20.01.12 - 22-бет: Жанмаанай
Тагдырдын жолунан
Кышында Кудайдын куттуу күнү жок дегенде бир жолу тайгаланып жыгылам. Этимдин ооруганынан көзүмө жаш айланып жер сыйпалап тим болом. Этим оорубагандай акырын жыгылсам айланадагылар көрсө эмне болот деп уялганыман кантип ыргып турганымды да байкабайм. Катуураак жыгылсам бир нече секунддай кыймылсыз жата бермейим бар. Кээде жаным кашайып өтүгүмдү ыргытып ийип жетчү жериме жылаңайлак чуркап кетким келет.
Чын айтам, азыр тайгак жерден басканда кадимкидей денем дүркүрөп акырын жылып басам. Жүрөгүм өлсө керек. Жумуштан чыгарда жыгылбай жөн жетсем экен деп ичимен бир сыйра тилек кылып да алам.
Бирок…бүгүн эки бутум өйдө көтөрүлүп оңбогондой катуу жыгылдым. Туталанып, бышылдап турайын десем мыйыгынан жылмайып жүрөктү жылыткан тааныш караан турат. Жиним келип сунган колун суутуп өзүм туруп, кагынып баштадым. Жылмайган калыбынан жазбай "этияттап акырын бас деп канча айтам" деп коет дагы. Акыл үйрөткүчүн деле. Ыңгайсыз абалдан чыгармакка ар нерсени айтып тамашалап сүйлөп көңүлүмдү да көтөрдүң. Ушу менен бешинчи же алтынчы жолу тайгаланып жыгылганыма күбө болуп жатсаң керек, ээ? Биринчи жолукканда да ушул жолдон тосуп колуман кармап тургузуп таанышкан элек. Андан бери ортодо көп убакыт өтүптүр. Же сен мени кыйып кете албай, же мен сени келгис кылып көңүлүңдү суутар сөз айта албай илең-салаң болуп жүргөн кербезибиз. Мен сенин жандүйнөңдө, жүрөгүңдө кандай бороон болуп жатканын сурабайм. Сен менин жарамды ырбатпайсың. Унчукпай көпкө чейин жетелешип үнсүз кете бермей жайыбыз бар. Сага жолуккан күндү ичимен миң жолу тилдеп өкүнгөнүм менен бара-бара жүрөк кыйбас жакын адамыма айланганыңды өзүм деле тана албасам керек. Алгач жатыркап качып, уялып, сүрдөп жүрүп, кийин көнүп, күтүп, сагынып… Мамилебизге биротоло чекит коюуну чечтиңби? "Менин сага жолукканым, сенин колуңду кармап, жүзүңөн сүйгөнүм чоң бакыт. Бирок мен сени да, өзүмдү да эзип жүрө албайм. Сени башында кандай жакшы көрсөм, мындан ары да жүрөгүмдө ошол орунду ээлеп кала бересиң. Дайым жаныңда боло албасам да тагдырдын тайгак жолунан жыгылсаң жардамга келем" деген сөздөрүң менен карааның узап баратты. Ушул сөздөрдү айтыш үчүн атайын жолуктуңбу? Андан көрө эч нерсе айтпай эле ошондон ары дайын-отуң менен жоголбойт белең? Сага жолуккан күнү тагдырдын тайгак жолуна түшкөн окшойм. Кулагым тунуп, көзүмө жаш толгондон карааныңды так көрүп, сөздөрүңдү жакшы деле ажыратып уга алган жокмун. Бир билгеним, мындан ары жыгылсам мени колуман тартып эч ким тургузбайт. Тамаша аралаш тийишип, эркелетип үстүмдөгү карды күбүп, кайсы жерим ооруп жатканын сурап үстүмө үйрүлүп түшпөйт…
РИМА, Бишкек шаары




Укугуңду коргой бил
Эмгегимди кантип кайтарып алам?
Суроо: - Азыр мен жашап жаткан үйүмдү кайсы күнү тарттырып ийем деген коркунуч менен күн кечирүүдөмүн. Анткени күйөөм менен жашап жүргөн кезде экөөбүз азыркы үйдү насыяга алганбыз. Он жылдан ашуун иштеп насыянын (болжол менен) кырк пайызын мен, алтымыш пайызын жолдошум төлөгөн. Азыр ал үйдү кайын журтум талашып, ортодо тирешүүлөр болуп жатат. Мен кантип өз укугумду коргоп алам, ал үйдү алууда менин да биртоп эмгегим кеткен да.

Надира, 38 жашта, Кант шаары
Жооп: - Эгер үй сизге катталган болсо анда жеңил болмок. Сот үчүн үй кимдин наамына катталганы маанилүү. Эгер күйөөңүздө тиешелүү документтер болсо үйдү алып коюш ага кыйынчылык деле жаратпайт. Бирок сиз насыянын кайсы бир бөлүгүн төлөгөнүңүздү тастыктаган документтер бар болсо, анда күрөшсөңүз болот. Дагы бир жолу - үйдү сатып туруп, ким канча эмгек жумшаса ар ким өз акчасын алса болот.

Мыйзам ким тарапта?
Суроо: - Күйөөм менен ажырашканыма үч жыл болду. Ортодо эки уулубуз бар. Ажырашып жатканда тынчтык келишими менен экөөбүз тең балдарга бирдей укугубуз жана алардын алдында милдетибиз бирдей болоорун сүйлөшкөнбүз. Бирок акыркы күндөрү күйөөм балдарды бала бакчадан суроо-сопкутсуз эле алып кетип, телефонун өчүрүп салып, каалаган убагында алып келмей адат таап алган. Ошонун айынан ортобузда чыр чыгып улуу баламды тартып алды. Азыр эки балам эки жакта, же күйөөм тырышып баланы алып келбейт. Соттошсом да балдарды өзүмө кайтарып алгым келет, бирок күйөөмдүн берген акчасына да көз карандымын. Мыйзам боюнча атасы айлыгынын канча пайызын алимент катары төлөш керек?

Мээрим, 25 жашта, Бишкек шаары
Жооп: - Эгер мыйзамдуу түрдө ажырашып жатканда балдар сизге калса күйөөңүздү сотко бергенге акыңыз бар. Күйөөңүз өз билгенин жасап балдарды алып кеткени үчүн жооп бериши керек. Алимент тууралуу айтсак, ал жолдошуңуздун тапкан акчасына жараша. Мисалы, он миң сом айлык алса эки балага кырк пайызга жакын (төрт миң сомго жакын сумма) акчасын бериш керек. Негизи эле алиментти ашып кетсе 50%дан жогору кестирип алууга мүмкүн эмес.

Суроолорго Коомдук адвокаттар коллегиясынын юристи У.КАРАБЕКОВ жооп берди.
Даярдаган Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА