presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Алкымды да абайла
Күпсөр тоок (гриль) Күнүңдү кыскартат

Эт багытындагы тоокту балапан кезинен антибиотиктердин, дарылардын жардамы менен семиртишерин билсек деле көбүбүз тоок этине жабышабыз. Анткени баасы арзан, даярдаганга оңой. Өзөк жалгап алыштын оңой жолу да азыр - гриль. Шам-шум эткенге мындан өтөөр кандай жакшы тамак бар? Бирок гриль кыска убакыттын ичинде ден соолукка канча зыян келтирип жатканын ойлогондор да, билгендер да аз.

Гриль жасоо үчүн бүтүн тооктун бир канчасын чоң идиштеги ар кандай кошулмаларга чылашат. Тооктун эти көп учурда чет өлкөдөн экспорттолот. Эт эки түрдө: бүтүн бойдон жана жиликтенип (окорочка) алынып келет. Айрым сатуучулар грилди үйдүн тоогу, колго багылган деп сатышы да мүмкүн. Ага миң ишенсеңиз да кыргыз тоогу андай семирбейт. Негизги санитардык эреже боюнча тооктун эти эки жумадан ашык турбашы керек. Санитардык көзөмөлдү мындай кой, кээ бир учурда жумалап өтпөй тура берип бузулуп калган тоок эти кайра "сипсивежий" болуп сатыкка чыгат. Кантип? Түнү бою уксус аралашмасына чыланган эттин эски жыты ар түрдүү татымдар, сарымсактын жардамы менен "өлтүрүлүп" гриль жасоочу аппаратка келип түшөт. Эгер тооктун чийки эти мөөнөтүнөн өтүп кеткен болсо аны формалин менен жууп, жапжаңы кыла коюшат. Формалин суюк аралашма. Анын курамы 40% формальдегид, 8% метил спиртинен (көздүн көрүүсүн начарлатууга шарт түзөт) жана 52% суудан турат. Этти, денени былжыратып ийбей көпкө чейин баштапкы калыбында сактап туруу касиети бар. Формалин организмге киргенде ичегидеги бүт микрофлораны өлтүрүп, боор, бөйрөк дегенди түп орду менен талкалайт. Формалиндин зыяны аныкталган соң Европа өлкөлөрүндө колдонууга тыюу салынган. Бирок жогорудагыдай ыкмаларга дагы деле тынымсыз колдонулуп келет. Тооктун эти формалин менен иштелген, иштелбегенин билүү үчүн аны жыттап көрүү жетиштүү. Ал болоор-болбос дары жыттанып турат. Өкүнүчтүүсү ал бышкандан кийин формалин эмес андан башкасына чыласаң да билинбей өтө берет.
Мунун баарына ишенгиңиз келбесе да, грилдин бул зыяндарын эске ала жүрүңүз.
Эң жөнөкөй зыянынан баштасак, үч катар тизилип, кызара бышып жаткан грилди элестеттиңиз да. Сатып алып жатканда астыңкы (үстүнөн санаганда) катардагы грилди алган адам көп зыян тартат. Анткени эки катардан сарыгып аккан май үчүнчү катарга токтолот. Өтө майлуу тамак жоон ичегинин, ашказандын сезгенишине алып келет. Ал эми грилдин сырткы кабыгын сыйрып жегенди сүйүүчүлөр бир чайнаганда эң көп зыяндуу нерсени жеген менен барабар. Грилди үзбөй жеген адам жоон ичеги, эмчек рагынын башталышына шарт түзүп берди дей бер. Статистика боюнча тез татымдардын арасында зыяндуулугу боюнча биринчи орунда гриль турарын да унутпаңыз.

Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА




Айбек:
"Үйдүн жанына "Жигули", "Москвичтер" үйүлүп калчу"

Дөөтү сатып алсаң - экинчи аял алгандай эле болосуң деп калышат. Бул чындык. Кокусунан дөөтүңдүн бир жери бузулуп калса аялыңды ооруканага алып барган сымал дароо эле ТТСтерге (Техниканы тейлөө станциясы) кайрылмай. Дөөтү рубрикабыздын бүгүнкү каарманы - Айбек. Чымыйган бала кезинен тартып эле кара май болуп атасына каралашып жүрүп, кантип атасындай мастер болуп калганын өзү деле байкабай калган. Азыр белгилүү "Кудайберген" базарынын так маңдайында жайгашкан "Столица" ТТСинде дөөтүлөрдүн "колу-буттарын" (ходовые части) "дарылоочу" мастер. Атадан артык уул демекчи, азыр атасынан ашып түшкөн. Элпек. Шамдагай. Абдан тез анан сапаттуу иштейт. Айбекке дөөтүсүн оңдотуп кеткен айдоочу кийинки жолу келгенде сөзсүз Айбекти издейт. Анткени Айбектин иштегенине кандай кардар болбосун көңүлү тоет. Анын үстүнө ал кардарларга жылуу мамиле кылууну да билет. Япондук "Хонда Степ Вагондун" амортизаторун 20 мүнөткө жетип-жетпей менин көз алдымда жаңысына алмаштырып, дөңгөлөгүн кайра салып бекитип койду. Ошол амортизаторду алмаштырып жатып төмөндөгүлөрдү айтып бергенге да жетишти.

Аты-жөнү: Айбек Орозакунов
Туулган жылы: 10.10.1990
Туулуп өскөн жери: Ысык-Ата районунун Жээк айылы
Учурдагы жумушу: "Столица" ТТСинде жүрүү бөлүгү боюнча мастер
Жумуштагы девизи: Так жана сапаттуу иштөө
Айлык кирешеси: 20-25 миң сом
Иштөө убактысы: 9.00 - 18.00
Сүйлөшкөн кызы: Бар
Хоббиси: Коньки тебүү


Машинелердин моторлорун жууп…
Балалыгым машинелердин моторлорун жууп, атамдын аяк-биягына чыгып сураган ачкычтарын алып берип, карала-торала болуп жүрүп эле өттү. Бул кесипке 10 жашыман аралаштым. Атам айылдагы үйдөн эле советтик машинелерди күндөп-түндөп оңдочу. Ысык-Ата районунун дээрлик көбү машинелерин атама келип оңдотуп кетишчү. Үйдүн жанына дайыма "Жигули", "Волга", "Москвичтер" үйүлүп калчу. Улуу агам экөөбүз дайыма атамдын жанында болчубуз. Ата кесибин аркалап азыр экөөбүз тең кудайга шүгүр, дасыккан мастерге айландык.

ушунума топук кылам
Өз кесибим өзүмө аябай жагат. Ар бир жумуш өзүнчө кызык да. Дарыгерлер оорулууну айыктыргандай эле кардарлардын машинелерин оңдоп берсең алар тимеле кудуңдап, рахматын айтышат. Кадимкидей көңүлүң тазарып, жүрөгүң ыраазы болот. Канчалаган жаштар азыр жумушу жок кыйналып жүрүшөт. А мен кудайга шүгүр, иштеген ишим бар. Тапкан маянам да жаман эмес. Ушунума топук кылам. Азыр бойдокмун. Андыктан иштеп тапкан акчамдын дээрлик көбүн ата-энеме берип жатам. Айылга чоң там салып бүттүк. Азыр агам экөөбүз тапкан акчаларыбызды ошол тамдын ичин толтурганга жумшап жатабыз. Андан кийин буюрса үйлөнгөнгө акча топтоп баштайм (күлүп).

Чирип кетпесе эле оңдой берем
1990-жылдан тартып 2005-жылга чейинки Япон, Германия, Корея, Америка автоунааларынын баарынын жүрүү бөлүгүн (ходовые части) оңдой берем. Болгону өтө эскирип, тетиктерин дат басып чирип кеткендерден баш тартканга туура келет. Анткени аларды оңдоо өтө оор. Чирип кеткен тетиктер ордунан чыкпай, бурап жатканда сынып кетип көбүнчө проблема жаратат. А кардар аны түшүнбөй нааразы болушу мүмкүн. Айрым түшүнгөн айдоочулар "акчасын эки эсе төлөйбүз, оңдоп бер" деп келишет. Мындай учурларда айла жок оңдогонго туура келет. Бирок жанагыларды эскертип туруп оңдойм.

ТТС шарттары
Супер. Лично мага жагат. Жылуу суусу менен душ бар. Ашканабыздан болсо Назгүл эжекебиздин даамдуу тамактарын кичине курсагыбыз ачса эле кирип жей беребиз. Назгүл эжебиз дептерине жаза берет да, жуманын аягында айлык алганыбызда кармап калат. Бирок тамактын баалары башкаларга салыштырмалуу бир кыйла арзан. Машине оңдогондо керектелүүчү бардык ачкыч, курал-жарактар менен камсыздап турушат. Эмгек жамаатыбыз да абдан ынтымактуу. Эртеден кечке бир ТТСте чогуу иштей берип, бир үйдө чогуу өскөн балдардай эле болуп калганбыз.

"Мутить" этпейбиз
Азыркы кээ бир халтурщиктерге окшоп мунуң-тигиниң жарабай калыптыр, алмаштырыш керек деп "мутить" эткенди айтып жатасызбы. Менимче тажрыйбасы жок мастерлер ошондой кылышы мүмкүн. Өз кесибин жакшы түшүнгөн профи мастерлер андайга дити барбайт. Бирок мен көп эле угуп калам, оң эле турган машинесинин "мунусу бузук, тигиниси жарабайт" деп кээ бир ТТСтерде көп акчага сындырып коюшат экен. Эми бул нерсе айдоочудан да көз каранды. Айдоочунун автоунаанын жүрүү бөлүгү боюнча таптакыр түшүнүгү жоктугунан улам ушундай болушу мүмкүн. Эгер айдоочулар өздөрү тажрыйбалуу болсо антип алдана коюшпаса керек.

Бош убактымда…
Сүйгөн кызым экөөбүз кинотеатрга барып кино көрөбүз же муз аянтчасына барып коньки тебебиз. Кээде боулинг ойноп коймоюбуз да бар. А саясат менен болсо баш ооруткум да келбейт.


Биле жүр
?Автоунаалардын жүрүү бөлүгүнүн системасы япондордукубу, немистердикиби, корейлердикиби окшош эле. Болгону алар жайгашкан ордуларынан, көлөмдөрүнөн айырмаланышат. Анткени ар бир заводдун тетиктери ар башкача.
?Япония автоунаалары менен Корея автоунааларынын жүрүү бөлүгүндөгү тетиктери, жайгашуулары дээрлик окшош эле болот.

Мелис СОВЕТ уулу, Асхат АЙСАРАКУНОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??