27.01.12 - 2-бет: Акун кимдин адвокаты?
Акыркы кезде гезит, теле, радиодо бир "мега звезда" пайда болду, Турсунбек Акун деген. Түрмөгө кирсе жалаң "общак" менен сүйлөшөт, сыртка чыгып эле бийликке алардын талабын коет да, Жаза аткаруу мамкызматынын жетекчиси Шейшенбек Байзаковдун ишин сындап жатып калат.
Ошон үчүн Турсунбек Акунга суроо: коомчулуктун укугу, коопсуздугу жогору турабы же ар кандай кылмыш менен абакта отургандардын укугу жогору турабы? Эмне үчүн эркиндиги чектелген адамдардын укугун асманга чыгарып, мыйзам бузбагандардын укугуна, коопсуздугуна коркунуч келтирип жатасыңар? Ушу жумада айрым гезиттер Турсунбек Акундун "Азия курулуш" корпорациясынын экс-төрайымы Адина Турдубаевадан 8 миң доллар алганын жазып чыгышты. Мунун канчалык чындыгы бар? Балким Акун түрмөдөгүлөргө жөн эле адвокат болуп атпагандыр…

Акылбекке эми кантип ишенебиз?
Андагы "ар-намысчы" депутат, азыркы финансы министри Акылбек Жапаров былтыр жыл башында журналисттердин башын кошкон фонд ачкан. Майрам сайын сыйлап, биртоп иштерди жарыя айтып калемгерлерди сүйүнтүп койгон эле. Акылбектин ошондой иштеринин бири - журналисттик мыкты чыгармаларга жарыяланган конкурс, ага 70 миң сомдон баштап коюлган байге болчу. Шарт боюнча конкурс жыйынтыгы 7-ноябрда же жыл аягына чейин чыкмак. Бирок Акылбектин ырайымын күткөн бир кучак журналисттик макалалар ушу тапта томсоруп күтүп жатышат.
Ушундан кийин, дегеле Жапаров бирдеме жасайт дегенге ишенүүгө болобу?

Күйөө баланын күйүтүбү?
Токтокүчүк Мамытов деген "ар-намысчы" депутаттын анык жүзү "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолорунда" көрүндү. Мыйзам деген момундай, түрмөдө отургандардын укугу чектелүү деп ташка тамга баскандай айтып бергендин ордуна, кызматтан кеткен күйөө баласын калкалап жанталашканы байкалды. Андан дагы "мурдагы түрмө жетекчилери профессионал болчу, мындай ызы-чууларды өз кадыр-баркы менен тыйып коюшчу" дегеничи. Анча болду, мурдагылар түрмөдөгүлөр менен табакташ болчу, ошон үчүн бат эле тил табышчу деп ачык эле айтпайсызбы. Генерал дегендерибиз бул абалдан чыгуунун жолун көрсөтүп жардам бергендин ордуна четте кырданып турса, жыргаган экенбиз.

Мамырованын артында "Ата журт" турабы?
"Ар-намыстын" лидери Феликс Куловдун партиялашы Бөдөш Мамырованы вице-спикерликтен кетирүү планы жүзөгө ашкан жок. Себеби Бөдөш айым бул маселе фракция жыйынында талкууланганда катышпагандыгын, андыктан төрага орунбасарлыгын бошотуп бербестигин айтып тырышкан. Бөдөш Аманбаевнанын өз партиясын тоготпогонунун төркүнү бу жакта турбайбы. Көрсө, Камчыбек Ташиев баштаган "ата журтчулар" жөн эле креслону бошото бересизби таризинде Мамырованы көкүтүшкөнү депутаттар арасында айтылууда.

Керимге кимдер нааразы?
Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын мурдагы директору Керим Турапов акыркы мезгилде Ак үйдүн 7-кабатына байма-бай каттап калды. Апрель окуясынан бери үйдө жата берип эриккенби, Керим мырза эски ордуна - филармония директорлугуна баруунун камын көрүп жүрүптүр. Муну уккан филармониянын айрым кызматкерлери редакциябызга звандап, "Турапов директорлукка келбейт. Келсе дагы аны кабыл албайбыз. Эмне, ал өткөнүн унутуп калганбы?" дешти.

Урушка айлана жаздаган улак
Биртоп депутаттар жума сайын кезектешип көкбөрү тартууну салтка айлантышкан. Өткөн жумада вице-спикер Бакыт Төрөбаев "мен" деген саясатчылардын башын кошуп улак тарттырды. Мурдагы башпрокурор Элмурза Сатыбалдиев баш байгени алып, аксакал Эргеш Төрөбаевдин "Элмурза уулум, бар бол, биз сени менен сыймыктанабыз" деген алкоосуна татыды. Анан шаарга келишкенде "ата журтчу" Акматбек Келдибеков эмнеге сен баш байгени алышың керек, калыстык болбой калды таризинде Элмурза мырзага тийишип кирбейби. Ошондо экс-башпрокурор экс-төраганы кокодон муунта кармап, аз жерден төпөштөп койо жаздады дешет.

Саматовдо санаа жокпу?
"Ата журт" партиясынын атынан мандат тагынган Жыргалбек Саматовдун Россия жараны экендигин тастыктоочу документтин көчүрмөсүн жана ага карата кезинде кылмыш иши козголгонун жарыялаганбыз. Мына ошондон кийин БШКнын агездеги төрагасы Акылбек Сариев Саматовдун маселесин карап, ал Россия атуулу эмес деген документ алып келүүгө убада кылганын кабарлаган эле. Андан бери жыл айланды. Биздин угушубузча, БШКнын учурдагы төрагасы Туйгуналы Абдраимов Жыргалбек Алимбаевичтин жарандыгына байланышкан маселеге жакынкы күндөрү чекит коюп, аны депутаттык мандаттан ажыратуу чечимине токтолгон экен. Биз дагы "ата журтчу" депутаттын тагдыры кандай болоруна кызыгып, саресеп сала баштадык…

Достук доомат эмес
Кубан Өмүра-лиевдин Бириккен Араб Эмиратынын (БАЭ) башкы консулдугуна дайындалышы көпчүлүккө күтүүсүз болду. Анткени а киши көз карандысыз эксперт катары өкмөттүн экономикалык багыттагы ишмердүүлүгүн кескин сындап жүрчү. Анан кокусунан 180 градуска бурулуп коалициялык өкмөттүн "тузагына" илингенинин сыры неде? Сыры жөпжөнөкөй. Кубан мырза экономика министри Темир Сариевдин жакын досу болот.

"Жаңы Агым" - пресс