presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Cексендеги Cезимтал Cтудент

Билим алуунун эрте- кечи жок. Мына ушул айтымды 81 жаштагы И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин студенти Людмила ТИТОВА далилдеди. Людмила Александровна сексенден ашса да "студент" деген статусту татыктуу аркалап келет. Аудиториянын төрүндө отурган студенттердин эң сакалдуусу бир да жолу сабак калтырбай, дайыма кечигип келген студенттерге да өрнөк боло алды. Окуусун да кызыл диплом менен аяктоо алдында турат.


- Эмне үчүн улгайып калган кезиңизде билим алууга белсендиңиз? Себеби эмнеде?
- Мен мурда финансы техникумун бүтүргөм. Бухгалтер болуп иштеп жүрдүм. Тагдырдын жазмышы менен 2002-жылы жолдошумдан айрылдым. Катуу кыйналып, сүйгөн жарымдан айрылуу мен үчүн оңойго турган жок. Ушундай кыйынчылыктан кийин Бишкектеги №8 мектепке сүрөт мугалими болуп жумушка орноштум. Бирок менде диплом жок болчу. Табият берген талант менен гана иштей баштагам. Анан татыктуу айлык алыш үчүн жогорку билим алуу керектигин түшүнүп, университетке тапшырууга аракеттене баштадым. Бир күнү тааныш бир сүрөтчү Арабаевде көркөм өнөр факультетине кабыл алуу жүрүп жатканын айтты. Ошентип университетке тапшырып калдым. Албетте бул үчүн менин жеке каалоом жана эркимдин күчтүүлүгү өбөлгө болду. Ар дайым жаңы нерселерди үйрөнгөнгө куштармын.
- Университетке тапшырууда кандай кыйынчылыктарга туш болдуңуз?
- Тапшырганы барганда каттоого алып жаткан орто жаштардагы мугалим мага таң калып, "апа, сиздин жашыңыз туура келбейт" деди. Анан мен деканаттан сурап көрбөйлүбү деп декандын өзүнө кайрылдык. Ошентип менин жашым студент болууга туура болуп чыкты. Мен анда 77де болчумун. Ошентип кирүү сынагында тест тапшырып, сүрөт тарттык. Эки күндөн кийин жыйынтык чыгат дешти. Келсем окууга өткөндөрдүн тизмесин бийик жерге илип коюшуптур. Көзүм жетпей бир кыздан карап берүүсүн өтүндүм. Качан гана ал кыз тизмеде бар экендигимди айтканда аябай бактылуу болдум.
- Контракт үчүн канча сом төлөйсүз?
- Азыр акысыз билим алып жатам. Фомова атындагы кайрымдуулук фондунун жана И.Арабаев университетинин жардамы менен бир тыйын да төлөбөй билим алып жатам.
- Билим алууда кандай кыйынчылыктарга тушугуп жатасыз?
- Университеттин "эң жаш" студентимин (күлүп). Бир да жолу кечигип же такыр келбей калган күнүм боло элек. Сабактарга активдүү катышканга аракет кылам. Кээ бир сабактардан уруксат сурап турмуштук тажрыйбам менен бөлүшөм. Кемчилигим катары лекцияларды үлгүрүп жаза албашымды айта алам. Мындан тышкары философия, медицина предметтери ашыкча деп ойлойм. Бирок жогорку окуу жайда фундаменталдык илимдердин да берилиши керек да.
- Окууну бүткөндөн кийин иштөөнү пландаштырып жатасызбы?
- Албетте. Кудай буюрса кызыл диплом менен аяктоого белсенип жатам. Диплом алгандан кийин жогорку билим менен маянасы жогору жумуш таба алам деп ойлойм. Жалгыз уулум экинчи топтогу майып, тапкан-ташыганымды балама жумшайм.
- Энергияны каяктан аласыз?
- Искусствонун бардык түрүнө кызыккан адаммын. Бул сапат кол өнөрчүлүктү сүйгөн атам жана саймачы апамдан мага мурас катары калган. Сүрөт тартып, чыгармаларым менен башкаларды сүйүнтүп, алардын пикирлерин угуу мен үчүн чоң сыймык. Университетте жана балдар үйлөрүндө бат-баттан сүрөт көргөзмөмдү уюштуруп турам. Бир сөз менен айтканда, искусство менен инсандардан энергия топтойм.
Уланбек ЭГИЗБАЕВ,

сүрөт Халима МАНАРОВАныкы




Жаңырык
Айнура ЖЭЭНТАЕВА:
"Манасчы болуш үчүн сөзсүз эле аян алыш керек эмес"

"Манас" эпосу манасчылардын жардамы менен ооздон-оозго, муундан-муунга айтылып отуруп ушул күнгө жетип отурат. Кыргызстанда манасчылар анчейин баркталбай келсе да, алар өз миссиясын жогорку чеберчиликте аткарып келишет. Тарыхка кайрылсак манасчылардын дээрлик көпчүлүгү эркектер экен. Мына ушул эркектерден кем калбай манасчылык өнөрдү аркалаган кыздарыбыз да арабызда жок эмес. Алардын бири Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин магистранты Айнура Жээнтаева. Өзүн профессионал манасчы катары эсептебесе да, манас айтууну жактырган Айнура кесиби тарыхчы болгондуктан Манасты изилдөө менен манасчылыкты айкалыштырып келет.

- Манасты канча жашыңыздан бери айтып келесиз?
- Мектепте окуп жүргөндө көп айттым. Сабактарда, ар кандай конкурстарда айтчумун. Бирок мен Манасты сүйүүчү катары эле айтып келем. Эки жыл мурун Стамбулга барганда да түрктөргө айтып бергем. Азыр деле зарыл болгон учурларда айта коюп жүрөм.
- Манасты аяндын негизинде айтып калдыңыз беле же жаттап айтасызбы?
- Мага аян келген эмес. Жаттап айтам. Манас айтуу үчүн сөзсүз эле аян берүүнүн зарылчылыгы жок. Анткени бардыгы адамдын каалоосунан көз каранды. Белгилүү манасчы Сапарбек Касманбетовду жаттап айтат деп угуп жүрөм. Албетте аян менен айткандар жогору турат деңизчи, бирок адамдын каалоосу негизди ролду ойнойт. Жаттап айтыш, эл алдына чыгыш үчүн да каалоо анан эрдик керек.
- "Манас" эпосунун азыркы абалы сизди канааттандырабы?
- Манас азыркы учурда саясый кызыкчылыктардын гана куралына айланып калды. Саясатчылар Манасты жеке кызыкчылыктары болгондо гана көтөрүп чыгышат. Биринчиден, Манаска көңүл буруп жакшылап толугу менен изилдеп чыгуу керек. Манас бүгүнкү күндө чети оюла элек кенч. Мисал үчүн азыркы медицинада кеңири колдонулган пинцет эпосто окту сууруп чыгара турган тинтүүр деп айтылат. Ушул сыяктуу талаш-тартышты жараткан маселелер огеле көп. Ошон үчүн "Манас" эпосу тыкыр изилдөөнү талап кылат.
- Манасчылыкты мындан ары да улантасызбы?
- Эми кыргыз болгондуктан Манас менин жандүйнөмдө өмүр бою жашайт. Шарты келген учурларда айтуудан баш тартпайм. Башкалар энчилегиси келген улуу эпосту колумдан келишинче сактоого салым кошом деген ишеничтемин.
- Азыркы учурдагы манасчылардан кимисин баалайсыз?
- Талантаалы Бакчиев, Рыспай Исаков, Дөөлөтбек Сыдыковдун таланттарын баалайм. Анан кичинекей Үмөттүн таланты мени эле эмес баарын эле таң калтырса керек. Ушундай берилип, көтөрүп кеткиче айтканын көрүп алып айран-таң калгам.

Уланбек ЭГИЗБАЕВ

Жалгыз келин
Сезим аксап, сенсиз өтөт ар таңым,
Качан мага жолугасың ардагым.
Келчи жаным жандүйнөмдү сыздатпай,
Сенин мага ошол болсун жардамың.

Сүйүү кызык, сүйүү кыйын баарынан,
Сүйүү калган ата-баба, карыдан.
Эгер сүйсөң чын дилиңен берилип,
Сууруп берем жүрөгүмдү кабынан.

Жададым жалгыздыктан жанга баткан,
Жүдөткөн жүрөктөгү кусалыктан.
Шооладай жарык берген жандүйнөмө,
Жол карайм келүүчүдөй ошол адам.

Ойго салып тынчтыкты уурдаган,
Азап экен арзуу деген илдеттей,
Сенден тапсам ошол арзуу дабасын,
Сактаар элем ак халаттай кирдетпей.
Дамира Тилегенова, Нарын шаары






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??