presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Малдүйнө
Мал семиртип сатуу - чоң бизнес
Азыркы учурда айылдыктар жумуш издеп шаарларга, чет өлкөлөргө агылганы агылган. Өзгөчө жаштар айылдан жаа бою качып калышты. Ошол эле учурда Орусиядан же башка жактан кара жанды карч уруп иштеп тапкан акчаны айылда жатып эле таап койсо боло турганын билгендер да бир топ. Мына ушундай пикирди карманган Кочкор районунун Көк-Жар айылынын тургуну АКЫЛБЕК УУЛУ БЕКБОО дыйканчылык менен мал чарбачылыгын үзүрлүү айкалыштырып келет. Өзү жаш болсо да айыл чарбасын жакшы түшүнгөн Бекбоо мал байлап семиртүүнүн ыкмалары менен бөлүштү.

Тоют камдагандан эринбе
Мал байлоодо жем катары көбүнчө арпа, сулу, буурчак колдонулат. Чөптөрдөн болсо эспарцет, беде жана табигый чөп кеңири таралган. Тоют камдоодо биринчи чабык чөптү көп камдаш керек. Анткени биринчи чабыкта беде же эспарцет менен түркүн чөптөр кошо чыгып, бардыгы тегиз гүлдөшөт. Чөптөрдүн ар түрдүүлүгү анын витаминге бай экендигинен кабар берет. Ал эми 2-3-чабыктарда өңчөй эле беде же эспарцет өсүп чыккандыктан күчтүүлүгү аз болот. Байлоодогу малга тууралган чөптөн өтөөрү жок. Себеби майда тууралган чөп жегиликтүү жана сиңимдүү келет. Пресстелген чөп өлчөмү менен салууга ыңгайлуу болуп, жыйнаганга тыкан болот. Табигый чөпкө мал семирбейт.

Короо жай кандай болуш керек?
Мал байлана турган короо жылуу жана таза болушу шарт. Бодо мал үчүн короонун алдын жыгач менен полдоп, эңкейиш кылып коюш керек. Жыгач жылуу болуп, алдын тазалап, кургак кармаганга абдан ыңгайлуу. Корооонун өтө кенен болбогону оң. Чоң короодо мал ары-бери басып, жем-чөбүн чачып салат. Ошондуктан аштоого жеткидей кылып гана жип менен тыкыс байлаш керек. Короонун караңгы болушу да мааниге ээ. Анткени байлоодогу мал башкага алаксыбай, жем-чөпкө гана көңүл бурушу керек.

Мал семиртүүнүн ыкмалары
Мал семиртүүдө жем-чөптү убагы менен бериш керек. Тактап айтканда, күндө белгилүү гана сааттарда берүү шарт. Ошондо мал да ушу регламентке кадимкидей көнөт. Жем-чөптү аз-аздан, бирок бат-баттан берип туруш керек. Беймаал же өз өлчөмүнөн көп берүү коромжу болуп, эч кандай пайдасы жок. Жылкы менен койго арпаны майдалап, дерт кылып бериш керек. Ал эми уй баласына жарма жасап берүү абдан эффективдүү. Мындан тышкары, уйларга картөшкөнү чийкилей эмес, бышырып берүү өзүнүн жакшы натыйжасын берет. Жемге кошуп берсе андан да сонун болот. Сууну колдон келсе түштө гана күн жылыган мезгилде бериш керек. Мындан тышкары, азыркы учурда көптөгөн дары-дармектер колдонулуп жатат. Мисалы, альбен, ивермек, катазол сыяктуу дарылар малдын ичиндеги дарттарына дабаа болуп, табитинин ачылышын шарттайт. Мындай дары-дармек колдонуу малдын эрте семиришине түрткү болот.

Кайсы мал канча күндө семирет?
Кой, козу 4-6 ай аралыгында, жылкы баласы 45 күндө, уй 3-4 айда семирет. Бардыгы кандай байлоодон көз каранды. Семиртүү үчүн мал тандоодо алардын чоңдугуна көңүл буруу керек. Мал канчалык зоот болсо ошончолук кирешелүү. Анткени базарда алармандар зоот малга көп көңүл бурушат. Этчилер үчүн салмак маанилүү. Мал семиртүүдө жылкы баласынын ургаачысы ыңгайлуу. Анткени эркек мал бираз эттенгенде эле жанына киши жолотпой баштайт. Мындай абал жем-чөп салууга тоскоолдук жаратат. Ал эми бука байлоо абдан кирешелүү. Көп салмак баскандыктан семиз букалардын өтүмдүүлүгү да, баасы да жогору.




Эт, сүт, жумуртка жана балык
Кыргызстандагы мал чарбачылыгынын бүгүнкү абалы жана келечеги жөнүндө Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Айыл чарба факультетинин деканы, ветеринария илиминин доктору, профессор Аскарбек ТҮЛӨБАЕВ төмөндөгүлөргө токтолду.
- "Азык-түлүк" терминине кайрылаардан мурда, "азык заттар" дегенди түшүнүп алсак. Азык заттарга белоктор, углеводдор жана майлар киришет. Азык заттар алкагында "толук баалуу азык заттар" түшүнүгү бар. Толук баалуу азыктарга белоктор кирип, алар үй жандыктарынан жана өсүмдүктөрдөн алынган өндүрүмдөрдүн курамында болот. Табиятта толук баалуу азык заттарга төрт азык: эт, сүт, жумуртка жана балык кирет. Көрүнүп тургандай, төртөө тең үй жандыктарынан алынган өндүрүмдөр.
Аталган төрт азыктын жок дегенде бирин гана колдонуу мүмкүнчүлүгү бар эл өзүн белок менен камсыз кыла алат. Андай мүмкүнчүлүгү жок калк ачарчылыкка учурайт. Чала азыктануудан жана ачарчылыктан жыл сайын 5 жашка чыга элек 11 миллионго жакын бала көз жумууда. Мисал катары Африканын кээ бир өлкөлөрүн айтсак болот.
Кыргызстандын мал чарбасы натыйжалуу эмес жана өнөкөт дотациялык мүнөздө болууда. Кыргызстандын мал чарбасында кандай технологиялар колдонулууда? Эч кандай. Тагыраагы, билимсиздик өкүм сүрүүдө. Мындай кырдаал жакшыбы же жаманбы? Муну төмөндөгүдөй өңүттө караганыбыз оң.
Биринчиси, өнүккөн мамлекеттер мал чарбасында эң алдыңкы технологияларды колдонуу менен бирге эле органикалык (биздин түшүнүктө биоэкологиялык) мал чарбачылыгына багыт алышууда. Органикалык мал чарбачылык дегенибиз жөнөкөйлөтүп айтканда, малды аларга тиешелүү табигый шарттарга ылайыктап багуу, дагы тактап айтканда, биздин ата-бабалар кылымдардан бери колдонуп келе жаткан мал багуу ыкмасы. Элибиз бул ыкмага акыркы 20 жыл аралыгында аргасыздан өтүп алды. Бул бир четинен жаман, экинчиден жакшы. Жаман жагы, алдыңкы технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүгү өзүнөн-өзү чектелди. Жакшы жагы, биздин мал чарба өндүрүмдөрүбүз органикалык деген талапка өзүнөн-өзү эле жооп бере турган абалга келди. Демек, биз мал чарба өндүрүмдөрүн өнүккөн өлкөлөргө жогорку баада сатуу мүмкүнчүлүгүн ала алабыз. Албетте, керектүү талаптарды түзө алсак. Ал талаптардын эң маанилүүсү - аккредитациядан өткөн сертификациялоочу лаборатория. Мындай лабораторияга ээ болуу мүмкүнчүлүгүнөн дагы кээ бир биздин өкмөттүк эмес уюмдардын "чоң жардамы менен" куружалак калдык. Мен Канада өкмөтү куруп беребиз деген биолабораторияны айтып жатам.

Уланбек ЭГИЗБАЕВ




Ок, эмне дейт!
Шарп күчөп баратат, кооптонгон киши жок
Ош облустук керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын маалыматына таянсак, Араван районунда малдардын шарп ылаңына чалдыгышы кескин түрдө күчөдү. Мындай шартта кыргыз өкмөтү аталган аймакта токтоосуз түрдө өзгөчө кырдаал жарыялашы кажет.


"Колубуздагы маалыматка караганда, Араван районундагы элдин малынын 30-40 пайызы шарп ылаңына чалдыккандыгы тастыкталды" деп чыркырады Ош облустук керектөөчүлөрдүн укугун коргоо инспекциясынын жетекчиси Төлөгөн Келдибаев. "Ошого карабастан жергиликтүү тургундар мал-келин базарга байма-бай айдап келип чекесинен сатып атышат. Ошентип мал аркылуу элге дарт жугузуп жатышат. Бул боюнча жергиликтүү жетекчилерди бир нече ирет катуу эскертсек да, алар бизди дегеле тоготчудай түрү жок" - дейт Төлөгөн мырза.
"Менин беш бодо малым бар эле. Чекесинен шарп менен ооруп атат" деп коңгуроо какты Араван районундагы Жаңы-Араван кыштагынын тургуну Большевик Азимов. "Мал доктурларга канча ирет кайрылдык, эч кандай реакция жасала элек. Аларга малыбыз чекесинен кырылып калса деле кеп эмес окшойт" дейт ал.
Бул боюнча Ош аймактык мамлекеттик ветеринария башкармалыгынын жетекчиси Сүйүн Абдуллаев менен байланышканыбызда, ал Араванда эпизоотикалык кырдаал анчалык кооптуу эмес экендигин баса белгиледи.
Анткен менен жергиликтүү адистер эпизоотикалык кырдаал абдан курч бойдон калып жаткандыгын кабарлашууда. Эгер Араванга чукул арада өзгөчө кырдаал жарыяланбаса, шарп ылаңы бүтүндөй Фергана өрөөнүн каптап кетүү коркунучу бар. Себеби, кенебестиктин кесепетинен Аравандын малы бул жагы Ошко, тигил жагы коңшулаш Өзбекстандын Кыргызстанга чектеш облустарына сатылып, калктын саламатчылыгына орду толгус зыян келтирери бышык. Анткени адистердин ырасташынча, шарп менен ооруган малдын этин жеген киши эзели сакайбайт, эң кейиштүүсү: көбү узак жашабайт, акыры өлүп тынат.
Ал эми малы шарп ылаңына чалдыккан өлкөлөргө сыртка эт сатууга тыюу салынат. Мындай жышаан дүйнөлүк практикада акыркы жылдары көбүрөөк колдонулуп жүрөт.

Алишер ТОКСОНБАЕВ,
өз кабарчы, Ош облусу




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??