presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Чартарап
Түгөнөрдө түтөгөн кыргыздар эмес,
жапандар, америкалыктар жана немистер

Жашырганда эмне, Кыргызстан Башмыйзамына, төш мыйзамына, атургай жашоо образына өнүккөн өлкөлөрдүн моделин көчүрүмүш болуп келет. Сыртыбыздан каңкайып бирде Швейцарияга, бирде Россияга, бирде дагы бир өлкөгө окшоорбуз, бирок ичибизден нукура эмгек, жөнөкөй эле жашоо үчүн күрөш, аруу максат, ак эмгек, бийик адамкерчилик, улуттук улуу мурастар менен жуурулушкан мамлекет боло албай жатабыз. Саясый элита сүйлөсө эле АКШдан, Европадан, Россиядан же Кытай менен Япониядан мисал тартат. Бирок алардын кантип ошол абалга жеткенин, кризиске туш болгондо мамлекет башчылары кантип элге үлгү болуш керек экенин көрсөтүшө элек.

Кыйраган Америка
Тарыхта Американын 1928-1934-жылдардагы кризиси "Улуу депрессия" деп аталып жүрөт. Себеби бул жылдар аралыгында аталган өлкө бардык жагынан сазга баткан. Жумушсуздук калктын 38 пайызына жетип, бузукулук, сойкулук, кылмыш, баңгилик гүлдөгөн. Тамак-аш тартыштыгы, кымбатчылык, кылмыштуулук ашкере күчөп, криминалдык топтор баш көтөрүп, саясатка аралашып мамлекеттик башкарууга батыл киришкен. Өнөр жай продуктыларын өндүрүүнүн көлөмү кескин кыскарып, айыл чарбасы кароосуз калгандай чалдыбары чыккан. Монополисттик таңуулоочулук күч алып, ири капиталдын ээлери, олигархтар, мафиялык топтор бийликке келе башташкан. Натыйжада мамлекетте хаостук кырдаал түзүлгөн.

"Улуу депрессиянын" унутулушу
Президент Ф.Рузвельт бийликке келери менен жума сайын жалпы улутка ырааттуу радио кайрылуу жасап, коомчулукту патриоттуулукка, үнөмчүлдүккө, кесипкөйлүккө, ак эмгекке, кайрымдуулукка чакырып, Америка элинин духун көтөрүп, атургай акылын өстүрүп, агартып-көгөрткөн. 35- президент Джон Кеннеди "Мага Америка эмне кылып койду деп эсептешпе, Американын өнүгүшүнө кандай салым кошуп жатканыңды аныкта" деген чакырык таштап, бул багытта "Жаңы багыт" программасын иштеп чыккан. "Сабаттуу өкмөт" кадрдык саясатын жүргүзүп, башкаруу аппаратын кескин кыскартып, администрациялык жайгашууну иштиктүү абалга келтирип, өнөр жайынын өнүгүшүн мамлекеттик колдоого алып, банктардын санын азайтып, иш функциясын кеңейткен. Бийлик элди нан таап жешке үйрөтүп, таланттуу публицист Н.Хеллдин чыгармаларынын негизинде ишкердик жана бизнес боюнча окутуп үйрөтүү курстарынын тармагын түзүп, бизнес адабияттар, бизнес инкубаторлор, бизнес парктар, инновациялык борборлор ачылган. Публицист Дейл Карнеги баш болгон чыгаан интеллектуалдардын инсандык өзүнчөлүгүн бекемдөө боюнча эмгектери чоң-чоң нускада басылып чыгып, жолугушуулар, лекциялар, талкуулар, семинарлар, тренингдер өтүп турган. Этникалык саясатка атайылап көңүл бөлүнгөн. Эл аралык стандарт системасын кабыл алуу. Мафияга, коррупцияга каршы ар тараптуу чебер, ачык жана көмүскөдөн чечкиндүү күрөш. Доллардын курсун төмөндөтүү. Ырааттуу жана натыйжалуу социалдык саясат. Бир эле учурда эки миллиондон ашык адамды иш менен камсыз кылган эмгек лагерлерин түзүү аркылуу жумушсуздуктун саны кескин кыскарган. Бара-бара Америкалык жашоо образы идеологиясы эл аралык масштабда кулач жайды.

Жарга кептелген жапандар
Япония жакында эле 1939-1945-жылдары экинчи дүйнөлүк согушта жеңилүү кесепетинен мамлекет катары жок болуп кете турган кризиске кептелген. Жеңилүү ызасынан сырткары Нагасаки жана Хиросима шаарларына ташталган атом бомбасы күн чыгыш өлкөсүн таптакыр очорулткан. Миңдеген адамдар набыт болуп, согуштун кесепетинен кемелер, транспорттук каражаттар дээрлик талкаланган. Жумушка жарамдуу адамдардын саны кескин кыскарып, оорулар, жардамга муктаждар көбөйгөн. Адамдардын жеңилүү ызасынан улам келип чыккан моралдык, психикалык сынуулар, ариет-намыстык жабыркоолор мүңгүрөтүп, жашоо үчүн күрөш татаалданып, социалдык-экономикалык талкалануу, итке минген жакырчылык, кайгы, арман коштогон маанайсыз абал пайда болгон.

Жардылык философиясынын жоголушу
Күн чыгыштык бир боорлорубуз жашоо үчүн болгон күрөштө өздөрүнүн чыныгы эрдигин көрсөтүштү. Алгач элге үлгү болуш үчүн башкаруу системасында иштегендер, байлар, ири чиновниктер, кыскасы, бүтүндөй жапан элитасы өтө жупуну жашоого өттү. Жеке менчиктен баштап мамлекеттик заңгыраган хансарайлардагы ашыкча бөлмөлөрдү, жеке менчик автогараждарды, дачаларды кесип үйрөнүү жайларына, цехтерге, жаңы жумушчу орунга айландыра башташты. Мындан улам массалык мекенчилдик сезими дүркүрөп өсүп турду. Интеллигенция ата-бабаларынын улуттук салт-санаасын, нарк-насилин, эмгекчилдигин, бекем жамааттык духун, мекен үчүн арнаган таза эмгегин жайылтып, элди ар-намыска үндөп, бизди "Ямамото духу" колдойт, "Жоголсун жардылыктын философиясы" деген ураандардын алдында японизм идеологиясын жаратышты. Коомдо колу таза эмес адамдарды жек көрүү сезими күчөп, "коррупционер - улуттун эң негизги душманы" чакырыгы өлкөнүн ар бир чекитинде айтылып турду. Жаштар дүйнөлүк, заманбап усулдарды үйрөнүү максатында чет өлкөлөргө чыгып, эң акыркы үлгүдөгү техниканы, технологияны, маркетинг жана менеджментти үйрөнүп, өз мекенине кайтып келип атышты. Ошол жаштар дүйнөдө биринчи болуп эң мыкты үлгүдөгү буюм-тайым жасоонун сапат системасын иштеп чыгып, өндүрүшкө киргизип, бүгүнкү Японияны курду.

Уяттан ууккан Германия
1939-45-жылдардагы экинчи дүйнөлүк согушта Германия толук жеңилүүгө учурагандан кийин экономикалык жактан да, моралдык жактан да таптакыр талкалынып бүткөн. Борбор шаары Берлин баш болгон күтүрөгөн завод-фабрикалары бар ондогон шаарлары жер менен жексен болгон. Согуш алдында дүйнө жүзүндө биринчи орунга чыккан өнөр жайынын бомбаланып, калган-каткан станок жабдуулары жеңген өлкөлөр тарабынан гайка-болтуна, документтерине, тирүү калган адистерине дейре Америкага жана башка өлкөлөргө алынып кеткен. Айыл чарбасынын да кунары кетип, айдоо талааларын, токойлорун, бактарын окоптор, транщеялар, коргонуу курулуштары ээлеп, танка тебелеп, ууланып, өрттөлүп майкандалган. Албетте мындан улам дээрлик өлкө кризиске кептелип, калкынын жашоо-шарты өтө төмөндөп, келечекке болгон ишеним жоголуп, атургай ар түрдүү оорулар күчөп, бүтүндөй бир улут өлүм астында жаткан.

Немистик тактык, тыкандык, жоопкерчилик ар бир эле адамда бар, бирок аны жасаш керек
Германия экономикадан мурун улутту, алардын ар-намысын ойготту. Бардык жерден акырын-акырындап немис эли таза кандуу чыгаан арий улут экенин дүйнө жүзүнө тастыкташыбыз керек деген ураандар жаңыра баштады. Чыгармачыл чөйрө, журналисттер, саясатчылар баш болуп, ыңгайын келтирип орду толгус жоготуулардан баш көтөрө албай турган калкына немис эли намыскөй, тыкан, тартиптүү, патриот, ынтымактуу эл деген түшүнүктөрдү кайра баштан сиңире баштады. Элдин бул чакырыктарды шыктана кабыл алуу жөндөмдүүлүгүн, жаңыны өздөштүргөн өжөрлүгүн, ынтымактуу экенин кайра-кайра мактап, алдыңкы планга алып чыгышты. Акырындап мыкты иштелген Калыбына келтирүү жана экономикалык өнүгүү программасы менен калк немистик тактык, тыкандык, жоопкерчилик, ар-намыс, ынтымак, мекенге арналган чебер эмгек менен шымалана киришип, бара-бара өлкө өйдөлөп, бул сапаттардын баары улуттук мүнөзгө айланып баратты. Коомчулук коррупцияга каршы жигердүү жана батыл күрөшүп, жегичтерди жек көрүү сезими жалпы улуттук масштабга көтөрүлдү. Коомдук турмуштун бардык тармагында эң жогорку кесипкөйлүк, эрктүүлүк, адилетүүлүк бааланып, ак эмгек салтанат куруп, бийлик таза кадрдык саясат жүргүзүп, айыл чарбасында, өндүрүштө япониядагыдай сапат стандарты негизги мааниде турду.
P.S. Кыргызстанда деле жогоруда айткандай, саясый элита элге үлгү болсо болот беле? Мисалы, учурда саясатчылар сырткы карызыбыз тууралуу сөз боло калганда "кайсы бир өлкөнүн аялдары кулагындагы алтын сөйкөсүнө чейин мамлекеттик казынага төгүп берип сырткы карызынан кутулуп кеткен экен" деп мисал тарта калышат. Туура эле идея… Бирок ошол мисал тарткандар, керек болсо президент А.Атамбаев баш болгон саясый элита байлыгын өлкөнүн карызынан кутулуш үчүн мамлекеттик казынага биринчилерден болуп төксүнчү, калганыбыз даярбыз.
Даярдаган Зайырбек АЖЫМАТОВ



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??