presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Өнөр төр
Сүрөтчү Темирбек Мусакеев:
"Кыргыздардын ким экенин билесиңби?"

Белгилүү сүрөтчү Темирбек Мусакеев жыл жаңырар алдында "Кыргыздар" деген темадагы этнографиялык сүрөттөрү үчүн мамлекеттик Токтогул сыйлыгына татыктуу болду. Темирбек мырза өз чыгармачылыгы жөнүндө айтып берди.

Темирбек Мусакеев С.Чуйков атындагы көркөм училищени, Москвадагы ВГИКти бүтүргөн. Учурда көркөм академияда, КГУСтада иштейт. КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Үй-бүлөсү, уулу бар.

- Жыйырма жылдан бери ушул этнография темасы боюнча иштеп келе жатам. Учурунда Кыргызстандын белгилүү этнографы Клавдия Антипина экөөбүз китеп жазганбыз. Тилекке каршы, Клавдия Ивановна экөөбүздүн эмгегибиз жарыкка чыкпай калды. Ошол кезде мамлекеттен кыргыздардын этнографиялык костюму тууралуу маалымат жазып, сүрөттөрүн тартуу боюнча заказ түшкөн эле. Мен эки жүзгө жакын сүрөт тартып, К.Антипина архивден атайын материалдарды топтогон. Бул абдан кымбат китеп болчу. Ошол кезде союз кулап мамлекет бизге каражат бөлө албай калды. Өз алдыбызча аракет кылып чыгаралы деп бизнесмендерге, ошол кездеги президент Аскар Акаевге да кайрылганбыз. Бирок эч жардам болбоду.
2004-жылы түрктөр ошол К.Антипина экөөбүздүн чыгаралбай, басмаканага калтырып кеткен ишибизди түстүү альбом кылып чыгарышыптыр. Түрктөр мен тарткан ар бир сүрөткө англисче, түркчө жана кыргызча комментарий бериптир. Мыйзам боюнча биз менен алардын атайын келишими болушу керек эле. Басмаканадагылардан түрктөр кандай жол менен алышты же беркилер сатып жибергени белгисиз. Андан тышкары бул китепте биздин эмгегибиз камтылганы менен аты-жөнүбүз таптакыр жазылбаптыр. Ошондуктан автордук укугубузду коргоп берүүсүн өтүнүп "Кыргызпатентке" кайрылсак, алар Түркияга кат жөнөтүшүптүр. Түрктөр туура, биз күнөөлүүбүз, автор Түркияга келип сотко берсин деп кат жиберишиптир. Бирок Түркияга барып автордук укукту коргоо деген жөн эле түйшүк экенин билип эч нерсе кылбадым.
Арадан көп өтпөй эле италиялыктар бул альбомду чыгаруу үчүн атайын уруксат сурап келишиптир. Альбом коммерциялык негизде чыкпайт, дүйнө жүзүндөгү китепканаларга эле таратабыз деп 1000 нускага келишим түзүп кетишкен. Бирок чет өлкөдө биздин кыргыздардын этнографиялык китептерин адегенде 69 долларга сатып атса, кийинчерээк 100 долларга сатып атканын ошол жактагы кыргыздар айтып келишти. Мен түрктөрдөн да, италиялыктардан да эмгек акымды алган эмесмин. Бир ишти баштаганда ал жерден акча же пайда табайын деп ойлобойм. Болгону эмгектерим кийинки жаштардын дүйнө таанымын өстүрүп, мурунку кыргыздардын кийген кийимдери, жашаган үйлөрү, өңдөрү, келбети кандай болгонун көрсөтөйүн деген максат болгон.
Ал эми мамлекеттик Токтогул сыйлыгына көрсөтүлгөн эмгектерим ушулардын эле уландысы. Эми үчүнчү альбомду чыгарсамбы деп атам. Мурдагы түрктөр, италиялыктар чыгарган 1-2-китептин ичинде жалаң эле адамдар жана алардын түркүн кийимдери гана тартылган. Биздин максат бул китептерге тартылган кийимдердин сүрөттөрү театралдаштырылган костюм эмес, ал жерде мурдагы кыргыздар кандай кийинсе так ошондой, эч кандай оймо-чийме же ойлонулган кошумчалары жок чагылдыруу болгон. Чыныгы кыргыздын нукура хронологиялык кийимдери тартылган, элге калп айтпаш керек. Ал эми азыркы үчүнчү китепке илгерки көчмөн кыргыздардын тамдар пайда боло электе жашаган турмушу чагылдырылат. Ал жерде боз үйдүн ичинде урунган буюмдары, ошол кездеги табият камтылат. Мисалы, ошол кезде Кыргызстандын ар кайсы аймагындагы элдин боз үйлөрү, кийимдери, бой келбети да айырмаланып турчу экен. Кыргыздардын ошол кездеги жашоосун чагылдыруу максатында бир нече серия картиналар тартылган. Бул эмгектин Токтогул сыйлыгына татыктуу болушу учурдагы актуалдуу тема козголгондугунан болду деп ойлойм.
Чындыгында менден мыкты тарткан таланттуу сүрөтчүлөр көп. Бирок кеп сүрөттү жакшы тарткандан эмес, эң негизгиси, кандай тема тандалды, ал элге кызыкпы, учурда актуалдуубу ошонусу керек. Албетте мен бул сыйлыкты алганда ар кандай атаандашуулар болду. Бирок атаандашуу, сындоо ар бир адамдын жарандык укугу.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??