presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Баластан
"Дүйнөнүн кичинекей сулуусу"- Анара

Дүйнөдө футбол боюнча дүйнө биринчилигинен кийинки орунда эле телекөрүүчүлөрдү "кара жашиктин" алдына чогулткан долбоор сулуулар конкурсу экен. "Дүйнө сулуусу" жарышы кызуу жүргөн учурда бир да эркекти телевизордон айрый албайт экенсиң. Албетте ал ошол конкурс болуп жатканын билген болсо. Мындай иш-чараларга кыргыздар көп көңүл бурбаганы менен өнүккөн өлкөлөрдө ошондой тура. Биз түйшүк деп жүрүп ни до этого болот экенбиз. Дүйнөдө бойго жеткен кыздардан бөлөк кичинекей секелектердин арасында да кызуу өтүүчү жарыш бар экенин билбеген көп. Бул жолу көшөгө артында калган бир долбоорго көңүлүңүздөрдү буралы.

Little Miss World - бизче айтканда "Дүйнөнүн кичинекей сулуусу" конкурсу 6 жаштан 13 жашка чейинки секелек кыздардын арасында өткөрүлүүчү дүйнөлүк сулуулар фестивалы. Бойго жетип калган кыздар арасындагы сулуулар конкурсунда көпчүлүк басым айымдардын сулуулугуна коюлса, жаш кыздар өздөрүнүн өзгөчө таланты, тартынбастыгы менен ийгилик жарата алышат. Көпчүлүктөн айырмаланып, ушул куракта өнөрүн көрсөтө алган секелек кыздар гана бул абройлуу жарыштан олжолуу кайтышы мүмкүн. Конкурстун өзгөчөлүгү - эл аралык достук мамилени, жаш балдарга өздөрү жашаган өлкөдөн башка жакта дагы аларга окшогон жакшы адамдар бар экенин, дүйнөдө кооз жерлер көп экенин жана башка жаңы ачылыштарды камтыган жаркын келечектен үмүттөндүргөн долбоорлордун бири.
Өз өлкөсүнүн мыкты сулуусу болуп келген кыздарга көп деле оор талаптар коюлбайт. Башка конкурстарда көп учурда секелектерге бирдей баа берилсе, "Үй тапшырма" конкурсу негизги болуп эсептелип, ал жерде кыйындар алдыга озуп чыга алат. Маалымат үчүн негизги талаптарды айта кетели:
1. Курагы 6-13 жашта болуш керек.
2. Өз өлкөсүнүн атуулу болушу зарыл.
3. Меоделдик билим алгандар гана катышат.
4. Чыгармачылык жөндөмү болуусу шарт.
5. Атайын даярдалган өзгөчө номерин көрсөтөт.
6. Коммуникабелдүүлүгү эске алынат.
Адегенде эле Айгерим барган
"Дүйнөнүн кичинекей сулуусу" конкурсу 2000-жылдан бери өткөрүлүп келет. Алгачкы жылы Кыргызстандан да катышуучу квота алганы кубанычтуу маалымат. Биздин кичинекей сулуубуз куру келбей байгелүү келгенин төмөндөгү тизмеден көрсөңүз болот:
?"Дүйнөнүн кичинекей сулуусу - 2000" - Люсия Дворська (Словакия)
?"Эң мыкты талант" - Айгерим Жайсанбаева (Кыргызстан)
?"Мыкты сүрөткө түшкөн сулуу" - Алини Д'Агостин Менегель (Бразилия)
?"Кичинекей модель" - Инга Григоренко (Эстония)
?"Кичинекей актриса" - Марта Вишневкина (Белоруссия)
?"Кичинекей леди" - Мария Бергам (Югославия)
?"Эң мыкты улуттук кийим" - Алини Д'Агостин Менегель (Бразилия)
?"Эң ажарлуу секелек" - Ассиль Эль Саид (Ливан)
?"Эң мыкты курбу" - Люсия Дворська (Словения)
Арадан көп жыл өттү
Алгачкы конкурстан кийин Кыргызстан эки жолу бул абройлуу конкурска катыша алган. 2001-2003-жылдары биздин кичинекей сулууларыбыз "Эң башкысы жеңиш эмес, катышуу" деген сөздү ураан тутуп кайтышкан. Мына быйыл, тогуз жылдан кийин биздин өлкө көпчүлүк биле бербеген, бирок көптү үмүттөндүргөн абройлуу конкурска катышууга мүмкүнчүлүк алды. Бул жылы биздин өлкөнү көп кырдуу талант, өзүнүн жаштыгына карабай улам жаңы багытта өзүн сынап келе жаткан кичинекей мекендешибиз таанытат. 2011-жылдын 30-ноябрында Кыргызстандын "Кичинекей сулуусу" деп табылган Анара Ормонова дүйнөлүк сулуулар конкурсуна узакка созулган тыныгууну жаңыртып быйыл аттанат. Жаш талантыбыз жөнүндө жылдызы жана электе маалымат бөлүшүүнү туура таптык. Бир кезде учурда дүйнөнү дүңгүрөтүп келген Атай Өмүрзаков жөнүндө маалымат билбейт элек. Балким кичинекей Анара да "Дүйнөнүн кичинекей сулуусу" наамына татыктуу болуп, Кыргызстандын атагын алыска кетирер…
Бизден чыккан бир сулуу
Анара Ормонова 2002-жылы 30-апрелде Бишкек шаарында төрөлгөн. Учурда ?37 гимназияда 3-класста билим алып жатат. Бош убактысында улам жаңы маалымат алуу үчүн энциклопедия сыяктуу эттүү китептерди окуганды жактырат. Чыгыш бийин такай бийлеп, келбеттүү жүрүүгө аракет кылат. Селена Гоместин чыгармачылыгын баалайт. Үй-бүлөдө кичүүсү болгондуктан өзүнөн чоң ага-эжелеринен кем калышпай спорт менен машыгып, чет тилдерин үйрөнүп, жети жашында "Дизайн Мода" моделдик мектебинин бүтүрүүчүсү болгон. Бир нече жарнамалык роликтерге тартылган. Өзүнүн жаш курагына карабай улуу эже-агаларына караганда сыйлыктары көп.
Кичинекей сулуубузга эмнегедир 30 саны ийгиликтүү болуп эсептелет. Анткени анын туулган күнү 30-апрель болсо, 30-ноябрь күнү өз өлкөсүнүн мыктысы деп табылган. Жеңүүчүгө "K-studio" сулуулук салону тарабынан акчалай сыйлык тапшырылган. Ушул жылдын май айында Молдовада өтө турган дүйнөлүк фестивалга жолдомо алган Анара учурда кызуу даярданууда. Баса, Анаранын сахнадагы өзүн алып жүрүшүн байкаган биздин мыкты адистерибиз ушул жылы тартылуучу көркөм тасмага башкы ролдордун бирин аткарууга чакырышкан. Үйүндө апасына жөлөк-таяк болуп ашканада жана башкада жардам берип, мектепте үлгүлүү окуучу, сахнада мыкты талант, коомчулукта эң сулуу кичинекей кыз катары таанылган мекендешибиз буюрса келечекте аты алыстан таанылган белгилүү инсандардан болушуна тилектешпиз.
Кудрет ТАЙЧАБАРОВ






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??