20.01.12 - 18-бет: Чар тарап
Согуштан кийинки же колониядан бошонгон түркөй өлкөлөр он жылда өнүктү…

Биздин өткөөл мезгил такыр эле өтүп бүтпөй койду. Серепчилер дүйнөлүк тажрыйбаларды бетке кармап, жыйырма жыл чынында Кыргызстандай чакан мамлекет үчүн өтө эле көп убакыт, бул өлкө он жылда эле өнүгүп кетсе болмок дешет. Мисалы, Сингапур, Чили, Финляндия ж.б. Өлкөлөр жыйырма жылдан аз убакта эле майкөл, сүткөлгө жеткен экен.

Чилдей тараган Чили
Бул өлкөгө 1970-жылы СССРдин таңуулоосу менен социалисттик идеяларга сугарылган Сальвадор Альенде бийликке келип, ал өз мамлекетин социалисттик өнүгүү жолуна салмак болот. Бирок кашайып ойлогону оңунан чыкпай, өлкө экономикалык кризиске кабылып, бийликтин күчү кетип, мамчиновниктердин эл ырыскысын бурдап сугунуп иймейи күчөп, анын негизинде эл жакырланып, жумушсуздардын саны көбөйүп, анын айынан чилиликтер чет мамлекеттерге чилдей тарай баштаган.

Тартип болсо жылыш болот
Элдин бактысы бар экен, бул өлкөдө экономикалык кризис көпкө кармала албады. Үч жыл өтүп-өтпөй, 1973-жылы төңкөрүш жолу менен генерал Аугусто Пиночет Сальвадордон бийликти тартып алып, аз эле убакта өлкөнү кантип башкарыш керек экенин далилдеди. Тактап айтканда, генерал бийликке келери менен аскердик катуу тартип жана жоопкерчилик орнотуп, мамлекетти пландуу экономикадан рыноктук экономикага ийкем өткөрүп алды. Былжырап отурбай коррупцияга каршы катаал, чечкиндүү чабуул баштап, оболу чакан, андан соң орто жана ири ишкердүүлүктүн өнүгүшүн ар тараптан көзөмөлдөп колдоого алып, жагымдуу жагдайларды түздү. Кадрдык саясат адилет жүргүзүлүп, банк тармагы терең реформаланды. Бардык тармактагы атаандаштык чебер пайдаланылып, өлкөдө бийлик талашуу эмес илимий-техникалык жана технологиялык революция күчөй баштаган.

Күлгө айланган "Чилинин атасы"
Тарыхта түрдүү ойлорду жаратып, бүтпөс суроолорду туудурган Аугусто 92 жашында, 2011-жылдын декабрында өмүрүнүн акыркы кышын көрүп дүйнө салды. Ал каза болгондо Ла Монеда президенттик имаратынын алдында миңдеген жаштардын катышуусу менен анын каза болгонуна сүйүнгөн массалык башаламандык болуп жатса, шаардын берки бөлүгүндө "Биз сени эч качан унутпайбыз!", "Пиночет - Чилинин атасы!" деген жазуулары бар транспаранттарды кармап миңдеген адамдар аза күтүп турушту. Дүйнө коомчулугу Аугусто Пиночетти диктатор дегени менен анын экономикадагы жетишкен ийгиликтерин тана албайт. Пиночеттин өзүнүн акыркы керээзи боюнча анын сөөгү күл болгуча күйгүзүлдү. Анткени ал көрүстөнүн кимдир бирөөлөр кордоп коет деп чочулап жүрчү.

Кытайдын артка кеткен чоң секириги
Кылкылдаган Кытайда ККПнын генералдык секретары Мао Цзедун 1966-жылы жарыялаган чоң секирик саясатынын негизинде жеке менчикти мамлекеттин карамагына өткөрүү компаниясынын жана 1976-жылы жарыяланган "маданий революциянын" кесепеттеринен создукма, чайналма кризис башталган. Анын негизинде бул мамлекетте да башаламандык, жоопкерсиздик, казынага кол салуу, коррупция, кедейчилик, жумушсуздук, сырткы жардамга муктаждык, кылмыштуулук, бюрократизм өсүп чыккан.

Бир жылда атылган үч миң коррупционер
1978-жылы Дэн Сяопин социалисттик өнүгүү жолун чанбай туруп экономикалык терең реформа жасоо саясатын баштады. Анын "Кытай өнүгүүсүнүн өзгөчө жолу" программасынын негизинде жеке демилгелерди колдоо жана майда товардык кооперативдердин ролун көтөрүү, чарбалык өз алдынчалыкка кенен жол ачуу, экономикалык ыкмалардын көп түрдүүлүгү, чакан бизнестин "модага" айланышы, экономикалык эркин аймактарды түзүү, чет өлкөдө жашаган мекендештердин мекенчилдик аракетин, инвестициялык жардамын ыктуу, чапчаң пайдалануу ишке кирди. Коррупция менен аеосуз күрөш башталып, жылына үч миң чамалуу коррупционерди ачык аянтта эл алдында атууга өкүм чыккан учурлар болуп турду. Мыйзам диктатурасынын негизинде коомчулук, мамлекеттик чиновниктер өз ишине жоопкерчилик менен мамиле кылып, өлкөдө темирдей тартип орноду. Кадр тандоодо жана жайгаштырууда жогорку калыстык принциби сакталып, ал натыйжа бере баштады. Социалдык саясат да ийкемдүү жүргүзүлүп, адилеттүүлүк, тазалык принциби менен жалпы коомдук моралдык, нравалык абал алда канча жакшырды. Тарыхый традицияга негизделген рухий баалуулуктарга таянуу менен чет элдик, массалык маданияттын, шоу-бизнестин таасирлеринен коргонуу системасы иштелип чыкты. Эмгекчилдик, тазалык, өзүн-өзү тарбиялай билүү, мекенчилдик улуттук мүнөзгө айланды.

Финляндиядагы өткөөл мезгил
Финляндия да биз сыяктуу эле 90-жылдардарда СССР деген килейген мамлекеттин урандысында калган. Анын кесепетинен ички экономикалык байланыштары үзүлүп, ага чейин дээрлик СССРдин суроо талабын канааттандырууга ыкташып алган металлургиялык, токойчулук, электроникалык, жада калса тамак-аш өндүрүү өнөр жайы аңкайып сырткы рыноксуз калды. Албетте өндүргөн товарлары өтпөгөндүктөн экономикасы эңшерилип, өнөр жайлар токтоп миңдеген жумушсуздар пайда болду. Натыйжада бийлик алсызданып бардык тармакта башаламандык, жоопкерчиликсиз мамиле күчөп, ыпылас жолдор менен папке талаш башталып, коррупция коюн-колтукка кирип, ал эми кара курсагын ойлогон калк миграциянын толкунуна кабылды.

Дароо эле дүйнөлүк өнүгүү жолуна түшкөн финндер
А бирок финндериң тың экен. Алгач мамлекеттик башкаруу системасы чечкиндүү өзгөртүлдү. Мамлекеттик кызматкерлер адилеттүү сынактын негизинде тандалып, коррупция менен ырааттуу, натыйжалуу, чечкиндүү күрөш башталды. Кызыгы, буларың "мен ойлойм", "тезек тергиле", "кудай буюрса", "акырындап өнүгөлү" деп отурбай, дароо эле дүйнөлүк эң алдыңкы техникалык каражаттарды, технологияны, информатиканы өздөштүрүүгө секирик жасашты. Бул үчүн жашына жана социалдык статусуна карабай адамдарды экинчи, ал эмес үчүнчү заманбап кесипке окутуу жүргүзүлүп атты. Экинчи кесип борборлору уюштурулуп, орто ишкерлик жанданып, өнөр жай, айыл чарба кыска мезгилде заманбап нукта кайра курулду. Натыйжада финндер эл аралык үлгүдөгү мыкты, сапаттуу продукцияны өнүктүрүүгө жетишип, дүйнөлүк рынокко чыгарып, ошол эле учурда туризм тармагын өнүктүрүү боюнча чебер саясат жүргүзүп, ушулардын баары өлкөнүн ийгиликтерин камсыз кылды.


Сазга баткан жылдар
Сингапур 1959-жылы Улуу Британиядан көз карандысыздыкка чыккан. Аталган өлкө эгемендик алган учурда системалуу кризиске белчесинен баткан, жугуштуу илдеттер жайылган, эли бузулган, түркөй сабатсыз мамлекеттердин бири эле.

Улуттун бактысынын ачылышы
Сингапур мекенчил уулу жана жогорку интеллектуалдуу улуттук лидери Ли Куан Юнун премьер-министр кызматына келиши менен жаңы жолго түштү. Ал кызматка келери менен айкын, так, даана максатты көздөгөн чечкиндүү жана бекем, кебелбес саясый багытты тандады. Советтер Союзунда социализмди куруу аракетинин катачылыктарын талдап чыгып, ыймандуу коммунизм маанисиндеги улуттук идеологияны кыймылга келтирип, аны өркүндөтүп, бир нече аталыштагы конкреттүү максаттарды көздөгөн улуттук идеяларды ишке киргизди. Ошону менен бирге "Азия жолборстору" аталган өлкөлөр менен карым-катышты иштеп чыгууну сунуштап, таамай логикасы, тунук акылы менен кадыр-барк таап, өзү өлкөдө болуп жаткан бардык жагдайды тыкыр көзөмөлдөп, манчыркаган олигархтарды жана жетекчилер тобун өз эркине баш ийдирүүгө жетишкен.
1990-жылы Ли Куан Ю премьер-министр кызматын тапшырган маалда Сингапур "Азия жолборстору" аталган беш мамлекеттин лидерлик шыктандыруучусу болуу менен, Түндүк Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн финансылык борборуна айланган. Отуз жыл ичинде техникалык, технологиялык, электроникалык жана информатикалык жогорку өнүгүүдөгү дүйнөдөгү бай мамлекеттердин катарына кирген.
Даярдаган Зайырбек АЖЫМАТОВ