presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Элге кебин айтпаса эрендерден не пайда?
Бакыт БЕШИМОВ:
"Азыркы шартта таза лидер - бул фантазия!"
Маектеш жөнүндө маалымат
Бакыт БЕШИМОВ, Жогорку Кеңештин өткөн чакырылышынын депутаты, 2007-2009-жылдары парламенттеги оппозициялык фракциянын лидери, 2000-2005-жылдары Кыргызстандын Индия, Бангладеш, Непал жана Шри-Ланка өлкөлөрүндөгү элчиси, ОшМУнун экс-ректору.
Ушул тапта АКШдагы Гарвард университетинде, Массачусетс технологиялык институтунда (МТИ) жана Саффолк университетинде илимий изилдөө иштерин жүргүзүп, ошол эле учурда студенттерге сабак берет.


- Бакыт мырза, Америкада студенттерге кайсы предметтерден сабак берип жатасыз жана изилдөөлөрүңүз кайсы өңүттө?
- Эл аралык мамилелер, коопсуздук маселелери жана өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн саясаты жөнүндө курстарды өтүп жатам. Ал эми изилдөөлөрүм Орусиянын, АКШнын жана Кытайдын Борбор Азиядагы саясатына жана аймактын коопсуздугуна тыгыз байланышкан.
- Эми Мекенибиздеги абалга өтөлүчү. Ушул тапта улуттун алдында кандай олуттуу маселелер турат деп эсептейсиз?
- Кыргызстандын тагдырына чечүүчү таасир этчү үч маселени көрүп турам. Биринчиси, жогорку билимдүү жаңы муунду даярдоо, экинчиси, алдыңкы бизнестин өнүгүшү жана үчүнчүсү, профессионалдык армияны түзүү. Ушул үч маселени жакынкы арада ийгиликтүү чечсек, мамлекетти чындап сактап калабыз. Албетте, бул көп жылдарга созулчу процесс, бирок азыр киришпесек кийин бармак тиштеп калабыз.
- Кыргыз өкмөтүнүн жаңы куралган түзүмү сизди канааттандырабы?
- Дүйнөдөгү жана КМШдагы өтө оор экономикалык кризис Кыргызстанды кыя өткөн жок, тескерисинче, анын абалын ого бетер татаалдаштырды. Аябай акылдуу, сапаттуу жана бирдиктүү тынымсыз иштесек гана азыркы оор абалдан чыгып кетебиз. Демек, Кыргызстанга азыр жогорку профессионалдуу өкмөт зарыл! Бирок биздеги өкмөт түзүү саясаты ойлонгон адамды таңкалтырбай койбойт. Экинчи көңүл бура турган жагдай: бул лидерлердин түпкү саясый маңызы. Улуттук жетекчилик саясый программасы боюнча социалисттер, саясый позициясы боюнча ренегат оппортунисттер жана жалаң популисттер. Социалдык статусун карасак, жалаң капиталисттер. Булар өлкөнү кайсы жолго салаары азырынча бүдөмүк. "Атты такалаганча, жолду бакала" дешет кыргыздар.
- Туура байкаптырсыз, эл дале чочулап турат. Анткени алар соолуган көлгө бака салгандай эле болуп жатат. "Социалисттербиз" дешкени менен түпкү идеясы - байлык, куралы - бийлик. Алардын программалары эгиз козулардай элге бейишти сунуштайт, чындап келгенде элди накта тозокко түртүп жатат. Ошон үчүн элди алардын түпкү идеясы таптакыр кызыктырбайт да?
- Эми жамбаштап жатпастан шайлоодо берилген убадалардын аткарылышын талап кылыш керек. Журналисттер серепчилер менен кошо калпты чындай чагылдыргандын ордуна, элге саясатчылар жөнүндө объективдүү маалымат берсеңер жакшы болоор эле. Калп - ырыс кесет. Күчтөнүп бараткан популисттер мамлекетке орду толгус зыян келтирип жатышат. "Сөзү туура, бирок санаасы кара саясат" деп түшүнгөндөр улам-улам бизге эскертип жатат.
- Анда өкмөт башындагылар коррупцияга каршы бул сапар чындап күрөшөт деп ишенүү кыйынбы?
- Реалдуу караганда коррупция биздин коомдун ар бир клеткасына чейин сүңгүп кеткен. Тилекке каршы, азыркы учурда өлкөдө коррупцияга каршы ийгиликтүү күрөшкөнгө саясый, идеологиялык жана моралдык шарттар жана мүмкүнчүлүктөр таптакыр жетишпейт. Бекеринен кыргыз саясый режимдерди клептократия (уурулардын бийлиги) деп атабайт. Жарандык коомдун мүмкүнчүлүгү бизде абдан чектелген. Массалык маалымат каражаттары коррупция жөнүндө коомдо объективдүү пикир түзө албай жатышат. Ага улай дегеле сот адилеттиги жок.
- Укук коргоо органдары коррупцияны ооздуктаганга катуу киришти деп расмий түрдө жар салышпадыбы. Сиз ушуга ишенесизби?
- Анализ көрсөтүп жатат, Кыргызстандагы эки төңкөрүштөн кийин деле укук органдарында биз күткөн эч кандай өзгөрүү болгон жок. Тескерисинче, алар саясый курал катары калды, коом үчүн дагы эле опурталдуу. Ал эми 2010-жылдын 7-апрели боюнча өтүп жаткан соттор офицер-жоокерлердин мамлекетке таптакыр ишенбестигин айгинеледи. Жөнөкөй аткаруучулар гана күнөөлүү болуп, Курманбек Бакиевдин чечимдерин накта колдогондор кайра бийликке келип жатышса Кыргызстандагы адилеттүүлүккө ким ишенет!
- Сиз, 2010-жылкы жаздагы окуяны төңкөрүш деп баалап, Бакиевди жөнөкөй эл жана Путин кулатты деп жатасыз. Орусия менен мамилебизди кандай көрөсүз?
- Орусиянын килейген рыногу бизге чексиз мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат. Ошондуктан экспортубузду көбөйтөлү, бизнес байланышыбызды күчөтөлү. Орусия жана Казакстан Дүйнөлүк соода уюмуна киргенден кийин ачылган мүмкүнчүлүктөрдү толугу менен пайдаланалы. Ал эми коопсуздукка келгенде, Орусиянын Борбордук Азиядагы кызыкчылыгын эске алып ишенимдүү байланыштарды уланталы. Ага шарт бар. Бир гана нерсе, Орусиянын башка мамлекеттер менен геосаясый карама-каршылык оюндарына таптакыр аралашпашыбыз керек. Мындан зыяндан башка пайда таппайбыз. Ал эми АКШ жана Кытай менен адаттагыдай дайыма жакшы байланышта бололу. Аталган мамлекеттер менен алысты карап, терең ойлонуп акылдуу иш алпарышыбыз керек. Улуттук кызыкчылыктарды бекем тутунган, кадырлуу, туруктуу кыргыз жетекчилиги менен бардыгы сөзсүз эсептешет. Бизге кандай гана оор болбосун, салмактуулукту жана түз мамилени бир калыпта сактап турганыбыз оң.
- Азыркы кээ бир саясатчылар "Бакиев Москваны көп жолу алдады" деп жатпайбы. Сиздин оюңуз?
- Чынында эмне болгонун эл бүт билет. Бакиевдер акылсыз, ач көз оюн ойноп өлкөнү тебелетип салышты. Калгандарга бул эми ачуу сабак болсун. Бирок Владимир Путинден ашыкча Орусияга күйгөндүн кажети жок.
- Азыр улутчулдукка басым жасагандарга не дейсиз?
- Улутту сүйгөн улутчулдар жана кор улутчулдар бар. Айырмасын даана билип алганыбыз оң. Кор патриоттук жана опурталдык улутчулдук элибизди эски доорго жана жалаң согушка түртүп жатат. Башка улуттардын укугун сыйлабаган саясат Кыргызстан үчүн өтө зыян.Тилекке каршы муну көбү түшүнбөй жатат. Мына, Борбор Азия жаңы тарыхтын өтө татаал этабына келди. Эң коркунучтуу өзгөрүүлөр эми башталат.
- "2010-жылы Каримов кийлигишпесе, согуш тутанат эле" дешет айрым серепчилер. А Каримов өзү "урушту уюштургандар үчүнчү күчтөр" деди.
- 1990-жана 2010-жылдардагы кагылышууларда Ислам Каримов Өзбекстандын Фергана тарабындагы туруктуулукту сактап калды. Дегеле ошондогу сырткы күчтүн негизги максаты Кыргызстандагы абалды курчутуу аркылуу Өзбекстан режиминин дараметин сыноо болгон.
- Ислам Каримов бийликтен кеткенден кийин бизге коркунуч туулбайбы?
- Өзбекстанда туруктуулук бузулса бизге залакасы катуу тийет. Анан ким билет, жаңы өзбек жетекчиликтин башында Кыргызстан жөнүндө кандай ойлор болот?.. Жер, суу, чек ара маселелери оорлошуп кетсе, улутчулдук эки жактан курчуса, анда согушка жол ачылышы мүмкүн.
- Эсимде, үч-төрт жыл мурда кыргыз бийлиги коопсуздук жөнүндө ойлонбой жатат деп айткансыз. Азыр деле ошондой. Эмне кылыш керек?
- Коңшулар менен болгон курч маселелерди тезирээк чечип, кыргыз, өзбек жана тажик кызыкчылыктарын бири-бирине көз каранды кылганга аракет жасаш керек. Өзбекстан жана Тажикстан менен чыр-чатактарга жол бербөө жана конфликт учурунда бириккен чара көрүү механизмдерин иштеп чыгуу абзел. Жер, сууларды пайдалануу үч тараптын кызыкчылыгына тыгыз багытталышы кажет. Байкасаңар, объективдүү демографиялык, экономикалык, климат өзгөрүү шарттары боюнча мамлекеттердин ортосунда теңтайлашуучулук күч алып баратат. Борбор Азияда келерки жылдарда ар кандай коркунучтуу трансулуттук уюмдар ишин активдештирет. Орусия, Кытай жана АКШнын регионго карата карама-каршылыгы күчөйт. Өзгөрүп жаткан абалга карата бизге реалдуу иштей турган улуттук коопсуздук боюнча стратегия керек. Азыртан баштап акылдуу тышкы саясат, профессионалдуу чакан армия, сапаттуу ички аскерий күч жөнүндө ойлонгон туура.
- ШКУ жана ОДКБлар ушул маселелерди чечпейби?
- Кыргыз, өзбек жана тажиктер бирдиктүү саясат жүргүзмөйүнчө, өздөрүнчө ишенимдүү коопсуздук система түзмөйүнчө маселелер толугу менен чечилбейт. Андан тышкары өзүнүн кызыкчылыгы үчүн Орто Азиянын элдерин бөлүп-тирештирип башкарабыз деген күчтөр дагы бар. 1996-жылы талибдер Кабулду бекер басып алышкан жок. ОДКБнын позициясын 2010-жылкы кыргыз-өзбек чыр-чатагына жасаган мамилесинен тиешелүү жыйынтыкты чыгарсаңар болот.
- Каяктагы күчтүү армияны айтасыз, экономикабыз моминтип аксап жатса? Дегеле сиз ойлогондой улуттук экономикабызды ким көтөрөт?
- Жогорку билимдүү жаштар, алдыңкы бизнесмендер жана жаңыча иштеген фермерлер гана экономикабызды өйдөлөтөт. Буга улай глобалдык экономиканы жана эл аралык саясатты терең билген, алдыңкы университеттердин бизнес мектептерин бүтүргөн, дүйнөдөгү алдыңкы компанияларда тажрыйба алган жаштарга өтө муктажбыз.
- Биздеги окуу жайларды бүтүргөндөр мындайга жарабайбы?
- Эң мыктылары жарайт. Бажы биримдиги, Дүйнөлүк соода уюму, экономика, бюджет, кыргыз-өзбек конфликтиси боюнча талкуулар алдыңкы билимибиздин өлкөдө азыр таптакыр тартыштыгын кашкайта көрсөттү. Гарвард, МТИ, Стэнфорд, Лондон, Пекин университеттеринин бүтүрүүчүлөрү алдыңкы билимден тышкары глобалдык бизнес чөйрөсүндө эң керектүү байланыштары бар, эл аралык капитал, инвестицияга жолу ачык. Ошондуктан кытайлыктар, орустар, казактар улуттук элитанын жаңы муунун айтылган окуу жайларда даярдап жатышат.
- Батыштан билим алгандарга азыр эл анчалык ишенбейт. Элди терең билген патриоттор керек деген ойлор айтылып жатат. Эч кимди туурабай, кыргызча жашайлычы дегендерге не дейсиз?
- Жаңылыш пикир. Батышта билим алгандардын басымдуусу - кыргыз элинин патриоттору. Мекенин башкалардан кем эмес билет жана сүйөт. Кыргызстандагы чыныгы патриотторго, тилекке каршы алдыңкы билим таптакыр жетишпей жатат. Болбосо мекенге чоң пайда келтирет эле. Элетти азыр мигранттардан чыккан ишкерлер гана өнүктүрүп жатат. А үйлөрдү, ооруканаларды, заводдорду, мектептерди мамлекет эмес ошолор куруп жатышат. Мына ушуларды патриот десе куп жарашат.
Туура, Батышка каршы саясат бар. Бирок чындык мындай да. XX кылымда кыргыздарды сабаттуу элдердин арасына кошкон коммунисттик идеология Батыштан келген. Бүгүнкү учурда элдин күндөлүк жүрүм-туруму, өкмөттүн бюджети Батыштын технологиясына жана финансылык жардамына таянат. Интернетти эле мисал тартайын. Өлкөнүн саясый жана экономикалык системалары Батыш моделинде. Жаңы кыргыз мамлекетинин түзүлүшүндө улуттун маданияты, каада-салты эске алыныш үчүн толук мүмкүнчүлүктөр бар. Кыргызча жашайбыз дегенге бардык шарттар турат. Эч ким кыргыздардын колу-бутун тушап койгон жери жок. Демек, Батышты же Чыгышты күнөөлөгөндүн ордуна өзүбүздүн кемчиликтерибиз жөнүндө ойлонбойлубу. Азыркы доордо Кыргызстанга бардык элдердин жуурулушкан алдыңкы билими керек.
- Өмүрбек Бабановду премьер-министр кылып иштетүү аркылуу Алмазбек Атамбаев өзүнө кийинки мураскорду даярдап жаткан жокпу?
- Кыргызстандагы мураскорлук - бул өзүн-өзү саясый өлүмгө даярдоо менен барабар.
- Негедир кийинки кезде азыркы ажо Алмазбек Атамбаев менен сиздин мамилеңиз мурдагыдай ысык эмес экендиги даана байкалат. Мунун себеби эмнеде?
- Көз караштарыбыз келишпегени менен мамилебиз мурдагыдай эле маданияттуу бойдон турат, калганын мезгил көрсөтөт…
- Кыргыздар айтат эмеспи "Ат айланып казыгын табат" деп. Кийин-соң мекениңизге, Кыргызстанга кайтайын деген ниетиңиз барбы?
- Албетте, бар. Бирок азыр деле Кыргызстанда болбосом дагы Мекенден алыстаган жерим жок.
- Айрым серепчилердин баамында, Кыргызстан бүгүн өтө кудуреттүү, баарынан мурда таза улуттук лидерге абдан мукурап турган чагы. Ошолордун анабашында сиздин дагы ысымыңыз соңку кезде байма-бай аталууда. Сиз буга эмне дээр элеңиз?
- Чындыгында кыргызстандыктарда каалаган лидерин тандоого мүмкүнчүлүк болду. Жалпы элдин аң-сезимине жана саясый маданиятына ылайык жыйынтык чыкты, ошого жараша Жогорку Кеңеш жана өкмөт куралды, президент шайланды. Азыркы шартта таза лидер - бул фантазия!

Маектешкен Алишер ТОКСОНБАЕВ





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"


Warning: include(../../ohkaptal_1.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/12/0120_11.htm on line 97

Warning: include(../../ohkaptal_1.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/12/0120_11.htm on line 97

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal_1.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/12/0120_11.htm on line 97






??.??