presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Пайшамба
Күйөөнүн демилгесин күтпө
Үй-бүлө курган ар бир адам арадан биртоп жылдар өткөндөн кийин койнунда жаткан өнөктөшүнөн тажай баштаары жашыруун эмес. Мындай кырдаалда эркектер аялынын "көзүнө чөп салып", бирөөнүн аялы ага "кыз" көрүнө баштайт. Ал эми үйдө калган аялдардын көбү башка эркектин койнуна жата албаса да көзү менен сүйүп, кыялындагы эркекти элестетет. Бирок ал бул кыялын эч кимге айтпайт.
Эгер сиздин сексуалдык жашооңуз күнүгө жеген тамактай тажатып, интимдик каалооңуз төмөндөп, эч кандай эмоция болбосо, анда бул маселени ойлонушуңуз керек.
Көпчүлүк эрлүү аялдар күнүгө уктаар алдындагы секс ага канааттануу алып келбей, тескерисинче моралдык, физикалык жактан чарчоо алып келерин айтышат. Бул процесс дайыма нан жеп, чай ичкендей эле көнүмүш адатка айланып калганын жашырышпайт. Мындай учурда көпчүлүк аялдар төшөктөгү өнөктөшүн күнөөлөп, алгачкы жакындашууда алардын сексуалдык фантазиясы чектен чыгып, атүгүл кээ бир ыңгайсыз жерлерден да баса калып чечинтип жиберчү каалоосу төмөндөп, эми уктаар алдында гана көнүмүш секс менен чектелип калганын айтышат.
Бирок эркектерди минтип күнөөлөй бериш чоң жаңылыштык. Эгер сүйүү оюнунда фантазиясы жок бир эле ыкмада кумарга батуу сизди канааттандырбаса, анда башкача ыкманы ойлоп табууңуз керек. Андан сексуалдык башкача фантазияны күтүп жата бербей, өзүңүздүн демилгеңиз менен кандай ыкмада көбүрөөк канааттануу аларыңызга аракеттениңиз.

Аялга эмне жетишпейт?
Аял - бул сырдуу, сулуу, табышмактуу, сыйкырдуу аруужан. Эркектер аялдарды ушундай өзгөчөлүктөрү менен гана сүйүшөт. Эгер ушундай касиеттердин кээ бири сизде жок экенин байкасаңыз, аны толтурууга аракеттениңыз. Мисалы, ар кандай жарнактагы же тасмадагы, же көрүнүктүү сулуу айымдын келбетине таасирленип, ага окшошууга аракет жасаганыңыз өзүңүздүн келбетиңизге кам көрүп, мырзалардын көңүлүн бурдурганыңыз болот.
Үйдө тамак жыттанып, халат кийип отурган муздак аял менен эркек сексуалдык канааттанууга баргысы келбегени турган иш. Бирок аял сырткы келбетин сексуалдуу кылалбаса да ич кийимдерин эркектин делебесин козгогудай кийип, жыпар жыттуу атыр себинип, төшөктө сексуалдык демилгесин көтөрсө, анын башка "кызды" аңдып кетпесине бөркүңүздөй ишене бериңиз. Кумарга батып атканда көйгөйдү айтуу, ашыкча сүйлөө сексуалдык каалоону төмөндөтөрүн эстен чыгарбаңыз.

Ажырашуудагы депрессия
Жашоодо эрди-катын дайыма эле чогуу боло бербеси турган иш. Эрди-катын ажырашкан учурда экөө тең сөзсүз түрдө ал башка бирөөнү таап алып, аны эркелетип, сүйүп, жыргап жашап атат деген ойго келишет. Атүгүл кээ бир аялдар биринчи эринен ажырашкандан кийин экинчи эрге тийбейм, эркекке жолобойм деген чечимге да келишет. Бирок биологиялык талапты кайда ката алышат?

Депрессияны кантип жеңсе болот?
Аял-эркек ажырашкандан кийин да жашоо уланып атканын унутпаш керек. Балким аларга биринчи өнөктөштөн да мыктысы табылып калышы ыктымал. Ажырашканда адегенде анын аялзатына же эркектерге болгон жек көрүүсү күч алат. Ал адам стресске кабылат. Бул кризистен башкалар менен баарлашып, алаксып чыгуу абзел.
Ал эми секс жөнүндө айта турган болсок, ар бир адам төшөктө өзүнүн баркын көтөрө билүү керек. Аялы таштап кеткен көпчүлүк эркектер айымдарга таарынып, секс-марафон өткөрүшөт. Башкача айтканда, өнөктөшүн күнүгө алмаштырып "өч" алышат. Мындай эркектер төшөктө башка аял менен жакындашууда өзүнүн кадыр- баркын жогору баалап, атүгүл абдан сексуалдуу да сезе башташат. Өзгөчө айымдар чанып кеткен эркектер өзүнүн сексуалдык жактан алсыз экенине арданышат. Алар стресстен аялдарга караганда кечирээк чыгышат. Кээ бир аялдар күйөөсү же ойношу таштап кетсе андан өч алуу үчүн өзүнүн өң-келбетине өзгөчө көңүл бөлүп, сулуу болуп башка мырзаларды сүйдүрүүнү чечишет.

Кандай өнөктөш тандоо керек?
Ар бир адам өнөктөш табууда сексте өзүн ыңгайлуу сезе тургандай тандашы керек. "Хандын койнунда калтырагыча, кулдун койнунда кутуруп жат" деген сөз бекер айтылбаса керек. Сага ыңгайлуу адам гана чыныгы бакытты, сексти жана сүйүүнү тартуулай турганын унутпа. Батышта көпчүлүгү жарандык никеде жашоону каалашат экен. Себеби ажырашып кетсек моралдык жана материалдык жактан жеңил болуп, бири-бирибизге жоопкерчилигибиз жок дешет. Андан тышкары, жарандык никеде жашагандарда сексуалдык кумар расмий никеде жашагандарга салыштырмалуу кызыктуу, ойноштордой оттуу экенин жашырышкан эмес.
Көпчүлүк аялдар төшөктөн кумар алалбай калса ага өнөктөшүн күнөөлөшөт. Бирок сексте өздөрүнүн да тоодой күнөөсү бар экенин унутпашы шарт. Андыктан төмөнкү мүнөздөмө кээ бир айымдарды кайдыгер калтырбас.

Сезимди ойлогула
Аялдардын көбү күйөөсү менен узак жашаса да сексте уялчаак боюнча калышат. Анын себеби төшөктө бүт дитин секске гана койбостон, кээ бир айымдар семиздигим жаман көрүнүп калбайбы деген ойдон кооптонуп турушат. Андан тышкары, көпчүлүк аялдар секс учурунда өзүнүн семирип кеткенин же денесиндеги уяла турган кемчилигин өнөктөшүнө ачык айтып салышат. А эркектерге секс учурунда андай обу жок сөздөр эмес, аларга сени менен секстин туу чокусуна чыгуу кызык экенин унутпа. Төшөккө жатарда жарыкты өчүрүп, шашып чечинип жуурканга кире калуу эркектерге таптакыр жакпасын бил. Себеби бул процесс сага жагымсыз, болгону милдеттүү түрдө жатышың керек дегендей ойду пайда кылат. Андыктан секске киришерде бардык дитиңди өнөктөшүңө бер. Эркектер аялдардын жылаңач денесин карап, эркелетип, андан канааттануу алганды жактырышат.




Миң түркүн адам
Адель
Талашсыз талант деп ушуну айтыш керек. Улуу Британияда букмекердик конторалар жылдын мыкты ырчысы ким болот деген окуяга байге сайып мелдешүүдөн баш тартышууда. Анткени 23 жаштагы Адель аттуу сулуу учурда кары-жашы дебей сүйүп уккан аткаруучу болуп жатканы буга себеп болуп жатыптыр. Башка жылдары фавориттерге 1,85 же 2 коэффициент берсе, Аделдин жеңишине 1,1 дагы коэффициент бербей жатыптыр. Анткени бирөө 1,1ге миллион сом койсо бул сөзсүз түрдө асмандан эле 100 миң үстүнө алары турган иш. Андыктан кыйын адам талашсыз ийгилик жаратарына коркпой эле Адель сулууну мисал кыла берсек болот. "21" аттуу альбому сатылуу жагы боюнча дүйнөлүк рекордду жаңыртып, 17 млн. копиядан ашып кетти. Баса, ырчы кыз бир эле жылдын мыкты ырчысы эмес, жогорудагы аты аталган альбому менен мыкты альбомду жана "Someone Like You" ыры менен жылдын мыкты ырын алышы мүмкүн экен. Букмекерлер үч сыйлыкты тең жеңет дегенге 5 коэффициент берип жатат. Бул деген канча акча койбоңуз бешке көбөйөт дегенден кабар берет. Эмнеси болсо да 12-февралдагы сыйлык тапшыруу аземи баарын ордуна коет.






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"


Warning: include(../../ohkaptal_1.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/12/0120_20.htm on line 76

Warning: include(../../ohkaptal_1.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/12/0120_20.htm on line 76

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal_1.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/12/0120_20.htm on line 76






??.??