presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Миң түркүн адам
Лионель Месси
Быйыл үчүнчү жыл катары менен жыл жыйынтыгында аргентиналык футбол жылдызы "Алтын топту" алуу менен тарыхта калды. Бул жаңылык көпчүлүккө көнүмүш эле угулат. Анткени аталган сыйлыкты алууда Мессиге атаандаш жок экенин баары билет. Кептин баары башкада. 2000-жылы Месси Аргентинанын "Ньюэллс Олд Бойс" спорт мектебинен "Барселонага" келгенде оорукчан баланы тоготпогон клуб кайрымдуулук катары аны дарылоого жардам көрсөтүп, келишим түздүк клуб менен демиш этип, кадимки ашкана салфеткасына кол коюшуп документтешкен экен. Минтип эми тарыхтагы эң мыкты оюнчулардын бири болгондон бери ошол банктын сейфине катылган салфетка "Барселонанын" музейине коюлмакчы болуп атыр. Баладан көптү үмүттөнгөн анын агенти кийин салфеткага келишим түзгөнүңөргө өкүнөсүңөр деген экен, азыр көксөөсү канып мен айтпадым беле деп жыргап атыр.

Бейонсе
Жей-Зинин аялы 6-январда ооруканага келип түштү. Жылдыздуу түгөйлөр кыздуу болушуп, атын Айви Блю Картер деп коюшкан. Кызыгы, Манхэттендеги Ленокс-Хилл ооруканасына келип түшкөндө Бейонсе Ингрид Джексон деген документ менен катталган. Папараццилерден алыс болуш үчүн Жей-Зи мырза килейген оорукананын бир кабатын 1,3 млн. долларга сатып алып койгон. Керек болсо ошол кабатта иштеген медайымдар да телефону жок кире турган катуу текшерүү, кайтаруу болгонун көргөндөр президенттин балдары да мынча корголбогонун айтышып таңкалышууда. Баса, интернет беттеринде секундасына 8868 билдирүү ушул темага байланыштуу чыгып жатканы Бейонсенин аброю жөнүндө айтып турса керек.

Эрик Кантона
1990-жылдары дүйнөдөгү менмин деген футболчунун бири болгон Эрик мырза бул жылы президенттик жарышта ат салышып көрөөрүн билдирди. Ал үчүн кол топтоого жардам берүүсүн өтүнүп шаар мэрине кайрылды. Кантона Франциядагы үйсүз атуулдардын атынан жарышка аттанганын айтып, президенттикке өтпөсөм да үйү жоктордун үнүн жогору жакка жеткирем деп туру.

Альберт II
Бельгиянын королу коомчулуктагы сындарды уга берип тажадыбы, айтор, жакынкы эки жылдагы королдук үй-бүлөнүн чыгымдарын кыскарткыла деп буйрук берди. Парламентке келишкен оппозиция өкүлдөрү үнөмдөөнү жогору жактан башташ керек дегенде Альберт абабыз башын кармап "и-ий" деп калган экен. Башына таш тийген мамлекет башчысына анын жакындары нааразы. Анткени, алар карапайым бельгиялык үй-бүлө катары тамактанышып, алар жашаган имарат төрт жыл ремонттолбойт. Баса, бул өлкөдө король сыйлык тапшыруу, салтанаттарда конок болгондон башка эч кандай жумуш кылбайт. Түйшүктүн баары өкмөт башчысында. Андыктан туура эле чечим окшойт.



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??