presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Эвровидениенин эшиги бизге да ачык

Өткөн аптада 3 айдан бери жүрүп жаткан түрк тилдүү 6 өлкөнүн арасында өткөн "Евразия жылдызындагы" мекендешибиз Гүлжигит Калыковдун талашсыз жеңиши бизди бир ойго салды. Спортто командалардын арасындагы беттештердин статистикасын карап отуруп эле беттеше элек командалардын абалын, мүмкүнчүлүгүн билип коюшат. Бул ыкманы өзгөчө букмекерлер колдонушат. Биз дагы ушул ыкма менен карап отуруп, жигиттин гүлү болгон Гүлжигитибиз Евровидение конкурсун деле жеңе алмак деген тыянакка келдик.

Эгер Гүлжигит Евровидениеге катышса…
Гүлжигит кантип жеңмек эле деп чочуп кеттиңизби? Түшүндүрмөсү жөпжөнөкөй. Былтыркы Евровидение жарышында азербайжандык ырчылар Эльдар Гасымов жана Нигяр Джамал жеңип чыгышкан. Бул эки ырчы аталган өлкөдө былтыр мыкты болуп тандалса, быйыл Гүлжигиттен кийинки орунду алган Жавидан өзгөчөлөнүптүр. Жавиданы өз өлкөсүнүн Бек Борбиеви, Мирбек Атабекову болсо, Евровидениенин жеңүүчүлөрү болгон Нигяр менен Эльдар Султан Садыралиев, Съездбек Искеналиев деп кое бериңиз. А бизде Гүлжигитти эми гана тааный башташпадыбы. Демек, Жавидан Эльдар Гасымов менен Нигяр Джамалдан кыйын болсо, ал эми Жавидандан Гүлжигит кыйын болсо спорттук салыштыруу жолу менен биз Гүлжигит Калыков Евровидение конкурсун жеңиши мүмкүн эле деген божомол токуй алабыз. Анүстүнө Гүлжигит сахнага чыкканда ошол Евровидениеге катышкан ырчылардан да жагымдуу болуп турганын ар бир өлкөнүн көрүүчүлөрү баса белгилеп жатканы буга кошумча далил боло алат.

Кыялданбай айтканда…
Евровидение конкурсунун шарты боюнча бул конкурска башка жактын ырчылары Европа континентиндеги кайсы гана өлкө болбосун макулдук болсо анын атынан чыгып ырдай беришет. Мисалы, кадимки "Титаниктин" ырын созгон Селин Дион деген канадалык ырчы Швейцариянын атынан чыккан болсо, Араш деген ат менен дүйнөгө таанылган ирандык жигит эки жыл мурун биз айтып жаткан Азербайжандын атынан чыккан. Бул деген Европадагы ырчылары анча эмес өлкөлөр Гүлжигит сыяктуу кыргыз жигиттерин арендага алып Евровидениеге катышса, жеңүүгө мүмкүнчүлүктөрү көбөймөк. Анткени добуш берүү процессинде ошол эле Европага кирген өлкөлөрдүн тургундары биздин таланттарды жактырганы аргумент болуп калбадыбы.

Конкурстун тарыхы
Бул ыр майрамы Европанын түз алып көрсөтүү союзуна кирген өлкөлөрдүн арасында өткөрүлөт. 1956-жылдан бери такай болуп келе жаткан конкурс спорттук жарыштардан кийинки чоң аудиторияны теле экрандын алдына чогулткан иш- чара. Акыркы жылдары көрүүчүлөрдүн саны 600 миллионго жетип, Европадан сырткары Австралия, Канада, Египет, Гонконг, Индия, Иордания, Ливан, Жаңы Зеландия, Түштүк Африка, Түштүк Корея, Вьетнам жана АКШ сыяктуу мамлекеттерге көрсөтүү укугу сатылган. 2000-жылдан баштап конкурс интернет аркылуу да түз көрсөтүлө баштаганы жанагы 600 миллионго дагы бир канча миллион көрүүчүнү кошо алат.
1956-1996-жылдары конкурстун жыйынтыгын бул тармакта дасыккан мыкты калыстар аныктап келишкен. 1997-жылы калыстар тобунан сырткары конкурска катышкан өлкөлөрдүн элдери да добуш берүү менен жеңүүчүнү аныктай алышат деген чечим чыккан. Бул жаңы кадам долбоордун рейтингин дароо жогорулатып, элге аябай жага баштаган. Мындай шарт албетте, милдеттүү түрдө болбогондуктан, алгачкы жылы болгону 5 өлкө калыстарга эмес өз элине тандатышкан. Кийинки жылы дээрлик бардык өлкөлөр элдик добушка салышкан. 2003-жылы бийлик толугу менен көрүүчүлөр тарапка өткөн.
2004-2008-жылдардагы жыйынтыктар ырчылардын чыгармасы үчүн эмес, өлкөлөрдүн аброюна жараша болуп жатканын байкашкан сынчылар коңшу өлкөлөр бири-бирин колдоп жатканын байкашкан. Ошондон кийин кайра жарымын калыстар, жарымын эл чече турган вариантка токтолушкан.

Конкурска катышуу шарттары
Ар бир өлкө адистердин чечими мененби же элдик тандоо жолу аркылуубу, айтор, өзүнүн өкүлүн тандашат. Ага мурда ырдалбаган жаңы ыр жаздыртышат. Ырчы же алтыдан ашпаган бир нече ырчы жандуу үн менен, бек вокалдардын (кошумча көрк берген үндөр) коштоосу жазылбастан музыкадан башкасынын баарын сахнада чагылдырышат. Чыгарма 3 мүнөттөн ашпашы керек, кайсы тилде болсо деле боло берет. Конкурсанттын жашы 16 жаштан өйдө болушу керек. Анткени 16 жашка чейинки балдар үчүн да атайын Евровидение бар. Сахнадагы бийчиби, актербу, музыкантпы, жалпы сан 6 кишиден ашпайт. Көрүүчүлөр ыр бүткөндөн кийин туптуура 15 мүнөттүн ичинде ошол чыгармага добуш бере алышат. Добуш берген өлкөлөр эң мыкты 10 мамлекетке төмөндөгүдөй бааларын коюшат: эң жогорку балл - 12, экинчи орунда - 10 жана калгандары 8ден 1ге чейин ылдыйлап кете берет. Ошентип 56 өлкөнүн добушунун жыйынтыгында чогултулган баллдардын суммасы менен жеңүүчү аныкталат. Ар бир өлкө өз өлкөсүнүн катышуучусуна добуш бере албайт. Баса, дагы бир элге айтылбаган бир өзгөчө шарты бар экен. Эгер ошол конкурска катышып жүргөн убакта бир өлкөнүн өкүлү башка бир өлкөнүн ырчысы менен жатып алып, эл арасында ар кандай ушак-кептерди жаратса, эки тараптын тең көчүгүнө тебишет экен. Эң башкысы, тартип катуу экенин эки жолу Россиянын атынан барып анан жеңишке жеткен Дима Билан башын чайкап эскерет.

Өзгөчө өлкөлөр
Конкурска катышуучулардын саны өтө көп болгондуктан, квалификациялык раунд катары жарым финалдар өткөрүлүп, анда финалга жолдомо алчу мыкты номерлерди тандашат. Конкурсту өткөрүп жаткан өлкө жана бул уюмга дайыма демөөрчүлүгү менен пайдасы тийип келген 5 өлкө тандап алуу туруна катышпай эле дайыма финалда өнөр көрсөтүп келишкен. Алар Улуу Британия, Германия, Франция, Испания жана Италия. Баса, Улуу Британия бир учурда биз футболдогудай Шотландия, Уэллс жана Англия болуп чыгабыз деп да чыгышкан. Уюштуруучулар мындай шарт катышуучулардын санын ого бетер көбөйтөт деп каршы болушкан.

Евровидениенин пайдасы
Бул конкурсту өткөрүү эмне пайда бериши мүмкүн? Жеңүүчү өлкө жеңген жылы бүт дүйнө жүзүнө өз өлкөсүнүн атын чыгарып алса, кийинки жылы конкурсту өткөрүүчү катары туристтерге өз жерин каалашынча мактап, конокторду чакырып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Мисалы, Руслана аттуу украин кызы жеңгенден кийин конкурсту Киевде өткөргөн хохолдор визалык режимди алып салышып конокторду өзүнө чакырышты эле туристтер ой-да көп келишип, кийинки жылы туристтерден түшкөн киреше 2,5 эсеге көбөйгөнү байкалганын айтсак болот. Муну менен "Евразия жылдызын" Бишкекте бир залга камалып өткөрбөй Ысык-Көлүбүздү мактап албайлыбы деген сырды ырчы министрибизге, чоңдорубузга күмүш сырга кылып жатабыз.
Евровидениени уюштурууга кеткен чыгымдардын көпчүлүк бөлүгүн тиги тарап өздөрү көтөрүшөт экен. Өткөргөн өлкөгө көп деле күч келбейт. Ар кайсы өлкө өзүнүн көңүлүнөн чыгарып жеңүүчүгө белек берсе болот. Мисалы, машине, үй же акчалай. Эки жыл мурун Москвада өткөндө Норвегиянын атынан келген Александр Рыбакка окемдер Москванын борборунан квартира белек кылышкан. А расмий түрдө жеңүүчү микрофонду чагылдырган хрусталдан же башка кымбат баалуу материалдан жасалган кубок алышат.

Бекер инвестиция деген да болот
Кыргызстан да Евровидениеге катышса болот экен. Мисалы, Европанын курамына кирбеген Алжир, Египет, Иордания, Ливан, Ливия, Тунис сыяктуу өлкөлөр ЕВСтин (Европейский вещательный союз) курамына киришип, Европадан ар кандай берүүлөрдү алып көрсөтүү укугуна эле эмес, Евровидениеге катышууга мүмкүнчүлүк алышкан. Бирок эмнегедир ушул убакка чейин катышпай келишет. 1980-жылы Марокко бир ирет катышып көргөн. Кийин баш тартышыптыр. Казактар ЕВСтин курамына киребиз, Евровидениеге катышабыз деп 2008-жылы арыз жазышкан. Жакында алар Евровидениеден созолонтуп калышса таң калбаңыздар. Биз деле жазган жагынан кыйын элек, бир күндүк убакыт коротуп Маданият министрлиги кат жолдоп койсо жаман болбос эле. Анткени ар бир өлкөнүн катышуучусу чыгып жатканда бүткүл дүйнө жүзүнө ошол өлкөнүн сонун жерлерин көрсөтүп, туристтерди чакырган бекер реклама болору айтпаса да түшүнүктүү. А кокус Гүлжигитке окшогон булбулдарыбыз жеңип калса, ооматтын келгенин ошондо көрө бересиз…

Кудрет ТАЙЧАБАРОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"


Warning: include(../../ohkaptal_1.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/12/0120_13.htm on line 72

Warning: include(../../ohkaptal_1.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/12/0120_13.htm on line 72

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal_1.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/12/0120_13.htm on line 72






??.??