13.01.12 - 23-бет: Эмгектенсең эл берет

Майрам күндөрдүн алдында ырчы-бийчилерибиздин күнү тууп, иши оголе жакшы жүрүшөт эмеспи. Жакшылыгына чакырып ырдаткысы келгендер алдын ала "брондоп", шартына жараша баасын да ылайыкташат. Ырчылар бекеринен бизди эл багат деп айтышпаса керек. Жаңы жылга карата биртоп ырчылардын капчыгы калыңдап, жакшы иштеп алышыптыр.

Иштеш, эс алыш да керек
Үй-бүлөм баарынан кымбат деген ырчы Дилшат Кангелдиева 30-декабрга чейин болушунча иштептир. "Отуз бири, бири күнү эч кандай чакыруу алган жокмун" дейт ырчы. Бир кечте болжол менен эки-үч жерге барып элдин көңүлүн алганга жетишип жатканын жашырган жок. Орточо ставкасы 2-3 ырга 200-300 доллар алат. Азыр иштеп тапкан акчасына хандарча эс алып, "Аврора" санаторийинде ден соолугун чыңдап жүргөн кези.


Омар, Арсен олжолуу
Жаш кезде берсин мээнетти деп шымаланган Омар менен Арсен жаңы жыл алдында да, андан кийин да катуу иштешиптир. Бир күндө аз дегенде эки-үч, кээде алты-жетиден кем эмес чакыруулар болуп калып жатты дейт алар. Ал эми 31инен 1-январга караган түнү Омар Көлгө атайын заказ менен кечеге чакырылса, Арсен шаардыктарды ыр-бийге бөлөптүр. Омардын орточо ставкасы - 2-3 ырга 800 доллар, Арсен 2-3 ырга 600 доллар алат.


"Иттей" чуркаган Искеналиев
Негизи эле жаңы жылда анча-мынча жанталашып чуркап иштеп койсоң, "мертвый сезондо" санааң тынч былк этпей жата берсең болчудай. Бул сөз ырчыларга гана тиешелүү. Азыр капчыкты кампайтып, санаасы жок жаткандардын катарында Съездбек Искеналиев да бар. 30-декабрга чейин жок дегенде бир күндө беш жерге барып ырдап жаттым дейт ырчы. Андан кийин той ээлери аке-жакелесе да болбой, майрамды үй-бүлөм менен тосом деп качкан экен. Ставкасы эки ырга 300 доллар экенин эске салсак, анда ырчы жигит аюуча былк этпей, камырабай кыштан чыгат экен.


Баштагыдай "баш жазмай" жок
Курмангазы Азыкбаев уул-кызы менен тойлорго 28-декабрга чейин барды. Андан кийин заказдар тык токтоп, үй-бүлөсү, неберелери менен үйдө отурууга жакшы шарт түзө алган. Мурдакы жылдарга салыштырмалуу быйыл эл "шедрый" эмес дейт артист. Жылда 31инде, анын эртеси да баш жазмай концерт берип жумуш көп болгонун да кыстара кетти. "Негизи эле чыгармачыл топ кышка караганда жайында көп тойлорго жетишет. Бир кечте үч-төрт жакшылыкка катышып көңүлүн көтөрө алат. Мындай ыр-майрамдын акысы 1000-1500 доллар турат" дейт ал.


"Мертвый сезон" Тынайга эмес
Бирин-серин заказдар болуп жатты. Чакыруулардан баш тартпай барып аттым деген Тынай Алыбаев азыр да чакыруулардан куру эмес. Майрамдык кечелерде түшкөн заказдын көбү Көл аймагында болуптур. 31-декабрда кечеге барып ырдаганга да, үй-бүлөсү менен шампан аттырганга да жетишкен. Азыр көбүнө "мертвый сезон" болуп жаткан кезде Тынай мырза эски жаңы жылга чакырууларды ала баштады. Ырчы жигиттин ставкасы төрт ырга 1500-2000 доллар.


Динара Пугачева
КТРКнын "Ибарат" студиясынын чыгармачыл тобу жаңы жылдык берүүлөргө даярданып жатканда өтө эле көп сөз болгон. Ошого жараша эл да жакшы сюрприздерди күткөн эле. Жылдагыдан өзгөчөлөнүп кызматкерлер ырчы-артисттер менен биргеликте ойдогудай ыр-майрам тартуулай алышты. Өзгөчө чет элдин ырларын кыргызчалап, тамашалап которгондору көрүүчүлөрдүн көңүлүн көтөрдү өңдөнөт. "Манастан Чубак кем бекен, кастарлап турса калың эл, Пугачева болуш эмне экен" деп ырчы айым Динара Акулова баштаган чыгармачыл топ элди концерттин башынан аягына чейин эриктиришкен жок. Өзгөчө Мерген Турган менен Гүлзада Рыскулованын Шакирадан кем калышпай чимириле бийлегени элдин купулуна толду десек болчудай.


Көп акчага көз жумгандар
Жаңы жылга карата иштегим келген жок дегендердин катарына "Кыз Бурак" тобу, Кундуз ???????? ????Канатбек кызы, Аида Баякова кирет. "Кыз бурактын" кыздары эки жумалык эс алууга тарап кетип, майрамды ар ким ата-энеси менен тоскон. Кундуз болсо чакыргандар көбөйүп кетти, бирине барсам экинчисине жетишчүдөй эмесмин, ошондуктан бирөөсүн күттүрүп, экинчисине баргым келген жок дейт. Аида Баякова жаңы жыл алдында иштеп акча тапкандан көрө жакындары менен болуп, мейманчылаганды артык көргөнүн кошумчалады.


Ырга да, бийге да, уйкуга да жетишет
Гүлнур Асанова майрамга чейин жакшылап тер чачып капчыкты кампайтып коюп, майрам күндөрү бир туугандардын кашында болгон. "Майрамдаганга да, иштегенге да, конокко барганга да, конок тосконго да, уктаганга да жетишип жаттым" дейт тамаша-чыны аралаш ырчы кыз. Бир кечте жок дегенде эки тойго барганга жетишет. Орточо ставкасы 2-3 чыгарма аткарганына 200-300 доллар.


Бегайым БАЙБОСУНОВА