presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Күзгү
Асылбек Жээнбеков
деген ким?
Президент, премьер-министр жана спикердин өмүр таржымалы, көшөгө артындагы жеке жашоосу боюнча окурман журтчулугуна так маалымат жеткирүүнү туура көрдүк. Адегенде ЖК төрагасы Асылбек ЖЭЭНБЕКОВ тууралуу кенен айтып бермекчибиз.


Эң биринчи…

Спикердин ата-энеси кудайга ишенген адам болушкан. Апасы Самар 12 жашынан баштап өмүрүнүн аягына чейин беш маал намазды жазбай окуган (Самар эне 75 жашында дүйнөдөн кайткан). Мына ошонун баары Асылбек мырзага таасирин тийгизгенби, 2005-жылы куранды толук окуп чыгып, намазга жыгылган. Ошондон бери беш убак намаз окуйт. Орозону калтырбай кармаганына быйыл 20 жыл болот.
Жубайы Гүлнара менен 1985-жылы туугандарынын тоюнда таанышкан. Гүлнара жеңебиз Асылбек мырзанын жакын жеңесинин сиңдиси, Кара-Суу районундагы Папан айылынын чүрөгү. Эки жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш кошушкан. Кесиби сурдопедагог-логопед. Акыркы сегиз жылдан бери үй кожойкеси.
6-классында рулга отурган. Алгач "Жигули" үлгүсүндөгү унаа сатып алса, акыркы үч жылдан бери "Мерседестин" кызматын пайдаланууда.
Мындан жети жыл мурда чоң саясатка башбаккан. 2007-жылдагы парламенттик шайлоодо КСДПнын Ош аймагы боюнча штабын жетектеген.
Бизнес чөйрөсүнө 1992-жылы аралашкан. Ошол жылы брокердик компания ачып алып сатарлык менен шугулданган. Кийинчерээк Россия, Украинага тамеки ташып, темирден да акча жасаган. Россияга беш вагон жашылча алпара коем деп аз жерден банкротко учурай жаздаган.
Эл билбеген "кылыктары"
Кол саатын бат-баттан жоготмой "өнөрү" бар. Мындан улам кымбат баалуу саат тагынбайт. Учурда төраганын колунан Швейцариядан өндүрүлгөн " Тисот" маркасындагы саатты көрөсүң.
Бош убактысында куранды кайталап окугандан тажабайт. Маселен, акыркы жолу Мухаммед пайгамбардын өмүр жолун окуптур. Ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун "Тоолор кулаганда" романын кайрадан окуп чыгыптыр.
Биринчи жолу классташтары менен тамеки чегип көргөн. Бирок ал өнөкөтүн андан ары өркүндөткөн эмес. Бүгүнкү күндө чылым менен спирт ичимдигинин №1 душманы.
Атайын стилисттин кызматын пайдаланбайт. Өзү же жубайы кийим-кечек сатып алат. Чет өлкөгө командировкалап барганда ылайыктуу кийим ала келгенди унутта калтырбайт. Шашылганда жайма базардан деле кийим сатып ала коет.
Өзүн толук кандуу кыргыздын жигити деп эсептейт. Кой, атүгүл жылкы союп, устукандаганды билет.
Компьютерде иштей алат. Интернеттен жаңылыктарды окуп турат. Ал эми бөлөк саясатчылар сыяктуу " Facebook" , " Twitter" сыяктуу социалдык желелерге катталган эмес. Ага убактысы деле жок.
Гороскопго, көзачыктарга ишенбейт. Адам баласынын тагдыры жараткандын колунда деп билет.
Уулдарын аскердик тартипте тарбиялап, алардын эмитеден акча иштеп табышына шарт түзүп берген. Алсак, ортончу баласы жыл сайын жайкы каникулда Америкага барып иштеп келет. Жол киреге сарпталчу чыгымды атасынан карыз алып, келгенде кайтарып берүүсү салтка айланган. Былтыр тапкан акчасына машинелүү болгону бизге белгилүү.
Үй-бүлөсү тууралуу маалымат ММКда чагылдырылышын каалабайт. Атургай жакындарына бул жаатта маалымат берүүгө тыюу салган. Үй-бүлөлүк сүрөттөрүн табууга таптакыр мүмкүн болгон жок.
Спикер эч кимге ишенбеген мүнөзгө ээ. Жада калса жакындары бир нерсе айтса, ошону алгач текшерип, аныгына жеткен соң гана ынанат.
Кол астындагы кызматкерлерди катуу кармайт, алардан темирдей тартипти, тактыкты талап кылат.
Дин жолунда жүргөндүктөн майрамдарга анчейин көңүл бурбайт. Протокол боюнча спикер даталуу майрамдарда президент менен өкмөт башчысына чакан белек берүүсү каралса, ал муну жаңы жылда аткарган жок. 31-декабрда президент менен премьерди телефондон куттуктоо менен гана чектелди.
"Nokia" үлгүсүндөгү эки "сотогой" колдонот. Бирок бир телефону иштебейт.
Жээнбековдор династиясы
ЖК төрагасы 11 биртуугандын сегизинчиси. Туугандарынын көпчүлүгү жамы журтка төбөсү көрүнгөн инсан болгондуктан, ордолуу Ошто "Жээнбековдор династиясы" деген ылакап бар. Маселен, улуу агасы Жусупбек Шарипов Арабияда элчиликти аркаласа, андан кийинки агасы Сооронбай Жээнбеков Ош губернатору. Жээнбековдордун мурдагы жылдагы апрель, июнь окуяларында өлкөнүн түндүк-түштүккө бөлүнбөй, жарандык согуштан сакталып калышына зор салым кошкону эл арасында көп айтылат. Бир тууган Жээнбековдордун таржымалын убактысы келгенде кеңири баяндайбыз.
Акыркы кездеги өзгөрүүлөр
Мурда үй-бүлөсү Ошто жашагандыктан, ар дем алыш сайын экинчи борборго каттап турчу. Жаңы жыл алдында үй-бүлөсүн борборго көчүрүп келди.
Убактысынын тардыгына карабастан жума намазды борбордук же Кара-Жыгач айылындагы мечитте окуйт. Андыктан жума күндөрү саат 13:30дан 14:30га чейин спикерди бөлмөсүнөн таппайсың.
Төрага болгону басылмаларда жөндүү да, жөнсүз да сындаган макалалар арбын жарыяланганына байланыштуу ал коомчулуктун көңүл борборунда турат. Ошондуктан а кишиде эл үчүн кызмат кылуудан бөлөк арга жок. Жаза тайып ишинен "кылт" этсе Акматбек Келдибековдун кейпин кийип калары ажеп эмес. Кудайды оозунан түшүрбөгөн адам мансапка манчыркабай, кемчиликтерди кетирбей, элдин ишенимин актайт деп ишеним артып туралы.
Зарыга күттүргөн реформалар
А.Жээнбеков ЖК төрагалыгына шайланган күнү алгачкылардан болуп диктофон сунганыбызда: " Кудай буюрса, жаңылануу болот. Реформаны өзүмдөн баштайм. Ашыкча чыгымдарды кыскартуу жагын карайбыз. Реформаны депутаттар менен биргеликте жүзөгө ашырабыз " деген эле. Айтылган сөз куру убада бойдон калбачудай. Себеби "чү" дегенде эле брондолгон машине, аналитикалык топтогу төрт кызматкер, эки кеңешчи, жеке дарыгер жана жеке ашпозчудан баш тартыптыр. Мурда спикерди жалпысынан 24 жансакчы кайтарса, эми эки гана жансакчы төраганын коопсуздугун сакташы ыктымал. Төрага жансакчылардын санын кыскартуу тууралуу катты мамлекеттик күзөт кызматына жолдогонунан кабардарбыз.
Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгү жоюлуп, ага сарпталат делген 29 млн. сомго бир мектеп куруу пландалууда. Мындан сырткары, быйылкы жылга карата парламентке чегерилчү каражаттан 150 млн. сом үнөмдөө жагы каралып аткан кези.
Жеке булактын кабарлашынча, спикер кийинки айда реформалар кандай өңүттө жүргүзүлгөнү боюнча маалымат берет.
Даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ, e-mail:kerimbayev@mail.ru,
тел.: 29-88-45

Баскан жолу
Толук аты-жөнү: Жээнбеков Асылбек Шарипович
Жарык дүйнөгө келген маалы: 1963-жылы 27-августта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы Биймырза айылында төрөлгөн.
Билими: жогорку. 1985-жылы К.И.Скрябин атындагы кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун, 1991-жылы кыргыз жер иштетүү илим изилдөө институтунун аспирантурасын, 2002-жылы экономика жана ишкердик университетин аяктаган.
Эмгек жолу: 1985-жылы Өзгөн районундагы Ак-Жар совхозунда агроном кесибинен баштаган. 1987-1992-жылдары кыргыз пахтачылык жана түштүк айыл чарбасы боюнча тажрыйба станциясында илимий кызматкер болуп иштеген. Ал эми 1992-1996-жылдар аралыгында "Шариф", 1996-2002-жылдары "Искен" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору, 2002-2007-жылдары "Агрозооветсервис" ишканасын жетектеген. Ошол эле жылдары "Жер азыгы" агробизнесчилер ассоциациясынын директорлор кеңешинин төрагасы, 2007-2010-жылдары КСДП партиясынын атынан IV чакырылыштын депутаты болгону маалым. 2010-жылы КСДП тизмеси аркылуу депутаттык мандат тагынып, вице-спикерликке шайланган. Өткөн жылдын 21-декабрынан тартып ЖК төрагалыгын аркалап келет.
Үй-бүлөлүк абалы: үч уул, үч кыздын атасы. Уул-кыздарынын үчөө студент, үчөө мектеп окуучусу. Эң кенжеси жети жашта. Улуу кызы жакында турмушка чыгат.
Бой-келбети: бою 180 см, салмагы 93 кг, 44-өлчөмдөгү бут кийим, 56-өлчөмдөгү костюм киет.
Спортко болгон мамилеси: мектепте баскетбол командасын башкарса, студент кезинде чыгыш мушташ өнөрү менен машыккан. Азыр деле "фигураны" сакташ үчүн жай көнүгүүлөрдү жасап турат.
Эңсеп жеген тамагы: бешбармак.






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??