presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


ЗНАКОМСТВА

Абак
чырынын артында акча турат
Жума башындагы №1 абакта болуп өткөн окуя чынында биринчи жолу эмес. Буга чейин өлкөнүн башка абактарында да укук коргоо кызматкерлери менен жаза мөөнөтүн аткаруучулар ортосунда кагылышуулар болуп, аягы адам өлүмү менен аяктагандары деле болгон. Ошол кезде деле азыркыдай текшерүүлөр, ачкачылык кармоо, мыйзамга баш ийбөөчүлүктөр болуп келген. Кезинде анын баары айтылса айтылып, айтылбаса эч кимдин деле иши жок болчу.


Анан эле Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына (ЖАМК) Шейшенбек Байзаков келгени абактарда ачкачылык, уруп-сабоо, тополоң күч алды. Неге? Кеп ушул суроонун жандырмагында. Эске салсам, мындан үч-төрт жыл илгери түзөтүү мекемелериндеги мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө прокуратурасы абактагылардын абалы боюнча конкурс жарыялап, ММК өкүлдөрү ЖАМКда чырмалышкан коррупция бар экенине күбө болгонбуз. Айрым абак башчылары сырттан келген грант акчага машине сатып алышса, башкалары алдын-ала сатылып алынган тамак-аш запастарын сатып ийерин да прокуратура өкүлдөрү ачыктап беришкен эле. Бул "салт" чынында азыр да токтотула элек. Муну азыркы ЖАМК жетекчилиги да жаап-жашырган жок. Айрым абак жетекчилеринин кызматтан четтетилиши да так ушул себептен. ЖАМК жетекчисинин орунбасары Табылды Исаевдин билдиришинче, азыр абактарды мамлекет 30 пайыз гана каржылайт экен. Калганы сырттан келген акчалар менен жабылымыш этет. Ошондо болжол менен абак тармагы 50-60 пайыз каржыланса, анын жарымын ортодогу "опуттуу" абак жетекчилер сугунуп келишкен. Анан абактагыларда ачкачылык, жетишпестик болбой не болуптур. Бул бир.
Экинчиден, түрмө деген түрмө. Мыйзам боюнча эркинен ажыратылган адамдын колунда чөнтөк телефон эмес калемсап болбоого тийиш. Жакындары менен байланышуу, сүйлөшүү, жолугушуу тиешелүү тартипте, чектелүү убакытка көзөмөл астында гана болушу кажет. Мындай эреже Кыргызстанда эле эмес бардык өлкөлөрдө бар. Тилекке каршы, бизде минтип бир жолку текшерүүдө эле №1 абактан 100 грамм гашиш, 81 грамм героин, 4 бычак, 4 курч темир, 5 жасалма ачкыч, 40 чөнтөк телефон, 1200 доллар, 180 сом чыгып отурат. Мунун баары абактарга асмандан учуп кирген жок. Буга Ш.Байзаков кызматтан четтеткен, ага каршы тымызын күрөш жүргүзүп атышкан абак башчылары, жасалма диплом менен полковник наамына жеткендердин түздөн-түз тиешеси бар. "Мунун несин жашырабыз, нашааны абак кызматкерлери алып киришет. Кээде сырттан ыргытышат. Өткөн жылы Байзаков ушундай себеп менен ЖАМКнын үч кызматкерин жумуштан бошоткон" дейт аталган кызматтын маалымат катчысы Жолдошбек Бузурманкулов.
Албетте, Акыйкатчы Турсунбек Акундун абактагыларды негизсиз колу-бутун, мурдун сындыра сабоо туура эмес дегенинин да жөнү бар. Миң кылмышкер болгон күндө да темир тор артындагыларды уруп-согууга эч кимдин укугу жок. Бирок, кримавторитет Дамир Сапарбаевдин №50 абакка которулбасын деп көрсөтмө берип, Жогорку соттун чечимине каршы акция уюштургудай алар эркиндиктеги, күнөөсү жок адамдар эмес. Жаза мөөнөтүн аткарып жаткандардын кантамырларын кесип, ЖАМКнын кызматкерлерине кол салуусу (эгер бул чын болсо) чектен чыккандык.
Үчүнчүдөн, №1 абагындагылардын коридордогу видеокамераларды талкалоосу эмнени айтып турат? Буга чейин абактардын көпчүлүгүндө криминал дүйнөсү өзү каалагандай тартип орнотуп алганы айтылып келген. А видеокамералар так ошол "эркиндикке" бөгөт коюп жатпайбы. Депутат Токон Мамытовдун "8 абактын башчылары "биз Байзаковго ишенбейбиз. Ал системаны талкалап, бузуп, биздин системага коррупцияны алып келди" деп арызданышты дегенинин өзү эле абак чырынын себебин ачып берип жатат. Балким Байзаков тескерисинче ЖАМКдагы коррупцияны жоюуга, кримавторитеттеринин абактагы диктатурасын, режимин сындырууга батыл киришкендиктен улам ушундай айыптоолор чыгып жатпасын? Логикалык жактан алганда, ЖАМК жетекчисине жапатырмак асылуунун, абактагылардын нааразычылыктарынын негизги себеби да ушул. Муну жокко чыгарган күнү да Төлөйкан Исмаилованын түрмөлөрдө мурункулар менен азыркылардын ортосунда күрөш жүрүп жатат дегенинде кашкайган чындык бар. Анткени, Бакиев бийлигинин учурунда кримчөйрө, абак лөктөрү бийлик менен коюн-колтук алыша эле иштеп калбады беле. Мунун баарын билип туруп депутаттарыбыздын бөйрөктөн шыйрак чыгарып жатышына түшүнбөй турубуз. Же алардын да бул жерде "долясы" барбы?

Мелис СОВЕТ уулу




Маданият жана туризм министри Ибрагим ЖУНУСОВго
Кресло көрсө ылгабай,
Отуруп алат акырын.
Похорон же бир кечеде,
Аянбай айтат акылын.
Премьерге вице эле,
Азайтты эми кадырын.
Принцип жагын карабай,
Туш келди бурат басыгын.
Оппозиция азыр "Ата журт"
Бийликте а бул баатырың…


Бабановго баары бирби?
Эмгек инспекциясы жоюлса элдин укугун ким коргойт?
Өкмөт башчысы Өмүрбек Бабановдун акыркы буйругуна ылайык Ош облусу жана шаары боюнча райондор аралык мамлекеттик эмгек инспекциясы жоюлары айкындалды. Анткен менен калктын калың катмары мындай чечимге тегиз каршы экендигин билдирүүдө.


Умида МУХИДИНОВА, Ош шаарынын тургуну: - Жолдошум Жолдошбай Жакыпов Баткен бажысында кыйла жылдан бери эмгектенчү. 2007-жылы 15-декабрда 40 жашында өндүрүштүк кырсыкка кабылып, ошонун айынан көз жумду. Бирок айыбын Баткен бажысынын жетекчилиги таптакыр моюндаган жок. Акыры эмгек инспекциясына кайрылдым эле, алар атайы дарыгер жалдап, күйөөм кызмат убагында жаралангандыгын биротоло тастыкташты. Ошентип сотто катарынан уттук. Эми эки балам колумда жетим калып отурат. Ошол себептүү сот Баткен бажысына 5 млн. сом компенсация төлөөнү милдеттендирди.
Нургүл ЖАЙЧЫБЕКОВА, "Ошгаз" ишканасынын кызматкери: - 2010-жылы 27-апрель күнү кардарлардын биринин үйүндөгү эсептегичти текшерип жатып кулап түшкөм. Кийин адистер аныктагандай, үйдө техникалык коопсуздук таптакыр сакталган эмес. Кырсыктын кесепетинен бир заматта үчүнчү топтогу майыпка айландым. Укугумду Ош облусу жана Ош шаары боюнча эмгек инспекциясы сотто абдан катуу коргоп, акыры үй кожоюнун мага 67 миң 428 сом төлөп берүүгө милдеттендирген чечимин угузду.
Кубаныч ТУРДУБАЕВ, Ош облустук коммуналдык чарба башкармалыгынын жетекчиси : - Былтыр 22-июнь күнү "Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын директору мени эч жүйөсүз жумушумдан бошотуп салды. Оштогу мамлекеттик эмгек инспекциясына кайрылдым эле, алар Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунда менин кызыкчылыгымды абдан катуу коргошту. Натыйжада ошол эле жылдын 19-сентябрында жетекчилик мени кайрадан ордума дайындаганга мажбур болду. Мындан тышкары, "Кыргызжилкоммунсоюз" ишканасын өз казынасынан 84 миң 11 сом маяна төлөгөнгө мажбур кылышты.
Ош облусу жана Ош шаары боюнча райондор аралык мамлекеттик эмгек инспекциясынын жетекчисинин орунбасары Ибрагим Курбановдун ырасташынча, аларга өткөн жылы 1065 жаран кайрылган. Дээрлик бардыгынын укугу калыбына келтирилип, ишканалар эсебинен 140 миң сом маяна өндүрүлдү жана баары тегиз кайрадан жумушуна орноштурулду. Ушуга улай өндүрүштүк кырсыкка кабылгандардын пайдасына 2 млн. 482 миң сом төлөнүп берилди. Кызматтык милдетин аркалап жүргөн учурда он бир кырсык катталып, андан алты киши каза тапкан. Төрт адам абдан оор жараланган. Ошол мекеме-ишканалардын жетекчилери бүт жоопкерчиликке тартылып, өлгөндөрдүн компенсациясы үй-бүлөсүнө толук төлөндү.
Ушундай шартта кыргыз өкмөтү Ош облусу жана Ош шаары боюнча райондор аралык мамлекеттик эмгек инспекциясын жоюп ташташы таптакыр акылга сыйбай турат.
Дагы кызыгы, Кыргызстан - эл аралык эмгек уюмунун (МОТ) конвенциясын ратификация кылган мамлекет. Демек, ага ылайык өндүрүштө, ошондой эле соода-сатыкта туруктуу иштегендер мамлекеттин такай камкордугуна муктаж жана алардын укугун туруктуу көзөмөлдөп, бекем коргой турган эмгек инспекцияларын күтүүгө милдеткер. Антпесе эл аралык коомчулук жана абройлуу уюмдар Кыргызстандан дароо жүзүн буруп кетери шексиз. Мындан ким утат?
Алишер ТОКСОНБАЕВ,
өз кабарчы, Ош облусу



ЗНАКОМСТВА

кыргыз тилиндеги гезит "Агым"


а ­е¦Є.НҐй«