presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Чөнтөк канчага кагылды?

2010- жылы PISA эл аралык уюму 65 өлкөнүн билим берүү деңгээлин изилдеген. Ага ылайык Кыргызстан аягынан биринчи орунду ээлеген. Мындай жыйынтыкка алып келген коррупция экени адистер тарабынан айтылып келет. Жогорку окуу жайларындагы сессиялар коррупциянын гүлдөгөн маалы болуп эсептелет. Студенттердин тилинде бул учур мугалимдер үчүн "сезон" болуп саналат.

Студенттик сессиядагы "ставкалар"
Эки эле университетте коррупция жок
КР Билим берүү жана илим министри Канат Садыков Кыргызстандагы 52 ЖОЖдун ичинен коррупцияга малынбаган Борбордук Азиядагы Америка жана Кыргыз-Түрк "Манас" университети деп билдирди. Мындай билдирүүнү ЖОЖдордун ректорлору менен болгон коррупцияга каршы жыйында билдирген. Министр мырза "ЖОЖдордо коррупцияга байланыштуу фактылар катталса ректорлор керт баштары менен жооп берет. Эң биринчи студенттердин аң-сезимин көтөрүш керек" деп билдирген.
Жогорку окуу жайларында кышкы сессиялар тапшырылып, "кышкы сезонду" жабышты. Бир канча жогорку окуу жайларынын студенттерине кайрылып, "сиздин окуу жайда коррупция барбы" деген суроого дээрлик бардыгы хор менен "ооба" деп жооп беришти. Ал эми "эмне үчүн" деген суроого тилекке каршы эч ким жооп бере алган жок.
КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Керез Жукеева: "Министрлик тарабынан "Таза сессия" деген программа иштелип чыккан. Ал программага ылайык ар бир окуу жайдын студенттери министрликтин өкүлдөрү менен биргеликте иш алып барышат. 2011-жылдын эсеби боюнча мектеп жана жогорку окуу жайлардын ичинен 81 телефондук чалуу катталган. Телефондук чалуулар анонимдүү болгондуктан бир дагы факт далилденип, сотко өткөрүлгөн эмес. Ал эми студенттер паракорчулук боюнча кабарлашпайт. Билдирген күндө деле окуудан чыгарып салат деп коркуп, мугалимдин аты-жөнүн айтуудан баш тартышат. Ошондуктан ЖОЖдордогу коррупция жоюлбай жатат" деген маалыматтар менен бөлүштү.

Ставка 200дөн башталат
Жогорку окуу жайларын кыдырып айрым студенттерди кепке тартып, кышкы сессиядагы ставкалардын баасын сурадык. Студенттердин көпчүлүгү бул темада маек куруудан баш тартышты. Өзүн Изат деп тааныштырган студент зачёттор 200 сомдон башталарын айтат. "Көп учурда 200 сомдон 2000 сомго чейинки сумманы түзөт. Бардыгы окуу жайга жана мугалимге жараша өзгөрөт. Кээ бир мугалимдердин кекиртеги кернейдей. Алардыкы минимум 500 сомдон башталат. Мисалы, мен бир сабагымды 500 сомго бүтүрдүм. Негизи мындай иштер староста же болбосо разводилалардын жардамы менен бүткөрүлөт. Группа менен чогуу бүтүргөндө арзаныраак болот. Жалгыз бүтүрсөң чабылып калышың мүмкүн" деди.
Студенттер эмне үчүн сабактарды акча менен бүтүрөт? Бул суроонун жообу ар кандай. Мисалы, кай бирлерине "жөн эле" диплом алыш керек болот. Айрымдарына сабак учурунда иштеп акча таап, экзаменди арзыбаган акчага тапшырып коюу алда канча пайдалуу. Кээ бир учурларда студент канчалык өз күчү менен сынак тапшырганга аракет кылбасын, баары бир акча талап кылган мугалимдер да жок эмес деген ойлор менен бөлүштү шаардык студенттер.

Сеники да, меники да, аныкы да туура...
Албетте бул маселеге бир тараптуу баа бериш кыйынга турат. Маселени комплекстүү караганда гана паракорчулукка чекит коюлушу мүмкүн. Мугалимдердин айлыгы аз болушу мүмкүн. Бирок аталган көйгөй менен күрөшүүдө "өгүз өлбөсүн, араба сынбасын" деген мамилени байкоого болот. Студент ташка тамга баскандай такылдап турса, мугалим акча сураганга деле оозу батпайт эле да. Же болбосо тескерисинче мугалим акча талап кылбай билим талап кылса, коррупцияга чек коюлмак. Эгер берген да ыраазы, алган да ыраазы боло берсе Кыргызстандагы билим берүүнүн деңгээли эзели оңолбойт. Эгер сизде билим берүү системасындагы коррупцияга байланыштуу маалымат болсо, 62-15-19 түз линиясына чыгыңыз!

Уланбек ЭГИЗБАЕВ




Жолтикен
Канга чыланган
каракчылар
Өткөн жылдын 10-декабрында Сокулук районунун Ново-Павловка айылында жашаган 23 жаштагы Руслан Токтосунов "Мерседес-Бенц" унаасын айдап кеткен боюнча кайтып келген эмес. Машинеси менен эл ташып акча таба калчу Русландын ата-энеси уулунун келбей калганына кабатырланып уюлдук телефонуна чалса, өчүк болуп чыкты. Кыштын кычыраган күнү унаасы менен дайынсыз жоголгон уулуна санааркаган эне дароо милицияга кабарлаган. Русландын сүрөтүн, кийген кийимдери, денесиндеги өзгөчөлүктөрү менен издөөгө алган изкубарлар Кыргызстан боюнча маалыматтарды тараткан эле.

Арадан көп өтпөй эле Руслан айдап жүргөн "Мерседес-Бенц" унаасын Балыкчы шаарында жашаган Сабырбек Жумадыловдун үйүнөн таап чыгышты. Сабырбекти текшергенде анда унаанын документтери да жок болчу. Бейтааныш эки жигит машинени арзан баага сатканын, документин кийинчерээк алып келип беришерин убада кылганын айтып, Сабырбек милицияга көргөзмө берди. Машинени ИИБдин унаа токтотуучу жайына коюп, Сабырбектин көргөзмөсү боюнча бейтааныш эки жигит иликтөөгө алынды. Изкубарлардын ыкчам аракети менен "Ак-жол" постунан Жети-Өгүз районунда жашаган эки жигит тез эле кылтакка түшүп, жасаган кылмышын толугу менен айтып берүүгө аргасыз болушту.
Марат менен Султан (тергөө иштеринин кызыкчылыгына байланыштуу аты-жөнү өзгөртүлдү. - Н.К.) башкалардай кол жоорутуп, бел оорутуп эмгек кылгылары келбей, оңой жол менен оокат табууга көнө баштаган экен. Бишкек шаарында жүргөн Марат Жети-Өгүз районунун Саруу айылында жашаган досу Султанга телефон чалып, жаңы жыл алдында кандай жол менен болсо да акча табуу максатында кандуу кылмышты алдын ала сүйлөшүп алышкан. Алардын арам оюнун курмандыгына беймарал эл ташып акча таап жүргөн Руслан чалдыкты. Көчөдө токтоп турган Русландын унаасы Маратка жага түштү окшойт, жанына келип Жети-Өгүз районуна жеткирип коюусун өтүнүп, атүгүл чоң акча төлөөрүн убада кылды. Жамандыкты күтпөгөн Руслан шыпылдап шашылыш түрдө айылга кетишим керек деген Мараттын сөзүнө ишенип, унаасына башка кардар салбай экөө Ысык-Көл тарапка жол тартышты.
Жети-Өгүз районунун Саруу айылына жакындай бергенде аларды жол боюнда күтүп турган Султан токтотуп, унаага түштү да Русланды көл жээгине айдатты. Өзү курактуу жигиттерден Руслан жамандык күтпөсө керек, алардын айтканы боюнча көл жээгине келип унааны токтотоор замат артындагы экөө ага кол салышты. Машинеден сүйрөп чыгып ур-тепкиге алышты. Каршылык көрсөткөн Русланды мурдатан даярдалган балта менен башка чапты да, эс-учунан танып жерге кулап түшкөндө анын көзүн биротоло тазаламакка муунтуп, деми чыкпай калганча эки канкор үстүнөн басып турушту. Качан гана Руслан былк этпей жатып калганда аны унаанын артына салышты да ээн талаага алпарып көмүштү. Биздин бул кылыгыбызды эч ким билбейт деп өздөрүнө ишенген экөө унааны айдап, биртопко чейин көңүл ачып жүрүштү. Бирок унааны Бишкекке айдап келүүдөн чочулап, Балыкчы шаарына барып бир жылкыга сатып жиберишкен экен. Ал жылкыны жүктөп келип Маевка айылындагы бейтааныш адамга сатууга да үлгүрүшүптүр.
Кан кое бермек беле, кылтакка түшкөн экөө алардын колунан ажал тапкан Русландын сөөгүн кайда жашырганын тергөөчүлөргө көргөзүп беришти. Русландын канына забын болгон Султан 27-ноябрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное айылынан бир аялды бычактап өлтүрүп, из жашырып кеткен экен. Маркум аялдын сөөгүн жергиликтүү эл таап, аны мыкаачылык менен бычактаган кылмышкер издөөдө жүргөн эле. Султан ал аялды отвертка менен сайгылап өлтүргөнүн тергөө учурунда айтып берди.
Бул экөөнүн мойнунда ачыла элек башка да кылмыш иштери болуш керек дешет Ысык-Көл облусунун тергөөчүлөрү. Адам өмүрүн арзыбаган оокатка алмаштырып, канга боелгон колдору менен акча таап өмүр сүрөбүз деген Султан менен Мараттын үстүнөн адам өлтүрүү жана карактоо фактысынын негизинде кылмыш иши козголду.

Назира КУЛМАТОВА






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"


Warning: include(../../ohkaptal_1.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/12/0120_21.htm on line 78

Warning: include(../../ohkaptal_1.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/12/0120_21.htm on line 78

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal_1.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/12/0120_21.htm on line 78






??.??