presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Алтынчы күнү кечинде
"Евразия жылдызында"
кимдин жылдызы жарк этээр экен?

Учурда түрк тилдүү өлкөлөрдүн арасында жыл сайын уюштурулуп келген "Евразия жылдызы" сынагын күтүп, ар ким өз өлкөсүнүн талантына жан тартып турган кез. Финалисттер биринен бири кем калбаган таланттар экени айтпаса да белгилүү. Алты өлкөнү кыдырып өнөрүн тартуулаган ырчы мырзалар менен кыскача тааныштырабыз.


Жавидан деген жакшы жигит
Азербайжан элинин смс менен добуш берүүнүн жыйынтыгы Жавидан НОВРУЗдун пайдасына чечилген. 25 жаштагы таланттуу жигит профессионал театр аткаруучусу. Үй-бүлөлүү. Ырчылыкка караганда театр дүйнөсүнө басым жасаган Жавидан элинин мыкты деген таланттарынын бири.


Жигиттин гүлү Гүлжигит
Гүлжигит КАЛЫКОВ продюсер Канат Култаевдин карамагына өткөндөн бери белгилүү боло баштаган. Азыр минтип өлкөнүн атын чыгарганга да жарап калды. Талант менен эмгек кандай ийгилик жаратаарын ушундан билсе болоор.
Ырчы жигит 22 жашта, Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында төрөлгөн. Бойдок. Үй-бүлөдө беш бир туугандын төртүнчүсү. Ырчылыктан сырткары режиссер Нурлан Разакуловдун "Сулуулар жана миллион" деген тасмасында башкы ролду жараткан. Бир нерсеге киришсе бат эле өздөштүрүп алат. Сүрөттү да жакшы тартат.


Ардак домбраны сыздатат
Казак боордоштордун намысын коргогон Ардак БАЛТЫЕВ 27 жашта. Бойдок, учурда өзүнө татыктуу өмүрлүк жар издеп жүргөн кези. Ардак Ж. Элебеков атындагы окуу жайдын бүтүрүүчүсү. Домбрада ойноо жагынан астына эч кимди чыгарбайт. Казак элине мыкты ырчы, домбрачы катары таанымал.


Атына заты жарашкан Локман
Түрк элинин намысын коргоп жаткан Локман ДЕМИРГЫРАН Стамбул техникалык университетинин мамлекеттик консерваториясында студент. Өзү 28 жашта. Үй-бүлөлүү, бир баланын атасы. Окугандан эч качан тажабайт, жөн эле күн кечирип жүрө бербей ар бир күнүн окуу жана кызыктуу ачылыш менен өткөргөндү жактырат.


Үнү сонун Сойхан
Түндүк Кипрдин атынан чыгып жаткан музыкант Сойхан БИЛГЕЕР кенедейинен музыка менен чоңойгон. Ал жөн гана ырдабастан атайын окуу жайларга музыкадан сабак да берет. Үй-бүлөлүү. Ал тургай анын он алты жаштагы кызы биздин ырчы жигит Гүлжигит Калыковго ашык болгон жайы бар.


Түркмөн элинин сулуусу да, таланттуусу да Сохбет
Түркмөнстан эли бир ооздон Сохбет КАСЫМОВго добуш берип, өлкөнүн намысын ага ишенип тапшырышкан. Сохбет өлкөнүн белгилүү ырчыларынын бири. Башында топто ырдаганга аракет кылган. Кийин өз алдынча жеке ырчы катары чыга баштаган. Музыкалык жогорку билими бар экенине сыймыктанат.

Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА, сүрөттөр Гүлжигит Калыковдун өздүк архивинен алынды




Үчүнчү революция эсиңерден чыкпасын
Азимбек боорум, чын эле кейс кайда?
Мен "Жаңы Агымдын" жакынкы сандарына чыккан Төлөйкан Исмаилованын "Азимжан Аскаровдун кейси кайда?" деген макаланы толук колдойм. Чынында 7-апрелде, кийинки июнь коогалаңында башкы ролду Роза Отунбаева ойногонун карапайым эл жакшы билбейт. Аскаровду түбөлүк эркинен ажыратуунун бирден бир себеби - Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев, экс-президент үчөөнүн былыктарын жаап-жашыруу дешет билгендер. Кийин Азимбек Бекназаров Курманбек Бакиевди Роза Отунбаева өз кепилдиги менен качырган дейт дагы, канчага соодалашканын ачык айта албай койду. криминал менен табакташ делген Акматбек Келдибеков депутаттар менен эсептешип, догун артып атып өзүнө кылмыш ишин козготпой калды. А анын мамлекетке келтирген зыянын ким толуктайт?! Премьер-министр Өмүрбек Бабанов болсо көрүнөө да, көмүскө да кетирген чыгымдарын ар түрдүү жолдор менен элдин эсебинен кайра чогултуп атканы эл арасында айтылууда. Минтип отурсак үчүнчү революция эртең эле болот, ошону эске алсаңар, Ак үйдөгү ага-инилер.

М.Чотонов, Бишкек шаары




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??