presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Калемдештин эмгеги жөнүндө
Орунбековдун публицистикасынын өзөгү кайда?

Мурдатан бери публицистика жанрындагы жетишкендиктер жеке гана журналистикада эмес, атүгүл адабият майданында да өзгөчө салмактуу болуп келген. Белгилүү журналисттердин көпчүлүгү бул татаал жана маанилүү жанрга кайрылышып, учурда адамды толкундандырган актуалдуу проблемаларды таасын чечип берүүгө аналитикалык тил менен аракет кылышкан. "Публицистика замерла, к жерлу прижав жерло..." ("Адабият жана азыркы учур", М., Худ. литература, 1984) деп белгилүү публицист жана очеркист В.Овечкин бул жанрга чоң маани берген. Ал бекеринен публицистиканы турмуштук салгылаштын чечүүчү учурунда аткан залптары чечүүчү салым кошо турган кубаттуу, алыска атуучу оор замбирекке салыштырган эместир. Мына ушундан эле публицистика жанрына коюлган талаптын салмактуу экендиги таасын байкалып турат.

"... публицисттин туруктуу иши - учурдун тарыхын жазуу".
Вадим КАНТОРОВИЧ, публицист

"Биздин күндөрдүн публицисти - учурдагы коомдун өзгөрүшүнүн жетишкендиктери менен байыган тажрыйбалуу

жана эрудициялуу адам".
Ефим ДОРОШ, орус жазуучусу

Публицистика жанрында ар түрдүү индивидуалдуу көркөм изденүүлөр жана чечимдер менен учурдун маанилүү маселелери жөнүндө ачык баян айтылат. Биринчи кезекте белгилеп кетээрибиз, публицистикалык макалалардын максаты жана милдети мурдатан эле жашообуздун жалпы философиялык маселелери болуп келгендиги талашсыз.
Учурдагы улуттук журналистикада жаңыча ыкмада философиялык омоктуу ойлорду айтуу боюнча жемиштүү узанып жаткан таланттуу журналисттерибиз бар. Алардын алдыңкы сабында саясый журналистика багытында өзүнүн үнү жана почерки менен чыйыр салып келаткан таанымал журналист Бакыт ОРУНБЕКОВду кошууга болот. Анын "Чайпалган Кыргызстан" аттуу публицистикалардан түзүлгөн китебин окуп чыккандан кийин бул оюбуз ого бетер бекемделди.
Жыйнакка кирген публицистикалык макалаларында автор 2005-жылдын 24-март окуяларынан кийинки Кыргызстандагы коомдук-саясый окуяларга, өзөктүү өзгөрүүлөргө, түйүндүү проблемаларга баам салып, өзүнүн өзгөчөлүү көз карашын билдирет. Ошондой эле алыскы жана жакынкы чет мамлекеттердин Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү таасир көрсөтүү саясаты, кызматташтыктын, алака-катыштардын келечеги өңдүү биртоп талуу маселелердин айланасында омоктуу ой-пикирлерин ортого таштап, өзүнүн калыс позициясын көрсөтөт.
"Чайпалган Кыргызстан" китебиндеги макалаларда зор публицистикалык күч жана ишеним менен биздин коомдун жаңы багытта өнүгүшү, адамдардын аң-сезиминдеги өзгөчөлүү өзгөрүүлөр, базар экономикасынын үстөмдүгү менен ишкерлерибиздин жаңыча эмгектик жаратуулары таасын чагылдырылган. Менимче, бул баа "Чайпалган, чарчаган Кыргызстан", "Кыргыздын акыркы 100 жылдагы эрдиги", "Бишкекте бышкан Шанхай жемиштери", "Ата мекендин ак жолу качан ачылат?" өңдүү маанилүү маселе көтөргөн макалаларга таандык.
Жалпы эле журналистикада учурдун көйгөйлүү проблемаларын козгоодон ашкан сыймыктуу милдет болбосо керек. Байыркы мезгилден баштап азыркы күндөргө чейин коомдун бүтүндөй тарыхы аркылуу турмуштагы көкүрөк өйүгөн көйгөйлөрдү тастыктап, ага коомчулуктун көңүлүн бурууга аракеттенүү маанилүү милдет болуп келген. Аталган китепте дал ушундай астейдил аракет кызыл сызык менен кеткендиги айкын. Автордун макалаларында учурдагы урунттуу саясый окуялар адамдын аң-сезиминин өркүндөшү менен тыгыз байланыштырылган. Белгилүү орус публицисти Анатолий Аграновскийдин сөзү менен айтканда, публицисттердин иши учурдун санжырасын түзүү менен бүгүнкү күн жөнүндө гана ойлонбостон, учурдун тарыхын жазуу болуп келген. Биздин оюбузча, заман өзгөргөн сайын мурдагыдай сюжет кууп кетүү артта кала баштап, социалдык-психологиялык ой айтууга талап күчөгөндүгү публицистиканын жаралышын да татаалдаштырып жатса керек. Азыр коюлуучу талап да күчтүү. Тактап айтканда, "... азыр аналитикалык публицистика алдыңкы планга чыкты" (А.Рубашкин. "Прямая речь", "Сов. писатель", 1997). Мына ушул кенемтени "Чайпалган Кыргызстан" китеби кандайдыр бир деңгээлде толтургандыгын бул китепти окуп чыккан окурман толук баамдагандыр.
Кыргыз журтуна таанымал журналист Бакыт Орунбековдун окурман чөйрөсүнө сунуп жаткан ошол "Чайпалган Кыргызстан" аттуу китеби эгемен Кыргыз мамлекетинин соңку тарыхында болгон маанилүү окуяларга арналган. Автор Кыргызстандын соңку тарыхына, кийинки жылдарда болгон окуяларга сереп салып, журналисттик калыс, бейтарап, тең салмак көз караш менен талдоого алган. Китепте Кыргызстандын коомдук-саясый турмушундагы тарыхый мааниси зор окуялар журналистиканын эл аралык стандарттарынын жана принциптеринин жетегинде чагылдырылгандыктан, аны окурмандар үчүн бир гана маалымат берген булак катарында эмес, ошондой эле кесиптик чыгармачылык дагы жол көрсөткөн маанилүү эмгек катарында кароо керек.
Акыркы беш жыл аралыгында саясый кырдаал бат-бат чайпалып, туруктуу жолго чыга албай жаткан кыргыз коомчулугу үчүн мындай китеп турмуштук зарылдык деп ойлойм. Анткени, аталган эмгек окурманга Кыргызстан баштан кечирип жаткан соңку саясый окуяларды көп кырлуу көз караштан таразалап-талдоого, туура жыйынтык чыгарууга чоң багыт бере алат. Жаштар үчүн, жогорку окуу жайларында журналистика факультетинде окуп жаткан студенттер үчүн бул эмгек окуялардын себебин, өнүгүшүн, натыйжасын фактылардын негизинде, кашкайган далил-аргументтердин тилинде ачып жана талдап бере алган өзүнчө бир кесиптик колдонмонун милдетин аткарып тургандыгы менен маанилүү.
Автор окурманга өз оюн таңуулабайт, окуяларга жеке баа бербейт, керек учурда макаласын дайыма адистердин, эксперттердин ой-пикирлери, ишенимдүү булактардан алынган маалыматтар менен бекемдейт. Б.Орунбековдун мындай чыгармачылык ыкмасын демократиялык өлкөлөрдөгү жетишкен журналистиканын эл аралык стандартын өздөштүрүүгө карата кыргыз тилдүү журналисттердин ичинен алгачкы жасалган үзүрлүү аракети катары бааласа болот. Бул жагынан автордун макалалары кыргыз журналистикасындагы калемгерлерге көп жагынан үлгү боло алат.
Белгилүү журналистти өлкөбүздөгү болуп жаткан өзөктүү өзгөрүүлөр, өзгөчө өнүгүүбүзгө жолтоо болуп жаткан кейиштүү көрүнүштөр тынчсыздандырат. "Эки дөө кармашып, ортодо Кыргызстан кыйналууда", "Россия­да эмгек мигранттары ишсиз калууда, Кыргызстанга кесепети тиеби?", "Кыргыз демократиясы демонтаж болууда", "Ким Фергана өрөөнүн көзөмөлдөсө, ал Борбордук Азияны бийлейби?" өңдүү макалаларында учурдун көйгөйлөрүнө олуттуу ой жүгүртүп, дүйнөнү кабылдоодо публицистикалык концепцияга таянат. Анын макалаларындагы адамдын аң-сезимине таасир көрсөткөн объективдүү дүйнөнүн мазмуну, жандуу элеси өзүнчө публицистикалык поэтикалык формага ээ болуп, жандуу маанайда тартууланат. "Кыргыз тоолорунда мөңгүлөр тез эрип жатат, себеби кайда?", "КТРден коомдук телеберүүнү издебегиле!", "Ошту Кыргызстандын борбору кылууга эмне себеп?", "Балаң билим албай көчөдө калды!" өңдүү проблема көтөргөн макалаларда элпек интонация, бир калыптагы добуш ыргагы баштан аяк сакталып турат. Жарык дүйнө менен учурдагы көйгөйлүү окуялардын контрасттары реалдуу берилип, мунун фонунда болуп жаткан окуялар элестүү туюнтулат. Учурда болуп жаткан реалдуу окуялардын өмүрдүн өнүгүшүнө көрсөтүп жаткан таасирлери куюлушкан көркөм саптар менен реалдуу фактылардын негизинде так берилген. Автор учурдагы окуяларга өз алдынча ой жүгүртүп, индивидуалдуу туюнтууга аракет жасагандыгы, публицистикалык ой айткандыгы менен башка журналисттерден айырмаланып турат. Биздин оюбузча, Б.Орунбековдун публицистикалык макалалары жеке гана автордун чыгармачылык ийгилиги эмес, ошондой эле кыргыз саясый публицистикасынын чыныгы жетишкендиги.
P.S. Белгилүү журналист Бакыт Орунбеков жакында эле өзүнүн саясый айдыңдагы топтогон билимин тастыктап, кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоп, саясый илимдердин кандидаттык илимий даражасына татыктуу болду. Мезгилдүү басма сөздөргө жарыяланып жүргөн кийинки саясый публицистикалары анын бул багытта чыгармачылык сапарын ийгиликтүү уланта бере тургандыгынан кабар берип турган өңдүү.
Догдурбек ЮСУПОВ, акын-журналист







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"


Warning: include(../../ohkaptal_1.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/12/0120_14.htm on line 71

Warning: include(../../ohkaptal_1.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/12/0120_14.htm on line 71

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal_1.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/12/0120_14.htm on line 71






??.??