жетерим менен бирөөнүн атын сурап чаптырып келем. Тойбой калып дагы бир жолу кантип сурайм деп ойлонуп калам. Ал эми жаа атуу боюнча айтсам, бизде спорттун бул түрүнөн эмнеге чыгышпаганына таңкалдым. Мындай карасаң көп деле чыгым кетпечүдөй. Машыгууга деле көп убакыттын кереги жок экен. Клип тартуу учурунда эле менин жебелерим кээде бутага таамай тийип, көпчүлүк учурда жакындашып жатты. Биздин балдарды деле көңүл буруп машыктырса бул спорттон дүйнөдө алдыңкы орунга чыкса болчудай. Жаа атуу биздин каныбызда бар эмеспи.
- Үнүңүз башынан ушундайбы же ырыңызга жараштырып ушинтип ырдайсызбы?
- Ушул ырдын обонуна жараша үнүм калыптанды десем да болот. Биздин каныбызда ошол обон сыяктуу баалуулуктарыбыз сакталгандыктан бул ыр мага аяндай ойдо жок жерден пайда болду. Мунун бир кандайдыр сыры, колдоочусу бардай сезиле берет. Элге сиңип кеткени да ошондон го.
- Бул ырга обон чыгаруу биринчи жолку аракетиңизби?
- Буга чейин атайын конкурска катышуу үчүн Жеңижок акындын "Дүнүйө" деген дастанына обон чыгарып конкурска катышып, сахнага алгачкы ирет чыккам. Ал узагыраак чыгарма болгон үчүн элге анча жетпей калды окшойт.
- Элге сиңген чыгармаңыз сиздин мындан аркы чыгармачылык сапарыңыздагы багытты аныктап койду окшойт?
- Бир эле стилде кармалып калбайм. Элдин табити ар кандай болгондуктан чыгармачыл адамдар өзгөрүлүп турса жарашат. Буюрса кийин убагы келгенде концерт берип, 3-4 бөлүктөн турган ар тармактагы, ар жанрдагы чыгармаларды аткарсам деп тилек кылам.
- "Евразия жылдызы" долбоорунун тандап алуу турунда Гүлжигит Калыков менен бирдей упай топтоп мактоолорго татыдыңыз эле. Негизи эле бул долбоорго көз карашыңыз кандай?
- Бул долбоор эл аралык мамилелерди чыңдаган, кызматташтык алакаларды, достукту бекемдеген жакшы демилге болду. Мунун түпкү максаты жакшы. "Евразия жылдызында" ар бир улуттун эл сыймыктанган жакшы ырлары жаңырды. Өзүм жөнүндө айтсам, буга чейин бизде өткөрүлүп келген бир нече конкурска катышып көрдүм. Жыйынтыгында кубанарлык нерсе болбой калып жатты. Бирок мен Кыргызстандагы конкурстарга канааттанган жокмун. Калыстык жоктой сезилет. Ошондой учурда "Евразия жылдызына" катышкым келбей жатып, бирок долбоордун масштабы анын калыс өтүшүнө шарт түзөөрүнө ишендим.
- Эгер Гүлжигит эмес сизди жибергенде башка тилде эркин ырдап, өзүңүздү көрсөтө алат белеңиз?
- Өзүмө ишенбегенде бул долбоорго кадам таштабайт элем. Түрк тилдеринин түбү бир болгондуктан бизге көп деле кыйынчылык жаратпайт. Биздин этникалык чыгармаларыбызды түрк элдери жакшы кабыл алаарын көрүп жүрөм. Түрк дүйнөсүндө көп ырдап келем. Көрүүчүлөр аябай кызыгуу менен жакшы кабыл алышат. Биз бир нече ирет ал жакка бардык. Жакында да Кипрде, Стамбулда, Анкарада ырдаганга даярданып жатабыз. Жыйынтык начар болмок деп ойлобойм, ошентсе да Гүлжигиттин жеңишине кубандым. Калыстык кылып келген Челик мырза мага жакшы баасын бериптир. "Манас" радиосунун жетекчиси кийин мага Челик мырза сиздин ырдаганыңызды аябай жактырып, кийинчерээк иштешсекпи деген оюн да айтты деп билдирди. Ошондой пикирлердин болгону жаман эмес деп ойлойм.


- Түркияда кандай иш-чарага катышасыз?
- Нооруз майрамына карата уюштурулган салтанатта ырдайбыз. Мен түрктөрдүн ырын кыргыздын комузу менен ырдайм. Ал жакка өзүм ырдап жүргөн "Ордо сахна" тобу менен барабыз.
- "Ордо сахна" тобуна кандайча барып калдыңыз?
- Бул топтун Москвадагы концертин теледен бергенде ушул топто ырдасам деп кыялданып койдум эле. Кийин мүмкүнчүлүк болуп калып ошол топтун ырчысы болуп калдым.
- Музыкалык аспаптарда ойной бересизби?
- Негизи мен баян бөлүмүнөн билим алгам. Мүмкүнчүлүк жок болгондуктан көптөн бери ойнобой келгем. Эми колума алып бүт чыгармаларымды баянда ырдап көрсөмбү деп ойлоп жатам.
- Мурда чоң сахнаны аттай элегиңизде сизди журналист катары көрчү элек...
- Негизи ырчылык кыялымды орундатуу үчүн баарына даяр жүргөм. Эмнегедир КТРКга кирсең эле ырчы болуп кетчүдөй сезиле берчү. Телеге кандай гана жумуш болсо да кирип, ошол жактан чыгармачылыкка жол табууга ниеттенип жүргөм. Бир күнү радиого алып баруучулукка кастинг жарыяланып калды. Катышып өтүп кеттим. Заманбап журналистикада алып баруучу эле эмес материал даярдоо да актуалдуу болгондуктан, улуттук радионун маалымат бөлүмүндө иштеп жүрдүм. Ачык айтсам, мага журналистика жагып калды. Ал жерде бир жарым жылдай иштеп, элге журналист катары да аз да болсо таанылып калдым. Негизги максатым ырчы болуу болгондуктан, баарына көзүм жетип калганда бул кесипти таштоого туура келди.
- Чыгармачылыгыңызга ким колдоо көрсөтүп келет? Продюсер менен иштешүүгө кандай карайсыз?
- Продюсер менен иштешүү жакында эле пайда болбодубу. Бизде бул нерсе мурда жок эле. Менин чыгармачылыгыма өзүмдүн бир тууган эжем колдоо көрсөтөт. Анын чакан бизнеси бар. Мага материалдык да, моралдык да колдоо бергени үчүн мен ага аябай ыраазымын.
- Ата-энеңиз ырчы болгонуңузга кандай карады?
- Апам башынан эле колдоп келет. Атам көпкө чейин мени олуттуу кесипти аркалашымды каалап жүрдү. Ага менин журналист болгонум жакса керек эле. Кийинчерээк эл оозуна алынып, ырларым белгилүү боло баштаганда өзүнүн пикирин айтып, ар бир кадамымды баалап, кеңешин айта баштады. Мен беш бир туугандын экинчисимин. Ата-энем айылда, ардактуу эс алууда. Атам бухгалтер болуп эмгектенчү, апам бала бакчаны жетектеген тарбиячы эле. Бир туугандарымдын баары үйлүү-жайлуу, балалуу чакалуу болуп калышкандыктан, арабыздан бир чыгармачыл адам чыкса эмне экен дегендей түшүнүү менен кабыл алышып, колдоп турушат.
Кудрет ТАЙЧАБАРОВ












??.??