presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



кыргыз тилиндеги гезит "Агым" Эске салуу бизден, эстемек сизден
Кайсынысына ишенебиз?
Ооба, мезгилге жараша адам да өзгөрөт. Бирок өлкө башчысы кечээги айткандарына бүгүн каршы чыгып же бүгүн айтканын эртең танып турса анын түбү жакшы болбойт. Президент Алмазбек Атамбаев өзү айтмакчы, көч бара бара түзөлөт. Бирок ошол түзөлүү, оңолуу алгач ажодон башталса дурус болмок. "Сөз ооздон чыккыча сенин кулуң, ооздон чыккан соң сен анын кулусуң" деп улуулар бекер айтышпаса керек.

1) "Бекназаров менен Сариевдин сүйлөшүп атканы такыр башка болчу. Тескерисинче, алар документтерди жок кылып, кайдадыр кетип аткан акчаны көрсөтпөө боюнча сүйлөшкөн. Мен Темир Сариевдин өзүнө дагы "сен саботаж жасап атасың" дедим..."
(19-февраль, 2009-жыл)

1) Кезинде балким айрым чиновниктерди уурдаганга мажбурлашкандыр. Эми биз андайга жол бербейбиз. Мейли ал министр, депутат болсун, эгер ал коррупционер болсо түрмөдө отурушу керек. Биз өзүбүздү өзүбүз тазалашыбыз зарыл.
(29-декабрь. 2011-жыл. Темир Сариев Экономика жана антимонополдук саясат министри болгондон кийин)

2) "Бул базанын тагдыры азыркы бийликтин колунда, сөзүнө турса кетирет, айнып кетсе калтырат. Бир нерсе кошуп кетейин, мен жакында Москвада болгондо орус саясатчыларына да айттым, негизи Ооганстан тынчтыгы биринчи ирет Орто Азияга жана Орусияга керек. Америка эртең чыгып кетсе ошол эле Орусия ошол жакка каражатын сарптайт. Кокус ал жакта радикалдар бийликке келсе Орто Азия, анын ичинде Кыргызстан дагы кыйналып калышы мүмкүн".
(23-апрель, 2009-жыл)

2) "Манаста" аскер базасынын болгону анча жакшы эмес. Анткени өткөн жылдары Ирак менен согушкан Америка эртең мүмкүн Иран менен согушат. Бир күнү жооп катары бир ракета жөнөтүп койсо, база эмес Бишкек жок болот да. Ошон үчүн "Манаста" жарандык аба майданы болушу керек. Чындыгында бул жерде эч кандай стратегия жок.
(3-ноябрь 2011-жыл)

3) "2010-жыл эсиңиздерде болсо керек, оорчулуктан, тарифтердин өсүшү менен башталган. 2011-жылы буюрса бензин, солярка арзандайт. Анын арты менен башкалар да аздыр-көптүр арзандайт. Свет менен газдын кымбатташына жол бербейбиз. Айтор, жайга же күзгө чейин элибиз жеңилденип калат деп ойлойм".
(31-декабрь. 2010-жыл)

3) " Эл азыркыдай суткалап жарыксыз калууга жол берүүгө болбойт. Керек болсо кредит алгыла, Кытай аны берүүгө даяр."
(28-декабрь, 2011-жыл)

4) "Кыргызстандын көз карандысыздыгы азырынча кагаз жүзүндө гана."
(23-сентябрь, 2011-жыл)

4) "Кайсы бир күчтөр-дүн, өлкөлөрдүн акчаларына алданып, көр оокатка азгырылып, кыйынчылыктан коркуп, өлкөбүздүн азаттыгын жоготуп албайлы. Анда бизди Кудай да, ата-бабалардын арбактары да, урпактар да кечирбейт! Тизелеп жашаганча тике туруп өлгөн артык! Биз эч качан кул болбойбуз! Жашасын эгемендүү Кыргызстан!
(Алмазбек Атамбаевдин президенттикке киришер алдындагы сөзү.)
Мелис СОВЕТ уулу




Моралы барлар маңка, жоктор танкабы?
Бакиев доорунда Ош губернаторлугун, өкмөттүн аппарат жетекчилигин аркалаган Аалы Карашев деген "мырза" өткөн жыл соңунда эч нерсе болбогондой 1-вице-премьерликке отурду. Губернатор кезинде Бакиев кланынын айткандарын кынтыксыз аткарып, 7-апрелге чейин Ак үйдө "кагаз менен эле иштеп отурган" Карашев Бакиев режими туура эмес саясат жүргүзгөнүн кызматка келгенде гана моюндап туру. Эр ортонуна жакындап калган чиновниктин мындай кубулма позициясы кандай натыйжа берер экен?.. КурСалиевич гана жок, башкасы ордунда деп жаздык эле, ошол болгону калды, кыязы.

Сыйлыгыңар кут болсун!
Жаңы жыл алдында Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев , Кыргыз эл артисти Роза Аманова, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Темирбек Мусакеев өлкөнүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болушту. Өкмөт аппаратынын билдиргенине караганда, бул чечим сентябрь айында эле кабыл алынган экен. Шакенин аталган сыйлыкка татышына "Эки дөөнүн күрөшү" чыгармасы себепкер болсо, Роза айымдын акыркы жылдардагы "Кылым кайрыктары" аттуу концерти жана аткаруучулук эмгеги эске алынган. Ал эми сүрөтчү Темир Мусакеевдин "Кыргыздар" аттуу сүрөттөрү жогорку сыйлыкка арзыган. Не дейбиз, ардактуу сыйлыгыңар кут болсун!

Табышмактын жандырмагы канча турат?
Революция кылган жаштарды пайдаланып туруп көчүккө тээп салышты деп тамагы айрылгыча ар кайсы жыйындарда кыйкырып жүрүп мүлк министр болгон Дайыр Кенекеев деген жигит бар эле. Жакында ал кызматынан кетип, ордуна Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов барды. Кенекеевдин иштен кетүү себеби 300 миң долларга байланыштуу дешет. Баарын өзү алганбы же бөлүшкөнбү, балким башкаларына бербей койгонбу, айтор, ошон үчүн кызматтан кеткени эл арасында айтылууда. Революция кылган жаштардын да "аппетити" ачылып, "карт бөрүлөрдөн" сабак алып жатышканын ушундан билсе болобу?

Кызмат деген кызылыңды ак кылат
Бу кызмат кургуруң дос менен тууганды заматта душманга айландырып коет тура. Дегенибиз, жаңы жыл алдында жээн-тага Акматбек Келдибеко в менен Марат Султанов бюджет комитетинин төрагалыгын талашып чатакташа кетишиптир. Акматбек мырза үстөмдүк кылганбы, айтор, бүгүн-эртең аталган комитеттин "тууруна" конгону атыр. Жээн эл болбосун Марат Абдразакович эми чындап түшүнсө керек.

Ош базардан Ак үйгө
Кезинде Ош базарында эт чапкыч, кийинчерээк тагдырдын буйругу менен Алмазбек Атамбаевдин шоопуру болуп жүргөн Икромжан Илмияновдун акыркы эки жылда ити чөп жегени айныгыс факт. Бийлик алмашканы премьердин жардамчысы, былтыр президенттин аппарат жетекчисинин орунбасарлыгына көчүк басты. Алмазбек Шаршеновичтин айдоочусун мынчалык бөпөлөгөнүнүн купуя сыры бар экен. Көрсө, Икромжан мырза кыйын мезгилде шефинин жанынан чыкпай, зарыл учурда бут кийиминен бери кийгизчү дешет. Анан ошондой адамды шефи ара жолго таштап коймок беле?

"Классташтардан" акыйнек
Мамлекеттик Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Шейшенбек Байзаков "ар-намысчы" депутат Токон Мамытов менен бир класста чогуу окуганын, ал күйөө баласын кызматка орноштуруусун суранганда баш тартканын, анын айынан экөө айыгышкан душманга айланганын жар салды. Ал эми Токон мырза мунун баарын четке кагып, Байзаков менен эгерим классташ болбогонун, жада калса уруулары бөлөк экенин билдирди. Кимиси "беш өрдөгүн" учуруп, кимиси ак жерден күйүп актанып атканы белгисиз.
Учурда акыйнек уланууда. Ким кимди алып түшөөр экен…

"Крышасы" ким экен?
Ырчы, алып баруучу Юлия Руцкаянын ташы өйдө кулап жаткан кези. Кечээ маалымат булактарынын бирине Улуу Британиянын Кэмбриджиндеги эл аралык биографиялык борбордон сиздин өмүр баяныңыз "XXI кылымдагы 2000 мыкты инсандын" катарына кирди деп сүйүнчүлөшкөнүн өзү кабарлады. Кыргызстанга андан да атактуу инсандар турганда Юлия сулуунун мындай популярдуу болуп баратканына ким, эмне себеп?.. Анүстүнө бийлик алмашкандан бери ырчы айым теле бетин ээлеп, колу жеткен эл аралык фестиваль-конкурстун баарынан калбай катышып келет. "…түштүгүңө жорго мин" деген ушул эмеспи.

"Жаңы Агым" - пресс








??.??