20.01.12 - 5-бет: Көз тийбесин
Кыргыздын сыймыгы да, жылдызы да
Гүлжигит
"Жаңы Агымдын" өткөн санында "Евразия жылдызынын" катышуучусу Гүлжигит КАЛЫКОВ башка атаандаштарына салыштырмалуу алдыда келе жатканын, көрүүчүлөрдүн, калыстар тобунун да фаворитине айланып, "Евразия жылдызы" болгону калды дедик эле. Оозубузга сала бергендей жогорудагы божомолдор туура чыгып, алты өлкөнүн ичинен Гүлжигит Калыков Кыргызстандын желегин желбиретип, намысты татыктуу коргоду. Ырчы 30 000 долларга, негизгиси келерки жылы "Евразия жылдызы" сынагын Кыргызстанда өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук.


Кандай кылса деле кол ийрисине тартат

Эсиңизде болсо, 2008-жылы Сочиде өткөн "Беш жылдыз" сынагында Кыргызстандын атынан Гүлзинат Суранчиева барган. Калыстар курамында Актан Исабаев отурган. Сынактын жыйынтыгында тажикстандык ырчы Тахмина Ниязова 216 упай менен биринчиликти алганы нааразычылык жараткан болчу. Россияда тажиктер көп, ошонун аркасы менен гана тажик кызы жеңишке жетишти, тажик бийлиги кийлигишип, сынакты саясый оюнга айлантып биринчиликти алып кетти деген сыяктуу сөздөр биртопко чейин айтылган. Муну айтып жатканыбыздын себеби, "Евразия жылдызында" да Түркмөнстандын намысын коргогон Сохбет Касымовдун баш байгеге жетүүсү үчүн түркмөн бийлиги жакшы эле кийлигишиптир. Гүлжигиттен Сохбеттин эмнеси кем? Жаш десе жаш, таланттуу десе таланттуу деген ой түркмөн туугандарга тынчтык бербесе керек. Бирок калыстар тобунун да, көрүүчүлөрдүн да сүймөнчүгү болгон ырчы намысты алдырган жок.

Майрамбүбү МОЛДОБАЕВА, ырчынын апасы:
"Ирик байлап даярдап турабыз"
Гүлжигиттин апасы учурда Сокулук районундагы Ново-Павловка гимназия орто мектебинде химия, биология сабагынан мугалим. Уулунун жеңишине жетине албай турган эне кыскача пикирин билдирди.
- Абышкаңыздын алтымыш жылдыгына Гүлжигиттин жеңиши чоң белек болгон экен да?
- Ооба, кечээ телефондон сүйлөштүк. "Ата, туулган күнүңүзгө эмне белек ала барайын?" деп сурайт. Атасы "сенин атак-даңкың, жеңишиң эле мага чоң белек" десе, "анда ошол белектин баарын сизге бердим" деп күлөт. Азырынча туулган күндү саналуу эле адамдар менен белгилеп койдук. Кудай буюрса, абышкамдын байлап жаткан ириги бар, уулум келсе арнап түлөө өткөрөлү деп турабыз.
- Моралдык колдоодон сырткары материалдык жактан кандай жардам көрсөтө алдыңыздар?
- Кудайдан тилеп, батабызды бергенден башка жардам бере алган жокпуз. Чыгымынын көбүн продюсери Канат Култаев көтөрдү. Финалда чыдамыбыз жетпей чыйпылыктап Казакстандын чек арасына өтүп ошол жактан добуш берели деген да ой келди. Гүлжигитке айтсак "убара болбогула, буюрганы болот" деп койду.
- Гүлжигитке ырчылык өнөр кимден өткөн?
- Атасы экөөбүз тең жаш кезибизде ырдап-бийлеп жүргөн эле жандардан болчубуз. Окуп жүргөн кезде майрамдардан калбай активдүү катышчумун. Ырчылыкка болгон талант Гүлжигитке атасынан өттү окшойт. Балам келсе музыкалык билимиңди жогорулатып улуттук консерваторияга тапшыр деген кеңеш айталы деп турабыз. Азыр Дубайда эс алып жүрөт, ар нерсени алдын ала айтып тынчын алгыбыз келген жок.
- Музыкалык билими барбы?
- Ырчылыкка болгон шыгын биринчи класска барганда музыкадан берген мугалими Светлана Куприянова ойготкон. Дээринде бар экенин илгиртпей түшүнгөн устат аны ар кандай ийримдерге жаздырып, сынактардан калтырбай катыштырчу. Мектепти аяктагандан кийин бир эле учурда эки окуу жайга тапшырат. Биринчиси, Кыргыз мамлекеттик курулуш жана архитектура техникалык университетинин экономика факультети, экинчиси Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жай. Бир эле учурда эки окуу жайды эптей албай үчүнчү курстан музыкалык окуу жайды таштап койгон. Университеттин намысын коргоп музыкалык сынактардан дайым биринчиликти алчу. Ыраазычылык катары университеттин ректору окуу төлөмүнүн 75%ын кыскартып берген.

Рафаэл САРЛЫКОВ, композитор:
"Бузулуп эле кетпесе жүрүшү жакшы"
- Гүлжигиттин мага үнү, аткаруу жөндөмү, өзүн сахнада алып жүргөнү абдан жакты. Бир аз жетишпегени, ырдап жатканда дем алуусун оңдоо керек. Катышуучулардын арасынан күчтүүсү биздин жигит менен Түркиядан чыккан Локман болду. Локмандын тембри Гүлжигиттикинен да күчтүү экен. Буюрса биздин жигит намысты алып келди. Эмки жылы жогорку деңгээлде уюштуруп өткөрүү милдети турат. Эң ылайыктуу эле имарат катары Улуттук филармонияны белгилесе болот. Ага чейин укмуштуудай концерттик зал куруп ийүү мүмкүн эмес. Уюштуруу иштерин билген кишилерден алдын ала кеңеш алып, уят болбогудай даярдансак деген тилегим бар.

Гүлнур САТЫЛГАНОВА,
КР эл артисти:
"Жакшы концерттик зал курулса"
- Бул сынак 3-ноябрда башталган. Ошондон бери бир да берүүнү калтырбай көрүп жаттым. Гүлжигит өзүн ишенимдүү кармап, талантын жогорку деңгээлде көрсөтө алганына баа бердим. Ар бир өлкөнүн тилинде ырдап, ырды жаттап чыгыш деле чоң эмгек. Гүлжигит бизди уят кылбай ушундай абройлуу фестивалда алдыңкы орунду ээлегенине чын жүрөгүмдөн кубанып турам. Алты өлкөнүн ичинен биринчиликти алып келиш биздин өлкө үчүн чоң сыймык. Келерки жылы буюрса биздин өлкөдө өтөт. Чынын айтканда, бизде жакшы концерттик зал жок. Депутаттар кыйын болуп фонограмманы жойгондун ордуна жакшы концерттик зал куруу демилгесин колго алышса жакшы болмок. Менин оюмча, "Евразия жылдызын" бизде өткөрүүгө Улуттук филармония эле ылайыктуу. Тилекке каршы, ага да эл аз батат. Фестивалды жогорку деңгээлде өткөрүүгө өкмөт, Маданият министрлиги колдоо көрсөтүп, азыртадан кам көрүү керек.

Ырыскелди ОСМОНКУЛОВ,
КР эмгек сиңирген артисти:
"Азыртадан даярдык көрүү керек"
- "Евразия жылдызы" сынагы ойдогудай өттү. Гүлжигит өлкөнүн намысын мыкты коргоду. Өзүнүн да музыкалык билими бар нота тааныган жигит экен. Бизден эле эмес ошол барган өлкөнүн маданиятына, музыкасына жоопкерчиликтүү мамиле жасап, өзүнүн жогорку деңгээлин көрсөтүп жатты. Ырдаган ырлары, костюму, өзүн сахнада алып жүргөнү да мыкты болду. Эмки жылы буюрса бул сынак биздин өлкөдө өтөт. Өзүңүздөр көргөндөй, өтө деле чоң имаратта өткөн жок. Жеке пикиримде, биз сынакты КТРКнын концерттик студиясында же опера жана балет театрында өткөрсөк деле ылайык болот. Бул долбоордун ээси Түркия мамлекети болуп жаткандыктан уюштуруу иштеринде каражаттын негизги бөлүгүн өздөрү көтөрүшөт. Биз кандайдыр бир салым кошуубуз керек. Бизден талап кылынган негизги нерсе - баарын кылдат, жогорку деңгээлде уюштуруу. Ага эмитеден киришип, сахнанын жасалгасынан өйдө ойлоно баштаган туура. Каражатты демөөрчүлөрдү тартып чогулта койсо деле болот. Негизги маселе, ошол табылган акчаны орто жолдон өөнөбөй, орду менен жумшап, намысты биринчи орунга коюу керек.

Салтанат САМАТОВА,
калыстар курамынын мүчөсү:
"Ханзаада жеңишке татыды"
- Гүлжигит үчүн бул сынак чоң өсүш болду. Ал сахнага чыкканда жанымда отурган түрк дароо эле "оо, ханзаада экен" деди. Чынында жылдыздуу жигит баарын арбады. Кайсы өлкөгө барбайлы, баары биздин жигитти мыктынын мыктысы экен деген мактоолорго күбө болдум. Башында Сохбет утуп кетет го деп бир аз чочуладык. Гүлжигит жеңүүчү деп табылганда Сохбетке сен да мыктысың деген сөздөр айтылды. Ал "Гүлжигиттин утканы менин утканым болду. Эгер анын ордуна башкасы жеңип кетсе бир аз ичим ачышып калмак. Бир тууганым үчүн аябай сүйүнүп жатам" деп чын жүрөктөн чыккан оюн билдирди. Гүлжигит өзү да карапайым, кичипейил жигит экен, башка атаандаштары менен да мыкты мамиле түзүп алганга жетишиптир. Бир ооздон баары аны колдоп, жеңишти эч ким талаша алган жок. Балким арасынан ичи күйүп мен утмакмын дегендер болгондур. Түркияда жашаган кыргыздар атайын жоон топ болуп колдогону келишиптир. Утканда баары сүйүнүп, духубузду көтөрүп кеттиңер деген жакшы сөздөрдү айтышты. Уюштуруу иштерин айтсам, ар бирибизден эле кемчилик кетет да. Майда кемчиликтер кетип жатты, бирок көзгө одоно көрүнгөн каталарды байкаганым жок. Буюрса, кийинки жылы бизде өтөт. Мен дароо ушул конкурс жайында Көл жээгинде өтсө деген ойго келдим. Гала-концерт "Рух Ордодо" өтсө, жакшы бир пансионатта уюштурулса, келген коноктор биздин жаратылышка дагы бир жолу суктанып кетишмек.

Даярдаган
Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА