20.01.12 - 3-бет: Угарман Мамыт: уктуңбу?
Ош шаардык кеңеши жергиликтүү жол көзөмөлдөө кызматынын сунушу менен үйлөнүү үлпөтүндөгү кооздолгон машинелерден турган кортеждердин санын кыскартуу маселесин карап жатат. Анткени бир жагынан мындай ээнбаштык, көпкөндүк жол коопсуздугуна коркунуч туудурса, той берип жаткандар үчүн чоң чыгымдарды тарттырат. Өзгөчө жаштар бири-бирине атаандашып машинелердин санын көп кылып жана кымбат баалуу машинелерди жалдаганга барышууда. Андыктан бул мыйзам кабыл алынып калса, оштуктар тойду 4 машинеден ашпаган кортеж менен майрамдашат. Баса, Тажикстанда бул мыйзам эчак эле элге сиңип бүткөн.


Билерман Мамыт: билдиңби?
Акыркы мезгилде кайсы чиновник ала таякчандардан акча жыйнап калтасын кампайтайын дегенин ким билсин, айтор, МАИшниктерге мурункудай көчөгө кызмат машинеси менен чыкпай, жеке унааларда иш кылганга уруксат берилген. Көрүнгөн кычыкка туруп алып күнү-түнү элди жүдөтүп ийген жол көзөмөлдөгүчтөргө жини келгендердин үнү Кудайга жетти. Жума сайын гезит бетинен өзү жөнүндөгү макалаларды издеген Ички иштер министринин "жеке унаа менен текшерүүгө чыкса болот" деген буйругун өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов жокко чыгарсын деген буйрук берди. Эми жол аңдыгычтар кайра кызматтык унаада гана иштеп, "мигалкасы" бар машиненин жанында гана эреже бузган айдоочуларга кыйын боло алышары белгилүү болду.


Кубана элек Мамыт: кубандыңбы?
Эми 20 мүнөттө Нарынга барып калууга мүмкүн болот. Анткени бул аймакка көп пайдасы тийген "Ага хан" фондунун жардамы менен Нарын аэропортун кайра куруу иштери ишке ашат. Аэропорттун тегерек-чети тосулуп, жаңы аэронавигациялык жабдуу орнотулат. Бул үчүн 45 миллион доллар бөлүнөт. Мындан тышкары, быйыл аталган уюмдун жардамы менен телекоммуникация тармагында долбоор ишке ашырылып, Бишкекте Ага хан академиясы курула баштайт.


Санаасыз Мамыт: байыдыңбы?
Акыркы статистика боюнча өлкөдө 5 млн. 536 миң адам катталган. Калктын кескин көбөйүшү Бишкек, Баткен жана Жалал-Абад облустарында байкалса, Ош менен Чүйдө жарык көп өчпөгөнгөбү жарык дүйнөгө келгендер азыраак болгон. Жалпы атуулдардын 3 млн. 378 миңи 15 жаштан жогоркулар. 35 жаштан өйдөкүлөрдө бир кишиге экиден аял туура келет экен. Ал эми жалпы жарандардын орточо жашы эркектердики 26,3, аялдардыкы - 28,1 жашты түзөт. Адам өмүрүнүн узактыгы бул жылы былтыркыга караганда жогору экендиги кубандырат.

"Мамыт" болгон Кудрет ТАЙЧАБАРОВ




Беш ыргай
? Көп тил - бир дил
Жаштар жана иш менен камсыз кылуу министрлиги "Көп тил - бир дил" деген аталыштагы адабий сынак жарыялады. Катышууну каалагандарга коюлган негизги талап - кыргыз, орус, англис, өзбек тилинде жазылган чыгармалар министрликке 1-апрелге чейин берилиши керек. Эмгекти журналисттер жана атайын эксперттер баалайт. Баш байгени алган жаш адабиятчыга азырынча сыр бойдон калган сыйлык бар экенин эскерте кетели.
?
"Фанат" фильми тартылат
Режиссер Нурбек Болотов "Фанат" деп аталган кыска метраждуу тасманы тартууга киришет. Хоккейди сүйүп, анын фанатына айланган Нурбек аттуу өспүрүм тасманын негизги каарманы.
?
"Азия MIX" азамат!
Сочиде өтүп жаткан "КиВиН -2012" фестивалына Кыргызстандан катышкан "АЗИЯ MIX" командасы экинчи турга өттү. Биринчи тур 13-17-январда болгон. 495 команданын арасынан суурулуп чыкканына кубанып турган кездери. Азыр экинчи турдан да суурулуп чыгалы деп даярдык көрүшүүдө.
?
"Кош бол, Кыргызстан!"
Ушундай аталыштагы акцияны жабылган казинолордун кызматкерлери өткөрө турган болушту. Негизги максаты - мына 300дөн ашык адам жумушсуз калды, акча табыш үчүн чет жакка кетип баратат деп өкмөттүн көңүлүн өзүнө буруу. Эски аянттан башталган жөө жүрүш Ала-Тоо аянтына чейин созулуп, асманга шамчырактарды кое берүү менен аяктайт.
?
Женя жемин жедирбес…
Кыргызстандык спортчу Евгений Ваккер Азиянын 32-чемпионатында велоспорт боюнча ат салышат. Азия чөлкөмүнөн 25 мамлекет катыша турган чемпионат 11-20-февралда Малайзиянын Куала Лумпур шаарында өтөт. Көптөн берки эс алуудан кийин Евгений Ваккер Италияда алдыда боло турган жарышка кам көрүүдө.

Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА