presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Шахра ТАЛИПОВА, КР эл артисти:
"Балдарымдын сыйын көрүп өзүм үчүн гана жашагым келет"
Сахнанын көркүн ачып, созолонгон үнү менен кубулжуган кыргыздын нукура ырларын ырдаган КР эл артисти Шахра ТАЛИПОВА айым Жалал-Абадда жашагандыктанбы, айтор ММКларга көп чыга бербейт. Жаңы жылга карата Бишкекке келген ырчы менен жолугуп маектештик.

?
Бир жолу эркектер Шахра Талипова сахнага ырдап чыкканда ага гүл берип, бетинен өбөм деп өз ара бир кой, бир ящик аракка мелдеше кетишиптир. Токтогул районунун Шопок айылына концерт коюп барганбыз. Сахнадан ырдап бүткөндө бир жигит чыгып гүлүн берип эле башымды кайрып кучактап кирди. Айылдык кополураак жигит экен. Мындайды күтпөгөндүктөн берген гүлү менен аны ургулап, сабап кирдим. Элдин баары эмне балакет болуп кетти деп таңкалышты. Аңгыча ал кишини бирөөлөр жетелеп ары алып кетишти. Кийинчерээк алдыман өтүп кечирим сурап, ушинтип мелдеше кеткенбиз деп айтышты. Эгер ошондой болсо алдын ала айтып койсоңор унчукпай эле эки бетимен тең өптүрбөйт белем дедим.


- Акыркы кезде сизди көп көралбадык, каякта иштеп жатасыз?
- 1994-жылы Жалал-Абад облусу жаңы бөлүнүп чыкканда Токтосун Тыныбеков атындагы филармония ачылып, мени алып барышкан эле. Ошондон бери Жалал-Абаддагы филармонияда иштеп жүрөм. Жакында филармонияны ремонттоп беришти, иштеген жериң жакшынакай болсо ырдагың келип, көңүлүң көтөрүлүп, өнөрүңдү тартуулагың келип калат экен.
- Сизди ошол филармонияга директор болот экен деп уктук эле…
- Филармонияга директор бол деген сунуштар болгон. Анүчүн мен ырдаганды, чыгармачылыгымды токтотушум керек. Анүстүнө ошол филармонияны түптөгөн, таланттуу Дүйшөн Молдобаев деген жаш директорубуз бар. Бишкектеги филармонияга деле көп жолу чакырышкан. Бирок дарак бир жерден көгөрөт деп, Жалал-Абаддагы филармонияда сыйлап, колдоп атышса эч жакка кетким келбеди. Негизи Бишкекке көп деле келбейм, кээде гана ар кандай иш-чараларга жана телеге тартылыш керек болгондо келем. Телеге, гезитке чыгам деп деле жулунбайм, менин талантыма эл тараза. Күйөрмандарым теледен ар кандай куттуктоолорго ырларымды суранып атышат, аларга ыраазычылыгымды билдирем. 2011-жылы кичүү кызым Кыял аскер кызматкери болуп Коргоо министрлигинде иштесе да чыгармачылыкка аралашып, ырдап чыкты. Ал Сатышева деп күйөөсүнүн фамилиясына өтүп алган. Турмушка чыгып, удаа төрт балалуу болуп, аларды чоңойтом деп жүрүп убагында ырдай албай калган. Өзү да музыкалык мектепти аяктаган эле. Эми аккан арыктан суу агат дегендей, канында бар эмеспи, Гүлзат (Батырканова - Н.К. ) экөөбүз ырдасак эле комуз чертип ырдагысы келип жүрүп чыгармачылыкка аралаша баштады. Ага жолдошу деле каршы болгон жок. Өткөн жылы обончу Ж.Сыдыков жараткан "Апам жана биз" деген ырды Гүлзат, Кыял үчөөбүз ырдап чыктык. Гүлзат экөөбүздүн "Өзүмө окшоштурам кызым сени" деген ырыбыз бар. Чындыгында, Гүлзаттын өң-келбети мага окшошуп баратканы байкалат.
- Эки кызыңыздан башка балдарыңыз да ырчылыкка жакынбы?
- Эки уул, эки кызым бар. Эки кызым - Гүлзат менен Кыял менин жолумду жолдоп ырдап жүрүшөт. Улуу балам аранжировка жасайт. Кичүү уулум энергетик. Гүлзат кичинесинде прокурор, сот болом деп жүрүп эле ырчы болуп кетти. Балдарымдын баары Бишкекте турушат. Жалал-Абадда өзүм эле турам, бирок жалгызмын деп айтпайм. Менин таалимимди алган окуучуларым, иштеген ишим бар. Эч ким мени жалгызсыратпайт. Балдарыма неберелеримди сагынганда келип турам, балдарым барып турушат.
- Бишкектеги артисттердин көпчүлүгү той-топурларда ырдап акча табышат, Жалал-Абадда да тойлор көп болобу?
- Азыр артисттердин баары эле тойдон акча таап калышпадыбы. Антпесе айлык эч нерсеге жетпейт. Илгери союз убагында тойго барып ырдагандан уялчубуз. Кийин турмуш өзү үйрөтүп атат. Сыйлап ырдап бер деп чакырып, жакшы төлөп беребиз десе ким барбайт. Жалал-Абадда той-топурлар көп болот. Мурда өзбек туугандардын тойлоруна да көп барчумун. Кийинки учурда тойлор мурдагыдай болбой калды.
- Бир жылдары сахнадан сизди өбөм деген жигит менен уруша кеткен деп уккан элек…
- (Күлдү) Ооба ошондой болгон. Бир жолу эркектер Шахра Талипова сахнага ырдап чыкканда ага гүл берип, бетинен өбөм деп өз ара бир кой, бир ящик аракка мелдеше кетишиптир. Токтогул районунун Шопок айылына концерт коюп барганбыз. Сахнадан ырдап бүткөндө бир жигит чыгып гүлүн берип эле башымды кайрып кучактап кирди. Айылдык кополураак жигит экен. Мындайды күтпөгөндүктөн берген гүлү менен аны ургулап, сабап кирдим. Элдин баары эмне балакет болуп кетти деп таңкалышты. Аңгыча ал кишини бирөөлөр жетелеп ары алып кетишти. Кийинчерээк алдыман өтүп кечирим сурап, ушинтип мелдеше кеткенбиз деп айтышты. Эгер ошондой болсо алдын ала айтып койсоңор унчукпай эле эки бетимен тең өптүрбөйт белем дедим. Мелдеш деген жаман нерсе да. Ал мени өбө албай утулуп, коюн союп, бир ящик арагын алып бериптир. Эже утулуп калдык, биз менен барып конок болуп кетиңиз дешти. Мен барган жокмун.
- Талантыңызга ашык болуп далай мырзалар колуңузду сураса керек?
- Жалгыз бой аялдын колун сурап, ашык болгондор да көп болот экен. Сахнада ырдагандан кийин гүл берип, арасына кат менен сезимин билдирип, телефон менен сүйлөшүп, жолугушалы дегендер да болду. Айрымдар эркекмин деп эле кол сурай беришет экен. Аял киши аны жактырабы-жактырбайбы эркектерге баары бир окшойт. Ошондо эркектер аялдарды өздөрүнөн ылдыйыраак көрөрүн байкадым. Чындыгында жолдошум менен жаш ажырашып, балдарымды жалгыз чоңойттум. Төрт баламды чоңойтоюн деп турмушка чыгуу оюма да келбеди. Балдарымды бөпөлөп чоңойтуп эресеге жеткирсем дедим. Эгер балдарымды карабай өзүмдүн гана керт башымды ойлосом эчак эле турмушка чыгып алмакмын. Учурунда жакшынакай жигиттер сезимин билдирип, колумду сурашты. Мен төрт баламды багайын дедим. Эми балдарым үй-бүлөлүү, очор-бачар болушту. Балдарымдын баары жакшы турушат.
- Балдарыңыз чоңоюптур, азыр деле кеч эмес чыгар. Жаш өтүп баратканда кобурашып отурганга бирөө керектир…
- Балдарым эчак эле турмушка чык деп уруксат беришкен. Чоң уулум бир күнү "апа, бизди үйлөнтүп-жайлантып, окутуп, бардык шартты түзүп турмушка узаттыңыз, эми өзүңүздүн ден соолугуңузду карап, моралдык жактан эс ала бериңиз" деди. Моралдык жактан эс алыңыз деген сөзгө анча түшүнө бербей ойлонуп калдым. Ошондо уулум апам таптакыр башка жакты ойлонуп кетти окшойт, моралдык жактан дегенибиз, сиз өзүңүз каалагандай жашап, эс алыңыз деп айттым дейт. Мени жактырып, жакшы сыйлап жүргөндөр бардыр. Бирок мен жеке жашоо курууну деле ойлобойм. Балким жалгыз жашоого көнүп калгандырмын. Эми турмушка чыгып, анын алдында отчет берип, аны жаш баладай карап, жашым өтүп баратканда андан жеме сөз уккум келбейт. Азыр кааласам уктайм, эс алам, кааласам балдарыма келип алардын сыйын көрөм. Биякка келгенде биздин үйгө келиңиз деп балдарым мени талашып калышат. Ошонүчүн балдарымдын сыйын көрүп, өзүм үчүн гана жашагым келет.
- Балдарыңыздын атасы көпчүлүккө табышмак, ошол тууралуу айтсаңыз?
- Турмушта ар кандай болот экен. Балдарымдын атасы менен учурунда жашай албай калдык. Ал киши азыр Токтогул районундагы маданият үйүнүн директору болуп иштейт. Жашоодо туз насибибиз бирге болбой калды. Азыр анын башка үй- бүлөсү, бала-чакасы бар. Эгер үй-бүлөнүн оту күйүшпөсө бала деле сактап калалбайт экен. Кээ бирөөлөр балам жок ошон үчүн ажырашып кеттим дешет. Турмуш балаң барбы-жокпу, ага деле карабайт экен. Жолдошум менен ажырашканда улуу балам 5-класста, кичүү кызым Кыял бакчага барчу. Ошол кезде атасы Кыялды бизге билгизбей бакчадан ары алып кетчү экен. Бир күнү кечинде бакчага барып Кыялды таппай калдым. Аны атасы алып кетип жүргөнүн билип, тарбиячыларга эскерткем. Ошондон кийин алар Кыялды бербей калышты. Азыр ал киши менен катташпайбыз деле. Кыскача айтканда, төрт баламды өзүм жалгыз чоңойттум. Балдарыма деле жардам берген жок. Уулдарымды үйлөнтүп келиндүү, кыздарымды узатып күйөө балалуу болдум. Балдарым окуп атканда деле жардам болгон эмес. Азыр балдарым ага кайдыгер. Бирок кантсе да атасы эмеспи, учурашып койгула деп айтам. Көңүлүңөр келип чакырып катышкыңар келсе өзүңөр билгиле, мен силерди чоңойттум, эми каалагандай жашай бергиле деп айтам. Балдар өздөрү билсин, менден кетпесин.
- Өз курагыңыздан алда канча жаш көрүнөсүз, жаштыгыңыздын сыры эмнеде?
- Сахнага чыгып ырдагандыктан сыныбызды бузбай жакшынакай болуп жүрүүгө туура келет. Кээде мени эч ким тааныбастыр деп үйдөгү кийим менен сыртка чыга калсам таанып калышат. Бул жүдөп калган турбайбы деп айтпасын деп ыңгайсыз абалда калган учурлар болот. Ошондуктан дайыма өзүмдү кароого туура келет.
- Акыркы кезде жаш кыздардын арасында экинчи аялы болуп жашагандар көбөйдү, аларга көз карашыңыз кандай?
- Кыргыз кыздар чет өлкөлүктөргө тийип, жээндерибизди көбөйтүп атышпайбы. Андыктан кыргыз кыздары чет өлкөгө эмес кыргызга эле турмушка чыгып, өзүбүздүн тукумубузду көбөйтсө деп ойлойм. Эгер кыргыздын мырзалары эки аялды тең бирдей бага алса, мен ага каршы эмесмин. Мисалы, менин чоң атамдын эки байбичеси бар болчу. Кичүү апабыз чоң атамдын окуучусу болчу. Анын балдарын чоң апам бакчу. Чоң байбичеси кийинки токолдун кайненесиндей эле болуп калган. Жакында Жалал-Абаддан эки аялын тең бир тойго ээрчитип келген эки кишини көрүп аябай таңкалдым. Алар деле урушпай, кызганышпай эле чогуу жашашат экен.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??