20.01.12 - 12-бет: Күлазык
Райымжан КУРБАНОВ,
"Кыргыз тили" коомунун президенти:
"Шакем "Эсиңе кел" деген ырын уккан сайын сахнанын артында ыйлап турчу экен"

- Качантан баштап кыргыз тилин коргоо идеясы пайда болду?
- Бир ирет Эркиндик гүлбагында баратып акын Түмөнбай Байзаковго жолуктум. Залкар акыныбыз жаш баладай сүйүнүп алыптыр. Көрсө, анын кубанычы 1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тили мамлекеттик тил болгону экен. Алгач жаштык кылып ал кишинин кубангандан көзүнө жаш тегеренип, эргигенин сезбепмин. Кайран Түмөнбай агабыз жолуккан эле бейтааныш кыргыздарга "ой, уктуңбу, азыр эле кыргыз тили мамлекеттик болду" деп сүйүнчүлөп атты. Чынында мага акындын ошол абалы катуу таасир эткен экен. Кыргыз тилин биз баарылап аракет кылып мамлекеттик деңгээлге жеткирбесек ким жеткирет деп ойлогом ошондо.
- "Кыргыз тили" коому качан уюштурулган?
- Бул коом өкмөттүн токтому менен 1991-жылы уюшулган. Андан кийин биздин өтүнүчүбүз менен Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия уюшулбадыбы.
- Бул уюм кандай каржы менен жашайт?
- Албетте 2008-жылга чейин "Кыргыз тили" коомун өкмөт анча-мынча каржылап келген. Ошондон бери өкмөттүн токтому менен уюшулганына карабай азыркы күндө бийлик тарабынан бир да тыйын албайт. Албетте каражат маселесин чечүү жагынан өзүбүз аракет кылып жатабыз.
- Негизги аткарып жаткан иштериңиздер кайсы?
- Бул уюм коомдук уюм болуп аткандан кийин биздин ишибиз эне тилибиздин улуулугун даңазалоо, мамлекеттик тилдин маанилүүлүгүн үгүттөө милдетин аткарат. Мисалы, менин эл акыны Эсенгул Ибраевдин " Улут болсом тилим менен улутмун" деген ырын окуп жатканымдын өзү үгүт. ЖОЖдордо, мектептерде бир күндө бир нече жолугушуулар болот. Ал иш-чараларда кийинки муундарга эне тилдин ыйыктыгын сайрап келебиз.
- Өткөндө ЖК депутаты Надира Нарматова тил боюнча иштеген беш уюм бар бирок эне тилди өнүктүрүү боюнча жылыш жок дегендей айтып кетти.
- Экс-президент Р.Отунбаева башка тилдүү мектептерде кыргыз тилин жакшылап окутуш керек деп айтпады беле. Тилекке каршы, биз өзүбүз ошол кыргыз тилин окуйбуз деп жаткан мектептерди окуу куралдары менен камсыз кыла албай келебиз. Надира айым туура эле маселе коюп жатат, бирок бул маселенин тамыры тереңде. Мисалы, ал китепти ким чыгарыш керек? Билим берүү министрлигиби же академиясыбы? Мамлекеттик тил комиссиясыбы же илимдер академиясындагы тил институтубу? Биз мамлекеттик тилди үйрөнөбүз деген башка улуттун өкүлдөрүнө алгач шарт түзүп берип, анан талап кылыш керек. Жакынкы мезгилде ушул маселелер чечилиш керек.
- Кыргыз тилинин бүгүнкү негизги көйгөйү эмнеде деп ойлойсуз?
- Мамлекетибиздин эне тилибизге болгон көңүл коштугу өзүбүздүн кайдыгерлигибиз.
- Бүгүнкү күндөгү көчөлөрдө илинген көрнөк-жарнактардын которулушуна көп эле сындар айтылууда...
- Маанисине карабай сөзмө сөз которулуп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы рекламаны которгондор менен биргелешип иштейли деп кыйкырып эле жүрүшөт. Тилекке каршы, аны уккан эч ким жок.
- Кыргыз тилин жарды дешкендерге эмне дээр элеңиз?
- Эр болсоңор Байдыкемдин
"Мен киммин? Мен бир акын жаман сары,
Колунда койкоң-догон калем сабы.
Энекем эптеп төрөп койсо керек,
Кыргыздын көбөйсүн деп адам саны"-деген төрт сабын орусчага которуп көргүлөчү. Такыр мүмкүн эмес. Кыскасы, кыргыз тили өтө бай тил. Кээде өз тилибиздин баркына жетпей жарды дейбиз. Кыргыздын тилин канчалык мыкты билсек, ал ошончолук мыкты тил. Эгер начар сүйлөсөк, анда тилибиз жаманатты болот. Эне тилибизде сүйлөгөндө, башка улуттар кызыга тургандай, суктана тургандай сүйлөшүбүз керек. Мен айрыкча журналисттерге адабий тилдин нормасында жазалы жана сүйлөйлү деп айтаар элем.
- Гезит журналисттерине кандай кеңешиңиз бар?
- Элди улутка бөлбөй, ынтымакты камсыз кылып, бириктире турган ушул массалык маалымат каражаттары. Ал эми биздин кыргыз тилдүү гезиттерде кээде сөзгө маани бербей, тилди өз билгениндей бурмалап жазган жаман өнөкөт пайда болуп калды. Мисалы, жакында Оштон бир жигит келип, "мен ага-ини деген сөздү айтпайм. Себеби гезиттин баары ака-үка деп жазып атпайсыңарбы. Бул эмне Ошту шылдыңдап атканыңарбы?", - дейт. Айтканынын жөнү бар. Ошол эле учурда "ака-үка" дегендин ордуна ага-ини деген сөздү колдонгонбуз оң. Мисалы, биз кайнага, кайни деген сөздөрдү Кыргызстандын ар бир бурчунда бирдей эле айтып келатпайбызбы. Кайын-ака, кайын-үка деп айтылбайт да. Ошондуктан адабий тилдеги ага-ини деген татынакай сөзүбүздү колдонгонубуз оң. Чынында кээ бир гезиттер жөндөн жөн эле "яна питта тапышмак", "нема болды" жана башка ушул сыяктуу өзбек сөздөрүн колдонгонду мода кылып алды. Бул керек болсо башка улутту шылдыңдоо менен бирге бир элди эки бөлүү болуп эсептелет.
Баса, айрым журналисттер түндүк менен түштүктү куштун эки канатындай деп жазып келишет, саясатчылар да ошентип сүйлөп калышат. Чынында мындай деп айтыш уят. Түндүк кыргыздары менен түштүк кыргыздары эч кандай бир тууган же куштун эки канаты эмес. Мисалы, казак менен кыргыздай эки элди куштун эки канатындай деп айтса жарашат. Ал эми кыргыз - бир эле эл.
- Баса, сиз Мухтар Шаханов менен дос болсоңуз керек эле...
- Бул киши даанышмандын теңтушу көп теңи жок дегендей мыкты акын, мыкты адам эмеспи. Туз буюруп Мухтар Шаханов менен ага дос, ини дос болуп жүрөм. Алдыда так ушул тил маселеси боюнча бир жакшы иштерди жасаганы жатабыз. Билесиң, казактар да эне тил маселесин жигердүү көтөрүп келет. Эне тилин билбегендерди казактар МГК (мордасы гана казак) деп коюшат. Бир убакта түндүк Казакстан бир ооз казакча билбей, ал эми түштүгү - Чымкент тарап Өзбекстанга чектеш болуп "ака, үка" деп сүйлөп калышканын Мухтар Шаханов айткан. Акын жаштарга кайрылып, сүйлөшүүсүнүн негизинде адабий тилдин нормалары сакталып, казак тилинде сүйлөөгө өтүшүптүр.
- Эне тилди коргогон эки элдин өкүлдөрү кандай форматта иштешүүсү мүмкүн?
- Бул чоң долбоор. Эки элдин ортосунда эне тили боюнча ар кандай сынактар өткөрүлүп турат. Албетте иш-чарада Шахановдун жана кыргыз акындарынын эне тилин сактоо, аны ыйык тутуу тууралуу жазылган жалындуу ырлары окулат. Айтор, бул эки элдин маданий байланышы болуу менен бирге эне тилин өнүктүрүү боюнча атаандаштыкты жаратат деген максаттар бар.
- Казактардын МГК деген сөзүн бизге да киргизсек болчудай, мордасы гана кыргыз деп, бул Шаханов киргизген түшүнүк болсо керек эле...
- 2010-жылы Мухтар ага чыгармачылык кечесин өткөрүп, ага мени, Динара Акулованы, ыраматылык Төлөгөн Касымбековду чакырыптыр. Төкөм ден соолугуна байланыштуу бара албай калды. Чыгармачылык кечеге үч миң адам катышты. Баштан аяк казак эли, жери, тили туурасында ырлар окулду. Аягында Шаханов МГКга (мордасы гана казактарга), анан ТЖКларга (туфли жалагыч кошоматчыларга) арнап, аларды шылдыңдаган ыр окуп элдин боорун эзди. Кече бүткөндүн эртеси мен Шаханов менен коштошуп жатсам, ал Төкөмө китеп берип ийейин деп "Кыргыздын көрүнүктүү КТКсы Төлөгөн Касымбековго... " деп кол тамга жазды. Мен түшүнбөй калып "КТК эмне, Муке?" десем, "көзү тирүү классиги дегеним гой" деп күлүп атпайбы...
- Сиз ырын окуп жүргөн акындар сизге ыраазычылыгын кантип билдирет?
- Ар кандай. Шакемдин карылар үйү тууралуу жазылган "Тоолордун Кантка жетпей токтогон уч жагында, /Нижне-Серафимовка деп аталган кыргыздын кыштагында, /Бул дүйнөдөн бөлүп салган дубал турат темир-бетон
/Табытка окшоп өлүк салган" деп башталган "Эсиңе кел" деген ыры бар эмеспи. Аны мен 90-жылдардан бери эле жатка айтып келатам. Ошол жылдары Шакем, Акбар Рыскулов, Роза Аманова болуп чыгармачылык сапарга Таласка барып калдык. Ар айылда жолугушуу болот. Жыкжыйма чогулган элдин алдында "Эсиңе кел" деген ырды күнүнө төрт-беш жолу окуйм. Кийин Акбар тамашалап атпайбы, "Шакем Райымжан ырын окуп атса ушул ырды мен кантип жаздым экен деп сахнанын артында ыйлап турчу эле" деп. Көрсө, Шакем жүрөгүнөн жазган ырын өзү кайра берилип укчу тура. Албетте бул мага болгон чоң ыраазычылык.
Зайырбек АЖЫМАТОВ