presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



KYRGYZSPORT
Саида, сама знаешь…
Олимпиадага тандап алуучу Борбордук азиялык турнирлер Ирандын Тегеранында 9-январда старт алды. Анда стол тенниси боюнча бетке кармаган жалгыз кыйын кызыбыз Саида Кудусова "А" тобунда Елена Шагарова (Казакстан), Ольга Ким (Өзбекстан), Сумайя Амири (Тажикстан), Сахар Ранама (Иран) жана Амина Джафари (Афганистан) менен күч сынашат. Азырынча биздин сулуу жакшы эле өнөр көрсөтүүдө. Кыргызстанда кыздар жокпу дедирбей Олимпиадага кыргыз көйнөкчөн бирөө барса экен дегенден башка айла жок, күтөбүз да эми.
Турнирде Иран, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Афганистан жана Тажикстандан 20 эркек 21 айым күч сынашып, Лондонго берилчү жолдомону талашат. Бизден бул жарышка мырзалар катыша албады.

Ийгилик силерге, иничектер!
Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы жакында Санкт-Петербургда өтүүчү Шериктештик Кубогу - 2012ге сапар алышат. Ага чейин даярдануу иретинде бир нече достук беттештерди өткөрүшүүдө. Анын алкагында Казакстандын "Таразын" 3:1 эсебинде жеңишип, голдорду Азамат Байматов, Мирлан Мурзаев жана Фархат Мусабеков киргизишсе, биринчи лигада оюн көрсөткөн "Ланыш" клубуна 1:2 эсебинде жеңилип калышты. Ал жактан келип Бишкекте "Живое пивону" 3:0, "Абдыш-Атаны" 4:1 эсебинде уктатышты. Кечээ 12-январда биздин жигиттер Ташкентке учуп кетишти. Ал жерден "Бунедкор" жана "Локомотив" клубдары менен күч сынашып, түптүз Путиндин кичи мекенине багыт алышмакчы.

Акчалуу араб жашасын!
Олимпиадага жолдомо дегенде эки көзүбүз төрт болуп турган чакта Кувейттин шейхи биздин спортчуларга жакшы жардам берип атыр. Дегеним, бүгүнтөн баштап 22-январга чейин созулган Дохадагы Азия чемпионатынан мекендештерибиз жолдомо алышы мүмкүн. Буга даярданууда Азия конфедерациясынын машыгуучу спорттук комплексинде даярданууга Кувейт шейхи мүмкүнчүлүк түзүп берип, андан чыгып эле дароо шейх Салман Аль Сабахтын урматына уюштурулган турнирге катышкан кыргызстандыктар 5 алтын, 4 күмүш алганга жетишишти.

Кий кармаган кичиктер
Бишкекте майрамдык каникул учурунда мадырабаштар бекер жатышпасын деп СДЮШОР бильярд боюнча турнир өткөрдү. Болочокто Каныбек Сагынбаев болгусу келген 1994-жылкы жаш "чижиктер" өзүнөн эки келген кийди кармап алышып кызуу атаандашышты. Турнирде 24 жигиттин ичинен Сабыр уулу Азат, Улукман Карагулов, Ызатбек Ратбеков, Дастан Лепшаковдор өзгөчөлөнүшүп, Ызатбек деген жигит финалда 5:1 эсеби менен Азатты шалпайтып, жеңүүчү аталды. Чемпион баарынан да кымбат баалуу кийди белек кылгандарына кубанганын жашырбады.

Топ чапкычтар майрамы
Жыл сайын жаңы жылдык эс алууда КР эмгек сиңирген машыктыруучусу В.И.Анкудиновдун жаркын элесине багышталган волейбол боюнча турнир мектеп курагында жаш балдар арасында өткөрүлөт. Бул жолу республиканын булуң- бурчунан келген жаш балдар лигасынын оюнчулары 3 күн кызуу оюн көрсөтүштү. Жыйынтыгында орундар төмөндөгүчө бөлүштүрүлдү:
1-орун - "Салам-Алик" (Бишкек)
2-орун - "Динамо-Жаштык" (Бишкек)
3-орун - "Ысык-Көл" (Ысык-Көл облусу)
4-орун - "СДЮШОРСИ" (Бишкек)
5-орун - "Ош" (Ош)
6-орун - "Волна" (Беловодск)
7-орун - "Манас" (Кара-Балта)
8-орун - "Ала-Тоо" (Аламүдүн району)
Баса, 16-январдан тарта Токмок шаарынын спорт мектебинин залында КР Жогорку лигасынын эркектер арасындагы биринчилиги старт алат. Өлкөдөгү менмин деген кыйын волейболчулардын оюнун бир жума бою ошол залдан көрсөңүздөр болоорун айта кетели.






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??